Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0315_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0315_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0315_1.htm on line 12

Жаз


Жаздар мурда өрүк гүлү жыттанчу,
Жаздар азыр революция жыттанат.
Миң жол турса элди шордон куткарчу,
Митинг менен коркутушат кысталак!

Жаздар мурда жоогазын, гүл жыттанса,
"Жоогазын" деп ыңкылапты атадык.
Жазда келип, күздө кетчү куштарча,
Жаш өлкөдө меймандардай жашадык.

Жыргагандан болбогондой жылкычы,
Жылдар жылып, жыйырманчы жаз келди.
Эл башчысы - элдин болуп жырткычы,
Эгемендик эки ыңкылап апкелди.

Гүлдөй кызга "келем, - деген, - мен кайра..."
Гүл көтөрүп, шымын жакшы үтүктөп...
Жаш жигитти алып кеткен эл - дайра,
Жазгы суудай көчөлөрдө күкүктөп.

"Жоогазында" кармап алып жоогазын,
Ошол жигит сүйгөнүнө шашылган.
Ойдо жокто ажал тооруп соо башын,
Көп эл менен ал да аянтта атылган!

Катыгүн ай, ал окуя... маң болуп,
Аялбаган кары дагы, жаш дагы!
Жоогазын да кызыл-ала кан болуп,
Кан жыттанган жаз, жаз эмес баштагы!

Болду жетет, жаздар жазга окшошуп,
Мындан ары ынкылабың токтолсун!
Арзышкандар бири-бирин жоктошуп,
Уул-кызынан айрылгандар жок болсун!

Эмки жаз... үмүт болуп, нур болуп,
Балпалактап жаап жатат сары кар.
Эл башыбыз эми элге кул болуп,
Эски дарттан эли-журтун дарылаар.

Жаздар мурда өрүк гүлү жыттанчу,
Жаздар азыр революция жыттанат.
Миң жол турса элди шордон куткарчу,
Митинг менен коркутушат кысталак!...

Автордон: Бул ырымды "Dе-факто" гезитине куттук иретинде жөнөттүм. Туура 5 жыл мурда ушул март айында алгачкы саныңар жарык көргөн. Кыргызда "7ге чыкканча жерден таяк жейт" деген кеп бар эмеспи. Сиздерди жер эмес, бийлик таяктады. Анткени "Dе-факто" төрөлгөндөн эле тапан, чыйрак чыкты. Чындык, адилеттик силер тарапта болгон соң, эл-журт, окурмандар силерди колдоду.
"Хандан, бектен кайра тартпай", Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө жолтоо болгондордун бардыгы менен күрөшүп келе жатасыздар. Ылайым басыгыңардан жазбагыла, калемдештер! Бар болуңуздар! Сиздерге көп авторлоруңардын бири катары да, окурман катары да чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
Урматтоо менен,
Жедигер СААЛАЙ




Өрүкзарлуу айылдагы


баарлашуу


Бул мүрөк сүрөттө - Мурза ­Гапаров, Кубат Жусубалиев жана Кеңеш Жусупов. Үчөө тең эмне деген залкарлар! Жазгандарынан бал тамат. Сөздүн гүлүн терип жазышат. Жан-дүйнөнү аңтар-теңтер кылып жазышат. Достор Ноокаттын өрүкзарлуу бир айылында кызуу маек куруп олтурушат. "Адам рухунун өсүшү баскычтан баскычка көтөрүлгөндөй жол менен кетет экен. Ал үчүн биринчи сабырдуулук керек. Эгер шашып, чыдамсыздык кылып бир баскычты аттап кетсең ошол жер ала калат. Азыркы адамдардагы рухий өнүкпөй калуунун, чалалыктын бир себеби ошондо. Айдалбаган жерге окшоп калат. Айдалбаган жерге эмне өсөт. Отоо чөп өсөт. Азыркы адамдардын эң чоң трагедиясы ушунда. Сабырдуулук жетпегенинен алардын рухий талаасын отоо чөп басып кеткен", - деп Кубатбек Жусубалиев таамай жазгандай, үч ДОС, балким, адамзаттын рухий дүйнөсү, улуу сабырдуулук тууралуу кеп кылып, эч нерсеге шашылбай тоо койнунда, асман алдында рух дүйнөлөрүнө байлык топтоп олтурушкандыр.

P.S. Кыргыз Эл жазуучусу
Кеңеш Жусупов менен
Кыргыз Эл акыны
Сагын Акматбекованын баарлашуусун 12-13-беттерден окуңуз.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

15-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0315_1.htm on line 145

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0315_1.htm on line 145

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0315_1.htm on line 145