"Качандыр бир кайра


баштан жаралсак,


Мен өзүңө келер элем


"Сүйөм!" деп"



Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында кыргыз поэзиясына өзгөчө үнү, дүбүртү катуу жаштардын чоң тобу күргүштөп келип, Ала- Тоонун өңүрүндөгү көп ыраңдуу гүлдөрдөй кызыкка батырганы белгилүү. Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев баштаган Асан Жакшылыков, Токтосун Самудинов, Төлөгөн Мамеев, Орозбай Көчкөнов, Анатай Өмүрканов, Омор Сооронов, Курбаналы Сабыров, Табылды Муканов эске түшөт. Поэзияга ээрчише келип, ээрчише кеткен эки акындын бири--Жолон Мамытовдун 1-апрелде туулган күнүнө карата акындын калемдеши, жубайы Меңди Мамазаирова менен учкай маек курдук.

- Акын менен чейрек кылымдай бирге жашадыңыз. Поэзия, адам өмүрү, түбөлүктүүлүк тууралуу ой чабыттары менен да жакындан тааныштырсыз…
- Сурооңо акындын ыры менен жооп берип көрөйүн: "Качандыр бир жолугам деп ойлоном, бул чеги жок табийгаттын колунан. Аалам кезип айланычтуу жол менен, кайра баштан мен жашоого жолугам…" деп жазган. Акындын мындай багыттагы ырлары арбын. Өспүрүм кезиндеги ырларында да мындай саптар бар: "Туйбайсың сен турпатымдан күмөндөп, өмүрлөрдү калаар болсок үнөмдөп. Качандыр бир кайра баштан жаралсак, Мен өзүңө келер элем "Сүйөм!" деп" . Жандын кайра жаралышы, параллель дүйнөнүн бар экенин өтө эрте сезген экен деп эми ойлоп калам. Бүгүн, ХХI кылымдын 12-жылы. Андан бери кыргыз мамлекетинде не деген окуя-болмуштар өтпөдү. Коом, аны жараткан адам фактору кандай гана өзгөрдү. А акын… күнү бүгүнкүдөй биздин катарда өзгөрбөй жаңырып келе жатат.
- Акындын духу, деми өтө бийик, ишенимдүү. Бул мүнөз кандайча калыптанды экен деген ойго кетесиң. Анткени, ар бир ырында от, жалын, чагылган, тоолор, тоолуктар, ат, шумкар, ал эмес чамынган суулардын образдары, күтүлбөгөн салыштыруулар бар да?
- Эң кызык суроо да бул. Адам мүнөзү, болгондо да акындын мүнөзү, кандайча калыптанат? Албетте, эң негизгисин илимде айтылып жүргөндөй генден, генеология, эне сүтүнөн, тарбия, айлана-чөйрө, тууган жер таасир берчү атрибуттар көп го. Жолондун атасы Айтназаров Мамыт ак көңүл, март, ысык тамагын кошунасыз ичпеген адам болуптур. Энеси Алмакан сулуу, келбеттүү, уз, жетимдерди көп баккан, айылга атагы чыккан байбиче болчу. Марттыгы ата-энеден келет. Балдардын эң кенжеси болгондуктан оюндагысын жасап эрке өскөн. Кааласа тоодогу туугандарына кетип, "жоголуп" кетчү экен. Экөөбүз жаңыдан баш кошкон жылдары, мен студентмин. Кокус, Ош базарына түшүп калсак, кадам сайын, куржундарын мойнуна артынган, самсаалаган койчулары жолукса, эт-бетинен кетип учурашып, сурашып жатып калат. Мен болсо алардын кийимдеринен уялам. Качып, нары туруп алам. Бир топтон соң: "Ботом, келинчегиңби" дешип, маңдайыман өөп, деле болбой калышат. Ушул жөнөкөй тоолуктар Жолондун каармандары болчу. Оттой жалындаган мүнөз… улуу тоолордун, шар аккан акак суулардын, бийикти жайлаган кайберендердин, асманда каалгыган бүркүттөрдүн энергиясы жаш акындын кан-жанына өткөн белем. Кыргыздардын тоо, ат, күн, шамал менен жаны бир экендиги ыр саптарында өрүлүп турганы ошондон го.
- Бетке чапкандай айткан, батыл мүнөзүнүн азабын тарткан дешет го. Көпкө чейин партиянын катарына өткөрүшпөй…
