Тарыхтын таштанды себети жок
Мисир АШЫРКУЛОВ, коомдук ишмер:

"Акаевдер айрым адамдарга акча берип, Кыргызстанга келгенге аракет кылып жатышат"


(Башы 6-бетте)
- 2002-жылы сизге кол салуу болбоду беле, аны кимдер жасаган? Криминал, бийлик же террористтик топтор?
- Албетте, президенттин үй-бүлөсү. Менин жанагыдай тоң моюндугумду көргөндөн кийин мындан кутулалы дешкен. Ошол күнү 5-6 китеп сатып алып, портфелге салып койгом. Үйдүн алдына ыргытылган граната жарылып, андан чачыраган сыныктар ошол китептерден өтпөй калган. Өзүм бир топ жараат алып, Москвадан дарыланып келгем. 2004-жылы дагы бир жолу кол салуу болгон. Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңешинин жетекчилеринин жыйыны өткөн. Кортеждин коштоосу менен баратканбыз. Күн ачык эле, шаарды көрүп барганы астыга олтуруп алгам. Бир маалда эле капталдан машина чыга калып, мен олтурчу арт жактагы эшикти сүздү. Анда да башым орундуктун жөлөнгүчүнө катуу тийип, Санкт-Петербургда дарыландым.
- Сиз Коопсуздук кызматын жетектеп турганда бул орган тышкы маселелерди унутуп, журналисттерге, оппозицияга куугунтук кылганга өткөн дешет?
- Сизде бул боюнча конкреттүү далил барбы? Болсо айтыңыз. Баягыда "Дело №" гезити "Ашыркулов кызматта турганда, баарын куугунтуктай берчү" деп жазган. Сотко берсем, далилдеп бере алышкан жок. 30 миң сом утуп алып, аны Беловодскидеги балдар үйүнө которуп койдум. Мен Коопсуздук кызматында олтурганда да, президенттик администрацияны жетектеп турганда да эч кимди куугунтукка алган эмесмин. Бир катар оппозиция өкүлдөрү менен да, маркум журналист Мелис Эшимканов менен да мамилем жакшы болчу. 1999-жылы Медет Садыркулов президенттик администрациядан кетип, ордуна мен келдим. Ошондо Аскар мага "спецоперация жасабайсыңбы?" деди. Анысы эмне десем, журналисттер менен оппозицияга куугунтук экен. Кой деп макул болбой койгом. Сыягы андай жаман иштерди мага чейин жасап, пландаштырып жүрүшсө керек.
- Ал киши бийликтен кеткенден кийин эмне себептен кайра саясатка аралашкан жоксуз? Курманбек Бакиев менен тил табыша албадыңызбы?
- 2004-жылы жаз айында "Таза шайлоо" деген кыймыл түзүлүп, оппозиция лидерлери ошону жетектеп бериңиз деп суранган. Мен макулдук берип, бат-бат жолуга баштадык. Бир жолу ЖК депутаты, маркум Дооронбек Садырбаевдин кабинетине А. Мадумаров, К. Бакиев, Нур уулу Досбол, Ү. Сыдыков, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, М. Султанов, Э. Алиев ж.б. чогулдук. Ошол жерден олуттуу маселеге өтпөй эле бири-бирине асылып, жеке таарынычтарын айтып уруша кетишти. Адахан түз эле Нур уулу Досболго "баарын былгыткан сиз" деп кыйкырып чыкты. Эмил Алиевге да асылышты. Мен ага болушуп, айтор, ызы-чуу менен таркадык. Ошондон кийин булардан иренжип, качып калдым. Бир гана Дооронбек Садырбаев менен Курманбек Бакиев экөөнөн кол үзгөн жокмун. Жашыруун жолугуп жүрдүк. Революциядан кийин Москвага кеттим. Азыр ойлосом, К.Бакиевдин бийлигине аралашпай туура эле кылыпмын.
- Адахан Мадумаровду "бышып калды" деп мактачу элеңиз го?
- Антип айтканым ырас. Адахандан көптү үмүт кылчумун. Бирок, кийин кызматка жеткенде, эл ага башкача баа бере баштады. Адамдын сөзү менен иши дайыма төп келбейт тура.
- Аскар Акаев менен азыр кандай мамиледесиз, ал киши Москвада жүргөндө жолуга алдыңызбы?
- Жок. Жолуккан жокмун. 2005-жылдан кийин анын өтө жашыруун кээ бир былык иштерин угуп, адам катары санабай калдым.
- Аксы окуясына быйыл 10 жыл толду. Бул кан төгүүгө сиздин тиешеңиз барбы?
