presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ар жалбырак
өз үнүндө шыбырайт
Алым Токтомушев, журналист:
"Ойлонгондон жазган кыйын"
"Ойлонгон оңой, жазган кыйын" деген бир философтун сөзү бар экен. Ушул күндө деле макала жазууда кыйналасызбы?
-Ойчулдар бекеринен айткан эмес да. Жазмакерлердин баары эле бул абалды жакшы түшүнөт. Ой күлүк. Оюуң менен дүйнө жүзүн аралап кетесиң. Жаза келгенде мээңди көзөп, колуңдагы даяр маалыматты жазуу да терең мээнетти талап кылат.

Кайыргүл Казыбекова, сүрөтчү:
"Чыгармачыл адамдарга жалгыздыктын белектери бар"
-Жалгыздыктан коркпойсузбу?
- Күн-түн дебей сүрөт ааламындамын. Жалгыздык тууралуу ойлонбогонго аракет кылам. Адам бул дүйнөгө жаралуу учурунда да жалгыз келет. Бу дүйнөдөн тиги дүйнөгө өтүү учурунда да жалгыз. Чыгармачыл адамдарга жалгыздыктыктын белектери бар. Түн. Жалгыздык. Шуулдаган жалбырактардын обону. Бул эң бир шумдуктуудай шедеврлер жарала турган ирмем.

Майрамкан Абылкасымова, эл акыны:
"Кемпир болгондо деле ушакташат"
-"Кемпир болорум менен, мен жөнүндө ушактар тыйылды" деген бир жазмакердин сөзү бар экен. Сиздин оюңузча кандай, кемпир болгондо сиз жөнүндө ушактар тыйылдыбы?
-Жаш кезекте бала-чакаңды деле багып, жасанып-түсөнүп жүрсөң эле ушак ээрчийт. Мен жаш кезекте кыргыз адабияты гүлдөп турган маалда "Ала-Тоо" журналынын поэзия бөлүмүн жетектечүмүн. "Ала-Тоо" журналына чыкмайынча жаштардын жыйнагы жарык көрчү эмес. Анан баардык эле жаштардын жыйнагы чыга бербейт да. Ушактар ээрчичү. Мен туура 75 жашка келгенде Баратбай Аракеев жамандап чыкпадыбы. "Бөрү карысын жектейт" деп Аалы Токомбаев өлөөрүндө жамандап эмне кылышты. Төлөгөн Касымбеков өлөөрүндө аялы камап койду деп жазып чыгышты. Жакында архивимди аңтарып олтуруп, чыгаан акын Аман Токтогуловдун 1968-жылы 31-декабрында мага жазган открыткасын таап алдым. Анда:
"Таш коюуңуз карышкырдын тишине,
Өрт коюуңуз ичи тардын ичине.
Омор акын акындарды форель дейт,
Жаңы-жылда сиз окшоңуз китине" деп мени китке окшоштуруп жазыптыр. Мени ушактагандарга менин жообум ушул.

Авыт Асанов, профессор:
"Бу дүйнөдө калган жакшыбы же кеткенби?"

-Сократтын "бу дүйнөдө калган жакшыбы, кеткен жакшыбы" деген суроосуна кандай жооп кайтарасыз?
-Кайсынысы жакшы болсо да бул дүйнөдө калуу дагы, кетүү дагы кудайдын колунда. Кудай бизге канча жаш берсе, ошону милдетүү түрдө жашашыбыз керек. Кээ бир убактылуу кыйнчылыкка чыдабай өз өмүрүнө кыянатчылык кылгандар бар. Бирок бешенебиздеги өмүрдү кыскартпай, өзүбүздүн жарыкчылыктагы милдеттерди аткарып жетишишибиз керек.

