Омор СУЛТАНОВ, Кыргыз эл акыны:

"Арманды адам өзүнө өзү таап берет"


Кыргыз эл акыны, поэзиянын султаны Омор Султановду сагынып издеп бардык.
" Мен эми, кайда кетип,
кайда барам?
Багытым калды сынып,
карып сапар.
Дарчыдай басып өткөн араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай
жолуң татаал" - деп өзгөчө сүйүү ырлары менен ашыктардын акынына айланган бул акынды ким билбесин. Поэзияга суусагандар гана жута тургандай сөз гүлдөрү терилген котормолору да өзүнчө керемет. Омор аганын бүгүнкү ал-акыбалын жана чыгармачылыгын сурап, ар кыл суроолор менен кайрылдык:
- Чыгармачылыгыңыздан кеп салсаңыз? Кандай ырларды жаратып жатасыз?
- Акжолтой деген темир уста таякем бар эле:
"Уста менен дос болсоң,
Ар кескенди аласың.
Ууру менен дос болсоң,
Ар балээге каласың" , - деп, жанында бирөө болсо-болбосо да күңгүрөнүп коюп, эртең менен эрте устаканасына келип, узанып отурчу. Жазуучу киши да ошондой болот экен. Өзүң менен өзүң болуп күнгүрөнүп иштегиң келет. Эки роман баштап койдум эле. Бирин үстөлүңө узартып келатам. Эки томдук чыгармаларымдын экинчи томун басмага тапшырдым. Баш сөзүн өзүм жазып атам. Поэзиянын мен билген сырларын окурман менен бөлүшөйүн дейм. Анан, албетте, поэзия! Азыркы күн жөнүндө ырлар циклин жаздым. "Арбак ургандар" деген чакан поэма бүттүм.
- "Чарчоонун жүзүнчү ырын" кандайча жазып калдыңыз?
- Ушуну көп сурашат. Көңүл коюп окуган адам өзү эле түшүнүп, билип коёр беле деп ойлойм. Поэманын эң акырында мындай деген саптар бар:
Мына бул
үшкүрүктүн арасынан
кысылып араң чыккан
ышкырык сыяктанган
- "Чарчоонун жүзүнчү ыры"
Чарчагандар эмнеден
Чарчаганын билише элек
Канча көңүл чарчап калды
калуудан
Айтпа акылдын чарчаганын
Эң жаман
Бирок эми, мейли билсин
Чарчагандар чарчаганын
Эгер андай болсо эле биз
Чарчоонун жүз биринчи
ырын жазбай
башка эле бир
ырды жазып беребиз.
Поэманын квинтессенциясы мына ушунда го дейм. Жетилбеген коом адамдарды, андагы адамдар бирин-бири болор-болбос нерседен чарчата берет тура.
- Жарык дүйнөдө кандай кайгыңыз, арманыңыз бар?
- Менимче, аты-жөнү элге таанымал адамдын, айрыкча, жазуучунун, кара жандын кайгысынын эч кимге кереги жок. Арманы деле ошондой.
Ал эми инсандык чоң кайгым - өзүбүзчө түтүн булатып чыккан соң, эмне үчүн каран талаада калгандай болдук. Күп-күндүз, чак түштө жоо чаппай эле таландык, тонолдук. Кылымга тете артка сүрүлүп калдык. Эл билгилер текши акылдуу, билимдүү эле эмес беле!
Бүгүн кырдан кулаткан таштай коктунун таманына түшүп калдык. От жандыраар үмүттүн билиги жок калгансыды.
Саясат жолдогондордун дээрлик көпчүлүгүндө мамлекеттик ой жүгүртүү (государственное мышление) жок, же жокко эсе. Элибиздин дээринде акылмандык, кеменгерлик бар эле - ал жоголуп бараткансыйт. Оң баштанып баратса эле тескери тепме башталат. "Кой, минте берсек Кудай уруп салат" - деген ой келбей жатат. Ушундай-ушундай нерселер мени калың кайгыга батырат, сары санаага салат.
Арман! Армансыз адам болбойт деген сөз бар. Менимче тагдырына ыраазы адамда арман болбойт. А мен болсом тагдырыма ыраазымын. Арманды адам өзүнө өзү таап берет.
- Сезим дирилдеткен поэзияңыз кандай учурда жаралат?
- Профессионал же адис акын деп коёлучу, ал профессионал спортсмендей болуш керек деп өзүмдү ишендирип алгам. Бирок, кээде ырдын кайдан, кантип келгенин билбей калам.
- Жылдын кайсы мезгилин жактырасыз?
- Сирендер гүлдөгөн май айы мен үчүн өзгөчө учур.




Акбар РЫСКУЛОВ:

"Атакенин Акболотту" элчи аталарыбыздын арбагы колдоп жазып салдым!"



КРнын маданиятына эмгек сиңирген акын, Казакстандын "Маданият кайраткери" сыйлыгынын ээси Акбар Рыскулов жөн гана акын эмес, алты жыл Кыргызстандын Казакстандагы, эки жыл Малайзиядагы элчиси болуп иштеген көрүнүктүү коомдук ишмер катары да белгилүү. Акбар агай акындыктан кара сөзгө өтүп, "Атакенин Акболот" романын жазып бүттү. Бул романы үчүн Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык "Ысык-Көл форумунун" колдоосунда өткөн "Турар" басмасы менен "Ала-Тоо" журналынын "Арча" адабий конкурсунун башкы сыйлыгын алды.


- Сыйлыгыңыз кут болсун, Акбар агай, прозага өтүп кетиптирсиз?
- Бул чыгарманы жазсам дегенге отуз жылдын тегереги болгон. Совет мезгилинде эле биздин ата-бабаларыбыз өзүнүн дипломаттарын Россияга жиберген дегенди угуп, партиянын Борбордук Комитетине кайрылдым:"Алгачкы кыргыз элчилеринин жолун изилдеп, илимий жүрүш кылалы" деп. Ал кезде "Ленинчил жаш" гезитинин башкы редактору, Комсомолдун Борбордук Комитетинин Бюро мүчөсүмүн өзүм. "Чолпонбайдын, Дүйшөнкулдун жолу менен барсаң болбойбу, каяктагы бир өткөн кылымдагы элчилерди таап аласың",- дешип руксат бербей койду. Болбой, экспедицияны уюштуруп, киночулар тобу, тарыхчылар тобу, журналисттер, дагы бир топ адистер болуп, Бишкек, Балхаш, Караганда, Петропавловск, Уфа, Казань, Нижний Новгород, Москва, Дубосеково, эң акыркы чек арасы Кронштадка чейин барып, ар бир токтоочу жерге алдын-ала журналисттерди жиберип макулдаштык. Архивдер, музейлер даяр туруп атышты биз барганда. Дароо тасмага тартылып атты. СССРдин саясатынын бир катасы - Улуттук республикаларда мурда жазуу болгон эмес дегени эле. Биз болсо, 300 жыл мурда биздин ата-бабалар жазган каттарды таап, тартып аттык. Казандан, Ленинграддан бир топ документтерди таптык. Быйыл бул дата белгиленбей калды-азыр ушу экөөбүз сүйлөшүп аткан учурдан 225 жыл мурда, 1787-жылдын 15-мартында алгачкы кыргыз элчилери: Элчи Башы - Абдракман Кучаков, Атаке баатыр, Тынай бий, Кышкы сарайда - Кавалергарддын эшигинин алдында турган. Жекшемби күн болгон.
- Бул жүрүшүңөр коомго чоң жарылуу апкелген эле да?
- Ооба. Биз жүрүштү картага чийип, токтогон ар бир точкабызды көрсөтүп аттык гезит бетинде. Тарыхчыларыбыз тарыхый ачылыштарын жасады. "Кыргызтелефильм" "Тарыхтын изи менен" деген жакшы фильм жаратты. Негедир көрсөтпөй жүрүшөт. Мен "Кийиз коңгуроо" деген эки бөлүмдүү пьеса жазгам. Поэмам деле өз милдетин өтөдү окшойт. 2005-жылы мени бийлик дипломатияга пайдаланбай калган соң, "Куш төрөсү-буудайык" дегендей, кара сөз менен элге жеткирейин деп, романга отурдум.
- Атакенин элге сиңирген эмгеги да көп болгон экен?
- Азыркы Кыргызстандын түндүгүндөгү элибиз бир кезде түштүктө жашаган. Бул жакты бүт калмак-жунгарлар басып турган. Элибиздин баатырлары аларды кууп, Анжияндын башынан кыргыздарды кайра көчүрүп келген, жармы ошо жакта отурукташып кала берген. Аларга колбашчы да, жолбашчы да Атаке баатыр болуптур. Ушундай улуттук баатырдын баркына жете албай атабыз. Баскынчы Абылай ханды казактар туу кылып көтөрүп алышты. Атаке ал учурда бий да болгон. Манаптардын титулу - башкаруу институтун билдире баштаган, өнүгүп. Бир топ реформаларды жасаптыр, жоокерлик заманга жараша. Колунда жоо тийген кездерде четке кага турган ыктыярдуу аскери болгон. Оң-Солдогу чоң уруулар өздөрүнүн Бийлерин негиздеген. Алар Чоң бийге баш ийген. Муну биз изилдеп үйрөнүшүбүз керек. Бир роман менен чечүүгө болбойт муну. Сот бийлиги кандай болгон? Аскердик бийлиги кандай? Дипломаттык чеберчилиги кандай? Кээде ойлоп кетем, канча мезгил өтсө да, эч нерсе өзгөрбөгөн экен деп: илгеркидей эле жакын коңшуларыбыз менен тил табышышыбыз керек. Кытай, Россия деген эки чоң кошунабыз менен тил табышышыбыз керек. Геосаясатты илгери деле жүргүзүп келиппиз да, Пекинден Кронштадга чейин! Ат менен жөө-жалаң жүрүп да. Атаке бийдин өзүнүн мөөрү болуптур. Тамчыдай болуп тып этип тамып калгандай мөөрүн көрдүк. "Атаке багадур Тынай бий уулу" деген жазуу бар бетинде. 300 жыл мурун бул мөөрүн дайым пайдаланган экен каттарга, документтерге. Мен кыргыз элчилеринин изин чалайын деп жүрүп, ошо элчи аталарыбыздын арбагы колдоп ушул романды жаздым го деп ойлойм. Жигит там салыш керек, бак тигип, балалуу болуш керек. Мен ага - жигит болсоң бир роман жазып коюшуң керек, деп кошуп койдум. Там салып, бак тиккендей болдум..
- Ракмат аңгемеңизге.

Маектешкен
Алтынай ТЕМИРОВА