presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кредитке буюм алыш үчүн айлыгың канча болуш керек?
Мен мамлекеттик мекемеде иштейм. Айлык акым 4800сом. Бул айлык акы менен кредитке керектүү буюм алууга болобу?

Гүлшан Сапарова,
Кемин району
"Эко-банктын" кредиттер боюнча адиси Айганыш Мамытова жооп берет:
Кредитке турмуш-тиричиликке байланыштуу баардык буюм-тайымды бизден алууга болот. Бирок документте айлык акыңыз 10 миң сомдон жогору болушу керек. Андан төмөн айлык акы алган кардарларга кредитке буюм берилбейт.

Кургак учукка кабылсаңыз, төрөгөнгө болбойт

Мага 2 ай мурда жергиликтүү ооруканадан кургак учук менен ооруйт экенсиң деп диагноз коюшкан. Бирок, бир жума мурун боюма бүтүп калганын билдим. Эмне кыларымды билбей атам. Оорукчан бала төрөлүп калбайбы? Канча убакыт дарылайт жана канча акча керек?

Кайыргүл, Жалал-Абад облусу
Шаардык кургак учукка каршы диспансердин фтизиатры Чынара Ажыбаева жооп берди:
Кош бойлуулук менен кургак учук оорусу бири-бирине төп келишпеген көрүнүштөр. Көптөн бери ооруп жүрүп, кийин боюнда болсо, баланы бойдон алдырып салууга туура келет. Анктени, кургак учукту дарылабай коюуга болбойт. Ал эми бул ооруну дарылоочу каражаттар өтө күчтүү, түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Келечектеги баланын убалына калбашыңыз керек. Эгер кошбойлуу жүргөн кезде кургак учукка кабылган болсо, тез аранын ичинде дарыланууну баштап, ооруну балага зыянсыз кылып жеңип кетсе болот. Өзгөчө, түйүлдүктүн курагы 4 айдан өтүп калгандан кийин дарылануу жеңил. Кургак учукту дарылоо Кыргызстан боюнча акысыз. Эгер биринчи жолу ооруп жатсаңыз, жалпы дарылануу 6 айга чейин созулуп кетиши ыктымал. Ал эми экинчи ирет кайталанса, дарылануу мөөнөтү 8 айдан кем болбошу керек.

Жашыруун номурдан ким чалып атканын аныктаса болобу?

Көптөн бери уюлдук телефонума жашыруун номурдан чалып, дарегиме жаман сөздөрдү айтып тажатышты. Ким экенин билиш үчүн уюлдук компанияларга кайрылсам, жардам бере алышабы?

Турусбек, Бишкек шаары

Окурманыбыздын суроосуна "Мегаком" уюлдук операторунун кардарларды тейлөө кызматынын адиси жооп берди:
Ооба, жардам бере алат. Бирок ал үчүн сиз компания менен келишим түзүп алышыңыз керек. Мисалы, "Мегакомдун" Бишкек боюнча беш тейлөө борбору бар. Алардын өзүңүзгө ыңгайлуусуна паспортуңузду, сим-картаңызды ала барасыз. Келишим түзүү акысыз, бирок жашыңыз 18ден жогору болуусу шарт. Келишим түзүлгөн күндөн тарта жашыруун номурдан чалып, тынчыңызды алган абонент тууралуу маалыматты компаниядан сурасаңыз болот. Алар сиз сураган күндөрдө сиздин номерге болгон чалуулардын тизмесин чыгарып беришет. Болгону, ар бир барагына 5 сомдон төлөйсүз. Бир гана шарт: жашыруун номердин чалуусуна сөзсүз жооп кылышыңыз керек. Анткени, ал номер сиз менен жок эле дегенде 2 секунд байланышта болуусу зарыл.

