ЭТНИЯЛАР КАГЫЛЫШЫ


Эсенбай Нурушев
1950-жылы Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Ноокен айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. "Ленинчил жаш", "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз туусу") гезиттеринде, "Азаттык" радиосунда эмгектенген.


Азыр дүйнөдө "цивилизациялар кагылышы" (С. Хантингтон) деп аталган аныктама кеңири белгилүү. Биздеги аймакчылдык же айтыла жүргөндөй, регионализм, анын кеңири таралган көрүнүштөрү глобалдык ушул моделдин кичирейтилген локалдуу түрүнө окшошуп кетет. Муну биз шарттуу түрдө "этниялар кагылышы" деп атасак болчудай. Этния (Э.Смиттин термини) - этнос эмес, анын төмөнкү баскычын билдирет. Улуттун уюткусу этниялардан калыптанат.
Танганда эмне: мындан жүз жылдай мурда эле биз этниянын деңгээлинде турганбыз. Элдин баары өзүн алды менен тигил же бу урук менен уруунун, андан соң тигил же бул аймактын өкүлү эсептеген, ошондон кийин барып гана өзүн кыргызга кошкон. Ар бир өрөөн өзүнчө автономиядай бөлүнүп, бирикпей, кээде чарпышып, чабышып да турган. Жадакалса орус империясына деле бириндеп, ар бири өз-өзүнчө кирген.

ТҮРКӨЙ ТЕОРИЯЛАР
Бизде эбаккы ошо этнияларды, алардын кагылышын кайра жараткан көп жагдайлар пайда болду. Анын ичинде эки чоң этнияга - түндүк жана түштүк региондоруна байланыштуу жаңы "концепциялар" да жаралды. Алардын айрымдарын өздөрүн "политолог" атап алган кай бир каркыбарлар көп кайталап айтышат. Ошондой "доктриналардын" бирине ишенсек, түндүк жана түштүк кыргыздары эки башка эл болуп чыгат: биринчилери орустардын таасири аркылуу эртелеп "европалашыптыр" да, экинчилери -фаргана маданиятынын туундусу бойдон калыптыр. Эки тараптын тил, салт-санаа жагынан айрымасы калетсиз, ортодо чоң жарака бар, муну моюнга алышыбыз керек дешет жаңы доктриначылар.
Алардын "концепцияларын" өркүндөтүп, айрым "этнологдор" түн жак кыргыздарын эзелки энесай кыргыздарынын тикелей тукумдары, күн жак кыргыздарын болсо түрк-монгол урууларынын калдыктарынан куралган эл кылып жарыялап алышты.
Чындыгында булардын баары же кыргыздын тарыхын, же тилин жөндөп билбеген, эртелеп маңкуртташып кеткендердин түркөй "теориялары". Бирок этниялык аң-сезим дал ушундай уламыш "концепцияларга" жантыгынан жата калып ишенет, аларды чычайган чындык көрүп алат. Маселен, Тагай бийдин өзү түбү "фаргана" кыргызы болгонун, бир кабарда ал Кокон менен Маргалаңдын чеке-бакасында, башка бир кабарда Ошко жуук тоолуу кыштакта туулган деп айтыларын (Белек Солтоноев) эргежел "этнологдор" менен башында "жаракасы" бар "политологдор" кайдан билсин. Тил жагындагы айрымачылыктар деле ошондой, "сартташып кеткен" кыргыздардын сөздөрү санскриттен, Авестадан табылат, ал эми Махмуд Кашгариде, биздин атактуу бардык манасчыларда, айрыкча Сагымбай, Саякбай, Байымбет аксакалдарда жайнап жүрөт. Бекеринен кыргыздын анык алтандарынын бири, улуу түрколог Б.Юнусалиев адабий тилге ичкиликтер диалектисин негиз кылып алсак болмок экен деп аттиң кылбаса керек. Алтай доорунан берки аты белгилүү уруулардын көбү да түштүк тарапта, анан алар кайдан жүрүп энесайлык кыргыздардын тукумуна кирбей калат?

