Оштогу лө лү кыштак



Ош шаарынын бир жак ыптасында лөлү кыштак жайгашкан. Шаардын бардык таштандысы ташталчу, канализация аркылуу булганыч суулар чыккан жер. Ошол 1500гө жакын түтүн жашаган лөлүлөр жашаган жерди Жаңы-Кыштак айылы деп коюшат. Же болбосо "лөлү кыштак", "лөлү махалла" деп да аташат эл арасында. Аталган айылда негизинен лөлү улутундагылар жашап, башка элдерден өздөрүн обочороок кармап, кошуна айылдар менен карым-катыш түзбөйт. Жаңы кыштак Ош шаарынан болгону эки чакырымдай алыс жайгашкан.

Ошко кантип келип калганы тууралуу уламыштар
Лөлүлөрдү адатта алыстан тааныйсың. Дайым ар кандай сасык жыттанып, кайырчылык кылып, таштанды тытып, жүдөмүш жүрүшөт. Айрыкча аялдары көчөмө-көчө кыдырып, таштанды тытып, кайыр сурап жандары тынбайт. Мунун да жөнү бар. Себеби лөлүлөрдө үй-бүлөнү аял багышы керек, эркеги иштебей үйдө отурат. Лөлүлөрдүн Ош шаарында качан отурукташып калганын так айтыш кыйын. Бирок азыр көбөйүп отуруп 1500 түтүнгө жетишти. Кыштакта сабатсыздыктан улам өлүм-житим да көп. Медицинага кайрылышпайт, дарыланышпайт. Аялдары кош бойлуу болсо да кычыраган суукта таштанды тытып көчөдө жүрүшөт. Көбү тамга тааныбайт, паспорттору жок. Кыштакка 9 класс мектеп ачылганына аз эле болду. Таңгалыштуусу, жапжаш эле балдар-кыздар жашы канчада экенин деле так айтып бере албайт. Лөлүлөр кантип Орто Азияга келип калганын ар кандай уламыш кылып айтып жүрүшөт. Анын бири мындай: "V-VI кылымдарда инди элинин бир уруусунда оозду ачырган окуя болот. Биртууган ага-карындаш бирин-бири катуу сүйүп калат. Баарына кайыл болгон сүйүшкөндөр уят-сыйытты четке кагып, Орто Азия тарапка качып кетишет. Ошол ага-карындаштан тараган урук-тукумдар ата-бабасынын каргышына калып, ушул жашоону ыраа көрүп калышкан" дешет.

Таштандыга жакын деп, ушул жерди жердедик
Жаңы-Кыштак айылынын башчыларынын бири, лөлү улутундагы 80 жаштагы Өлмасбай Мамадалиев аксакал узун чубак кеп куруп берди. Бул жакка лөлүлөр кантип келип калганынан баштады сөздү: "Ата-бабалардын айтымында, инди элинен тараган лөлүлөр V-VI кылымдарда Орто Азияга келип, ар кайсы аймактарда жашап калат. Менин аталарым да Өзбекстандын Анжиян обулусуна кезип келген экен. Кайырчылык кылып, бутубуз жеткен жерде түнөп калчубуз. Туруктуу жашаган жерибиз жок. Кышында да кепеде күн кечирет элек. 1944-45-жылдары согуш аяктап калган учур. Мен 12 жаштамын, кайырчылык менен Ош тарапка келип калдык. Ошол мезгилде эле азыркы Жаңы-Арык айылынын этегинде таштандылар көп үйүлчү экен. Аялдарыбыз жалаң таштанды тытып жан баккандыктан ушул жерге жайгашуу өтө ыңгайлуу болгон. Жаңы-Арык айылынын дагы бир каймана аты "Курама команда" деп аталат. Анткени жаңы келгенде 5-6 үйбүлө болсок, ар тараптан чогулуп отуруп, бүгүнкү күндө 1500гө жакын түтүн болуп, чоң айылды түздүк. Азыр башка аймактарда лөлү жок, ушул жерге гана топтошконбуз.

Аялы эркегин багалбаса, үстүнө токол алат
-Кичинекей кезимен бери эле салт ушул бизде. Айылдын эркектери күндө чогулуп, ырдап-бийлеп, чоң казандарга эт бышырып майрамдап, чардап эле жатышчу. Аялдар болсо, ар күнү ала куржунун желкесине көтөрүп, кайырчылык кылып, таштанды тытканы көчөгө чыгып кетишчү. Бүгүнкү күндө деле ушул көрүнүш. Анткени ата-бабалардан калган каада-салтыбыз ошондой. Салтты бузган лөлү элден чыгат. Лөлүнүн ар бир эркеги падышадай жашайт. Жумуш кылбайт, керек болсо муздак сууга да колун жуубайт. Эгер аялы күйөөсүн жакшы багалбаса, жыргал жашоону түзүп бербесе, үстүнө дагы бир аял алат. Аялы тың, үй оокатына бекем болсо, анда эркек аялынын айтканын кылып, тынч жашай берет. Күйөөсүн бай кылып жиберген жакшы аялдар бар.

Көшөгө ичинде кыз жигитке жалдырайт
Балдарды үйлөндүрүү алдында жакшы кыз издейбиз. Көп акча тапкан, үй оокатына тың кыздар абройлуу болот. Кадимкидей куда түшүп, анан той кылабыз. Бирок, силердей калыңга акчасын, көрпө-төшөгүн бербейбиз. Чырак өчтү кылып эле алабыз. Эки жашка нике кыйылып, көшөгөгө киргени да өзгөчө. Бөлмөнүн ортосуна бардык төшөктөр салынып, бийик орундук даярдалат. Ал орундукка күйөө бала көмкөрөсүнөн жатат. Кыз кирет, жигит турбай жатып алат. Ошондо келин болуу алдында турган кыз тиги жигитке жалдырай баштайт: "Мен сизди сарымай менен, койдун эти менен багам. Колуңузду муздак сууга салдырбайм. Сиздин колдоруңуз алтындан". Кыскасы, күйөө баланын ары жагына, бери жагына өтүп жалдырай берет. Эгер кыздын айткан сөздөрүнө жигиттин көңүлү жибисе, алгачкы нике түнү өтөт. Кээде кыз сөзгө чоркок болуп, күйөөсүн жибите албаса, үйлөнүү кечеси токтотулат. Ошондуктан ар бир кыз сөз жаттап даярданып жүрөт.

Төрөйм деп өлүп калгандар да көп
Жашым 80ге чыгып, көп нерсеге күбө болдум. Кыргыздан, өзбектен досторум бар. Алар менен көп сүйлөшөм. Лөлүнүн аялдары башка улуттун аялдарына салыштырмалуу өтө чыйрак келет. Анткени, төрөп жатканда ооруканага алып баруу деген жок. Көпчүлүк учурда өздөрү эле төрөп алышат. Кээде төрөй албай өлүп калгандары да көп. Атайын төрөтө турган аялдарыбыз да көп. Бизде кыз төрөсө кубанышат. Жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын башына куржун айландырып, ата-агасы, күйөөсүн жакшы баксын деп ырымдашат. Уул төрөсө деле капа болбойбуз.
Бизди адам катары эсептешпейт
-Мына уулум, биздин жашоону көрдүң, тоодо жашагандайбыз. Көчөлөрүбүз оңдолгон эмес. Жергиликтүү жетекчилерден эч бири басып келбейт. Бизди адам катары эсептешпейт. Өзүмдүн аракетим менен 7 миң сом акча берип, кыргыз досторумду ортого салып паспорт алдым. Акчасы жоктор кантип алат? Токсон пайыз лөлүнүн паспорту жок. Ушул жашка чыгып, лөлүдөн бирөө чоң болуптур деп укпадым. Жаңы-Кыштак айылында баш-аягы 5 миңге жакын калк жашайт. Качан биз да силердей адамга окшоп жашайбыз. Шайлоо болуптур, президент шайланыптыр деп угабыз. Дээрлик менден башка көпчүлүгү президент ким экенин билбейт. Керек болсо, шайлоо убагында деле эч ким басып келбейт. Бизге да, тигини-муну шайлап бергиле деп келүүсүн каалайбыз. Кыргызстандын кадимки жараны катары жашоону эңсейбиз. Шайлоо болот деп укканда, каттоодо болбосом да урушуп-талашып шайлап келем. Айылда спорт зал, маданий борбор деген жок. Тогуз жылдык мектеп да жакынкы жылдарда ачылган. Балдарыбыз эми калем, дептер эмне экенин биле баштады. Эң өкүнүчтүүсү, үйүнөн бир кадам чыкпай, радио, телевизор эмне экенин билбей-көрбөй жашап жаткандар бар арабызда.

