Садыркуловду өлтүрүүгө катышкан 10 адамдын үстүнөн сот башталат



Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул сот ишинде жалпысынан он адамга айып коюлууда. Соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда өтөт. Бирок азырынча отурумдун мөөнөтү жана ачык же жабык болору аныктала элек. Коомчулук бул соттук отурумдун ачык болушун талап кылууда.

Сот иши экиге бөлүнүп каралат
Президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык иликтөө институтунун жетекчиси Сергей Слепченкону, Садыркуловдун айдоочусу Кубат Сулаймановду өлтүрүү иши боюнча мурунку бийлик тушунда жол кырсыгы катары жыйынтык чыгарылып, иш токтогон болчу. Бийлик алмашкандан тарта бул иш кайрадан тергелип, эми минтип жыйынтыкталып, бир тобу сотко жөнөтүлүп отурат. Кыргызстандын аймагынан чыгып кетип, эл аралык издөөдө жүргөн бул ишке катышы бар Жаныш Бакиев, Максим Бакиевдер баш болгондордун иши өзүнчө бөлүнүп тергелүүдө. "Иш негизинен аягына чыгып эле калды. Былтыр биз бул иш боюнча алгачкы маалыматтарды бергенде эмки жылдын аягына чейин барабыз деп айтканбыз. Айрымдар муну президенттик шайлоо учурунда эле алып чыгышты деп сын тагышкан. Бул иштин бетинин ачылышы көпчүлүктүн оюна да келген эмес. Эми издөөдө жүргөндөр эле колго түшсө, бул иш толугу менен ачылат",- дейт Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев.

