presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Солтон Сары"
Бул күү комузда сейрек кездешет. 1978-жылы Кудаяр Матай уулу деген комузчу радиого жаздырып кетиптир. Кийин Болуш Мадазимов келиштире чертпесе, унутулуп калат беле? Солтон бий - эр эңиш, эр сайышка түшүп жүргөн атактуу баатырлардан экен. Өңү сары чийкил болгон үчүн Солтон Сары аталып кетиптир. Эл үчүн эр сайышка түшүп каза болгон баатырдын өлүмүн жакындарына минтип угузушуптур:
Солтон Сары,
Солтон бий,
Күндө жатып, түн катар,
Башын сайып эрдикке,
Балдарын-ээй, ыйлатаар…
Бул кошок менен кошо күү да чыгып, эл ичине тарап кеткен экен. Солтон бий жайлап конуштаган Нарындын Төш-Булак, Эмгекчил айылдарына жакын жайыт жер да элде Солтон Сары делет. Эл өзү сүйгөн адамдарынын атын дайым өчүрбөй ушинтип сактап келет. Мындан бир жарым кылым мурун, даанышман акын Арстанбек Буйлаш уулу Көлдүн Тескейине оой элегинде, Төш-Булакта кыштап, Солтон Сарыда жайлап жүрүп: "Солтон Сары касиеттүү жер, Арам иш жасап аны булгабайлы. Ынтымак, ырк бузарларды Солтон Сарынын кусуру урсун!" - деп, таң аткыча ырдап, "Солтон Сары" күүсү менен элди ынтымакка чакырып, ырымдап черткен экен. Бүгүнкү күндө Солтон Сары алтын кени чыккан жер катары да белгилүү.

Даярдаган
Алтынай ТЕМИРОВА




Тогуз
коргоол -
мээге пайдалуу улуттук оюн
Кыргыздардын улуттук оюндары унутта калып бараткандыгы талашсыз. Ошол себептүү гезитибиздин ар бир санында улам бир оюндун таржымалын, жол-жобо, шарттарын жазып турууну эп көрдүк. Бүгүн бир топтон бери бизден казак эли "биздин оюн" деп талашып, атургай Олимпиадага өздөрүнүн атынан сунуштап ийген тогуз коргоол оюну тууралуу сөз кылабыз.
Тогуз коргоол - эң байыркы элдик оюндардын бири. Кыргыздын көчмөн шартына жараша тактасы көбүнчө чуңкурча казылып, жерге жасалган. Кийин такта катары таш, жыгач колдонула баштаган. Коргоолчолор чоподон, чөптүн уругунан, жыгачтан жана башкалардан жасалган. Муну кыргыз эли сыяктуу казактар да ойнойт. Алар бул оюнду "тогуз кумалак" деп коюшат. Тогуз коргоол - ойногон адамдын эсептөө, ойлонуу жөндөмүн өнүктүрөт. Оюнду эки оюнчу ойноп, оюнчунун курагы чектелбейт. Аталган оюндун максаты - ар бир оюнчу же тарап мүмкүн болушунча көп коргоол алууга аракет жасайт. Оюндун акырында кайсы тараптын упайлары көп болсо, ошол тарап утат. Кыргыздар илгертен маданияттуу, көңүлдүү эс алууга басым жасашкан. Мындай көңүл ачуунун бири - тогуз коргоол оюну болгон. Айылдарда тогуз коргоол боюнча өз ара мелдештер уюштурулган. Жеңүүчүлөргө байге берилген.

Назима Жумаева





Тарыхтын таштанды себети жок

Байтик баатыр менен Шабдан баатыр

Тарыхта балталап жок кыла албай турган нерселер бар экени ырас. Анын бири ушул жаңы табылган сүрөт десек болот. Белгилуүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов билдиргенге караганда, Казакстандын Алматыдагы Мамлекеттик архивинен Шабдан баатыр менен Байтик баатырдын 1883-жылы түшкөн өз сүрөттөрү табылыптыр. Буга чейин божомолдонуп келген алардын өң-түспөл, кебетелерин эми өз сүрөттөрүнөн көрүп алсак болот. Баасы бир куржун алтын-зерден өйдө турган саргайган бул сүрөттө Шабдан баатыр 34 жаш куракта болсо, Байтик баатыр туура 60ка толгон учуру экен. Кыяз Молдокасымов жазганга караганда, экөө жаңы эле Санкт-Петербургдан, падышанын такка отурган салтанатынан кайтышканда, падышалык жергиликтүү администрация өкүлү тарабынан тартылып алыныптыр. "Жетисуу облусундагы белгилүү манаптар менен көпөстөрдүн сүрөтү" деген аталышта архивде чаң басып жатыптыр. Шабдан баатыр буга чейин болжогондой падышалык аскердик чини бар формачан кийимде эмес, улуттук кийимчен жүргөнү жана жашы да жашыраак экени такталды. Байтик баатыр Шабданга караганда бойлуу, сыйлуу чапан кийген, орден-медалды, алтын курду тагынган, жашы алтымышты таяган алибеттүү инсан экен. Ал бул сүрөткө түшкөндөн үч жылдан кийин, 63 жашка чыгып пайгамбар курагында дүйнөдөн көзү өткөн дейт Кыяз Молдокасымов. Андан он бир жыл мурун, 1872-жылы "Туркестанские ведомости" гезитинин 43-санына Байтик баатыр тууралуу кызыктуу макала жазган А. Хорошхин аттуу автор да, Байтик баатырга бир нече жолу жолукканын, ал Пишпектин чет жакасында жашаарын, жашы 50гө келип калганын айткан экен. Аны узун бойлуу, кең далылуу, үнү да айбаттуу, өткүр көздүү, чоң кара сакалы бар, баскан-турганы салабаттуу, өзгөчөлөнүп турган адам дептир. Мындай тарыхый баалуу табылга үчүн Кыяз Молдоскасымов баш болгон тарыхчыларга ыраазычылык билдиребиз.

