Маданият министри баш бакпаган театр


жана могикандар дын грим бөлмөсү



Кыргыз драма театрына көрк берген Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, М.Рыскулов, С.Күмүшалиева, Жумадылов сыяктуу залкарлар ошол кутту, ошол ырыскыны өзү менен кошо алып кеткен сыяктуу. Бир топ жылдан бери залга толо эл келип, артисттер гүлгө көмүлүп калганын көрө элекпиз. Бирок чыгармачыл байкуштарга айла жок тура. Биринчиден, Кудай берген талантын таштай албай, сахнага болгон сүйүүсү бошотпой келсе, экинчи жагынан иштээрге башка иш жок. Айлыктын аздыгына, шарттын начарлыгына, көрүүчүнүн көңүлкоштугуна карабай грим сүйкөнүүдөн тажашпайт.


25-бөлмө
Жылдыздуу жубайлар Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын грим бөлмөсү ушул күнгө чейин өздөрү жүргөндөй өзгөрүүсүз сакталган. Кирип барган адамдын жүрөгү "шуу" деп, чын эле эки залкар ролдорун аткарып бүтүп эми кирип келчүдөй элес калтырат. Сабира апанын күзгүсүнүн алдында баягы кучак жеткис гүлдөр салынчу эки вазасы, Муратбек агайдын үстөлүндө телефон номурлар жазылчу блокноту, калеми, көз айнеги, экөө чай иччү чайнек-чынылары, жадакалса кант салгычы дагы баягы бойдон. Ары жакта экөөнүн сахнадагы кийимдери: Сабира апанын ичинде "С.К." деген белгиси бар аппак элечеги менен "Король Лирдин" таажысы турат.
Бул бөлмө кыргыз театрларынын ичинен жападан жалгыз музей катары сакталып калган бөлмө. Башка театрдан бир дагы артисттердин мындай буюмдарын, кийимдерин таба албайсың. Эгер эки залкардын кызы Нуржамал болбогондо балким бул дагы жок болмоктур. Нуржамал Рыскулованын демилгеси менен ушул бөлмө музейге айланып, дубалдарга толугу менен Күмүшалиева жана Рыскуловдун сүрөттөрү илинген. Ушинтип эл сүйгөн ата-энесинин арбагын урматтап, урпактарга алар жөнүндө кабар таштап кеткен кыз-уулдар арбын болсо кана?!

4 жылдык тыныгуудан кийин
Театрга мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, 2007-жылы театр ремонт иштери үчүн жабылган эле. Төрт жыл аралыгында даярдаган спектаклдерин бир мэриянын, бир КТРдин сахналарына кое коюп жүргөн артисттер эми жаңыланган имаратта иштей башташты. Негизги чоң залга мурда 700 көрүүчү батчу. Эми катарлар арасы тыгылышпай кенен болсун деп 620 гана орундук калтырылды. Бирок сахна толук кандуу жаңыланган жок. Советтер Союзундагы аппаратура менен жарык бергичтер дале турат. Былтыркы айлык көтөрүлдү деген учурда бул театрдын кызматкерлеринде дагы толгон-токой нааразычылыктар болгон. Мугалимдердики сыяктуу бир жагынан кошуп, экинчи жагынан акчасы кесилип калган. Ал тууралуу кеп козгосок, узун сөз болуп кетчүдөй. Кыскасы, учурда "Эл артисти", "Эмгек сиңирген артист" наамдары бар артисттердин колуна ар кайсыга кармалып отуруп 10 миң сомдон бир аз ашык акча тиет. Катардагы, жаш актерлордун айлыгын элестетип атсаңыз керек.

"Театрдан министрди көрө элекпиз"
"Театрга жаштар келбейт" деп бир топ жылдан бери нааразы болуп келебиз. Маданияттын анабашы болгон драмалык театрга жаштар түгүл Маданият министрлери келип көрө элек. "Султан Раев Маданият министри кезде келип турчу. Өзү драматург эмеспи. Андан кийинки министрлердин бири да басып келе элек. Атургай министрликтин жөнөкөй кызматкерлерине чакыруу кагазын жеткирип берип, суранып келтире албайсың",- дейт Сатылган Сазаев. Мындай ачуу чындыктан кийин жаштарга ­доомат арта албай калдык го…

Сатылган Сазаев, КР эмгек сиңирген артисти:
"Театрдын көрүмчүлөрү бар дешет"
- Биздин театрда көрүмчүлөр бар деп коюшат экен. Мен өз көзүм менен андай нерселерди көргөн эмесмин. Бирок театрда өзгөчө аура бар экени байкалат. "Артисттин топурагы жеңил, тузу оор" деп коет эмес­пи. "Тузу оор" дегени театрга ишке кирген артист мындан кайра оңой менен чыга албайт. Канчалаган залкарлар менен чогуу иштөө бактысына ээ болдум. Азыр ошол эже-агаларымдын касиети театр ичинде биз менен чогуу жүргөндөй сезилет. Көзү өткөн ар бир артисттин туулган күнүн, өлгөн күнүн билем. Ал күндөрү куран окуп коем. Анан Орозо айт, Курман айттарда аянттагы намаздан кийин сөзсүз театрга басып келем. Ал күнү дем алыш болгондуктан мында эч ким болбойт. Ошондо дагы бир ирет залкарлардын арбагына багыштап куран окуйм.


Бегимай БАКАШЕВА