33 жашында фронтто каза болгон кайран Жусуп

(Акын Жусуп Турусбековду эскерүү)


Жусуп Турусбеков кыргыздын жаш кеткен улуу акындарынын бири. Ал 1910-жылы Тоң районуна караштуу Күнбатыш айылында туулган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга чейин барган. А.С.Пушкиндин, Г. Гейненин ж.б. улуу акындардын ырларын которгон. 1932- жылы "Жусуптун ырлары" деген жыйнагы жарык көргөн. Жоомарт, Мукай менен кошо Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен аттанып, 1943-жылы фронтто каза болгон. Болгону 33 жыл гана өмүр сүрдү. "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" демекчи, эски архивдерди барактап, Жусуп атабыздын өмүр жолу, кантип үйлөнгөнүн баяндаган жубайы Күлүсүн Турусбекованын эскерүүсүн "Издер кайра жаңырат" рубрикасына берүүнү эп көрдүк.
Жусуптун тагдыры боз инген боздогондой окуя
Жусуптун тагдыры абдан татаал, оор болгон. Анын башынан өткөнүн өткөндөй уксак, боз инген боздогондой окуя. Жусупту таанычу эмесмин. Мурда кийин атын угуп, атынан улам адамдыгына кызыгып, кандай неме болду экен деген ой дилимди козгогон эмес. Элеттен келген кызга жигит издеп күйөө тандамай адат анда кайдан. Эси-дартыбыздын баары "баланчанын баласы окуусун бүтүп, чоң кызматка барыптыр. Түкүнчөнүн кызы окууга өтүптүр" деген сөз эле. Мен Чүйдүн Орто-Алыш деген айылынан болом. 1928-жылы эл көчүнөн калбай Фрунзеге келдим. Эсиме жара чыкпаса, 1929-жыл болушу керек. Мен кыз-келиндер техникумунда окуп жүргөндө бизге адабий ийрим болуп калды. Билбейм, ал кезде акын-жазуучулар менен болгон жолугушууларды деле адабий ийрим дечү беле. Жалаң жигиттер келди. Жусуп да ошондо келди. Андан кийин бир-эки курдай кездештик. Ал экөөбүздү сезимдин иши жетелеп, көңүлдүн оту чакырып деле турган жок. Болгону пейлибиздин актыгы, ниет, үмүт түздүгү бири-бирибизге ыйбаалык отун жаратты. 1931-жылы практика дегени башталып, мени Ошко жиберип калса болобу. Практикам балабакчада болмок. Арзыбаев деген катчынын үйүндө туруп калдым. Аны-муну көрүп дегендей иштеп жүрөм. Бир күнү мага кат келди. Дилимде да, кыялымда да Жусуптан кат келет деп күтпөгөм. Сезимдин көөнү түшпөсө, көңүлдүн оту күйбөсө, жаш курак жаштын эңсөөсү махабат деген болсо деп, көөнүнө көксөп түйбөсө, бу дагы кыйын иш экен. Жусуптун катын тытып жибердим. Окудумбу, окусам анда кандай кеп бар эле, анысын эстеп калбапмын. Иши кылып тытылган каттын тытылганы эсимде. Балалыгым да, болбосо окусам деле, тааныштык милдет катары катка жооп кылып амандык айтышып койсом деле болмок. Кийин ойлосом, чекилик балалыктан кетиптир. Тагдырдын айткан иши экен, 1932-жылы июнь айында бак даарып, Кыдыр колдоду болуп, Жусупка багым кошулду. Оштон келгенден кийин мага ал башкачараак сезиле баштаган. Кээде шайтан азгырык болуп кыялыма кылт эте Жусуп түшө калчу. Анткени менен кум санаага кабылганым деле жок. Көңүл жакындын, тааныштыктын иши го деп койчумун.
Жусуп менен он жылдай жаздыкташ болдум
Жусуптун кандай абалда жүргөнүн толук биле албайм. Бир мүнөз, оңойлук менен ачылбаган жан эле. Айтор ышкы деми мурдагыдан да тереңдегенби же көөнүмө кара таш салам дегенби, сезимге алдырып, өзгөргөнүн туйбадым. Ошо акылга-акыл эгелди. Көңүлгө-көңүл чегелди. Насип экен, билинбеген махабат менен бак көтөрүп, баш кошуу шарты келди.
