Топчуке кыздардын колун кармап, кое бербей…
Топчукебиз 70тин кырына келсе да кыздарды көргөндө, "Биз жүргөн айлуу түн кайдаа-а…" деп ностальгия болуп кетмейи бар экен. Ошол "Көктөм сагынычы" деген кечебизде Топчубек Тургуналиев да элди таң калтырды. Белгилеп коюшубуз керек, бул киши саясатчы болбосо, анда мыкты ырчы болмок. Баритон үнү Болот Миңжылкиевдикине окшоп кетет. Өтө бийик жана тунук үнү менен элди таң калтырды. Акын кыздардын колун, кысып кое бербей ырдап берди. Майрамкан Абылкасымова менен Меңди Мамазаирова коштоп ырдап беришти. Саясат баритон үндүү мыкты таланттын убалына калган экен деп калдык.


Турсунбек Акундун катылып жаткан таланттары
Ушул жумада Акыйкатчы Турсунбек Акун сексуалдык ориентациясы бөлөк адамдар менен жолукту. Лесбиянкалар менен "көгүлтүрлөр" Турунбек Акунга арманын төгүп, болгон бугун чыгарышты. Биздин Акыйкатчы ушундай, бардык адамдардын укугун коргойт. Анан калса Турсунбек мырзада катылып жаткан таланттар көп экен. "Де-факто" гезити март айынын башында "Көктөм сагынычы" деп кече өткөргөн элек. Ошондо Турсунбек Акун мырза комузда кол ойнотуп ырдап, келген элдин оозун ачырды. Анысы аз келгенсип "Манас" айтты. Чоң манасчылардай эле төгөт экен. Кыргызстандын саясий сахнасында чынында мынча талантка эгедер адам чанда. Болсун, болсун! Комузду үйрөнө албай жүргөндөрү канча?!


Ыр аке шайтандарды кубалап атат
Атактуу акын Рамис Рыскулов 2008-жылы "Де-фактого" көп келчү. Анда бизди Бакиев коколоп аткан кез. Келип ыр окуп берип, бийлеп берип көңүлүбүздү көтөрчү. Бир күнү эле кеңсебизге келип, ушинтип отуруп калыптыр. "Мегиле" деп. Көрсө, акырын Бакиевдерге көрсөтүп атканы экен, алардын шайтан-шабырларын кубалап атканы экен. Андан бери 4 жыл өтүптүр. Бүгүн Бакиевдер жок. Ыр аке болсо үйүнөн чыкпайт. Айрыкча кышында үшүп калбасын, ооруп калбасын деп жеңе катуу кайтарды. Ыр аке, күттүргөн жаз да келди, чыгыңыз эми үй түрмөдөн.


Даярдаган Назима Жумаева







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-март, 2012-жыл






??.??