Мурза Гапаров:

"Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар"


22- март - таланттуу жазуучу Мурза Гапаровдун туулган күнү. Мурза Гапаров Нооруз тууралуу, Айгүл гүлү, Айгүл тоосу тууралуу, бул түшүнүктөр кийинки муун арасында али кеңири тарала элек кезде элге кеңири таратып, жайылтып келген. Мурза Гапаров чыгармачылыгында жан дүйнөнү канчалык чебер сүрөткер катары ачып берсе, турмушта да өзү сүйгөн, өзүн сүйгөн аялзатын периштедей сыйлай билген, жүрөгүнүн ачкычын таба билген жан болгон тура. Кызыгы, турмушта Мурза Гапаровдун биринчи жубайы Алмажан менен экинчи жубайы Галиянын мамилеси жакшы болуп, үймө-үй катышып, жада калса бири-бириникине конуп калышчу.
Мурза Гапаровдун туулган күнүн ата-энеси күн менен түндүн жазгы теңелүү күнүнө жакын десе, өзү 22-март деп, Нооруз күнүнө тууралап жаздырып алган экен. Экинчи жубайы Галия Гапарова туулган күнү тууралуу минтип эскерет:
- Киностудияга жаңы келгенде, бизге стол жасап калды. Туулган күнү деп белек камдап, сөз сүйлөп жатсак: "Баарын бузуп салбадыңарбы. Кайдагы туулган күн? Нооруз майрамы!"- дебеспи. Ал убакта Нооруз майрам күн экенин билчү деле эмеспиз да.
Мурза Гапарович Ноорузда буудайды өндүрүп, ал көгөрүп, көтөрүлүп калганда белекке берчү. Илгери эл ошентчү тура. Азыр Ноорузга жакын мен да эки идишке буудайдын данын өстүрүп, бирин үйгө, экинчисин Мурзакенин бейитине коюп келем. Бейитине жакын жерде өрүк гүлү өзү сүйгөн япон керемети - сакурадай гүл ачат. Кооздукту, гүлдү, сүйүүнү жүрөгүнө жакын алган сезимтал, сулуу, керемет жан эле...
Мурзаке жигиттин гүлү, чыгармасында да, өзүндө да аруулук, назик, керемет дүйнө көп кездешкен жан эле.., - дейт жубайы Галия Гапарова.
Мурза Гапаровдун биринчи жубайынан эки уулу, экинчи жубайынан бир кызы бар. Улуу жубайы Алмажан Осмонкулованын айтымында, Галия менен Мурза акенин атасынын тажиясына баратып аэропорттон таанышкан. Ошондон кийин эки үй катташып башташат:
- - Галия, Айкыз үчөө конокко келгенде Мурзакем кеткиси келбей, анан баары биздикине калып калышчу. Галия кыргызча сүйлөй албаганы менен тилди жакшы түшүнчү. Эстүү экен. Бир күнү анан мен Мурзакемден: "Сизден ушуну күткөн эмес элем, эмнеге Галияга кетип калдыңыз?"- деп сурасам: "Жакшы көрүп калсам эмне кылайын"- деп жооп берди. "А меничи?"- дедим. "Сени да сүйөм", - деди. Ушул сөзүнө такыр ишенбедим, Кантип эле бир адам эки аялды бирдей жакшы көрсүн? "Байбиче, чайың барбы",- деп жетип келип калганда жайкысын болсо, самоорго чай коюп, таза абага олтуруп, чай ичип калар элек. Биздин жер тамыбыз шаардын сыртындагы айылда болгондуктан, шаар ичинде, анын үстүнө көп кабаттуу тамдан тажашчу окшойт. Айкыз да биздикинен кеткиси келчү эмес. Кээде эки-үч күндөп жатып калчу. "У тебя есть папа, а бабушка одна, я ей нужнее" деп айтчу апасына,- дейт биринчи жубайы Алмажан Осмонкулова.
Экинчи жубайы Мурза Гапаровдон туура 24 жашка кичүү болгон. "Ал кишини ээрчип, ага байланыштуу иш-чараларга барбаганым ырас. Себеби өйдө-төмөн сөздөн айбыкчумун. Таң калгандар, туура көрбөгөндөр болчу да. Бүгүн башка жагдай, анын үстүнө көзү өткөндөн кийин азыр мага мамиле башкача",- дейт Галия Гапарова. Ал өзү чуваш элинин кызы. "Ушундай адамга турмушка чыгасың деп бирөө алдын ала айтса так секирмекмин, бирок тагдырыма ыраазымын", - дейт.
- Биз түштүктүн ажайып жерлерин, шаркыратмасын, өрүкзарын, жаңгак токоюн аралап келчүбүз. Кызыбыз үчөөбүз, Мурзакенин уулдарын да кошуп алчубуз. Айкыз, Азиз болуп Ноокат, Араван, Ошто болдук. Туугандар Ноокатка Айкыздын өзүн да алып кетип турушту. Өзүм үчүн Түштүк жергесин, дегеле Чыгыштын маданиятын Мурзаке аркылуу ачпадымбы. Өзү тууралуу "кыздарды көп сүйчү" дегендей сөздүн жүрүшүн жактырчу. Бирок сүйүүдө сезими тунук эле. Баткенге, Айгүл тоого барып, Айгүл гүлүн алып келчү. Бул сейрек жерде өсчү керемет гүл деп тарыхын айтып берчү эле.
8-мартта белекти бир укмуш амал менен берчү. Стол жайылып, "эми бизге быйыл эч нерсе жок турбайбы" деп турганда, атайылап тандаган, арзан болсо да бир башкача белегин сунчу. Кишини кубантканды, таң калтырганды сүйчү,- дейт экинчи жубайы Галия Гапарова.
Мурза Гапаров арабыздан кеткени адабият да жетимсиреп калгандай. Мурза акедей адамдар арабыздан азайган сайын коом да кунарсыз болуп баратат. Мурза аке болсо сезгенсип төмөндөгү ырды жазыптыр. Баарыбыз менен коштошуп аткансып жазыптыр.

