presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Жыпар Керималиева, медицина илимдеринин кандидаты:

"Псориаз - адам тандабаган азаптуу дарт"



Псориаз-беш жыл сайын кайталанчу азаптуу дарт. Аны толугу менен айыктырууга медицина алсыз. Ошентсе да ак халатчандар аны менен күрөшүп келет. Канткенде оорунун алдын алса болот. Бул тууралуу 27 жылдан бери тери оорулары менен күрөшүп келген, Республикалык тери жана венерикалык оорулар борборунун башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Жыпар Керималиева жооп бермекчи.

- Псориаз оорусу кандай оору, эмнеден улам пайда болот, окурмандарга кененирээк маалымат бере кетсеңиз?
- Псориаз грек тилинен которгондо "psora" - "тери оорусу" дегенди билдирет. Жугуштуу эмес. Бул тууралуу тээ Авиценнанын заманында эле билишчү экен. Бирок күнү бүгүнкүчө дабасы табыла элек. Кан басымы, кант диабети сыяктуу убактылуу айыгып, бирок какыс жок болбойт. Көпчүлүк учурда тукум кууйт.
- Бул дарт адамдын денесинин кайсы бөлүгүндө көп кездешет? Кайсы белгилер аркылуу псориаз дарты экенин билсек болот?
- Псориаз бети кургак кабырчыктар менен капталган кызыл түстөгү так түрүндө пайда болот. Оорунун башталышында андай тактар тегерек болуп, аз санда кездешет. Көбүнчө баштын чачтуу бөлүгүндө, денеде, колу-буттун муундарында, алаканда, таманда, тырмакта, жыныс мүчөлөрүнө чыгат. Акырындап көбөйүп олтуруп, көлөмдөрү ар кандай болгон кабырчыктарга айланат. Кабырчыктар калыңдап, акырындап жарага айланат. Жанды койбой кычыштырып, жарылып, канайт. Оор түрүнө өтүп кеткенде бейтап түнү менен уктай албай кыйналат. Оору адамга физикалык жактан эле эмес, психологиялык жактан да азап алып келет. Бул дартка чалдыккандар маал-маалы менен дарыланып турушу кажет. Антпесе майып болуп калуусу мүмкүн.
- Оорунун келип чыгуу себептерине токтолсоңуз?
- Башында айткандай тукум кууйт. Экинчиден, курт-кумурскалардын чагып кетишинен, укол алгандан, операциялык кесик, татуировка, күйүк, теринин сезгениши, безетки, гонорея, аллергия ж.б. кычыштыруу менен коштолгон оорулардан да келип чыгат. Кээде косметикадан да пайда болушу мүмкүн. ВИЧ инфекциясы аркылуу да псиориаз келип чыгаары анык болгон. Ичеги курттары да оорунун себепкери боло алат.
- Айрым оорулар жаш-куракка да байланышы бар. Псориаз менен кайсы курактагылар ооруйт?
- Аталган оору жаш-куракка карабайт. Кичинекей балдардан тартып кары-картаңдарга чейин ооруйт. Мисалы, кургак учук социалдык жетишсиздикке байланыштуу болсо, псориаз жетишкен өлкөлөрдө да көп кездешет. Жаш-куракка, аял-эркекке, улут, расага карабаган оору.
- Кантип алдын алса болот?
- Псориазды алдын алуу үчүн организмди чыңдоо, спорт менен алектенүү, стресс абалында көпкө жүрбөө керек. Анан териде жаралар пайда болсо, тезинен тери дарыгерине кайрылуу зарыл.




Салтанат Иманбаева, Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургия бөлүмүнүн башчысы, доцент:

"Кош бойлуу кезде кыйналган аялдан кылый көздүү бала төрөлөт"




Бул дүйнөнү жарык кылган, дүйнөнү, жарыкчылыкты тааныткан көз эмеспи. Көзүң жок - аалам караңгы. Чексиз караңгылык. Тилекке каршы көздүн ар кандай дартына чалдыккан адамдардын саны бизде күн санап арбып барат. Ар кандай көз оорулары тууралуу Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева менен маек курдук.

