Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?


Немистерди жаз


музыкасына сугарган Тимур



Германиянын Оснабрюк шаарында "Тim jazz соммunity" деп аталып, жаз музыкасы багыты менен иштеген агенттик бар. Анын жетекчиси кыргыз жигити - Тимур Ысыев. Тимур Чүйдө чоңойгон. 1985-жылы Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүп, билимин Москвада уланткан. Ал эми Германияда иштеп жүргөнүнө 10 жылга жакындап калды.

- Германияга кандайча кетип калдыңыз эле?
- Москвада чогуу окуган швейцариялык музыкант досум бар эле. Азыр ал Швейцарияда бир чоң оркестрди жетектейт. 2000-жылдардын башында "чет өлкөдө иштегим келип атат" деп ага кат жазгам. Ошентип анын чакыруусу менен 2003-жылы Швейцарияга баргам. Эки жылдык келишим менен иштеп бүтүп, 2005-жылы Германияга кеттим.
- Мекенден кетүүңүзгө эмне себеп болду?
- Музыкантка чоң тыныгуу жарашпайт экен. Анүстүнө Кыргызстанда жаз музыкасы өнүккөн эмес. Кыскасы, мен өзүмдү бул жактан таппай койдум.
- Жаз музыкасын өзүңүз кө­төрүүгө аракет кылдыңыз беле?
- Аракет кылмак турсун, негизги милдетим ошол болчу. "Бизде жаз оркестри жок. Ошону үйрөнүп келип уюштурасың" деген тапшырма менен 1986-жылы мени Москвага Маданият министрлиги жиберген. Окуумду бүткөнү калганда Аскар Акаев Москага студенттер менен кезиккени барган. Ошондо мага берилген тапшырма боюнча айтып, "оркестр ачалы" десем, ал "ага каражат жок" деп койду. Бир чети аны деле түшүнсө болот. Союз жаңы урап, эл музыка тургай дайнын таппай турган кез эле. Ошентип окуумду окуп алып, андан ары эмне кыларымды билбей калгам. Ары карап, бери карап, өз алдымча изденип, өсүү керек экенин түшүндүм. Болбосо убакытка уттуруп ийчүдөймүн. Бизде мен издеген нерсе болбогондон кийин, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгом. Туура эле барыптырмын, эч нерсе уттурган жокмун.
- Азыр Германиядагы агенттигиңиз эмне иш кылат?
- Жаз жанрындагы концерттерди уюштурабыз. Түзүлгөнүнө 4 жыл болду. Продюсерлик ишмердүүлүк дагы кылам. Андан тышкары, кыргыз ырчыларын чакырып, батыш көрүүчүлөрүнө концерттерин тартуулайбыз.
- Жаз оркестрин Кыргызстанда түзүүгө мүмкүнчүлүгүңүз пайда болгон окшойт анда?
- Чет өлкөдө жүргөн 8-9 жыл аралыгында көптөгөн жаз фестивалдарын көрдүм, көзүм ачылды дегендей. 16 жолу концерт бердим, 500дөй партитурам бар, аспаптарды чогултуп атам. Буюрса, Кыргызстанга өзүм келбесем дагы, бул жактан оркестр ачып, татыктуу адамдарды башына коюп иштетсем деген оюм бар. Алыста туруп эле дем-күч берем, эл аралык деңгээлге чыгарам деп өзүмө ишенем.
- Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Биринчи жубайымдан 3 балам бар. Тилекке каршы, азыр чогуу эмеспиз. Алар деле Германияда жашап атышат. Кийин кайра үйлөнгөм.
- Кыргыз эле кызды алдыңыз­бы, же…
- Албетте, кыргыз кызга үйлөндүм. Кыргызмын да өзүм, болгондо да саякмын (күлүп). Ата-тегим Жумгалдан, бирок, чоң атам Чүйгө көчүп келип, чүйлүк болуп калганбыз.
- Чет өлкөдө жүргөн сизден башка кыргыз музыканттары менен байланышып турасызбы?
- Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, 12 жашында кеткен Эльдар Жангиров деген музыкант бар. Азыр ал Америкада чоң жылдыз, бирок, көп жерлерде, интернет сайттарда кыргызстандык деп чыгат. Американын музыка чүйрөсүндө "Жаш арстандар" жана "Карт арстандар" деген долбоор бар. Ал жакка эң мыкты деген музыканттар гана кире алат. Эльдар "Жаш арстандар" тобуна кошулган. Пластинкасы "Гремми" сыйлыгын алды. Эми экөөбүз бир долбоор иштеп, аны Кыргызстандын атынан чыгарайын деп атам.
- Азыркы кыргыз эстрадасында эл аралык деңгээлге чыга алчу ырчылар бар деп ойлойсузбу?
- Эл аралык деңгээлге чыгыш үчүн музыкалык мыкты билим керек. Экинчиден, эл аралык сынак болобу, фестиваль болобу, дайыма атаандаштарынан бир баш өйдө турушу зарыл. Мен бир окуяны айтып берейин. Талант деген досум бар эле. Аскерге барганда Россиянын Коргоо министрлигинин оркестрине музыкант болуп иштемей болот. Ал эми кетер алдында Суусамырга барып кымыз ичип, чыныгы кыргыз болуп кеткен. Барганда орустар, "кыргыз, ты откуда спустился? Разве умеешь играть" деп теңине албай коюшуптур. Ошондо досум гитараны алып фламинго, жаз музыкаларынан сыздата чертип койгон экен. Тигилердин ооздору ачылып, "эй, ты где научился?" десе, "а у нас в каждой юрте по рояли стоит" деп басып кетиптир. Мен муну мисал катары айтып атам. Ушул жигит сыяктуу барган жеринен өз чеберчилиги менен тегеректегилерди таң калтыра турган деңгээлге жетиши керек биздин жаштар.

Бегимай БАКАШЕВА






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0327_17.htm on line 114

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0327_17.htm on line 114

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0327_17.htm on line 114