Алтынай ТЕМИРОВА





Мектеп күндөлүктөрү

№68 мектептеги "Уйкашмак" адеп оюну

Ызы-чууну ырга айланткан өткөөл заманда ар ким өз абийиринин алдында гана жооп берип жаткан кез. Кадимки мектеп турмушунда өзгөчө. Айгай салып мугалимдердин акча алганын гана кеп кылган менен, унчукпай унутулгус иштерди жасап жаткан кадимки агартуучулар да арбызда бар экенин унутпашыбыз керек.
Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназияда 13 жылдан бери адеп сабагынан берип, акча доолагандан заарканып таптакыр класс жетекчи болбогон Алдаяров Турат агай "окуучуларды сабакка кантип кызыктырам?" деп изденип жүрүп, акындык таланты ал жолду таап берген, ал - АТАнын "Уйкашмагы". Оюндун жүрүшү, шарты менен тааныштыралы. Оюнду баштаардын алдында өнөрпоз адам тегерегиндеги балдар-кыздарды аңдап көрүп, кимиси тарбияга муктаж экендигин, эмне айтаарын алдын-ала ойлоп коет. Анын издегени - ыр жаратууга шыктуу уул-кыз табуу. Тигинде үстү-башын карабай кир келген кызды ырында айтып, тазалыкка чакырып кетүүнү көңүлүнө түйүп койду да:
Айлыбызда бир кыз бар,
Үстү-башын карабайт.
Тарак алап колуна,
Эзели чачын ...
Оюндун шарты боюнча акыркы саптагы "тарабайт" деген сөз айтылбайт, аны угуп отурган балдардын жөндөмдүүсү айтып жиберет. Демек, акын ата издеген өнөрпоз бала табылды. Ал эми чачын тарабай келген кыз "каап, атам таранбай келгенимди билип койду, ээ" - деп өзүнчө беймаза, "мындан кийин таранып жүрөм, кое тур" - деп өзүнө-өзү убада берип, кыздардын артына жашынат. Ырга шыктуу бала табылды, кир келген кыз дагы уяткарылды, бул жерде эки максат орундалды."Уйкашмак" бир эле учурда 7 ишти жасап берет:
1. Сабак өтүү (сабактын бир элементи катары).
2. Эне тилин өстүрүү.
3. Логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү.
4. Чыгармачылык шыгын өстүрүү.
5. Адеп-ахлакка, тарбиянын бардык түрлөрүнө көмөк берет.
6. Тапкычтыкка, убагында керектүү сөздү айтууга үйрөтөт.
7. Оюн ирээтинде колдонулат.
Турат агай "Уйкашмак" жөнүндө мындай дейт: " Окуучуларды адеп сабагына кантип кызыктырам деп он жолу ойлонуп, миң жолу толгонуп отуруп тапкам. Бул оюн 16-15чи кылымдарда түрк тилдүү элдерде ойнотулган, негедир "бурима" деп аталып калган. Ал француз тилинен кирген аталыш, алар да ошол эле кылымдарда бул оюнду ойношкон, бизге которгондо "ыр саптарынын уйкаш аягы" болот. "Бурима" деген аталышты биздин эле табышмак оюнуна окшоштуруп, "Уйкашмак" деп атап койдум. Ата-энем өмүр бою мугалим болуп иштеген жана ата-бабадан келаткан наркты жандандыруу үчүн атанын уулу жараткан уйкашмак дегенди кыскартып, "АТАнын уйкашмагы" деп толуктадым. Окуучуларым кадимкидей күтүп, адеп сабагы киргенде кубанышат. Бир күнү "Кек" деген темада сабак өттүм. Шаардык балдар ал эмне экенин билип коюптурбу, бирөө гана "өч алат го" деди. Кек жөнүндө толук маалымат берип, "Уйкашмак чиймени" бышыктоо үчүн бердим:
А)_____________***** (барбагын),
А)_____________***** (албагын).
Б)_____________(___________),
А)_____________***** (ар дайым).
6-класстын окуучусу бир заматта:
"Өч алам деп барбагын,
Досуңду ыйлатып албагын.
Кекчил болгондун ордуна,
Кечиримдүү бол ар дайым." - деп жазып келе калыптыр. Менин таң калганым - ар бир окуучу мен таңуулаганды эмес, жан-дүйнөсү, ой жүгүртүүсү кандай болсо, ошону жазып келишет."
35 жылдык эмгек жолунда ар бир күнүң изденүү, суктануу, таң калуу менен өткөргөн Алдаяров Турат агайдын "Уйкашмак" оюну изденүүдөгү табылгаларынын бир үзүмү гана.
Мундуз Асаналиева,
атайын "Де-факто" үчүн

Редакциядан: Урматтуу мугалимдер, эже-агайлар, балдарга билим берүү жана таалим-тарбия багытындагы каттарды күтөбүз. Биздин "Мектеп күндөлүктөрү" рубрикабыз мындан ары дайым сиздердин кызматыңыздарда.












??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар