Дайыр менен Кумар эркиндигинен ажырагысы келбейт, а Нурзатчы?



Белгилүү адамдарды чакырып, чай үстүндө ар кыл темада чер жаза сүйлөшмөй салтыбызды улап отурабыз. Бүгүнкү меймандарыбыз- ырчылар: Дайыр Исмадияров, Нурзат Садыкова жана Кумар Асанов. Баарынын башы бош болгондуктан сөз "чү" дегенде эле бойдокчулуктан башталды.

Дайыр: - Менден акыркы кездерде "качан үйлөнөсүң деп?" көп сурачу болушту. А мен азыркы эркиндигимен ажырагым келбейт. Бойдокчулук жагат дейсиң. Балким, бала жытын искегенден кийин "и-ий, мурда эле үйлөнсөм болмок экен" деп айтат чыгармын.
Нурзат: - Эркектерге улгайганга чейин бойдок жүрө берсе жарашат. Кыз кишинин жашы жетип калганда турмуш курганы эле жакшы экен. Мен азыр өзүмө тең, адамгерчиликтүү адам болсо турмушка чыкмакмын. Нике кайып дейт, кайда качмак элек.
Дайыр: - Мен ушу "нике кайып" деген сөздү такыр түшүнө албайм.
Нурзат: - Кайып - бул кудайдын буйругу. Алла кайсы күнү маңдайыңа эмнени жазса, ошону көрөсүң деген сөз.
Дайыр: - Мен "кайып" деген сөздү жок болуп кетүү деп түшүнүп, эмнеге никеге ушул сөздү кошуп айтышат деп таң калчумун.
Кумар: - Бойдокчулук мага деле жагат. Бирөөнүн артынан жүрүп, акча коротуунун эмне кереги бар (күлүп). Бул эми тамаша дечи. Катуу сүйүп калуу чыгармачылыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн да.
Дайыр: - Сен туура эмес айтып атасың, эгер бирөөнү чындап сүйсөң, артынан жүргөн жакшы да. Мисалы, мен окуучулук кезде бир кызды катуу сүйгөм.
Кумар: - Анда сеники тоок сүйүү болуп калыптыр.
Дайыр: - Жо-ок, тоок сүйүү эмес, чыныгы сүйүү болгон. Ошол кызга болгон сезим ушул кезге чейин жашап келет. Бирок кийинчерээк көрдүм, менин концертиме келди. "Аялзаты бат картаят" деген чынбы, айтор, бир аз улуураак көрүнүп калыптыр.
Нурзат: - Мен силерге берер кеңешим, кандай болгон күндө дагы жубай тандоодо ойлонуп иш кылгыла. Кыргызда бекеринен "аял жакшы - эр жакшы" деп айтпайт.
Дайыр: - Айтканыңызга кошулам. Бир окуя айтып берейин. Досум бар, бойдок кезинде бир "балбес" болчу. "Ушу кандай адам болор болду экен?" деп биз сарсанаа болчубуз. Бойго жеткенде ушунчалык тың, адамгерчиликтүү кызга үйлөндү. Азыр баягы досубуз жок, олуттуу, токтоо. Үйүнө барсак келинчеги кабагым-кашым дебей тосуп алат.
Нурзат: - Азыр Кумар тамашалап кетпедиби "бирөөгө акча коротуп…" депчи. Үй-бүлөгө адам өз ырыскысы менен келет.
Кумар: - Аны силер азыр түшүнбөйсүңөр деп койбойсузбу (күлүп).
Дайыр: - Мен бала кезимде үйлөнүп, аялым менен чогуу акча табам деп ойлочумун. Азыр, тескерисинче, үй-жайды даярдап коюп үйлөнөйүн деп жатам.
DF: - Кимиңер кызганчааксыңар?
Дайыр: - Мен өлө кызганчаакмын.
Нурзат: - Өзүмдү сабырдуу кармаганга аракет кылам.
Кумар: - Эжеке, кичине болсо дагы кызганыч болуш керек го.
Нурзат: - Такыр кызганбайм деп айтпайм. Баары ичимде болот.
Дайыр: - Мен аябай эле өзүмчүлмүн.
Кумар: - Сеники бир аз туура эмес.
Нурзат: - Эмнеге туура эмес, Кумар? Хадисте "аялын кызганбаган эркек - эркек эмес" деп айтылат.
Дайыр: - Мына көрдүңбү?
Кумар: - Кызганасың, бирок адамды меники деп ээлеп алган болбойт.
Дайыр: - Анда сен аялыңды бирөөгө берип сал.
Кумар: - Бербейм. Нурзат эже, шарият канча аял алганга уруксат берет?
Нурзат: - Төрт аялга. Эгер баарын тең бага алсаң.
Кумар: - Ошол нерсеге кошуласыңарбы?
Нурзат: - Мен аял катары кошулгум келбейт.
Дайыр: - Менин атамдын 3 аялы болгон. Биринчи жубайы менен жакшы жашай албай, менин апама үйлөнөт. Апамдан он жыл балалуу боло албай койгон. Экөөнүн сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгон экен, Тибетке чейин алпарып дарылатып келиптир. Кийин апамдын уруксаты менен атам токол алган. Ал аялы төрөөрү менен апамдын да боюна бүтүптүр. Ошентип 3 аялдын балдарын кошкондо 13 бир тууганбыз. Атама ыраазымын, баарыбызга бирдей карап, окшош кийим алып берчү. Бирок мен көп аялдуулукка каршымын. Бир гана үй-бүлө күткүм келет.