Мукай абанын зайыбы Бурулча эже менен топурагың торко болгур Кубанычбек Маликов келип эле: "Күлсүн, Жусуп да мында, биз баарыбыз күтүп жатабыз. Буюм-теримиңди алгын дагы биз менен кошо жөнөгүн. Баш кошуп алгыла. Качанга чейин жүрө бермек элеңер",-деп шаштырып алып чыгышты. Бир жерге тынчып тура албай шашкалактап Жоомарт да жүрөт, Жусубу жанында. Анысы мага үндөбөйт. Бирок турган-турпатын жүр дегендей өтүнүч коштогон. Кайгырганда кашында каралды болоор жакыны жок Жусуптун турмуш тагдырын ошондон тартып толук биле баштадым. Адам канчалык көп кыйналса, ыйманына ошончолук жакын болот. Жусуп ушундай адам эле. Баш кошуп, баш-аягы он жылдай жаздыкташ болдук. Бактыма ыраазымын, куудай саамай чагымда кудай алдында калп айткан менин энчим эмес. Жусуп экөөбүз кол кармашып, эгиздердей ээрчишип, туулган айылы Көксайга бара албадык. Башыма кайын энем же кайын эжем, айтор, Жусуптун тууган-туушкандары мага ак жоолук салган жок. Алардын көзү өтүп кеткендиктен андай тагдыр мага буйрубады. "Алып барар жакындарың болбосо да, тууган-уругуңду, Көксайыңды көрөйүн" дечүмүн. "Шашылба, барасың" дечү. Тагдыр экен, Жусуптун 60 жылдыгында жесир келин болуп бардым.
Карындашы көпөлөк болуп учуп кетип...
Жусуптун балалыгы кыйын кезеңге туш болгон. Атасы Турусбек кыйыр туугандарынын жылкысын кайтарган. Апасы Бүбүкан апа 23 бир тууган болуп, а бирок тагдыр жазмышынан жыйырмасы ээсин эрте таап, кара жер койнун жай кылган экен. Бүбүкан апа короосу койлуунун коломтосун аңдыбай, кийиз жасап, чий чырмап оокат кылчу экен. Жусуптун карындашы алтыга караганда чарчап, көпөлөк болуп учуп кетет. Болочок акын Турусбек ата менен Бүбүкан апанын жалгызы экен.
("Кыргызстан маданияты" гезитинин 1980-жылдардагы архивинен)
Даярдаган
Жамиля Таштанбекова




Аман Токтогулов КГБ жана жазуучулар тууралуу


- Эми КГБга келсек. 70 жыл зымпыйып келген КГБ азыр сырсандыгын ачып, айрымдарын элге жарыя айтып жатат. Бирок биздин республикада андай аракеттер анчалык деле байкалбайт. Ошого байланыштуу суроо: өзүңүз кандайча КГБда иштеп калдыңыз? Комитетте эмне иш аткарчу элеңиз? Дегеле КГБнын күнгөй-тескейи жөнүндө окурмандарга эмне айтып бераласыз?
- Шыр эле айтам - мен жыргаганыман КГБнын кызматкери болуп кеткеним жок. Университетти бүткөн соң редакцияларда иштеп, качан үй алам менен жүрдүм. Бала-чакам менен турган жалпак тамдын дубалы бир катар гана кирпичтен коюлгандыктан, кыштан зорго чыгар элек. Ал аз келгенсип, үстү да толь менен жабылган. Кызым башталгыч класста окуйт. Бир күнү өзүңөр жашаган үйдүн сүрөтүн тартып келгиле дептир. Тартса керек кызым, мордон чыккан кара түтүндү асман тиретип. Класстын баары "ушундай да үй болобу?" дешет. Көзүбүз менен көрөлү деп келишиптир. Балдар - балдар да, үй-жайы кенен, бардык шарты бар орус балдары, кыздары.