Соттолуп аткандар кимдер?
Тынычбек Маматов, Бишкек шаарынын Свердлов ИИБинин мурунку оперативдик кызматкери, Медет Садыркуловго жаңы жыл астында белекке жөнөтүлгөн кулак-сөөмөй боюнча айыпталууда.
Алтынбек Амракулов, Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку айдоочусу, Жаныш Бакиевди ташып жүргөн. Азыркы учурда үч кишинин өлүмүн жашырган адам катары айыпталууда;
Абдыкалык Жапаров, Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку офицери, Жаныш Бакиевди түздөн-түз тейлеген адам. Үч кишинин өлүмүн жашырган адам катары айыпталууда.
Азисбек Кожошев, Мамлекеттик коргоо кызматына караштуу спецназдын мурунку офицери. Медет Садыркуловду жана анын жанындагыларды өлтүрүүгө даярданып аткан кылмыштуу топко ага бекитилген Калашников автоматын мыйзамсыз бергени үчүн айыпталууда.
Бакыт Байжанов, УКМКга караштуу "Альфа" спецназынын мурунку кызматкери, Медет Садыркуловду жана анын жанындагыларды чек арадан кармап, уурдоого катышкан деп айыпталууда.
Эргешбек Маткайымов, ИИМдин спецназынын мурунку кызматкери, Медет Садыркуловду жана анын жанындагыларды чек арадан кармап, уурдоого катышкан деп айыпталууда.
Марат Турдукулов, Мамлекеттик коргоо кызматынын жогорку посттогу адамдарын коргоо боюнча бөлүмдүн мурунку жетекчиси, Медет Садыркуловду жана анын жанындагыларды уурдоого катышкан деп айыпталууда. Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, колундагы кызматкерлерди Медет Садыркуловду жок кылууга даярдалган кылмыштуу топко аралаштырганы үчүн да айыпталып жатат.
Нурланбек Темирбаев, ошол учурдагы Бишкек ШИИБинин жетекчиси, Медет Садыркуловду жана анын жанындагыларды жок кылууга катышкан деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Нурлан Темирбаев Жаныш Бакиевдин Садыркуловду өлтүрүү планын ишке ашыруу үчүн Көк-Жар айылындагы агасы Курманбек Темирбаевдин дачасын берген. Бул эмгеги үчүн ыраазычылык иретинде Мамлекеттик коргоо кызматынын орун басары болуп дайындалган. Ал 7-апрелдеги демонстранттарга ок атуу боюнча айыпталып, учурда камакта.
Замир Молдошев, Чек ара кызматынын мурунку жетекчиси, Медет Садыркуловду жана анын жанындагыларды уурдап, өлтүрүү ишине катышы бар деп айыпталууда. Ал өлтүрүлгөн үчөөнүн Казакстан-Кыргызстан чек арасынан өткөн убактысын Жаныш Бакиевге айтып, маалымат берип турган.
Садык Борбуев, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун лидерлеринин бири болгон Алманбет Анапияевдин мурунку жансакчысы. Ал Медет Садыркулов жана анын жанындагыларды жол кырсыгынан өлдү деп уюштурулган иштеги "Аудинин" айдоочусу Өмүрбек Осмоновду кийин өлтүргөн деп айыпталууда.
Сот отуруму ачык болсун
Садыркуловду жана анын жанындагылардын өлтүрүлүшү боюнча соттук жараян ачык же жабык болору маалымдала элек. Бирок ушундай резонансты жараткан иш ачык болууга тийиш деген оюн айтат, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. "Мындай иштин жүрүшүн массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулук билип турушу керек. Бул резонанс жараткан иш да",- дейт депутат. Медет Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Леонид Лужанский соттук отурумдун ачык болушун талап кыларын айткан. Анын айтымында соттук отурум эки гана учурда жабык болушу керек. "Биринчиден, жыныстык катнашка байланышкан кылмыш иштеринде, экинчиден, мамлекеттик сыр бар кылмыш иштери жабык болушу керек. Азыркы кылмыш иши бул эки учурга тең туура келбейт, ошондуктан бул иш дагы коомчулуктун көз алдында болуш үчүн ачык болушу зарыл. Эл кимдер милиция формасын кийип алып, кулак-сөөмөй кесип белек кылып, адамдарды уурдап, кантип өлтүргөнүн билиши керек",- дейт адвокат.
Мелис ТУРГАНБАЕВ, Ички иштер министринин орун басары:
"Бул иштин арты менен Кадыралиевдин, Шаботоевдин өлүмү да ачылышы мүмкүн"
- Бул кылмыш ишинде башкы фигуралар жоопко тартылбай эле, катардагы буйрук аткаргандар жоопко тартылып атканын айтып, сындап чыккандар болууда?..
- Кылмышта башкы фигуралар, орточо фигуралар деген болбойт. Алардын баары кылмышкерлер. Мыйзамдын алдында баары бирдей. Ачылат деп деле эч кимдин оюна келген эмес болчу, ушул кылмыштын арты менен мурунку бийликтин көп тескери жактары ачылат. Өзүнчө бөлүнгөн иш боюнча дагы тергөө амалдары жүргүзүлүп, ошол кездеги кызматта тургандардын баары күбө катары суралат. Бул иштин арты менен дагы көп резонанстуу кылмыштардын бети ачылат. Мисалы, Ошол эле Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Санжар Кадыралиевдин, Руслан Шаботоевдердин, дагы бир топ киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылат. Алар бири-бири менен кандай байланышта экени азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Убактысы келгенде бул маалыматтарды коомчулукка ачык жарыялайбыз.
- Бул иштин бети толугу менен ачылат деп ишенсек болчудайбы?
- Бүгүнкү күндө бул иштердин бетин ачууга азыркы бийлик эч кандай тоскоолдук кылган жок. Издөөдө жүргөндөрдүн көбүн эл аралык келишимдерге ылайык, балким өз учурунда алып келе албай жатабыз. Мисалы, Белоруссияга Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ кайтарып берүү тууралуу кат жазышты, тилекке каршы, мыйзам чегинде расмий жооп бере элек. Белоруссия Курманбек Бакиевди бербейбиз деши мүмкүн, мисалы, Жаныш Бакиев баштаган калгандары Интерполдун линиясында изделип атат. Бул эми адам өлтүрүүгө катышкан адамдар болуп жатпайбы. Аны издөөдө эч кандай саясий кызыкчылык көздөлгөн жок, адам өлтүрүүгө катыштыбы, демек, жооп берсин деген эле сөз.
- Ошол кылмыш козголгон адамдар кантип качып кетип жатат? Мисалы, уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыктын кызматкери Айбек Абдыразаковду Садыркуловду өлтүрүүгө түздөн-түз катышкан деп айыпталып атканы тууралуу маалымат чыккан. Көп өтпөй эле ал өлкөдө жок болуп чыкты…
- Айбек Абдыразаков чек араны кесип өткөнү тууралуу расмий маалымат чыккан. Ал барып Калининграддан паспорт алган, кайсы үйгө катталганы тууралуу да маалыматтар берилген. Чек арадан чыгып кетүүнүн ар кандай жолдору көп экен, акча берип өтүп кетишет экен, ачык жерлер көп экен. Мындай кылмыштарды жасап жүргөндөрдүн ар биринин колдорунда экиден-үчтөн паспорттору бар болуш керек. Булардын баары Интерполдо издөөдө жүрөт. Бүгүнкү күндө паспорт берүү башаламан болуп кетти. Мурда ИИМ системасына караштуу болуп жүргөндө ким паспорт алып атканы анча-мынча көзөмөлгө алынып турчу да. Кала берсе, жакында аты-жөнү жок кишилерге сүрөтү чапталып, паспорт берип, Эмиратка жиберип атышкан жеринен кармабадыкпы.
- Бул иш тууралуу Конгантиев көрсөтмө бердиби? Мадумаровду дагы көрсөтмө берет деп айттыңыз эле…
- Ал кишини суракка бир жолу чакырганбыз, күбө катары. Ден соолугуна байланыштуу азырынча суракка алууга болбойт деп врачтар справка берген, убактылуу бул суракты токтотуп койгонбуз. Врачтар ушундай көрсөтмө берип аткандан кийин болбой эле сурак кыла турган болсок, бир нерсе болуп кете турган болсо күнөөнү бизге коюшат. Ошондуктан баары мыйзам чегинде болушу керек. Мадумаров гана эмес, ошол кездеги жогорку кызматтагылардын баары кезек-кезеги менен суралат.

Дилбар АЛИМОВА