- Чындыкты бетке айтканды ким эле жактырсын. Бирок, Жолон партияга өтүүнү өтө деле эңсеген эмес. Аны жолдоштору деле билет.Ошто, телерадиодо иштеп жүргөндө, Эркин Борбиев досунун сунушу менен Чыңгыз Айтматов кызматка чакырганда ыраматылык Барпы Рысбаев Ош обкомунун үчүнчү катчысы эле. Чыкеме "Ал партийный эмес десе, "сделайте его партийным" деген бир сөзү менен үч күндө Жолонду партияга алып, билетин колуна беришип, анан Фрунзеге жөнөткөн. Жаш да, "партиясыз эле акын болом, Пушкин, Токтогул партиянын мүчөсү беле" деп тамашалай берчү. Анысы тиешелүү жерлерге жетип калып, оозунун азабынан жетекчиликке көпкө жолотушпады. Ал кезде партиянын мүчөсү болбосо жооптуу иштерге койчу эмес да. Айта берсе кызыктар көп.
- Акындар арасында достору ким эле? Чогулуп гонорар жуумайларына кандай карачу элениз?
- Достор арасында "чоң казаттар" тез-тез болуп турчу. Аны мен ошентип атап алгамын. Арасынан бирөөсүнүн китеби чыгат же чоңураак гонорар алат. "Кыргызстан" же "Аксай", "Бишкек", "Тяншань" деген мейманканалардын гана ичинде ресторандар боло турган. Ал күнү, кызматтан кийин ошол ресторандардын бири гүүлдөчү да, ким "ал күндүн кожоюну" болсо, ошол баарын сыйлаганы аз келгенсип, үй-үйлөрүнө жеткирет ( көчөгө таштап кетмей алардын "мыйзамында" эч качан болгон эмес!). Ошентип отуруп түн жарымында гүлдөй жайнап, "кырк жылкы айдап" келишчү. Таксиге 3-4 сому "калбай калган" күндөр да эсте. Досторунун куудулу, чечени Орозбай Көчкөнов, таарынчагы Курбаналы Сабыров, профессору Дайырбек Казакбаев, кыйын акыны Жолон Мамытов… Не деген жалындаган жаштар эле.
Эсен болуп эстей жүргөн достору Жакып Медетов, Мелис Абакиров, Асан Жакшылыков, Сүйөркул Тургунбаев, Омор Сооронов, ал эми Казат Акматов, Кеңеш Жусупов -кара сөз устаттары кемирээк кошулушчу. Кээде алардын арасына мен да кошулуп калам. Анда кадимкидей тартип болуп, убагында тарашат. Арасынан Асан оозуна эчтеме албайт, бирок, аралашып, кадимкидей жүрө берет.

Маектешкен
Айгүл Бакеева




Аскар Салымбеков
Партия десе Ленинди түшүнөбүз дегендей, рынок экономикасы дегенде Аскар Салымбеков агайды түшүнөбүз го. Жалаң эле биз эмес, коңшу жашаган казакстандык, өзбекстандык, тажикстандык жарандар да Аскар Салымбеков түптөгөн "Дордой" базарынын "түбөлүк" кардарлары болуп калышты. Карааны калдайган Эсесер кулап түшүп, ичээр суубуз бөксөрүп, жээр токочубуз түгөнчүдөй болгон мезгилде "Дордой" базары булактын көзүндөй ачылган эле. Ошо кезден ушу кезге чейин Борбор Азиядагы эң арзан соода борбору катары эл оозуна алынып, бүт аймактан "суу ичкени" ушул базарга келишет. Грецияда баары бар деген ылакап сөз сыңары, азыр "Дордой" базарынан каалаганыңды табасың. Өзүң жоголуп кетсең да ошол жерден "табыласың". Же иш ордуңду табасың, же баштык-саштыгың менен кечинде бир чыгасың. Бажы курамына кирсек, базар аттуунун баары майдаланат дегендердин сөзү суу кечпейт. Токсонунчу жылдардагы жапайы рыноктун ыркырагынан аман-соо чыккан "Дордой" базары эми кандай ажыдар келсе дагы айбалтасы белен, мизин тоссо, куштун жүнү экиге бөлүнөт деген ишенимдебиз. Ушундай куш кабарды уккан ажыдаар өзү деле жолобос!

