presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Роза ОТУНБАЕВА, КРнын мурунку президенти:

"Ошолордун катарына кыргыздын бир кызы кошулуп калса, биздин аброюбуз көкөлөйт да"


(Башы 5-бетте)
Жалпы элдин финансылык сабаттулугу да жетишсиз. Дегеле бул темалар массалык маалымат каражаттарда кечиримсиз аз талкууланат. Ар бир үй-бүлөнүн, жеке адамдын, студенттин бюджети кантип курулат, кантип сарпталат деген темалар боюнча керектүү информациялар коомдо өтө эле керек экени билинип турат. Өзүнүн мүмкүнчүлүгүн билбей кай бир адамдар үч-төрт жерден барып насыя алып алышат, анан төлөгөнгө келгенде аябай кыйналышат. Микрофинансылык уюмдар насыя берип жатканда адамдар менен жетиштүү иштебей, жакшылап түшүндүрбөй, үйрөтпөй, аларга көп керектүү информацияларды бербей, бизнесин бутуна тургузуу маселелери боюнча окутпай, өздөрүнүн миссиясын жеткиликтүү аткарбаганы да көрүнүп турат. Бангладешке барган биздин банкирлер алардын социалдык милдеттерин көрүп, аябай ойлонуп келишти: бизде микрофинансылык сектор өтө эле коммерцияга кирип кеткенин түшүнүштү окшойт. Биз элибизге керектүү алгачкы финансылык билимдерди берүүгө милдеттүүбүз, ошондо насыя алуучуларды көп каталардан сактап калганга жол түзөбүз. Бүгүн жарым миллион аялдар жана эркектер, жаштар жана карыялар насыя алып, рынок экономикасынын ачуу, аргасыз сабактарын өтүп жатышат. Апасы алган кредиттен баласы да тарбия алып атат. Апасынын ай сайын акча чогултуп кредит төккөнү, кийинки муундун балдары финансылык жактан сабаттуу болуп чыгышына таасирин тийгизип атат.
- Сиз Бангладештин армиясы да элдин окутуу-тарбиялоосуна чоң салым жасаганы жөнүндө айттыңыз эле?
- Ооба, армиясы 150 миң аскерден түзүлөт. Анын ичинен 10 миң офицерди Бүткүл Улуттук Уюмдардын карамагындагы тынчтык орното турган аскерлерге жиберет. Мен дагы Грузияда ошондой тынчтык орното турган БУУнун миссиясында иштеп жүргөндө, менин карамагымда 40 өлкөдөн келген офицерлер кызмат өтөшчү. Борбордук Азия боюнча ушул типте ЦентрАзБатальон болсун деп аракет кылып, 1995-97-жылдары Америка канча жардам берди, бирок мындан жыйынтык чыккан жок. Казакстан бүгүнкү күндө Афганистанга саперлорун жиберет, Грузия болсо миң солдатын НАТО карамагындагы аскер тобуна жиберген. Ошентип булар өз армиясын калыптандырып атат, Кыргызстанда болсо контракттык негиздеги 6-7 миң аскерден турган армиябыз бар. Биз Бүткүл Улуттук Уюмдардын карамагындагы тынчтык орното турган аскерлерге офицерлерди жиберген Орто Азиянын ичинен жалгыз Республикабыз. Бүгүн отуздай офицер Конго, Гаити, Сьерра-Лионе, Либерия сыяктуу опурталдуу жерлерде иштеп жүрүшөт. Кызыгы, ошондой "ысык точкаларда" Пакистандан, Индиядан барган аялдардан турган отряддар ийгиликтүү иштейт. Бул аялдар чатакташкан эки тарапты арачалап, абдан керектүү жумуштарды жасашат. Пакистан 9 миңден ашык солдат, Индия 9 миң, Монголия 1500 аскерлерин жиберет. Россия, Украина дагы жиберип турат. Биздин армияга да бул керек нерсе, армиябыз күчтүү, заманга жараша билимдүү болмок. Бүгүн 30 эле офицер болсо, эртең 500гө чыгаралы. Англис тилинде сүйлөп, башка элдер менен кандай мамиле түзүү керектигин билип, дүйнөдөгү кырдаал менен кабардар болушат. Анан дагы алар бир-эки жылдын ичинде бир турак-жайдын акчасын таап келишет. Албетте, кооптуу жерге баруу да кыйын, бирок, бул жакта деле армияда жоготуулар болуп жатпайбы… Буюрса, ушуга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтүп атат.
- Фонддун дагы кандай долбоорлору болот?
- Ушул жылдын 2-3-августунда Дүйнө жүзүндө жашаган, Кыргызстанды өзүмдүн өлкөм деп эсептеген атуулдарды өкмөт менен биргелешип чогултуп, аларга биздин өкмөт мүчөлөрү, ири бизнестин, маданияттын өкүлдөрү азыр ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча толук маалымат беришет. Мисалы, транспорт министри жаңы темир жол, башка жолдор боюнча айтып берет. Дели шаары Бишкекке эң жакын борборлордун бири, арасы 2,5 сааттык жол. Бирок, ал жакка бизден самолет учпайт. Эмне себептен учпай атат, качан учат, ушул тууралуу же биздин авиатармактын деңгээли тууралуу маалымат берет. Туризм тармагынын өнүгүү жолунда кандай тоскоолдуктар турат деп четте жашаган жердештер өз пикирлерин айтышат. Четте жашап, ийгиликтүү иштеп аткан атуулдарыбыз көп, алар өкмөт менен чогуу талкуулап, бара-бара булар дагы биздин өнүгүүбүзгө өзүнүн салымын кошо тургандай кылып иретке келтиришибиз зарыл болуп атат. Мындай жолугушууларды жыл сайын өткөзөлү деген ойлорубуз бар. Жаштарга багытталган да бир топ долбоорлор бар, бирок азырынча алар тууралуу айтуу эртерээк. Апрель айында болсо мектепке чейинки билим берүү тууралуу да "Ага хан" Фондунун өкүлчүлүгү, ЮНИСЕФ менен биргеликте чоң конференция өткөрөлү деп пландаштырдык. Себеби, Кыргызстанда 13%, анын ичинен 5% эле айыл жергесинде балдар мектепке чейинки билим алат. Калганы мектепке барганга чейин "Алиппе" менен таанышы жок, санаганды да билбейт, китеп кармаганды да билбейт. Анан биринчи класстардан эле начар окуп, окуудан аксап, он жыл кыйналышат, орто-төмөн окуучулар болуп, эптеп жүрүп эле мектепти аякташат. Мектепке чейинки билим берүү баланын тагдырында чечкиндүү роль ойнойт дегенди турмуш да, илим да тастыктап койду. Биздин Фонд детсаддарды курбаса да, жаңы ыкма - жолдор аркалуу жамааттык, микрорайондордо, жайыттарда балдар аянтчаларды жайганга аракет кылалы деп көздөп жатабыз. Андан сырткары, Улуттук консерватория менен биргеликте жаңы конуштарда жашаган балдарды классикалык музыка менен сугарып, жайылталы деген пландарыбыз бар. Себеби, классикалык музыканын талаасы күндөн-күнгө тарып атат.
- Сиздин Мадрид клубуна мүчө болгонуңузду сыймыктануу менен кабыл алдык. Өзүңүз бул маалыматты кандай кабылдадыңыз?
- Мадрид клубуна 60 өлкөнүн 87 мурунку өлкө жана өкмөт башчылары кирет. Бул жакка демократиялык жолун тандаган өлкөлөр кирет, авторитардык өлкөлөр кирбейт экен. Бул биз үчүн сыймык да. Дүйнө жүзү боюнча көрүнүктүү саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер: Билл Клинтон, Михаил Горбачев сыяктуу адамдар."Катарыбызга Кыргызстан деген өлкө кошулуптур, - булар Орто Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу системасын тандап алган өлкө" деп бизге баа берип, өздөрүнүн өлкөлөрүндө биз жөнүндө сүйлөп, имиджибизди жогору көтөрүп, инвестиция тартканга жардам берсе, бул чоң эле пайда да.
- Дүйнөдөгү 150 таасирдүү аялдардын тизмесине да кошулдуңуз...
- Мен мунун баарын өзүмө энчилебейт элем. Элибиздин акыркы жылдары коллективдүү жасаган эмгегинин натыйжалары деп билем. Бул тизмени карасаңар Ангела Меркель, Хиллари Клинтон, Бразилиянын Дилма Русев, Аргентинанын Кристина Фернандес, Либериянын Элен Джонсон аттуу президенттери, Таиланддын, Даниянын өкмөт башчылары, эл аралык уюмдар башчылары: Кристин Лагард - Дүйнөлүк Валюта Корунун башчысы, М. Бачелет -БУУнун аялдар уюмунун жетекчиси. Ошолордун катарына кыргыздын бир кызы кошулуп калса, биздин аброюбуз көкөлөйт да.
- Сиздин башкаруу убактыңыз кыска болгону менен кылымга тете жылдар болуп кетти окшойт. Ошол убакта "ушуну жасап койсом болмок экен" деп өкүнгөн учурлар болобу?
- Арман жок эмес. Мисалы, сот реформасын аягына чыгара албасам да кыйла алдыга түртө албай калдым. Сөзсүз, бул реформа абдан татаал, убакытты көп талап кылган иш экенин азыр көрүп атышат. Ошол учурда биз стабилдүүлүктү орнотуп, шайлоолорду тынч өткөрүп, туруктуу бийликке алып келели деген көп нерселер жасалбай калды. Тарс-тарс жасап жиберейин десең, анда стабилдүүлүк жоголуп, биз азыркы Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөй эки ортодо калып, өткөөл учурдан чыга албай калмакпыз. Биз авторитаризмдин чынжырын кесип, демократия жолуна өтүп кеттик. Бул тарыхый бурулуш да.
- Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл

Барактар