Орусиянын өкүмзордугу


Ырасмий Москва соңку жылдары Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип келгени аз келгенсип, бийлик алмашкандан кийин дайым өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын жылдыра баштайт. Жок жылдырбайт, өкүмзордук менен басым жасай баштайт. Атамбаев айткандай, "мен кожоюн, сен бир майда-барат бирөөсүң" деген мамилени сезип келбедикпи. Президент Атамбаев Москвага барганда "Эхо Москвы" радиосуна берген маегинде муну ачык айтып, Кремлге бир топ таш ыргытып, бурганакты салып келген болчу. Москванын сыры маалым, эмне жалтырак болсо, ошого көз артып турганы турган. Соңку жумалардагы окуянын жүрүшүн караңыз, Москва эски ырларды кайра чозуп, Путиндин аппетити араандай ачылып атат. Карызыңарды жойдук деп туруп, эми "Дастан" заводунун 75% акциясын сурап жатат. 2009-жылкы келишим боюнча Москва биздин 180 миллион карыздын ордуна "Дастандын" 48% акциясын жана Бишкектеги соода үйүнүн имаратын алганга макулдашкан. Бүгүн ал макулдашуудан Путин айнып кетти. 48 эмес, 75% акция керек экен. Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгына туура келбесин билип туруп, өкүмзордук кылууда. "Дастан"- Борбор Азиядагы жападан жалгыз аскерий-стратегиялык мааниси чоң өтө уникалдуу завод. "ВА-111 шквал" үлгүсүндөгү орто алыстыкка атылуучу торпедолор чыгарылат. Бул заводдун тагдырын Бакиев 2009-жылы чечип, Орусияга макулдук берип башын байлап салбаганда башка инвестор деле табылмак. Мисалы Түркия тарап деле катуу кызыгуу жаратып келатканы жашыруун эмес. Кремль болсо Кыргызстанга эч кимди жолоткусу жок. Путин адатта бизге келгенде убадага март, аткарганга келгенде өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын астыга түртүп, кыргыз бийлигине басым жасаганга өтөт. Жини келсе күйүүчү-майлоочу майды кымбаттатып муунта баштайт. Соңку кездери Түркия, Евробиримдик, Катар сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин Кыргызстанга карата инвестициялык кызыкчылыгы көрүнө баштаганда расмий Москвада кызганыч пайда болуп, мурда берген убадаларын эстеп, жандана тушкөндөй. Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечиндин Кыргызстанда гидроэнергетика жана мунайгаз боюнча кызматташууну ордунан жылдыруу демилгеси буга мисал. Ошондо да Сечин куру кол келбептир. Көрсө, эми Москва Кыргызстанды энергетикалык жактан биротоло көз каранды кылууга белсенип турган чагы экен. Сечин келердин астында "Коммерсантъ" басылмасы (Кремлге өтө жакын олигархка тиешелүү басылма экенин эсиңиздерге салабыз - автор) Орусия Кыргызстандын болочок ГЭСтеринин курулушуна катышуу үчүн эми мурдагыдай 50 эмес, 75 пайыз акциясын талап кыларын жазып чыкты. Аңгыча Бишкекке Орусиянын энергетиктери шымаланып жетип келишти. Энергетика министри Сергей Шматкону кабыл алып жатып, Атамбаев "15 жылдан бери топтолуп калган келишимдер эми ордунан жыларына кубанычтамын" деди. Чынында Орусия 2008-жылы эле кол койгон эки гидроэнергетикалык долбоорду 4 жылдан бери создуктуруп, же башка инвестор тапканга мүмкүнчүлүк бербей колу-буттан тушап келатат. Бул кылганы кыргыз экономикасына кылган кыянатчылыгы эмей эмне?
Биринчи ири долбоор - "Камабарата-1" ГЭСин куруу. 2008-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимден кийин аны куруу үчүн Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы менен Кыргызстандын "Электр станциялар" АКсы 50 пайыздан тең үлүшкө ээ болуп, биргелешкен ишкана түзүшкөн. ГЭСтин курулушу үчүн Кремль 1,7 миллиард доллар насыя бермек. Экинчи долбоор - Сары-Жазда жана Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндө ГЭСтердин каскадын куруу. Бул долбоорлорду ишке ашырууга Орусия тараптан "РусГидро" компаниясы катышмак.
Андан бери 4 жыл өттү. Москва ишти алдыга жылдырбай, бул долбоорлорду басып жатканы жаткан. Кыргызстан болсо капканга түшкөн чычканга окшоп, Путиндин оозун карап сабырдуулук менен күтүп келди. Москванын 4 жыл бою ишти жылдырбай басып жатып, кайра 50 эмес, 75 пайызын бересиңер дегени кызылкулактыкка жатат. Президент Алмаз Атамбаев ЕврАЗЭСтин жыйынынан кийин Москва бийлигине ачык айтты: "Силер кургуңар келбесе ачык айткыла, башка каалоочулар бар!" деди. Чынында, мындай долбоорго инвестор издесе табылмак. Кыргызстанда ГЭС курууга кытайлар да кызыкдар. 3 триллион доллардык алтын запасы бар, бирок электр кубатына болгон таңсыктык жогору Кытай мындай долбоорго чуркап келет. Алар биздин шартка көнүп, жада калса 40% акцияга деле ыраазы болушу толук мүмкүн. Орусиянын ГЭСтердин 75%ын сурашы биздин улуттук кызыкчылыкка каршы келет. Муну кыргыз бийлиги кабыл алышы мүмкүн эмес! Орус бийлиги дагы деле өкүмзордугун улантып, же убакытты созо берсе, президент Атамбаев башка каалоочу тараптар менен тез арада сүйлөшүүнү башташы керек. Соңку кездери Орусиянын бир ит адаты түшүнүктүү болуп калды. Токочту акырын алып чыгып, алыстан көрсөтүп, жаш баланы алдагансып кайра чөнтөгүнө салып коюп, тил эмизип, убакыттан утканга маш экен. Атамбаев айткан "мен кожоюн, сен бир майда-бирөө" деген ушул саясат да. Баса, орус бийлиги Кыргызстандагы аскердик объектилери үчүн кенедей ижара акыны төлөбөй, ал эми Канттагы базанын коммуналдык акыларын бизге төлөтүп келгенин кандай бааласак болот? Бул тоотпостук. Кемчонтойсуң дегендик. Атамбаев бурганакты салгандан кийин 15 миллион доллар ижара акыны Москва араң төлөп берди. Былтыркы кылганычы?! Кыргызстанга мамказынаны колдогонго ЕврАЗЭСтин антикризистик фондунан 106 миллион доллар беребиз деп убада кылып, кыргыз бийлиги ишенип алып, аягында ал акча тийбегенде, бюджеттин жыртык-тешигин жаба албай азапты аштай тартышты го. Акыры, Москва куру убадалары менен, кош стандарттуулугу менен көңүлдү калтырып койду. Кыргыз экономикасы Путинге керек эмес, бизге керек. Президент Атамбаев Кыргызстандын кызыкчылыгын сактап калыш үчүн бекем эркин жана батылдыгын көрсөтүп, бул маселеге чекит койбосо, Путиндин аппетити ачылгандан ачыла бергидей. Ельцинге башын кашык менен ургулаткан президенттерибиз да болгон, дал ошолор жаман көндүрүп, ушундай саясатты түптөп кетишти, эми тышкы саясатты ырааттуу жүргүзүп, улуттук кызыкчылыкты столго тарс кое турган чак келди. Кремль болсо өз кезегинде Кыргызстан кичинекей болсо да эгемен мамлекет экендигин акыры түшүнүп, кош стандарттуулукту токтотуп, таза саясат жүргүзсө утканы турат.

