"Ээнсиреген үй"



Май айында көрүүчүлөргө "Ээнсиреген үй" тасмасы тартууланат. Тасманы атактуу режиссер Нурбек Эген тартты. Асел аттуу кыздын образы аркылуу Орусияга тентип, так максаты, жоопкерчилиги жок, эмгектен алыс мигранттардын көйгөйүн ачып берүүгө аракет кылган. Асел өз мекенинен ырыс таппай Москвага качат. Андан соң боюна никесиз бүткөн баланы француз аялга төрөп бермей болуп Францияга бет алат. Ал ортодо бир нече эркектен кордук көрөт. Наркобаронго күйөөгө тиет. Ошондой күндөрдө каарманыбыз өз жандүйнөсүнүн бош экенин, максатсыз жашап келатканын түшүнөт. Өзү ээнсиреген үйгө окшошот. Мигранттар маселесинин бардык реалдуулугу көрсөтүлгөн бул тасма 100 минутага созулуп, драма жанрында тартылган. Окуя Ала-Тоо, Орусия жана Францияда болот.

- Өзүңүз Москвада жашап, мигранттар турмушун жакындан көргөн үчүн ушул темада тасма тартуу идеясы пайда болсо керек?
- Ошондой десе да болот. Мен негизи, мээсинде карманар жаркын ою жок, бөтөн жерде максатсыз жүргөн, келечекке коркунуч жараткан жаш муун жөнүндө эл менен ой бөлүшкүм келди. Анын баарын тасмадан көрө аласыздар.
- Баш каарманыңыз Асел тууралуу айтып берсеңиз?
- Асел бөтөн өлкөгө бакыт издеп барган айылдык кыз. Бирок, өзү эмнени каалап турганын так билбейт. Анын мүнөзү, кылык-жоруктары, башынан өткөн окуялары аркылуу мени түйшөлткөн ойлорду ачууга аракет кылдым.
- Анын ролун ким аткарды?
- Аселдин ролун Мaрал Койчукараева аттуу кыз ойноп берди. Өзү Кыргыз-түрк Манас университетинин ветеринардык бөлүмүнүн студенти. Мурда бир да киного тартылып көрбөгөнүнө карабай, ролду мыкты аткарып берди. Актердук көрөңгөсү бар таланттуу кыз экен.
- Тасманын саундтрегин Каныкей аткарган экен. Эмне себептен ушул ырчыны тандадыңыз, ырдын автору ким?
- Meн Каныкейди аябай жакшы көрөм. Менимче, бул ырчынын дүйнөнүн эң мыкты ырчыларынын арасына кире турган дарамети бар. Ырдын сөзүн да, обонун да өзү жазды.
- Канча убакыт тартылып, канча каражат кетти?
- Баш-аягы 3 aй тартылды. Жумшалган каражат азырынча 500 миң сомго такалып турат.

Бегимай БАКАШЕВА