Июнь калабасында эң чоң базарды сактап калдык
-Өзбек-кыргыз урушу болуп атканда Оштогу эң чоң курулуш материалдар базарын өрттөйбүз деп бир топ жаалданган жаштар келишти. Айылдагы бардык лөлү жигиттерин топтоп чыгып, өрттөтпөй сактап калдык. Өрттөлүп кетсе, жалпы оштуктарга зыян болуп, элди тактай жана башка курулуш материалдар менен камсыз кылган чоң базардан айрылмакпыз. Чоң жоготуу болмок. Анча-мынча чыгып иштеп турган лөлү жигиттерибиз да жумушсуз калмак. Бирок, биздин эрдикти эч ким эске алган жок. Жада калса рахмат да айтпады.
Нишонбой менен Күлпия
Лөлу кыштакта адамдар сөзгө чоркок келишет. Барган киши менен көп сүйлөшпөй, араң эпке келишет. Өлмасбай аксакал менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин жаштар менен пикир алышууну ойлодум. Жаңы-Арык айылында эң бактылуу жубайлар аталган Нишонбой менен Күлпияны сөзгө тарттык. Жубайлардын экөөндө тең паспорт жок. Нишонбойдон жашын сурасак, 38демин деди. Күлпия болсо жашы канчада экенин билбейт экен. Өздөрү тамга тааныбагандыктан, Күлпиянын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бизге окутту. Сентябрда 23 жашка чыгат тура. Бул күбөлүктү да паспорт алуу үчүн апасы сатып бериптир. Жакында паспорт алам деп кубанычында чек жок.
- Экөөң кантип баш кошуп калдыңар эле?
Нишонбой:
- Мындан сегиз жыл мурда Күлпияны тойдо көрүп сүйүп калгам. Жасанып-таранып, сулуу болуп турган жеринен качырып кеткем.
Күлпия:
- Мен да Нишонбойды сыртынан жакшы көрөт элем. Апамдар алып кетебиз дегенинен, өз каа­лоом менен отуруп калгам.
- Үйбүлөнү багуу маселеси кимдин жоопкерчилигинде?
Нишонбой:
- Аялымдын жоопкерчилигинде. Мени эч нерседен кем кылбай багам дегени үчүн жакшы көрүп үйлөнгөнмүн.
- Анда сиз эмне жумуш кыласыз?
- Мени эл мектептин кароолчулугуна шайлашты. 3 миң сомго жакын айлык алам. Анан аялым жумуштан келгенче, үйдөгү кичинекей балдарды карап отурам.
- Күлпия, үйбүлөңдү кантип багасың?
- Күндө эртең менен жумушка барып, кечке жуук келебиз. Шаарда кайырчылык кылам, таштанды тытып, темир-тезек сатам. Айылдагы аялдар кээде таштанды талашып урушуп кеткен учурлар болот. Жаш балдарыбыз деле өзүн-өзү эптейт. Кайырчылык кылышып, бизге салыштырмалуу көп акча чогултушат. Кечинде тапканыбыздын баарын күйөөмө тапшырабыз.
- Июнь калабасы силерге кесепетин тийгизген жокпу?
Нишонбой:
- Уруш болуп жатканын угуп, бир топ эркектер биригип, Манас-Ата (ХБК) кичи районуна жөнөдүк. Анткени дүкөндөр ачык калыптыр, ар ким каалаганын алып жатат дешкен. Бирок, жолдо кыргыз балдар тосуп, таяктап туруп артка кайтарып жиберди.
Күлпия:
- Кыргыз-өзбек араздашуусу тескерисинче пайда алып келди. Уруштан кийин 1-2 айга чейин күйгөн темирлерди ташып жыргап калдык.

Соңку сөз ордуна
Жаш жубайлар менен сүйлөшкөндөн кийин лөлү кыштактан артка кайттым. Кечкурун болуп калган эле, астыман улам оор баштыктарды, мүшөктөрдү сүйрөгөн аялдар чыгып атты. Бири таштандыдан тапкан байлыгын, темир-тезегин сүйрөп келатса, бири кайыр сурап тапкан акчасына тамак-аш алып келатат. Керелден кечке кайыр сураган балдар чурулдап кубалашып ойноп, үйгө кайтып келатышат. Баарынан да 10 жаштардагы кенедей кызга боорум ооруду. Чоң чаар баштыкты ийнине салып алып, ийрелендеп жумуштан келатат. Же окуудан жок, же бактылуу балалыктан жок…

Кайрат Жапаров,
Ош