- Аксы окуясы чыкканда мен инвестиция боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, чет өлкөдө жүргөм. Кан төгүлгөнүн ошол жактан уктум. Келсем, Аскар: "Эмне болду, акча болчудайбы?" деп жадырап-жайнап тосуп алды. Мен: "Элди атып жатсаңар кайдагы инвестиция, кур кол келдим" дедим. Андан кийин эле мени да бул окуяга байлап, каралай башташты. 2002-жылы октябрда "Моя столица" гезитине ок аткан милициялардын кайрылуусу чыккан. Окусам, күнөөлүүлөр арасында мен да жүрөм. Москвада дарыланып жаткам, ошол замат алардын бирине чалып, "мен сага качан буйрук бердим эле?" деп сурадым. Ал Акүйдүн көрсөтмөсү менен ушинтип жазганын моюнуна алды. Андан кийин Азимбек Бекназаровго чыгып, "бул боюнча кийин сот болот. Билгенимдин бүт айтам. Мага ошондо юридикалык жактан консультант болосуң" дегем. Ал макул болгон. Дагы деле соттун качан болорун күтүп жүрөм. Бекназаров Башпрокурор болуп турганда Аксы боюнча ишти козгоп, эл аралык сотко берген жок. Эгер ошондо күнөөкөрлөр (жеке оюмда биринчи күнөөкөр А. Акаев) энчилүү жазасын алса, кийинкилерге чоң сабак болмок.
- Аскар Акаев жакында эле Казакстандын "Литер" гезитине интервью берип, 1993-жылкы Башмыйзамды мактаганын кандай кабыл алдыңыз?
- Илгери бир элчи "прези­дентиңер паранойик көрүнөт" деп айткан эле. Чын эле айнып калса керек. Башмыйзамды 4 жолу өзгөртүп, аягында "президент баарын өзү чечет, бирок эч нерсеге жооп бербейт" деп жаздырган өзү эмес беле. Бирок, жанагы үчүнчү революция тууралуу айтканы бекеринен эмес. Анткени, колунда каражат бар. 2005-жылкы революциядан кийин Швейцариядагы акчаларын оффшордук аймактарга жашыра баштаган. Мен билгенден эле 2,5 миллиард доллар которгон. Бул каткан акчаларынын бир эле бөлүгү. Азыр айрым адамдарга пул берип, алар аркылуу Кыргызстанга келгенге аракет кылып жатышат деп угам.
- Азыркы Башмыйзамга көз карашыңыз кандай? Бийлик бир колго өтпөсүн деп, парламенттик системаны тандадык эле? Мындан ары Кыргызстан ушул жол менен кетиш керекпи?
- Башында мен дагы бул система биз үчүн эртелик кылбайбы деп ойлогом. Бирок, азыр көрүп олтуруп, убагында өткөн экенбиз деп калдым. Байкасаңар, азыр парламент, президент, өкмөт бирин-бири ооздуктап, атаандашып жатат. Мунун аркасы менен министр, зам.министр, депутат, чоң бизнесмендердин спирт заводдору, уу көмүр, күйүүчү май ж.б. боюнча былык иштери чубалып чыкты. Акаев, Бакиев учурунда кайсы министрге иш козголуп, кайсы депутатты мандатынан ажыратуу боюнча маселе көтөрүлдү эле. Бул да болсо, алдыга жылуудан кабар берет. Азыр мен байкап атам, былтыркыга караганда депутаттардын деңгээли кыйла өстү. Элдин да деңгээли өсүп, кийинки шайлоодо татыктуу кыз-жигиттерге добушун бергенге даяр болуп калды.
- Президент А.Атамбаевдин азыркы саясатына көз карашыңыз кандай, анын эки державанын базалары жөнүндө айткандарына кошуласызбы?
- Алмаз Атамбаевге россиялык журналист Аркадий Дубнов "большой политик" деп баа берди. Ал баарын эле минтип атай бербейт. Акты ак, көктү көк деп ачык айтат. Президент мамлекет кызыкчылыгын көздөп жатат. Албетте, курчтук менен катуу сүйлөп койду. Аны саал башкача форма менен жеткирсе болмок.
- Сиздин оюңузча, Кыргызстан үчүн азыр эң коркунучтуу нерсе эмне? Түндүк-түштүк жаракасы, коррупция, диний экстремизм?
- Эл түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйт. Бул саясаттагы айрым эргулдардын эле сөзү. Эл революция, пикет-митинг дегенден тажап деле бүттү. Бирок, аргасыз көчөгө чыгып атат. Анткени, Акаевдин убагында түптөлгөн коррупциянын тамыры кыркылып, адилеттүү сот бийлиги орнотула элек. Бийлик чындап киришсе, коррупцияны тыйса болот. Мен акыркы жылдары чет өлкөнү көп кыдырдым. Кезинде Акаев жумушка албай койгон жаштар менен жолуктум. Көбү бизнес кылып, буттарына бекем туруп калыптыр. Баары эле "коррупция тыйылса, инвестиция алып келип, чоң долбоорлорду иштеткенге даярбыз" деп айтышты. Андыктан коррупцияга каршы чечкиндүү гана күрөш керек. Бүгүнкү күндө республиканын экономикасын тушаган маселе - жалгыз ушул коррупция.

Маектешкен
Санжи Туйтунова







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??