ЭЛДИК ЭТНОЛОГИЯ
Түштүк тараптан да өздөрүн кыргызга түк кошпогон, паспорттогу улутун сот аркылуу өзгөртүп жаздырып, буга кошо аркалык кыргыздардын "экспанциясынан" улам жоголуп кеткен эне тилин кайтарып берүүнү талап кылган "элдик этнологдор" чыкты. Байыркы баба тили деп айрымдары кыпчак тилин айтышат, бирок келтирген далилдерине караганда алар чагатай тилинен ары кете алышпайт. Алардын ойлоруна койгондо, алтай доорунда кыргыздар менен "үйүрлөш турган үйшүндөрдүн", "коңулаш жаткан коңураттардын" ("Манастан"), наймандардын, нойгуттардын, дөөлөстөрдүн ж.б. эбак өлүп жок болгон этниялык тилдерди кайра тирилтип, кыргыздын азыркы адабий тилин ар бир урууга таратып бергенге туура келмек. Анын үстүнө алардын баарын тарыхчылар түрк уруулары болгон деп жүрүшөт. Ырасмий тарыхта түрктөр кыргыздарга караганда алты кылым кийин пайда болгону анык."Манастагы" айрым кыргыз сөздөрү болсо түбүн сүрүштүрүп отурганда эң эзелки астарга, башкача айтканда, б.з.ч. V миң жылдыкка барып такалат. Демек, бир кезде өзүнчө эл болуп, кийин кыргыздарга кирген делинген уруулардын деле байыркы баба тили барып келип эле кыргыз тили болуп чыгышы ыктымал.
Айтор, баланын үйүн, бапанын алачыгын эстеткен акыркы жылдардагы өөдүк-сөөдүк процесстер эски доордогу этниялык идеологияны, этниялык сепаратизмди күчөткөндөй болду. Сенейип, тоңуп калган качанкы эски сезимдин түбүнө от жагып, кайра тирилткенге кызыкдар күчтөр, ар кандай эбеп-себептер табылды. Кыргызды ата-тегин тааныбай калды деген шылтоо менен байыркы башатыбызга кайталы маанисинде ураан-чакырыктар ташталды. Уруулар уюмдары куралып, курултайлары өтө баштады. Алардын тарыхы жазылып, энциклопедиялары түзүлдү. Илгерки ийини бир иликтешин, урук-жураатын, убар-кубаарын издемей күч алды. Мындан кайра келип эле улутка кыйын болду: "кыргыз" деген уруу жоктугунан улам ал дале болсо эң акырында эске келип калды. Ушул аңыттан караганда бизде улуттук мамлекет бар да, улут өзү азырынча жок өңдөнүп кетет. Эгемендиктин деле азырынча кыргызга жарытып жарыгы тие элек, ал негизинен бийликтегилерге гана керектей көрүнөт.

"БИЗДИН ИТТИН БАЛАСЫ"
Этниялык "ренессанс" илгерки доордогудай эле бир элден сандаган "эл" жаратты. Түндүк-түштүктөн ары облустар, райондор, атүгүл алакандай айылдар этнияларга ажырап калды. Папке талашкан же кызматтан жыдыган аткаминерди айтпай-ак коелу, ар бир алкынбай менен жулкунбайдын, кудайдан жөө качкан шумпайдын, жадесе кылмыш чөйрөсүндөгү "авторитеттин" деле колдоп-коргоп алар, жол тосуп, митингге чыгар өзүнчө "этниялары" пайда болду.
Америкалык бир президенттин африкалык белгилүү диктатор тууралуу: "Самоса, албетте, иттин баласы, бирок ал биздин иттин баласы",-деп айтканы бар. Этниялык аң-сезим да дал ушул принципке таянат. Ага "биз жактык","биздин бала" керек, анын колунан бирдеме келеби-келбейби, акылы мурдунун учунан ар жакка жетеби-жетпейби, буга карабайт, "өз күчүгү" алдым-жуттум, анык жулук экенин деле жакшы билет, бирок аны ичтен чыккан ийри жылан санап, кожосундай колдой берет.
Абалды кала берсе парламентаризмдин кыргызча тарыйкасы да оңдоп жибере алган жок. Калк эми партиялык этнияларга бөлүнө баштады. Шаар башчыларын, район акимдерин шайлоодо алардын биринчи кагылыштары чыкты. Жогорку Кеңештин эмдиги шайлоосуна чейин бу процесс биротоло ийленип, ийине жетип калат шекилди. Азырынча парламенттеги беш фракция мамлекеттик мансап-кызматтарга өңчөй "өз балдарын" дайындап, былыгы билингендерин тумшуктуу органдарга чокутпай, канатына калкалап калганга умтулуп жатышат. Алардын ич арасы деле ит арка абалда. Жакында эле жаш депутаттардын бири гегемон аталган эки фракцияны келечектеги "партиялык геноцидге" жол чаап жатат деп айыптады. Коомдук пикирде жалпысынан "Ата-Журт" - түштүктүн, КСДП -Чүйдүн, "Республика" - Таластын, "Ар-Намыс" - киргиздердин, "Ата Мекен" - же үйдө, же чүйдө жоктордун партиясы таризде бааланат, көңкү кыргызга арка болор партия али жок. Иши кылып, дегеле партия дегенди жалпы улутка каршы турган саясий кутумчулар уюму катары карашкан англиялык илгерки ойчулдардын кебинде чындык бар экенин биз азыр жакшы эле далилдеп жатабыз.

