Кара коз айнек


Биздин өлкөдө негизи дайыма жапжашыл болуп турат. Быйыл гана жаз кечигип атат. Түбү Ош базарлык бир көзачык кыш болбойт, кар жаабайт деп какшап атып кудаанын графигине вирус киргизип жиберген окшойт - баары башаламан болуп атыры. Биздин өлкөнүн климаты жакшы. Биринчи ажобуз айткандай, кудум эле экинчи Швейцария. Опший там. Үй-бүлөлүк клан жакшы өсө турган жер.
Ушундай климатта өсүп жетилген, чочосу кесилген, киндик каны тамган, чимкириги куюлган биздин чиновниктер чачты шилекей менен сылап жаткызып калган куракка жеткенде европадан, америкадан, орустан, кытайдан жана башка боордош элдерден билим алышкан. Ар бир колунда алтыдан манжасы бар. Элдер беш манжасын сойлотсо, булар алты манжасын салып ийип маарып атышат. Акчаны күрөктөп таап атат. Жериңди кошо күрөктөп сатат. Үйүңдүн үстү үч кабат деген ушулар. Сенин үйүңдүн үстүнө үч кабат кылып өзүнө үй салат. Өмүр бою алардын кабат-кабат үйүн көтөрүп, азабы менен кууралын тартып жүрүп өтөсүң. Булардын баштары иттей иштейт. Баштын ылдый жагында ак жакалуу, чычкак сары түстөгү галыстугу, кат-кат мойну бар. Өзү иштебейт. Колду чөнтөккө салып, ышкырып басып жүрөт. Ышкырыгы таш жарат. Айдаганы беш казел! Каяша айтсаң эле, бешөө беш жагыңан качырып келип сүзөт. Күнүгө алты маал тамак жейт. Демалыш күн деген жок, оозунда отуз алты тиши бар. Өзүнчөле кыргыз алфавити! Бир да курту жок. Тиштери бүт алтын. Сигнализация койдурган. Үч фазалуу. Тишине тийише албайсың. Ток уруп кетет. Токтогул суусактагычын бүт өзүнө баш ийдирип алган. Калың көз айнек тагынат. Брондолгон көз айнек. Ок өтпөйт. Күндүн нуру да өтпөйт. Көз айнегин түк чечпейт. Анткени көзү түз эмес. Өзүнөн бөлөккө түз эмес. Кыйшык көргөзөт. Ошон үчүн чечпейт. Маселе да чечпейт. Ал гана эмес, байпагын да чечалбайт. Чечмек түгүл эңкейе да албайт. Анткени алтын лом жутуп алган. Эңкейгенден эчак калган. Бирок кеңкейгенден али калалек. Андыктан, капкурсактын ылдый жагындагы эрозона каралбай да, таралбай да калган.
Биздин чиновниктердин кыскача таржымалы ушундай. Узун таржымалын билбейт экенбиз. Кара айнек менен капталган кара машинесине шашып түшүп, белгисиз тарапка зуу койгондон кийинки турмушу табышмак. Саунаны сүйөбү же Саулени сүйөбү, билбейбиз. Айтпай атат. Дебей атат. Билип калсак сөзсүз кабарлайбыз.

Токойчунун орду

Фирманын шефи кызматкерлерин ээрчитип мергенчилик кылганы токойго жөнөйт. Аңчылык бүтүп, кайра кетерде кызматкерлерин чогултуп сурайт дейт:
- Тактагылачы, баарыңар барсыңарбы?
- Барбыз, барбыз, аксакал.
- Анда мен токойчуну жайлап салгам го дейм, ыя?!

Шибертира

- Шалман, сенин жаңы костюм-шымыңды кошунага берип салдым.
- Даана келесоосуң го! Эмнеге бердиң?
- Өзүң дегеле жактырбай, тыягы тигиндей, быягы мамындай деп кийбей койбодуң беле?!
- Ошондойбу?! Анда "квартирабыз такыр жылыбас болду! Квартирага караганда сыртта жылуу!" деп какшачулең, мынча болду, аны да кошуналарга берип сал!..

Икая

Анык интеллигент гана өз аялына карата: "Башында эле келесоо болчу, ошол келесоо боюнча калды" дегендин ордуна "бул аялзаттын алдында мезгилдин өзү алсыз" деп точке коймок.


Шүдүңкүттүн изи менен…

Бишкектен бараткан поезд жайлап барып, Токмокко жете бербей токтоп калат.
- Эмнеге токтодук? - дейт жүргүнчүлөр.
- Темир жолго уй жатып алыптыр.
- Эртеден бери беш жолу темир жолго уй жатып алыптыр деп токтоп атасыңар, ошончоле уй көп бекен?
- Болгону бир эле уй, биз аны кайрадан кууп жетпедикпи!..

Күйөө баланын күрөгү кантет?!

Келечектеги кайнатасы:
- Менин кызым физика илимдеринин кандидаты, жети тилде эркин сүйлөйт. А сен эмнени билесиң?
- Мен күрөк менен жакшы иштейм.
- Жер казасыңбы?
- Күрөктөп акча табам!..

Эски үй

Экөө жолугуп калат:
- Сен Шалманды тааныйт белең?
- Кайсы? Түрмөнүн маңдайындагы эски үйдө жашаган Шалманды айтасыңбы?
- Ооба, ошонун өзү. Ал кайда жашайт?
- Ал азыр ошол эски үйдүн маңдайында жашайт…

Кеттим, кеттим… арманда

Москвада жашаган бир физик кыргыз ойлонот дейт: "Океандагы, деңиздеги кемелер Архимеддин парманы менен сууда сүзүп, Ньютондун айынан сууга чөгүп атышат. Ажолор болсо демократия мыйзамы менен өлкөдөн кубаланып чыгууда…"


Оомат кетти

Эки бомжу сүйлөшүп турат:
- Өлкөнү кризис басты дейт, уктуңбу!
Экинчиси:
- Ал эмне экен, жейби?
- Сенин олигарх тааныштарың бар беле?
- Жок.
- Даярдана бер, эми болот!

Бажы кызмат бажарды

"Мерседес" сатып алсале чириген бай деп ойлошот экен. А балким, мен "Мерседес" сатып алыш үчүн бажыканада үч ай тынбай иштегендирмин!..


Көп аша!

- Досум Шалман, сени бүгүнкү туулган күнүң менен куттуктайм! Ден соолук, ийгилик каалайм. Сени куттуктап чалган досторуң менен тең кары. Жеген-ичкениңден бөлүшө жүр. Сенин туулган күнүңдү унутуп куттуктабай калгандардын башын жугундуга тык, башкаларга үлгү болсун!
- Досум Маймык, менин туулган күнүм кечээ болбоду беле!..
- Туу, ипит-тоймайттыкы! Эме, көңүлүңө алба, жугундуну тамашалап айткан болчумун…