- Салтанат айым, эки көзү чалыр же эки тарапты караган көз оорусу эмнеден улам пайда болот? Бул дартты айыктырууга болобу?
- Бул түйүлдүк кезде пайда болчу оору. Кош бойлуу кезде кыйналуу, витаминдүү тамак-аш жебей жүрүүдөн наристе ар кандай оору менен чабал төрөлөт. Ымыркайдын көзү кылый экени жаңы төрөлгөндө билинбейт, бирок тороло баштаганда каректери эки тарапты карап калат. Муну байкаар замат көз догдурга кайрылуу керек. Ал оору баскычтарын аныктап, дарылоо жолдорун сунуштайт. Кылыр көздүүлөрдү дарылоо, анын айыгып кетиши оорулуунун жашына, оорунун баскычтарына байланыштуу. Көздүн мындай дартынан жабыркагандар сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө болуусу абзел. Убагында дарыланбаса, бул дарт көздүн көрүүсүн начарлатат.
- Көздүн эң коркунучтуу дарты глаукома деп угуп калабыз?
- Азыркы учурда көз ооруларынын ичинен эң көп кездешкени - глаукома. Көздүн ички кан басымы жогорулап кеткен учурда пайда болот. Муну алдын ала дарыланбаса, көздүн ичиндеги кан жана нерв тамырлары басылып олтуруп кургап калат да, акыры көрбөй калат. Мага бул оору менен келгендер көп. Айрыкча алыскы райондордон келгендер көзү таптакыр көрбөй калганда же оорусу таптакыр өтүшүп кеткенде кайрылышууда. Көздүн кан басымынын көтөрүлгөнүн бардык эле оорулар сезе бербейт. Анткени глаукома эки түрдө кездешет. Биринчи түрүндө көз талыкшып ооруйт, ачышат, айрым учурда булаңгыр көрсө, кээде ачыла түшөт. Башынын жартысы ооруп, жарыкты караганда кызыл-жашыл тегеректер чагылып көрүнөт. Экинчи түрүндө көзүнүн көрүү касиети уламдан-улам начарлайт. Муну адам оңой менен эч сезбейт. Ошондуктан жашы 35тен өткөн адамдар жылына көзүнүн кан басымын өлчөтүп туруулары керек.
- Кайгырып-капалануу да глаукома оорусун күчөтөбү?
- Глаукома менен ооруган адам өтө кайгырганда көзүнүн басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда көзү, башы катуу ооруй баштайт. Көңүлү караңгылап, жүрөгү айланып, кусуп жиберүүсү да мүмкүн. Кареги өтө чоңойуп кетет. Мына ушундай абалга келгенде оорулуу сөзсүз көз врачына кайрылуусу керек. Тез аранын ичинде дарынын жардамы менен же операция жолу менен көздүн басымын төмөндөтпөсө, көздүн көрүү касиети жоголот.
- Компьютерде, интернетте көпкө олтуруу көзгө сөзсүз өз залакасын тийгизет да. Бирок компьютер менен иштөө заман талабы болуп калды?
- Азыркы учурда ишибиздин баары компьютерге байланышып калды. Компьютерде көпкө олтуруу көздү талытат, чарчатат, бара-бара начар көрүүсүнө алып келет. Бир гана көздү эмес, мээни кургатып, адамдын энергиясын алып, алсыз кылат. Компьютерден көздүн чел кабыгы жабыр тартып, көрүү начарлай баштайт. Көздүн булчуңдары талыганда, көзгө күч келгенде бул оорулар пайда болот.Ошондуктан биринчи учурда компьютерден сактоочу көз айнек тагынып, көз дарыгеринин көзөмөлүндө болуп туруу абзел.

Жамиля Таштанбекова











??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар