Кыял Тажиева

Автор тууралуу



Тажиева Кыял Кенжебековна 1983-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кызарт айылында туулган. 1990-2000-жылдары Айып Идинов атындагы орто мектепти, 2000-2005-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетин окуп бүтүргөн. 2006-2009-жылдары аталган университеттин аспирантура бөлүмүндө окуп, учурда илимий-изилдөө ишинин үстүндө эмгектенүүдө.
2011-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы ПКМДИнин окутуучусу болуп эмгектенет. 2001-жылы Чыгармачыл жаштардын Республикалык "Нурборбор" коомдук бирикмесинин мүчөсү болуп кирген.


Жаз келиптир,
өлбөй калгам көрүнөт
Тээ кеч күздө саргайганда жалбырак,
Сыртка эле эмес көөдөнүмө күз түшүп,
Кеттиң, кеттиң, кала бердим жалдырап,
Жашоо бүтүп, аалам бүтүн бүк түшүп.
Өлдү жүрөк, өлдү көңүл, соолуду,
Сенсиз эми тирүү жашоом өлүү да
Болбойт эми күтүү жана жолугуу
Бир өзүң жок, өлбөй тозок көрүү да.
Ызгаарлуу кыш, өзү болду тозоктун,
Үшүп жаттым, үшүк жүрдү сезимде.
Ажал күтүп, чогу өчүп очоктун,
Дүйнө менен кош айтышаар кезимде.
Эшке чыксам, каңылжаарым бур этип,
Жаздын жыты, жаздын жыты жыттанды
Бакка конгон топ чымчыктар дырр этип,
Сезим учуп, жүрөк толкуп, шыктанды.
Алгач мага кучак толо апкелген,
Сирень гүлү жашыл жазга өрүлөт,
Сен жаз элең, келбесең да жан биргем,
Жаз келиптир, өлбөй калгам көрүнөт.
Кыял Тажиева





Арзымат, өлбөпсүң!


"Тирүү классиктер" эшик ырчыга айланганда
Биз адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдары коомчулукта кыргыз адабиятынын Белинский, Чернышевскийи сыяктуу жаңы мууну өсүп келатат деген ишеним жаралган. Ал ишенимдеги адабиятчылар: Аман Токтогулов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев деген кырктын кырындагы зыңкыйган агаларыбыз эле. Дуңку сезимдеги биздей кенже муунга бул ысымдар чыгармачылык ориентир болчу. Тагдыр экен, ориентирден эрте ажырадык... Адегенде А.Токтогуловго Ашым Жакыпбеков агабыз некролог жазып: "Э жубарымбек! Кырчындайыңда ушинтип кыйрайт белең!" дегендей каңырыгы түтөгөн.
Даа... чынында Аман Токтогулов кырчынында жер жазданды, ал аз келгенсип анын артынан адабиятка бергенден берелеги көп Каныбек Эдилбаев агабыз зыңкыйып жүрүп эле бир күнү жер муштатып кетти! Акын-жазуучулардын мында бир каңырыгы түтөдүбү!.. Ушундан уламдыр, Алым Токтомушев:
"Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип ар кай жерде жатасыңар.
Ар бириң кеткен сайын ойлой берем,
Кудайдын тизмесинин катасы бар!" - деп сай сөөктү сыздаткан ырын жазганы бар.
Ал ал болдубу... Акаев бийлиги Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев, Акбар Рыскулов, Бексултан Жакиев, Калык Ибраимов, Осмонакун Ибраимов өңдүү өңчөй профессионал адабияттын жоон тобун күргүштөтүп өз курчоосуна тартты. Ал да аз келгенсип дагы канчасы легендарлуу парламенттин депутаты болуп кетип, адабият айдыңы жайдак токойдой суюла түштү. Анан баягы бир кездеги оргуштап кайнаган адабий процесстер очок өчкөндөй "тып" басылып, "Ала-Тоо" журналы менен "Кыргызстан маданиятынын" жарык көргөн жаңы сандарынын кунары кетип, адабият төрүн графоман менен профандар ээледи. Бир кезде бул басылмалардын босогосун аттагандан сүрдүгүп турчулар бара-бара сүрмө тобу менен адабият астанасын сүзүп кирип, алардын катары канчалык арбыган сайын - китепкөйлөрдүн китептен көөнү сууй берди окшойт, эл китеп окубай калды. Борбор шаарыбыздагы "Нуска" аттуу жападан жалгыз кыргыз китеп дүкөнүбүз болсо, анын ичин "макулатурага" толтурдук. Салижан аке айтмакчы, "кыргыз китеп жазсам эле тарыхта калам" деген түшүнүк коомчулук мээсине ошентип орноду. Адамзат баалуулугу даңазаланбай эле кокту-колоттун баатырлары том-том китепке айланып, кадимкидей кудай менен шыбырашкан көзү ачык жижиң калемгерлерге оомат келди. Ушулардын базары жүрүүдө.
Азыр учур адабиятын иликтеген адабиятчылар калбагандай, дүбүрт эшилбейт. Буга айкын аргумент - кайрадан жарыкка чыгып аткан мурдакы "Ала-Тоо" (азыркы аталышы "Жаңы Ала-Тоо") журналы эки жыл мурда адабий сындарга сынак жарыялап, олчойгон сыйлык коюп көрүштү эле, бирок колго урунар бир эмгек жарыяланганын көрбөдүк. Ага чейин "Калемгер" адабий клубу эки жыл катары менен адабий сындарга конкурс жарыяладык, колго урунар сын жазган бир автор болгон жок.
Учурдагы кыргыз адабиятында эмне агымдар пайда болгонуна саресеп салсаң, жакаңды уучтайсың. Жалаң ода жазган акындардын сүрмөтоп агымы. Азыр лирикасынан мурда ода жанры модага айланды! Деги кыргыз эмнеден алдыда? Кошоматчылык, жуукурчулуктан эч бир дүйнө элин алдына салбас. Эшик ырчылардын анабашы деген Арзымат биякта калды. Башкасы башка, Эл акын, Эл жазуучуларыбыздын жарыкка чыккан китептери колуңа тийгенден кийин Арзыматтын арбагын козгобой ак кой. Бизде бүгүн жада калса "тирүү классик" атангандардын эшик ырчыга айланбагандары өтө эле аз калды, өтө!
Кыргыз бүгүн жарык энергиясы жетпей атканына чачын жулганы кокуй эмес, анык кокую: мээсинен жарык өчкөнү турат. Театр сахнасына коюлган чыгармалар - жалаң "баатырлардын" даталуу мааракесине арналган спектаклдер болуп, ыр китептерди барактасаң, көбү одага шыкалган. Прозалары жалаң баатырларга арналып жазылууда. Же ал "баатырлар" менен "хандардын" тарыхый ишмердиги жалпы кыргыз мүдөөсүн канааттандырар сөз болсочу! Анан эмнеге эл театрга келбейт, китеп окубайт деп уңулдайбыз? Элдин театрга келбей, китеп окубай калганына сооп болуптур деген киши жок. Ириде, көркөм чыгарма дегениң жеке культтан алда канча бийик го.
Биздей соңку муундагы калемгерлер үчүн адабиятыбыздын жанар тоосундай бийик ысымдарды Эгемендикке жеттик деген жылдар Арзыматка айлантып тынды. А заманың түшкүр кыйынчылыкты дүйнөдө кыргыз эле тартып атпагандыр... Башкасы башка, тирүү классик деген агаларыбыз таңдай такылдатып, көзү ачык акынмын дегендердин чыгармаларына баш сөз жазып, далайыбызды жерге "түү" деп түкүрткөндөн бери адабиятыбыздын астанасын кимдер гана аттабады! Же карылык деген балээ башка улуттун карыларын каруудан алса, кыргыз карыларын шак эле акылдан алабы?


Олжобай ШАКИР