Анда ушул силер иштебаткан "Кыргыз маданиятында" баш редакторго орунбасармын. Жыйырма сегиздемин. Адабий жыйындын бирин калтырбай катышып сүйлөп, сын артынан сын жазып, дегеле бышыксынып турган кезегим. Р.Гамзатовдун "Менин Дагестаным" повестинин эки китебин тең кыргызчага которуп, басмадан чыгарып салгам. Чыгармачылыктан башка мүдөө жок, жазсам эле деп турган чак. Үйдөн гана кыйналып, жүдөп жүрөбүз. Райком, шааркомдон мына беребиз дейт, беришпейт, ана беребиз дейт, беришпейт. Жазуучулардын чоңу а кезде Теңдик Аскаров. Бир күнү айтты: "Жумагүл Нусуповна (БКда бөлүм башчы), Кеңеш Нурматович (шаарком), Салмоорбек Калыкович (райком), Октябрь Абылгазиевич (горисполком) болуп, бешөөбүз сүйлөштүк, сага Белинский көчөсүндө жаңы бүткөн үйдөн үч бөлмөлүү квартира бермей болду!" Сүйүнгөнүмөн далдактап, элдин баарына жайып жибердим. Тогуз кабат үй да берилди, эл толуп кирди, мен алганым жок. Дагы бир жыл өттү, үйдөн дайын жок. Аңгыча шааркомго, жакында Асанбек Стамов "КМга" "Боз куурай" деп жазбадыбы Карыбек Молдобаевди, ошо "боз куурай" келди. Туура А.Стамов сөккөндөй бар экен! Аскаров андан үй сурап барат, ал бербейт. Молдобаев шааркомдо тирүү турса үй албасыма көзүм жетти.
1974-жылдын күзү. Жакында кыш келерин ойлосом көңүл чөгөт, кыжыр келет. Күндөрдүн биринде кабинетке шып этип бир жигит кирип келди. КГБдан экен. Ошондон жарым жылча мурда бекен, айтор эки жигит КГБдан келип: "бизге журналисттер керек, сени ишке алалы, үйдөн кыйналып жүрүпсүң, билебиз, бизде бу жагынан түзүк, кийинки эле жылдары үч-төрт үй салдырып, кызматкерлерди квартира менен толук камсыз кылдык, барсаң тез эле үйлүү болосуң" дегенинен, мен так кесе "барбайм!" деп койгом. КГБда иштесем деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сын жазып, которуп китеп чыгарып, гезит ишине баш-отум менен кирип алган мага КГБга эмне бар?! Ошо менен сылык-сыпаа коштошуп кетип калышкан.
Ошентип КГБдан бир киши дагы келди. Бир аз сүйлөшкөн соң, "үйдү качан алчудайсың?" - деди шар эле. "Белгисиз", - дедим. "Анда мен атайы келдим, бизге ишке барсаң, жакында үч бөлмө үй бошоду, ошого киресиң, ойлонуп көр да, жообун тез бер, эртең же бүрсүгүнү келем",- деп шарт чыгып кетти. Отуруп эле калдым. Кышты эстедим. КГБ эмес, түрмөгө болсо да, үй берсе барайын дедим ичимде. Айткан күнү тиги жигит келди. "Силерге барса барайын, бирок мага ылайык кызматыңар барбы?" - дедим. "Бизде архивдин чети оюлбай жатат, ошону бир карап чыгып, иретке салып, жарыкка чыгарууга даярдай турган журналист керек", - деди. "Андай иш болсо колуман келер",- деп ичимен сүйүнүп кеттим. Эч кимге айтпа деген, аялыма да айткан жокмун. Ошол. Ошо менен баягы "Вторжение бравого солдата Швейка в мировую войну" дегендей, КГБга "вторгаться" этип кирип бардым. Аялым: "сен эми милийса болосуңбу, эч барба, үйү жок эле жүрөбүз, КГБны элдин баары жаман көрөт",- деп бууракандап ыйлап, аябай убара кылды. Болор иш болду, эмне кылам?!
Баргандан кийин эле айткан үйүн беришти. Чын эле архивден басмачылардын, согуш маалындагы кыргыз чекисттеринин, элүүнчү жылдардын аягында жүргүзүлгөн "фабриканттар" операциясынын материалдарын карап чыгып, басмага даярдадым. Басмачылар боюнча кийинчерек Т.Касымбеков "Ак кызмат" деген документалдуу повесть жазды. "Фабриканттар" боюнча "Известиянын" ошо кездеги Кыргызстандагы кабарчысы В.Олиянчук жазчумун деп, көп убакыт материалдарын окуп жатты, бирок жазган жок, башка жакка которулуп кетти. Ошо кездеги "подпольный бизнес" жөнүндө толук кабар берген дело, эми да жазса болот. Жүзгө жакын адам суралып, көбү кесилип, 7-8 адам атууга кеткен, өтө оор иш. Бул эмнеден башталып, кандайча болгонун жазам дегенге материалдары турат.
- Кыргыз адабиятынын көптөгөн өкүлдөрү, чыгаан сүрөткерлери репрессияга кабылды, айдалды, камалды, атылып жок болду. Мында НКВДнын ролу чоң болгону баарыбызга белгилүү. Сиз иштеп турган мезгилде кыргыз жазуучулары тууралуу КГБга кандай маалыматтар түшүп, кимдердин иши көзөмөлдө турду?
