Жакшы ниет менен тозокко карай салынган жол

Кыргызстандагы микрокаржылоо: Жакшылыкпы же жамандыкпы?


Мамлекеттик бюджеттин оор абалына байланыштуу микрофинансылык уюмдар макроэкономикалык жагдайдын барымтасына түшүүдө. Бюджеттин дефицити өтө чоң болгондуктан, Финансы министрлиги үч жылдан бери тешиктерди ичтен карыз алуу менен бүтөп келет, анткени, өлкөгө мындай насыяларды азырынча башка эч ким бербейт. Финансы министрлиги пайыздык ченеми өтө жогору мамлекеттик казына векселдерин (МКВ) чыгарат.

Акыркы убакта Кыргызстандагы микрокаржылоо сектору саясий спекуляциянын буюмуна айланды. Кимдер гана өздөрүн бул багыттагы эксперт катары эсептебейт?! Кардарлар, көп учурда насыялык келишимди бузгандар, митинг уюштурушууда.
Ошол эле убакта, түзүлгөн жагдайдын объективдүү себептерин эч ким укпайт.
Кыргызстандын калкынын жакырлануусуна жана массалык түрдө чет өлкөлөргө кетүүсүнө (көп учурда айыл жергелеринен, себеби ал жакта чоң шаарлардан айырмаланып кандайдыр бир жумуш табууга мүмкүндүк жок) алаңгазарлык менен микрокаржылоо секторун айыптоого болбойт. Анткени бул сектор дээрлик 20 жылдан бери бизнесинин көлөмү кичине жана күрөөгө койгон мүлкү начар болгондуктан, расмий банктык секторго даап бара албаган калктын бөлүгүн каржылап келет. Бул убакыттын аралыгында алыскы тоолуу аймактарда жашаган максаттуу топторго насыя күрөөсүз берилген уникалдуу технологиялар ишке киргизилген.

Маалымат үчүн: "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамы микрокаржылоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө белгилүү чектөөлөрдү коет, бирок жаңы МКУ ачууда либералдуулугу менен айырмаланат. Коммерциялык микрокредиттик уюм ачуу үчүн болгону 100 миң сом акча керек. МКУ ишмердүүлүгүн чет элдик валютада жүргүзүүгө укугу жок, бирок ири МКУлар негизинен каражаттарды чет өлкөлөрдөн чет элдик валютада тартышат. Жылына микрокаржылоо сектору республикага 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндө насыялык ресурс тартышат, рыноктук пайыздык ченем менен кандайдыр-бир мамлекеттик кепилдиксиз.


МКВ боюнча киреше ченеми 2011-жылдын май айында 35%га чейин жеткен, бул баалуу кагаздар үчүн коркунучу жок түрү болуп эсептелет (дефолт болбосо гана).
Каржы министрлиги мындай жагдайда кандай кадамдарды жасады? Чындыгында, мындай жогору карыздарды берүүгө убакыт келгенде мамлекет абдан кыйналат. Бүгүнкү күндө мамлекет өзүнөн өзү карызга алып, финансылык рынокто коммерциялык банктар кирешеси жогору МКВларды сатып алып, мунусу менен экономиканын насыялоосун төмөндөткөн жагдайды жаратууда.
Микрокаржылоо уюмдары каражаттарды рыноктук ченем менен сатып алып, мамлекеттик каржылоо уюмдары сыяктуу субсидиялык насыяларды бербейт, насыяларды инфляциянын деңгээлинен да төмөн кылып бере алышпайт. Мындай арзан каражаттар кайдан чыгууда? Ооба, ошол эле тешик бюджеттен. Элге татыктуу айлык акы берүүнүн ордуна, кезектеги "кампанейщина" уюштуруп, бул каражаттарды таптакыр ыгы жок колдонушат. 7% боюнча насыяны 3-4 айда, талаа иштери бүткөндөн кийин таап көргүлөчү. Кашык тамак ичээрде керек!
Ал эми микрокаржылоо уюмдары, коркунучка карабастан, алыскы тоолуу аймактарда насыяларды күрөөсүз берип, насыя берүү процессин ачык жана жеткиликтүү уюштурушат.
Өлкөнүн калкы акыркы чекке МКУлар жана банктар тытмалаганы үчүн жеткен жок, анын себеби, эч кандай жумуш жок, балдарын багуу үчүн, аларды мектепке жүнөтүү үчүн иштеп акча тапчу жер жок. Ошондуктан адамдар кезеги менен МКУларга жана банктарга кайрылып жөн гана ЖАН САКТАП КАЛУУ үчүн насыя алууга мажбур!