ТАЛАШКАНГА
ТАШ ТИЕТ
Эзелки Энесай каганатынан кийин кечээги кылымдын 20-жылдарына чейин борборлошкон улуттук бийлик бизде болбогону маалым. Андай бийликти кыргыздарга башкалардан, маселен, түштүктө Кокон хандыгынан талашканга туура келген, түндүктө болсо ич ара талаша турган башкы бийлик болгон эмес. Жаңы тарыхта кыргыздын биринчи автономиясы, андан соң улуттук республикасы түзүлгөндөн кийин деле бийлик үчүн аймакташып араздашкан учурлар анчейин байкалбаптыр. Качан гана бийлик башына кыргыздардын өздөрүнөн өкүл коюлганда бул "фронтту" биринчи болуп түштүк элитасы ачкан сыяктанат. Бери эле дегенде элүүнчү жылдары Исхак Раззаков партиялык кайсы бир жыйында республиканын түштүгүнөн чыккан аткаминерлерди сынга алып, такай эле түндүк тараптын кысым-кысмагына даттана бербей, өзүңөрдөн мыкты, билимдүү кадрларды өстүргүлө деп катуу зекигени бар. Турдакун Усубалиевдин тушунда болсо андан тизгин талашканга түндүк мыкчыгерлери аракет кылган дешет, ошол себептен ал кызматтан алынганда анын түштөн кийинки сынчылары түндүк тарапта ашкере көп болду. Ал эми Абсамат Масалиевди аттан аңтара тарткан аламан жыйындарда теги түштүктүк комдемократтар маанилүү роль ойношту.
Же дагы бир мисал. Айтылуу "алтын жаңжалынан" кийин мамлекеттеги бардык башкы кызматтарда - парламенттин, өкмөттүн, конституциялык соттун, жогорку соттун башында - өңчөй Чүй өрөөнүнөн чыккандар турушту. Эл ичинде буга тыраалаган деле эч ким болбоду, анткени алар, өзгөчө спикер менен премьер-министр жогорку бийликте жадеп жорторман болгон тажрыйбалуу кишилер эле. Бирок көп өтпөй Медеткан Шеримкулов кандын касабына кабылды. Аны саясатка кайра келгис кылып чийинден ары сүрүп салуу үчүн "легендарлуу парламентти" таркатканга чейин барышты. Анан а кишини өзүнүн эле жердештери парламентке өткөрбөй коюшту.
Кийин кезек Феликс Куловго келди. Аны башка бирөө эмес, президент Акаев өзү кыргыздын "биринчи коррупционери" кылып жарыялап, анын атын ушул жарлык менен тарыхта калтырганын өзүнүн бир китебинде ага бүтүндөй бир бап арнады. Натыйжада бир кезде биринчи президенттин оң колу болуп жүргөн,"темирдей бекем" делинген генералга жалган жалаа менен бир нече жылын темир тордун ар жагында өткөргөнгө туура келди.
Дегеле бизде бийликке бир аймактан түгүл жалаң бир айылдан койсоң деле жем салынган акырга башы батпай, сүзүшө кеткен кочкорлордой кыргыздын кыйындары байлык, атак талашып тез эле тебише кетишет. Айыл турсун бир үй-бүлө ичинде бийликти бөлүшө албай, аялы төбөгө чыгып аларын, бир туугандары башкы билерман болуп каларын, атүгүл атасы менен баласы атыша кетерин мурдагы эки президент жакшы эле көрсөтүп кетишпедиби.
Этниялык пикирде алардын биринчиси -түндүктүн, экинчиси - түштүктүн өкүлү катары кабылданган эле, бирок бири да не түндүк, не түштүк кыргыздарынын табагына аш салып берген жок, экөө тең, айрыкча экинчи президент каратып туруп эле элдик табакты өз баласына тартып берди. Эми экөө тең же түндүккө, же түштүккө батпай, жалпы кыргыздан сүрүлүп, улуттук байталман болуп калышты.

ТАРЫХ ТАКАЙ ЖЫЛМАЙБАЙТ
Иши кылып, биздеги азыркы этниялар кагылышында эч кандай маданий, диний, лексикалык жүйөөлөр жок. Анын артында бир гана фактор - бийлик талашмай адаты турат. Бул адатка анчейин маани бербей, көндүм көрүнүш катары караганга болбойт, мунун арты абдан опуртал. Азыр бизге эки эле жол бар: же биз өзүбүз - алды менен атпай кыргыз - улуттук уюткубузду бекемдеп, ага кошо кыргыз жергесинде жашаган бардык калкты бириктирип, жалпы жарандык, саясий улуттун деңгээлине чапчаң көтөрүлүп чыгабыз, же болбосо ар бир ирет, айрыкча шайлоо деген тоз-топурда кыл учунда кылтылдап, аласалып жашаган абалга кайыл болобуз.
Биринчи жол бизди баракат өнүгүү багытына баштап барат, ушул усулда "эл канчалык алга илгерилеген сайын, аймактык территориялардын мааниси ошончолук үстүрт мүнөзгө ээ боло берет" (Э.Дюркгейм). Экинчи жол бизди улуттан кайра этнияларга айлантып, эптеп көптүн арасында, көчтүн карасында күн көргөнгө мүмкүндүк берет. Андан ары айланкөчөк атып, улам ыкчамдап глобалдашып бараткан азыркы заманда акырындап жок болуу ыкыбалы гана болушу ыктымал. Андайда биздин тарыхка таарынганга же өктөө кылганга эч кандай акыбыз калбайт. Ал бизге өткөн кылымда эки ирет жылмайды, бирок тарых такай эле жылмая бербейт.

Эсенбай НУРУШЕВ, атайын "Де-факто" үчүн