- Мен иштеп турган маалда кыргыз жазуучуларынын бирине да, айталы, "улутчул" же "антисоветчик" деген жарлык жармаштырылган жок. Жазуучулар биринин үстүнөн бири арыз жазып жибермейлери бар, аты-жөнүн көрсөтпөй, "окуучулардын атынан" деп, мына ошолор боюнча гана териштирүүгө туура келди. Маселен, маркум Т. Кожомбердиевдин "Күн чыгышым" деген ыры "бизди күн чыгыштагы Кытайга кошулууга үндөп жатат, мунун көмүскөдө саясый мааниси өтө жаман" деген арыз түшүп, мен ал ырда андай балакет жок экендигин далилдеп, үзүктөй справка жазып, акыры маселе БКнын ошол кездеги экинчи секретары Пугачевдон зорго чечилгени эсимде. Турардын көңүлү кирдебесин деп, мен бул ыплас кат жөнүндө ага айткан да эмесмин. Мына ушинтип бирин-бири чукулай бермей биздин интеллигенцияда көп эле, ушу жакындан бери, КГБ баягы КГБ болбой калгандан кийин тыйылгандыр. 1974-жылы мен ишке алынганда Эрнис Турсунов менен Кубатбек Жусубалиев жөнүндө түшкөн материалдар толуп кетиптир. Адабиятты түшүнбөгөн, талант эмне экенинен кабары жок, жөн эле турган ырдан же аңгемеден саясый же идеологиялык ката таба салганга уста чекисттер экөө жөнүндө ушу жазуучулардын эле өзүнөн "агентуралык билдирүү" ала бериптир. Э. Турсуновдун материалдарын шак эле жаап, өрттөп жибердик. К. Жусубалиев жөнүндө ошо кездеги председателдин орунбасары В. Демидевге кирип, "Жөн жүргөн эле кишиден эмне диссидент чыгара албай жатабыз, качантан бери китеби чыкпайт, андан көрө жардам бербейлиби, ЦКга айтсаңыз, чыгарышсын" десек, а киши "акүйгө" барып, бул маселени чечип келди. "Толубай сынчы" китебине ошентип жол ачылган. Натыйжада КГБ бир күчтүү диссиденттен айрылды, окурмандар бир укмуш жазылган китепке ээ болду. Мына ушу сыяктуу эле мисалдар. Москва, Ленинграддагыдай бирөөлөрдү куугунтукка алуу, камоо, үйүн тинтүү сыяктуу балээ-бастен бизде болгон жок. Москвалык чекисттердин жолуна салса биздин деле бирин-экин адамды идеологиялык душман кыла коюуга болмок (мисалы, А. Солженицындын китебин же колжазмасын алып жүргөндүгү үчүн эле кылмыш иши козголо берчү а кезде), бирок андай карамүртөздүк ишке жол берилген жок.
- Казыбек казалчынын адабий мурасы менен да байланышып калдыңыз көрүнөт?
- Анын жөн-жайын "Ала-Тоо" журналында, Казыбек мурастарына жазган баш сөзүмдө айтпадымбы. КГБда Казыбектин кең-кесири эч нерсеси жок. Бир кезде БК жыйнаткан. Мен жыйнап келип, колжазмаларды КГБнын архивине аралашып жок болбосун деп, Илимдер академиясына, Тил-адабият институтунун ошол кездеги директору А. Садыковго өткөзгөм. "Ала-Тоо" алып чыгарып жатпайбы.
- Салижан Жигитов Казыбек жөнүндө макала жазбады беле. Аны КГБ жаздырган деген ушак бар адабий чөйрөдө.
- Ал карандай калп. ЦКнын тапшырмасы да. Анын жазган, жазбаган оюна койбой жаздырышкан. Макала менимче, жаман макала эмес, объективдүү жазылган. Маселе мындай да, Казыбек ашкан бай болсо, мал-мүлкүн бүт Совет бийлиги тартып алса, өзүн эл-жеринен бөлүп, Орунборго айдаса, анан айланайын Совет бийлиги, ырас кылдың деп ырдайбы. Көрүңдө өкүргөн Совет бийлиги дейт да… Сакем ошону жазып жатпайбы.

Маектешкен
Алым Токтомушев,
Уран Ботобеков
"Кыргызстан маданиятына" (14-ноябрь, 1991)





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??