Даярдаган
Жамиля Таштанбекова




"Рабиндранат Тагор менен эшек минип жарышып…"

Рабиндранат Тагор чыгыштын улуу акыны. Анын табияты бүтүн турпаты менен ырдан бүтүп, ырдан жаралган. Мен аны башта эле кээде окуй коюп жүрчүмүн, кызыгып жүрөөр элем. Адам өзүн тартып кетмейинче эч убакта котормого киришпейт. Чыгарма сени жөн эле жулуп алышы керек, ансыз сен жашай албай турган болушуң керек. Ошондо которуу сенин милдетиң, жашоодогу милдетиң болуп калууга тийиш. Мени Тагор ушундай дааналыгы менен, улуулугу менен тартып алган. Аны өзүм кызык котордум. Ысык-Көлдө жатып алып которуп, бир айдын ичинде бүттүм. Анан бир күнү түш көрдүм. Биздин өзүбүздүн айылда экенбиз. Чоң суунун боюнда биздин айылды көздөй, тоону бет алып кеткен даңгыр жол бар, кенен. Ошо жерде эшек минип алып, Тагор экөөбүз жарышып жүрүптүрбүз. Дал которуп атканда. Ал кадимки эле чоң сакалы менен , эшекти балпайып минген. Анын жанында мен элпек баладаймын. Мен да эшекченмин, анан ал айтат: "Кел, мындай тең туруп жарышалы" дейт. Катар туралы дейт. Жол болсо кенен. "Макул" дедим. Ал анан кеттик келип, текиреңдеткен бойдон. Мен чыгып келем. Ал болсо нааразы болуп, чатак кылып, "жок, сен алдап койдуң, туура эмес кылдың. Кайра жарышабыз" деп чыр кылат. Түшүмдө. "А мейли" дедим. Кайра жарышабыз. Кайра да мен чыгып кетем…
Ошондо жаңы баштап которуп жаткан кезим болчу. Он чакты ырын которуп койгом. Анан эле шыр кеттим. Басманын планы ошол эле болчу, болбосо көп эле которуп коюшка, бир чоң китеп кылып коюшка чаркым жетет эле. Эми бул кепти жалпыласак, Тагор өзү чоң, улуу акын. Аны качан окусаң да жапжаңы болуп тура берет. Анан айрым акындардын табияты дагы өзүңдүн турмушка көз карашыңа, көркөмдүк дүйнөңө жакын келип калган учурлар болот. Ушул жагынан Тагор мага жакын, ошол себептен аны эргип котордум го деп ойлойм.
Кийин Уитменди котордум, "Чөп жалбырактары" деген китебин. Бирок татаал киши да ал, мухит да бир дүйнөлүк, өтө чоң да, ага мындай кулач да жетпейт, адамдын чаркы келбейт. Оюң менен кучактай албайсың Уитменди. Мына ошону дагы кыргыз окурмандарына жеткирейин деп аракет кылдым, бирок түшүнбөй жүрүшөт. Ал өзү татаал, орусчасына да түшүнүш кыйын.

Сүйүнбай Эралиев, эл акыны

Рабиндранат Тагор
Чыгыш
О, ойгонуп, ач көзүңдү, карт чыгыш!
Кылым өттү. Уйкуга сен тартылып,
Мемирейсиң көөдөй түнгө ыкталып
Уйкуң улам кыскарууда. Ал өчөт,
Өчкөн сымал таңкы жылдыз кут жарык.

Ишенемин: сен көзүңдү ачасың,
Ойготуучу жагымдуу сөз табылат:
Дүйнө жүзү көз уялта жаркырап,
Өз боюна алтын кийим жамынат.

Сенин күнүң күлсүн үчүн дайыма,
Үстүңдөгү жуурканыңды ыргыткын.
Кыймылдабай жата бербей тургун да,
Чабак ургун деңизинде турмуштун.

Кулак салгын. Жаңы кылым чакырат:
"Эшик ачып чынжырыңдан чыккының!
Жакуттанып сенин катаал жүзүңдү,
Жалбырттасын ыйык оту бактынын".

Чакырыктар улам катуу жаңырат,
Шива тынбай сурнай тартып жаткандай.
Таалай берчү тартууну ал колуңа-
Кызыл гүлдөй, кымбат баалуу макмалдай-
О, ойгонуп, ач көзүңдү карт чыгыш!

Даярдаган Жамиля Таштанбекова











??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар