Айжан Абдиева
(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)
(Башталышы өткөн сандарда)
- Баламды? Баламды сагындым дейсиңби? - кожоюндун таңгалган суроосуна Айгерим башын ийкеп жооп берди.
- А балаң канчада?
- Үч ай болду.
Кутман дел болду.
- Кантип? Мага айтышкан жок эле го. М-м, Элмира, сени менен бир шашпай сүйлөшөт экемин.
- Сизге чын эле айтышпады беле?
- Мен сени жапжаш кыз экен деп жүрсө. Эне болуп калган турбайсыңбы көрсө...
Айгеримдин көздөрү алая түштү.
- Тамагыңды ич, экөөбүз сүйлөшчү сөз көп экен али.
- Мен деген, баламдын деген...
- Шашпай тур, балаңды сагынсаң бир жума чыда. Анан сага дем алыш берем.
- Рахмат,- сүйүнүп кетти Айгерим.
Кечинде Куба кожоюн жатайын деп аткан маалда Амантай кирип келди. Атасы менен кол учун араң берип учурашымыш болду. Кутман уулун көрүп кубанып кетти, куса болуп күтүп жүргөн эле. Кучактагысы келди, бирок Амантайдын жүзүндө бир да жылуулук жок болчу. Атасы аны бир тиктеп, дагы шойкон чыгаргысы келип турганын байкады.
Киши келгенде Айгерим сөзсүз бөлмөдөн чыгып, чай даярдашы керек, эреже ушундай. Экөөн тиктеп калган Айгеримге акырын гана "бөлмөңө бара бер, мен өзүм..." деди.
- И-и, бул кийинки жаш катыныңбы? - артынан угулган кекээрлүү үн Айгеримдин денесин дүркүрөттү.
- Надежда Романовнанын ордуна иштеп атат. Үй кызматчым, медсестрам дагы.
- Билем мындай канчыктарды! - баласы ызырына сүйлөдү.
- Амантай, антип сүйлөбө. Бул болгону иштеп жүргөн бир кыз, - Кутман өзүн кармады. Кайрадан ооруп калгысы жок. Бирок өзүн канчалык токтоо кармаганына болбой колдору калтырап кетти.
- Мен сени жакшы билем, атакеси. Төрүңдөн гөрүң жакын болуп туруп дагы канчык киргизип алыпсың да үстүңө. Билгем мен ушуну.
Кутмандын каары бетине чыкты. Көздөрү кан толгондой кызара түштү.
- Баарын ал, каалаганыңды ал, мага тийишпе болгону. Сенин эркелигиңди көтөрөр алым жок азыр. Анан Амантай, экинчи алдагинтип кекетпей сүйлөп жүр, уктуңбу?
Кантсе да ата сүрү бар эмеспи. Сыртынан билдирбей терсаяктанып турганы менен Амантай атасынан айбыгар эле. Ата-бала жакшы сүйлөшө алышкан жок. Кутмандын калчылдап турган колдорун, көгөргөн эриндерин көргөнда Амантай келген максатын айта алган жок. Эмкиге калтырды. Атасы калчылдаган колдору менен куюп сунган чайын шорулдатып бир ууртады дагы эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Ушул түнү Айгерим уктай албай чыкты. Эртерээк айылга барышын, Жоодарды бооруна кысып эркелетерин элестеткенде жүрөгү элеп-желеп болуп атты. Терезеде болсо коймолжуган түн. Айды тиктейт. Толукшуган айды карап, ичинен өзүнө бакыт тиледи. Бакытты эстеди. Ушул жигит, баласынын атасы оюнан кетпейт. "Атың ким болду экен?" деп ойлоду....Мени кээде -кээде эстейт болдуң бекен? Ошондо аялдамада суукта неге жанымдан кетпей туруп алды? Жаман ою бар болсо ошондо эле жамандык кылмак да, жок, анын мага жаман ою болгон жок! Баарын кылган менмин! Айгерим ошол бейтааныш жигитти, уулунун атасын такыр эле жамандыкка жуутпай атты оюнда.
Нурбек менен Бакыт кайра жолукту. Баягы бейтааныш кызды издөө планы бир аз астыга жыла баштады. Нурбек табыштаган криминалисттер Бакыт менен 3 күн отуруп Айгеримдин сүрөтүн тартып чыгышты. Бакыттын так оюндагыдай, опокшош сүрөт болуп чыга келди. Бирок эми маселе ал кызды кантип издеште болчу.
- Окуу жайларга илели.
- Жинди болбочу, ал эмне бир кылмышкер беле?!- деди Бакыт.
- Мен издөө да жарыялай албайм да. Бул кыз анан сотко берсечи кийин. Ооба, сүрөтүн иле да албайбыз чын эле. Мен балдарга сүрөттү карматып жатаканаларды кыдыртайын биринчи.
- Ой, ошону эчак баштабайт белең?! Бол, тездечи досум.
- Эң башкысы сүрөтү даяр. Опокшош болду деп сүйүнтүп атасың, чындап ошондой болсо эле анда табылат.
Бакыт кыздын сүрөтүн копиялатып чөнтөгүнө салып алды. Эми аны өзү иштеген компаниянын коопсуздук кызматын жетектеген Алиханга берүүнү ойлоду. Алихан тажрыйбалуу чекист, КГБда иштеген адам көп жылдар бою. Кийин детективдик агенттикте да бир топ иштегенин эшиткени бар. Нурбектин балдарына анча ишенген жок, ушул Алиханга ишенип турду.

(Уландысы кийинки
санда)