Коштошуу

Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Эңилип эшик ачып, төрүңө
төрөлөрдү отургузуп,
Качангача кул сымак тим турасың?
Баео болуп, аңкоолонуп,
Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес - Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата-Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам…

Мурза Гапаров
(2001-жыл, май)




"Бул кандай ысыгы жок кансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт"
21- мартта алп акын Алыкул Осмонов туулган. 35 жашында кеселдин айынан бул дүйнө менен коштошуп кеткен акын быйылкы жазда 97 жашка чыкмак экен. Жаш кеткен акынды түбөлүк жаш көрүшүп, улуу-кичүү окурмандын баары поэзиянын алпы Алыкул деп таазим этип келишет. Алыкул ырлары, драмалары, котормолору аркылуу ар бир окурмандын жүрөгүнө жетип, поэзиянын керемет касиетине ар кимди каныктырып келет. Анын ырларын канча жолу окусаң, ошончо жолу керемет күч аласың.
Мектепте окуп жүргөнүмдө Кеңеш Жусуповдун Алыкулдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу жазылган "Ыр сабындагы өмүр" аттуу китеби жарык көргөн эле. Кара сөзү ыр болуп куюлуп турган ал китептен Алыкулдун өмүр сабы турнадай, бир кылка учуп кетип баратышкандай болуп, акындын аянычтуу тагдырын, сүйгөнү Айдайдан кол үзгөнүн, жалгыз кызы Жыпарынан айрылганын, айтор, "Ыр сабындагы өмүрдү" таң аткыча ыйлап окуганым эсимде.
Менимче, ар бир окурман күнү бүгүнкүгө чейин Алыкулдун адамдын кайгысын, кубанычын, бүт сезимин ойготуп, дилине канат бүтүргөн ырларын аздектеп окуйт. Алыкул өзүнө ырас эле ырдан бүткөн эстеликти тургузуп кетиптир. Алыкул аттуу чокудан карап, алп акын кыргызын, Ата Журтун, өмүрдү, жашоону, тирүүчүлүктү даңазалап тургансыйт.
Эмесе, дагы бир жолу Алыкулдун ар бир окурманга тааныш, биз сүйгөн ырларын кайталап окуйлу...

Мага күлбө
Бул кандай ысыгы жок кансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт.
Бечара ай, ээн талаадан эмне издейт деп,
Кара көз бетин басып кыт-кыт күлөт.

Аның ырас, кечке жуук, эртең менен,
Ың-жыңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай,
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.

Мен киммин, бир жай адам Алыкулмун,
Эгерде жаза албасам, алсыз кулмун.
Томсоруп кол куушуруп өтүп кетсем,
Заманга анда менин кайсы кунум.
Жаза алсам өз доорумдун чын китебин,
Дайрадай тынбай аккан эрдиктерин.
Жанымда жазган жазуум гүлдөп турса,
Анда мен Аалы шерден алдуу шермин.

Кой антип кыт-кыт күлбө эркетайым,
Жан шоолам, жарык күнүм, бак-таалайым.
Сен үчүн бүркөө акындын ачык ыры,
Ай нурлуу, ак жүзүңдөн айланайын.

Аның ырас, кечке жуук эртең менен,
Ың-жыңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай,
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.
23- декабрь, 1944- жыл.
Койсары.

Каркыра

Бала кез, көктөм убак, жазгы баар,
Асманда карк-карк этет каркыралар.
Мен анда: "Эй, замандын калыстары-
- -Көрсөтчү, канатыңда не жазуу бар?"

Уккандай дал үстүмдө тегеренет,
"Ал мына, окуп кал"... деп белги берет.
Карасам, канатында төрт сап ыр бар,
Эсимде ал төрт сап ыр мындай делет.

"Турмушта бакыт да бар, байлык да бар,
Болушкан бирин-бири көрүүгө зар.
Мына эми биздин күндө кошулат дейт,
Сен да кел, ошол жакка биздин сапар"...

Аз, көппү, санабадым күн эсебин,
Колхоздо бир нече күн орулду эгин:
Арадан күндөр бат-бат алмашылып,
Айланып Каркыра аттуу жерге келдим.

Ата Журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу ... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын!
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

24- октябрь 1948- жыл
Чолпон- Ата.

Бетти даярдаган Айгүл Бакеева