Жашоодон алынган окуя:
1971-жылкы аял, никеси бар, 9 баласы бар, кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 16 жашта. Мурда Таласта, күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө жашаган, бирок Талас областында алган насыяны бере албай, Бишкекке качып келүүгө мажбур болгон. Жөн гана жанын сактап калуу үчүн жана 9 баласынын курсагын тойгузуу үчүн. Бишкекте машина жуучу жайга орношкон, батирде жашашат, балдары мектепке барышпайт - кийимдери жок, туруктуу жашаган жери жок.
Таласта жашаган учурда, 4 айдын ичинде ар кандай МКУдан жалпы суммасы 300 миң сомдон ашык 4 насыя алган. Албетте, берилген насыяларга башкы жоопкерчиликти МКУ жана зайымчы аял тартат. Бирок эң негизгиси, ал аял мындай кадамды балдарына жана үй-бүлөсүнө, алардын өмүрүнө жооптуу болгон үчүн жасаган!
Социалдык маселелер мына ушундай жол менен чечилүүдө, андыктан биздин мамлекет калкты иш менен камсыздашы керек, элге кезектеги садаганын кереги жок! Кыргызстанда жакшы макроэкономикалык жайдай түзүлсө, насыялар да арзан болот!
Өлкөдөгү мындай оор абалды саясатка кирүүнү көксөп жүргөн жарандар өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышууда. Келгиле, кардарларды коргоо боюнча комитеттерди ким баштап жүргөнүн карап көрөлү. Жапа чеккен кардарларды "саап" жүргөн жумушсуздар. Бирок кардарлардын арасында да кандайлары бар - чынында эле оор жагдайга туш болуп жапа чеккендер бар, алдамчылар бар, финансылык жактан таптакыр сабатсыз кардарлар да бар. Мындай кардарлар, чектелүү бир жерлерде иштеген, насыя берүү шарттары өтө жөнөкөй - өтө тез арада, эч кандай анализи жок, бирок пайыздык ченеми айына 10-15% болгон МКУлардын тармагына туш болушкан. Милдеттүү күрөөлүк камсыздоону (көп учурда кыймылсыз мүлк) алар чын-чынына келгенде, андай насыя берүүчүлөргө ит бекер беришет.
Бирок баарын эле бир көө менен шыбай бергенде болбойт да!
"КРда микрокаржылоо уюмдар жөнүндө" мыйзам, Кыргызстанда 450 ашуун МКУнун пайда болушуна шарт түздү. Бирок алардын ичинен ишмердүүлүгүнүн масштабына жараша коомчулуктун көзүнө көрүнгөн 10 ири жана орточо уюмдар бар, дал ошолор ар кимден ур-токмок жеп келишет. Алардын арасында кимдер гана жок - жалган эксперттерден баштап, саясий спекулянттарга чейин!
Чыны менен каржыларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздап, иш орундарын түзгөн МКУлар менен МКУларды ачуу үчүн либералдык шарттар менен пайдаланып, жалпы микрокаржылоо секторун жаманатты кылган уюмдардын ортосуна чек коюуга мезгил жетти.
Сектордун өкүлдөрү - Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясынын мүчөлөрү кардарлар менен ортомчуларсыз конструктивдүү диалог жүргүзүүгө, кардарларды, мектеп окуучуларын, студенттерди жана коомчулукту финансылык сабаттуулукка окуусун каржылоого даяр.
400 миңден ашык кардарларга кызмат көрсөткөн секторго карата туура эмес мамиле жана чаралар өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизип, орто жана чакан бизнеске насыялардын берилишинин кыскарышына алып келиши мүмкүн.
Талкалоо логикасын жолдоп - буга чейин жакшы курулган нерсени түбүнө чейин бузуп, урандылардын үстүнө андан туруктуу нерсе салууга аракет кылып, элди экспериментке салуунун кереги жок.

Назима Жумаева



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??