Төлөгөн Карыкеев




Конфуций: "Карапайым калкты кантип башкаруу керек?"
Конфуций (Кун фу-цзы) биздин доорго чейин 551-479-жылдары жашап өткөн байыркы Кытайдын көрүнүктүү ойчулу, саясий ишмери, алгачкы Кытай фалсафа мектебинин негиздөөчүсү. Ал ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Лу хандыгында падышанын кеңешчиси болгон, бирок кийин андан кетип, өзүнүн фалсафа мектебин түзгөн. Конфуцийдин көз караштары негизинен "Аңгемелешүүлөр жана ой жүгүртүүлөр" ("Луньюй") деген китепте эң таамай жана кеңири чагылдырылган. Бул китеп анын шакирттери тарабынан жазылып, өз кучагына устат менен шакирттердин ой-пикирлерин, көз караштарын камтыйт.
Биздин доорго чейинки II кылымда, У-ди падышасынын тушунда Конфуцийдин фалсафасы атайын мыйзамдаштырылып, эң негизги саясат деп жарыяланган.

Асман жана тагдыр

"Асман жөнүндө эмне айтыш керек" дегенде "Эр азамат үч нерседен: асман жазмышынан, улуу адамдардан, акылмандын сөзүнөн гана коркот. Майда адамдар асман жазмышын билбейт жана коркпойт, улуу адамдарга орой мамиле жасап, акылмандын сөзүнө текебер карайт" деп жооп берген Конфуций. "Жакырчылык менен байлыктын, сыйлык менен жазанын, бакыт менен бактысыздыктын өзүнө жараша тамыры бар. Аны өзгөртүүгө адам баласынын акыл- эси алсыздык кылат" деп кошумчалаган. Янь Юань деген шакирти көз жумганда Конфуций: "Оо, бул өлүмдү асман жиберди! Асман жиберди өлүмдү!"-деген экен.

Өлкөнү башкаруу тууралуу

"Ар дайым өкүмдар - өкүмдар, кызматчы - кызматчы, ата - ата, бала - бала гана болушу керек" деген Конфуцийдин сөзү бар.
Лу хандыгынын падышасы Ай-гун Конфуцийден: "Карапайым калкты кантип башкаруу керек?" деп сурап калды. Анда Конфуций: "Эгерде ак көңүл адамдарды өзүңө жакындатып, алардын даражасын амалкөй адамдардан жогору койсоң, карапайым калк ошондо сага баш ийет. Ал эми амалкөй адамдарды өзүңө жакындатып, алардын даражасын ак көңүл адамдардын үстүнөн бийлетип койсоң, карапайым калк сенин сөзүңдү укпай калат"-деп жооп берген.

Жүрүм-турум жоболору

Шакирт Цзы-Гун: "Өмүр бою аткарып жүргөн эрежени бир сүйлөм менен туюндурса болобу?"-деп устаттан сурап калды. "Болот. Өзүңө каалабаган нерсени эч качан бирөөгө каалабагын"- деп жооп берди устат. Ишенимдүү жүрөктү, чынчыл сөздү эң негизги деп эсепте. Сага окшош эмес адамдар менен достошпо. Адаштыңбы - оң жолго түшүүдөн коркпо!
Даярдаган
Жамиля Таштанбекова