Кумар: - Кудай сактасын, бирок силердикиндей жагдай болуп калса, эки аял алууга туура келет да.
Дайыр: - Бул сүйүүдөн болгон нерсе болуш керек. Атам апамдан ажырагысы келген эмес. Болбосо азыр аялды 2-3 жыл күтүп, төрөбөсө таштап коюп атышпайбы.
Df: - Турмуш кура турган адамдын билими, байлыгы мааниге ээби?
Нурзат: - Жок, мага жан дүйнөсү жакшы болсо болду.
Дайыр: - Бирөөнү сүйүп калсам "окубаптырсың, иштебептирсиң" деп албай койбойм. Бирок билимдүү болсо деп тилейм.
Кумар: - Мага апам айылдык эле кызга үйлөн, айыл турмушун көргөн, ысык чайын куюп берип турган келин керек деп айтып калат.
Нурзат: - Ата-эненин тилегени эле ошол болуп калат экен.
Кумар: - Сүйүү ар кандай келет ээ? От, чагылган, толкун болуп.
Дайыр: - Мен азыр баарына даяр болуп калдым. Мейли чагылган, мейли өрт, мейли океан болуп келсин.
Нурзат: - Сен канчага чыктың, Дайыр?
Дайыр: - 25.
Нурзат: - Анда даяр болуп калыптырсың (күлүп).
Кумар: - Баса, быйыл мүчөлү жашым.
Дайыр: - Сага кеңеш айтып коеюн, ушул жылы оң жүрсөң көтөрүлөсүң, олку-солку жүрсөң чөгөсүң.
Кумар: - Мен жаман жүрөмбү?
Дайыр: - Негизи абайла деп атам. Мисалы, мен мүчөлү жашымда ар бир кадамды ойлонуп таштап, этият жүрүүгө аракет кылдым. Мага өтө ийгиликтүү болду.
Кумар: - Мени жүрүм-туруму начар баладай айттың да (күлүп).
Df: - Дайыр, Кумар, түштүктүк жигиттер палоону жакшы басышат деп коюшат го…
Дайыр: - Өткөндө үйгө досторум келди. Арасында корей жигит бар болчу. Менин палоомду жактырып, "жасоо ыкмасын интернеттен тапса болобу?" деп сурап калды. Жок экен деп ойлогом, бирок "плов по узгенски" деп таап алышты.
Нурзат: - Сеникине окшошот бекен?
Дайыр: - Мен биринчи этти кызарта кууруп алып, анан пияз, сабиз салам. Ал жерде башкачараак экен.
Кумар: - Азыр Өзгөн күрүчүнө караганда, Баткендики барктуу болуп атат, билесиңби ушуну?
Дайыр: - Өзүбүздүн Өзгөн күрүчүн мактагандык эмес. Бирок 3-4 жерден жедим, Баткен күрүчү такыр жаккан жок.
Кумар: - Жаккыдай кылып басып берейинби сага?
Дайыр: - Билбейм иши кылып.
Кумар: - Ар кайсы адамдын колу ар кандай болот. Негизи өзүң принципиалдуу окшойсуң?
Дайыр: - Жакшы болсо жок дегенде бириники жакшы болмок да. Биз 3-4 үйдөн палоо жедик деп атпаймынбы.
Кумар: - Макул анда, өзгөндүкү. Мойнума алдым, Өзгөндүн күрүчү ­даамдуу, биринчи орунда турат.
Df: - Жанды койбой тийишкен күйөрмандарга кандай жооп бересиңер?
Нурзат: - Мага көбүнчө жашыруун номерден чалып, унчукпай туруп алышат.
Кумар: - Нурзат эже, "мага депутаттар тийишет" дебейсизби.
Нурзат: - Жо-ок, андайлар деле жок.
Кумар: - Ошентсеңиз гезиттердин биринчи бетине чыгасыз (күлүп).
Дайыр: - Кесибим боюнча психологмун. Кыздар чалганда үнүнөн эле билем, сүйлөшүү керекпи же жокпу. Бирок айрымдар чалып, өзүмдүн ырымды угузуп коюшат. Ошолорго түшүнбөйм. Андан көрө өздөрүнүн сүйгөнү жакшы эмеспи.
Кумар: - Сеники дагы жакшы турбайбы. Мага эмнегедир "маяк" кыла беришет. Кокуй, бирөөгө аябай керекмин го, тааныштар болуп калбасын деп чалсаң, "таанышып албайлыбы" дегенде өчөсүң да.
Дайыр: - Макул анда, ошол күйөрмандарыбыз аман болсун. Ошолор бар, биз барбыз. Сөзүбүздүн аягында бир жылмайткан анекдот айтып берейинчи. "Атасы жумуштан чарчап, шефинен тил угуп келсе, эшигинин алды чачылып жатат дейт. Дарбазанын алдында турган баласын башка чаап:
- Бала деле болбой калдың, шыпырып койсоң болбойбу?! - деп үйүнө кирип кетет. Анда баласы экинчисине карап: - ини деле болбой калдың, сен шыпырып койбойсуңбу? - деп ага бир тиет. Анда анысы ыйлап туруп, буту баса элек, горшокто отурганына: - бөбөк деле болбой калдың, сен шыпырып койсоң боло? - десе, анысы башын тырмап: - үй-бүлө деле болбой калдык, бутум басса, кетет элем ушул үйдөн" деген тура.

Жазып алган
Бегимай Бакашева