Чолпон Орозобекова




Кыргыз армиясы эски танктарын ремонттоп саткан атат



Кыргыз армиясы мындан 10 жыл мурдагыга караганда тирденип калды. Бирок, коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырып болбойт. Учурда Орусия армиясына триллиондогон рубль бөлүп, Казакстан менен Өзбекстан аскердик техникасын чыңдап жатат. Ал эми биздечи? Коргоо министринин 1-орун басары Замир Сүйөркуловдун берген маалыматына таянсак, абал чеке жылытарлык эмес.

Учурда Коргоо министрлигине караштуу 75 миң аскердик техника бар. Анын 4 миңи автоунаа. Брондолгон танктар 700дөн ашык. Ракеталык-артиллериялык куралдар 70 миңден ашат. Бул техникалардын басымдуу бөлүгү советтик өндүрүшкө таандык. Көпчүлүгүнүн эскилиги жетти. Мисалы, автоунаалардын 23%ы 25 жыл мурунку. Брондолгон техникалардын 60%ы, ракеталык-артиллериялык техникалардын 70 %ы колдонууга жараксыз. Бирок, буга карабай, өткөн жылы курал сатып алууга каралган акча азайтылган. Бул маалыматты көтөрүп келген Замир Сүйөркулов: "Техникаларды убагында ремонттон өткөрүп, жарамдуулугун камсыз кылып турууга жылына бюджеттен 50 млн. сом бөлүнүш керек, бирок бүгүнкү Коргоо министрлигине бөлүнгөн каражат буга жетпейт" дейт күйүп-бышып. Орунбасар министр берген маалыматка таянсак, ушу тапта БМП танкы 300 миң, БТР 200 миң, аскердик жеңил автоунаалар 13 миң, КАМАЗ тибиндеги жүк ташуучу техникалар 60 миң доллар турат. Дээрлик баары Орусиядан чыгарылат.
Учурда Коргоо министрлиги 86 танкты капиталдык ремонттон өткөрүп, саталы деген сунуш киргизип жатат. Ар бири 800 миң доллардан бааланышы мүмкүн. Бул сунушту эл өкүлдөрү колдоого алууда. ЖКдагы Коргоо жана коопсуздук комитетинин жетекчиси Исмаил Исаков бул сунушту колдоорун билдирди. Ал эскилиги жеткен техникаларды Кара-Балтадагы "Авторемзаводдон" ремонттоп, башка өлкөлөргө сатсак дейт. Айтымы, учурда бул заводго Орусия кызыгып жатат. Алар эскирген техникаларды сатып алган соң, оңдоп-түзөп кайра үчүнчү өлкөлөргө сатат.
Ал эми өкмөттүн коргоо, тартип жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүм башчысынын орунбасары Алик Мамыркулов бул пикирге каршы. "Техникаларды кимге сатабыз? Казактар биздин аскердик техникаларды карамак беле, аларда жаңы үлгүдөгү 6 миңден ашык брон танктар бар. Анан алар биздин заводдон аскердик техникаларын ремонттон өткөрөрүнө ишениш кыйын" деди. Чын эле башкасы бүтүп, ушул эле калды эле. Орусия оңдогон соң, кайра сатып алабызбы? Биз деле үчүнчү өлкөбүз да...

Мирлан Дүйшөнбаев






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??