Эмчек ооруганда маммологго кайрылат

Бир айдан бери эки эмчегим тең салмактанып ооруп жүрөт. Кез-кезде ичинен сайгылышап кетет. Бул эмнеден кабар берет? Кайсы дарыгерге кайрылам? Негизи эле эмчек ооруларын дарылоо канча сом турат?
Мадина
Сулайманова,
Кара-Балта шары

Окурмандын бул суроосуна Улуттук онкология борборунун маммологу Юлия Фитникова жооп берди:
Эмчектин ичтен сайгылашып, салмактанып ооруганы мастопатиянын белгилери. Бул оору организмдин гормоналдык бузулуусунан улам келип чыгат. Мастопатия менен жабыркаган аялдардын көпчүлүгү өзүн начар сезишет. Дарылабай койсо - рак илдетине алып келиши толук ыктымал. Ошол себептүү, тез арада өзүңүзгө ыңгайлуу жердеги поликлиника же ооруканадагы маммологго көрүнүңүз.
Дарыгерге көрүнүп, ооруну аныктамайын канча сомго дарыланарыңызды так айтууга болбойт. Ооруну такташ үчүн УЗИге тартыласыз. Анын баасы 200дөн 400 сомго чейин болот. Улуттук онкология борборунда, Республикалык диагноз борборунда, Республикалык ооруканада жана жеке клиникаларда эмчек ооруларын дарылоочу маммологдор бар.

Даярдоо класстары 2-апрелде башталат

Менин уулум алты жашта. Мектепке чейинки даярдоо класстарына окуучулар качан кабыл алынаарын мугалимдер али билбейт. Качан башталаары белгисиз. Ушул суроомо жооп алып берүүңүздөрдү суранам?

Айжамал Алиева,
Бишкек шаары

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева жооп берет:
Өткөн жылы мектепке чейинки даярдоо класстарына келген балдар үчүн сабак 1-мартта башталган. Быйыл финансылык маселебиз чечилбей, бир аз ыңгайсыз учур түзүлдү. Жакынкы күндөрү гана бүткүл дүйнөлүк банктан балдарды мектепке чейин даярдоо программасын каржылаган акча келип түштү. Республикабызда жалпы 2204 мектеп болсо, ар биринде үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен баштап даярдоо класстарына балдар кабыл алынат. Үч ай бою алар үчүн 240 сааттык сабак өтүлөт. Аны бөлүштүрө келсек, жумасына 15, күнүнө 3 сааттык сабак өтүлөт. Алар үчүн эч кандай каражат талап кылынбайт. Эгерде кайсы бир мектептерде мугалимдер тарабынан акча талап кылынса, 66-30-36-телефонуна кайрылыңыздар.

Өзүнчө отуруп сүйлөнүү психикалык оорубу?

Менин тайежем 43тө. Өзүнчө олтурганда сүйлөнө берет. Уйкусу тынч эмес. Ушунун айынан карып да баратат. Бул эмнеси?
Нурайым, Бишкек шаары
Невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев жооп берет:
Бул жерде психикалык оорулар жайынан кабар берүү зарылдыгы туулуп олтурат. Айрым адамдар өзү менен өзү сүйлөшүп, берген суроого көңүл бурбай же терс, байланышсыз жооп узатып, көзүнө бир нерселер көрүнүп, кулагына ар кандай үндөр угулуп, кыскасын айтканда, ойлору да, сөздөрү да чаржайыт болгон психикалык ооруга кабылышат. Чынында, ой жүгүрткөн адам менен ой жүгүртпөгөн адамдын айрымасы чоң. Ал эми кээ бирөөлөр тек гана нервдин чарчашынан, невроз оорусунан улам башкаларга "кызык" көрүнүшү мүмкүн. Алар берген суроого ойдогудай эле жооп кайтарышат. Турмуш болгондон кийин ар кандай кырдаалдар кездешет. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, дагы башка жагымсыз эмоциялар. Андай адамдардын ички сезими кыйналат. Өзү менен өзү жалгыз калгысы келет. Психикалык жактан жабыркайт.











??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар