Эртең, 21- март -Нооруз майрамы
Нарктуу элин колдоп Манас, Армандан болсун калас!
Алымкан Дегенбаева, акын:

"Ноорузду боорсоксуз элестетиш кыйын"


- Алымкан эже, босогобузда Нооруз майрамы турат. ­Ноорузда боорсок жасайсызбы? Деги эле кыргыздын улуттук наны боорсок тууралуу пикириңизди уккубуз келип турат?
- Үйүбүз бапырап, жакшылык болгондо көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда боорсок бышырабыз. Боорсок бышырганда үйүбүзгө кут киргендей кубаныч тартуулайт. Чыт курсак балдар курсактарын чедирейте боорсоктон уучтап, келиндердин, апалардын жүздөрү албырып, бышкан боорсокторун дасторконго төгүп, боорсок жыты айыл аралайт. Нооруз майрамын да дасторкондо боорсогу жок элестетиш кыйын. Биздин үй-бүлө албетте, Нооруз майрамын дасторконго боорсокту толтуруп тособуз.
- Боорсоктун жасалышы тууралуу да айта кетсеңиз?
- Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.
- Журтка кандай батаңыз бар?
Ата Журтум,
түптөгөн Айкөл Манас,
Арыба, ар балээден
болгун калас!
Алыстан ак калпакты
алчылантып,
Ар журттан
абалкыңдай намыс талаш,
Намыс талаш!
Нарктуу элин колдоп
Манас,
Армандан болсун калас!


"Чачыбызды айрандап жууп, пахта майдан сыйпап.."


Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова өрүкзарлуу Баткенде Ноорузду кантип тосконун минтип эскерди:
- Айылдын эли чогулуп, кимде эмне тамак болсо ортого алып, таң аткыча апалар, жеңелер сүмөлөк кайнатышчу. Ал эми биз, балдар-кыздар, ошол күнү майрамдык көйнөк кийип, чачтарыбызды айрандап жууп, жалтыратып, пахта майдан сыйпап, майрамга келчүбүз. Нооруз биз үчүн азыр да ыйык майрам, улук майрам. Азыр баарыбыз эле бул майрамдын маани-маңызын түшүнүп калдык. "Артыңда мал калгыча тал калсын" деп бак-шак отургузуп, жер айдап, жеке мээнетиң менен тапкан байлыгың берекелүү, жугумдуу болот деп илгеркилер айтчу.


Желин айрылып сүт чыксын


21- март - күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү, жаңы күн, Нооруз майрамы. Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан мезгил. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга сыйынышкан. Арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чачышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Нооруз Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө жана Иранда 21- мартта белгиленет. Казакстанда 22- мартта белгиленет.
Эзелтен кыргыздар Нооруз күнүн элдик майрам катары санап келишкен. Жаздын келишин кыргыздар асмандагы жылдыздардан улам жоруй алышкан. "Үркөр чыкты, чөп үркөт" же "үркөр ооп, жыл келди" деп айтышкан. Жылдын башы жана жаңы жашоонун, кубанычтын, түйшүктүн, сулуулуктун, үмүттүн башы болгон.1926- жылы Совет бийлиги бул майрамды белгилөөнү четке каккан менен айылдарда атайын майрам күн болбосо дагы белгиленип келген.

Чоң көжөгө жети даам кошулат


Ал эми Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев Сокулукта чоңойгон. Бала кезинде чоң көжө жегенин айтып берди:
- 40 -жылдары Сокулуктун Чоң-Жар айылында ар бир үйдө "чөң көжө" кайнатылганы, майрам өткөнү али да эсимде. "Чоң көжөгө" арпа, буудай, кез-кезде күрүч (күрүч анда тартыш болоор эле), айтор жети даам салынчу. Ошол күнү жаз келди, күн жылыды деп жылаңайлактанып алып, ары-бери чуркачубуз. Кыз-жигиттер айыл аралап ырдап, көңүл ачышчу. Ал эми айылдагылардын баары үйлөрдү кыдырып, чоң көжөдөн ооз тийип, бири-бирине каалоо- тилектерди айтууну өзүнчө эле парз катары көрүшчү,- деди.


Ноорузбайдын небереси


Бул күнү төрөлгөн балдар, кыздарга ырымдап, Ноорузбай, Ноорузгүл деп ат коюшкан. Академик Бүбүйна Орузбаеванын чоң атасынын азан чакырган аты Норузбай болуп, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүккө баш тамгасы түшүп жазылган боюнча Орузбаева болуп калганын айтат. Бүбүйна эже илгери кыргыздар Ноорузду кантип өткөргөнүн мындайча айтып берди:
- Кыргыздар Ноорузду илгери "жыл ажыраш" деп аташкан. Ай календары боюнча бул убакта жаңы жыл келет деп коет. Мен бала кезде Көлдүн Түп районунда, 1935- жылга чейин айылда жашадык. Азыр "сүмөлөк" деп жүрүшпөйбү, аны бизде "чөң көжө" деп аташчу. Майрам күнү сүр эттен салып, күрүчү барлар күрүч салып, аябай кайнатып, чоң көжө бышырышчу. Же буудайды күйгөп, актап, демдеп, ага сүр эттен кошуп, чоң көжө кайнатышчу. Анан улуу отту жагып, "алас-алас, ар балээден калас" деп оттон секирип, курсакты тойгузуп, ырдап-чордоп, майрам шаанисин жасачубуз.


Көктөн жамгыр төксө экен, эгин-чөп дүркүрөп өссө экен!


Айткандай, Нооруз майрамы жаңы күн жаңы жыл катары жер айрылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан, жаздын жаркын майрамы катары 1988-жылдан баштап белгилене баштады. Кыргызстан эгемендик алган күндөн баштап, Нооруз көркүнө чыкты. Перс тилинен которгондо "Нооруз" жаңы күн дегенди билдиргендей, тарыхта бир жаңы күн болуп калды. Бул жараткан дүйнөдө күн менен түндүн, жарыкчылык менен караңгылыктын, акыл менен күчтүн тең салмагын сактоонун жарчы күнү катары саналып калды. Жаратылыш уйкудан ойгонгондой, тирүү жандыктын баары аракетке келип, чөп чыгып, дарак бүрдөп, канаттуулар сайрап, күн күнгө, ай айга, жыл жылга, доор доорго уланып, жашоо көчүнүн сапары уланып келет...
Жылдын башы жана жаңы жашоонун, кубанычтын, түйшүктүн, сулуулуктун, үмүттүн башы. Мына ошол жаздын күнү, жаздын деми жер бетине жетип келди. Жашоонун үмүтүн улап, алгачкы бороз салып, талаанын түйшүгүн, тиричиликтин түйшүгүн баштай турган улуу күн. Азыр деле илгерки замандардай чоң көжө менен сүмөлөк кайнатып, таң аткыча аруу тилек менен арзуу каалоосун айтып, илери үмүт кылгандар, дилин агарткандар арбып барат.
Алас - алас,
Ар балээден калас!
Жаңы жыл келди,
Эски жыл кетти.
Жаңы күндү тегиз берди,
Жакшылыкты кеңири берди.
Корообуз малга толсун!
Орообуз данга толсун.
Жаңы жыл жалга,
Эски жыл колдо,
Ишибиз алга!
Алас, алас, ар балээден калас!
Улук аян түн келди,
Дыйкандарга жарык маанай күн келди.
Түндүгүңдү түрүп кой,
Меймандарга ак пейилиңден күлүп кой.
Дасторконун жайнаткан,
Умай эне куту келди,
Көк шибердин жыты келди.
Алас, алас, ар балээден калас!
Суу атасы Сулайман,
Менден эмес Кудайдан.
Кабыл кылсын тилекти,
Оорутпасын жүрөктү.
Көктөн жамгыр төксө экен,
Эгин-чөп дүркүрөп өссө экен.
Алас, алас, ар балээден калас! -
деп байыртадан бери тилек кылышчу экен. Азыр да ушундай тилектерди айтып, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн бирге улайлы!

Айгүл Бакеева, Нурзада Ташбаева