(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)
Айжан Абдиева
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
- Айгерим, Айка! Токто, токто дейм! - Калыс төшөгүнөн ыргып турду. Көпкө чейин эсине келалбай, анан башы сынып ооруп атканын билди. Эптеп туруп, чалыштап муздаткычка араң жетти. Түн бир оокум, үйүнө качан, кантип келип жатканына акылы жете берген жок. Аракка алдырып баратат. Экинчи ичпейм деп апасына убада берет да, кайра теңтуштарына жетип барып ичет. Жакшы досторун алыстатып, шылуун балдарды кантип өзүнө шынаарлатып алганын байкабай калды. Алар болсо Калыстын алдап акчасын алышып, мас болгондо каалаган жагына жумшап жыргап калышты. Атүгүл бир жолу жаман ою жок далдыраган неме ал балдарга наша алып келип бергенин да байкаган жок. Калысты теске салууга апасынын алы жетпей баратат. Уулун жанына алып, анын үйүн квартирага берип, акчасын өзүнө жумшап турайын дейт, бирок чогуу жашап аткан көңүлдөшүн көндүрө албай убара. Шордуу аял мунусун да кыя албайт. Көз көрүнөө уулунун бузулуп баратканына кейийт. Айгеримди таап бергени менен деле баары кеч эми. Калыс азыр Айгеримди эмес, кээде өзүнүн сайда санын таппай калууда. "Баарына өзү күнөөлүү" деген сөзүн мас болуп келген күнү кечке кайталап жатып араң уктайт. Эптеп таң атырса, анан баш жазат эле, үйдөгү бөтөлкөлөрдүн бирин калтырбай апасы тазалап кеткен тура, биринен болбосо да биринин түбүнөн какшыган тамагын нымдап алчу бирдеме табылмак. Арак, тер аралаш уйпаланган төшөгүнө күп жыгылды. Өлүп калбасам экен деп чабалактап жатып, араң көзү илинди...
Ушул дем алышта Калыс менен жакшылап сүйлөшкүсү келген эненин жүрөгү сыздап, уулунун үстүн кымтылап жаап, көз жашы тегеренди. Анан бир жуманын ичинде эле атканага айланып кеткен үйдү жыйнап, тамак жасаганга киришти. Оозуна арактан башка кыйратып наар албаган неменин ичи өрттөнүп бүткөндүр. Эмне айла кылат эми? Бу балаң түшкүрдүн азап-тозогун кантип жеңилдетип, белине дейре батып бараткан сормо саздан кантип сууруп чыгат?..
Жумуштан бутун тарталбай чарчап, араң келген апасын Айгерим аяп карап отурат. Таежеси Айгеримди жактырбаганы менен эжесине боору ооруду окшойт, кантсе да бир тууганы эмеспи, квартира издетпей койду. "Үй кенен, кызың аман-эсен төрөп, баланын кыркы чыккыча тура бергиле. Кааласаңар тиги времянканы бошотуп берем. Иштеп тапканыңды батирге берип койсоң, жашооңор эмне болот? Андан көрөкчө уюңдун акчасына товар алып, мобу жердеги чакан базарга чык, мен сүйлөшүп орун таап берем. Баланы өзүм багып алам деп атасың, уюңдун ордун тургузуп ал кайра. Ар кимден бир чөйчөк сүт сурап же сатып алып жүрмөк белең",- деп ой-санаага бастырылып чүнчүй түшкөн эжесине акыл айтып, дагы бир жолу ажат ачкан. Ошондон бери Зуураш таң атпай туруп Дыйкан базарына жөнөйт, ал жерден мөмө-жемиш, жашылчаларды алып, сиңдиси жашаган үйгө жакын жердеги базарга апкелип, кечке чейин сатып түгөткөнгө жанталашат. Өмүрүндө соода кылып көрбөгөн жаны адеп жүрөксүдү. "Башка түшсө байтал жорго", ишенери жок жалгыз бой аял сиңдисинин акылын эш тутуп чыйралды. Кудай жалгап алган товарларын иритпей-чиритпей алып кетчү кардарларга ыраазы болуп, күүгүм талаш кызына шашылат. Кээде арткан биртике мөмө-жемиштерден ала келип, өнтөлөп оозуна кармайт. Ошентип иштегенден бери эки ай өтүп, Зуураш элге аралашып, алаксып, көңүлү сергий түштү. Бирок Айгеримдин кабагы ачылбаганына кейийт. Акыркы күндөрү ого бетер суз тартып, кээде апасынын үстүнө үйрүлүп түшкөнүн да "ой, апа, жакшы элемин" деп жактырбай калчу болду. Азыр да үйүнө жеткиче ойлонуп келатып, жүрөгү бир болкулдап алды. "Байкушумдун ай-күнү жакындап, бүгүн-эртең төрөгөнү турат, кантип атты болду экен" деп кобуранып келатты. Дарбазаны ачары менен тосуп алып, колунан баштыгын ала койчу кызы көрүнгөн жок. Жана бир жүрөгү шуу дей түштү. Аңгыча Айнаш үйдөн чыга калып, эжеси ооз ача электе: "Сүйүнчү, неберелүү болдуң, Айгерим уул төрөдү" деп кучактап бетинен өөп калды. Шалдырай түшкөн неме тээ бир топто эсине келе калып, болкулдап ыйлап жиберди. Оозуна сөз кирбей, ушу күнгө чейинки көргөн азап-тозогун, тарткан ыза-кордугун унутуп, көпкө ыйлады. Сиңдиси да тим койду, мейли бугун чыгарып алсын.
- Оозуңа май, сүйүнчүңө жаным тартуу! Уул төрөдү дейсиңби, айланайыным десе, эмне мага чуркап бара койгон жоксуң ботом?
- Коркпо, өзүнүн да, баланын да абалы жакшы. Эртең менен сен туруп кетериң менен толгоосу башталыптыр. Мени чайга чакырганда эки бети албырып, кыйналып атыптыр. Кокуй бас, деп алып жөнөдүм. Сени алагды кылбай эле коелу дедик.
- Сага ыраазымын берекем, боорум,- деп Зуураш кайра ыйлап кирди.
Экөө кобурашып Айгеримге деп ысык тамак жасагыча түн кирип, такси менен төрөтканага жөнөштү.
Ушул күндөн бир ай өтүп, эже-сиңди акылдашып, кошуна-колоңду, Зуураш менен чогуу базарда иштеген 3-4 аялды чакырышып, ырымдап жентек беримиш болушту. Кыркын да чыгарганыбыз ушу болсун дешти. Баланын атын Жоодарбек коюшту. Айгерим уулунун жанынан чыкпайт. Уулу ошентип бир ай болуп көзгө көрүнүп калды. Бойтоюп бир жакшынакай. Келген аялдар баланы карап атасына окшош го деп коюшту. Чачтары да капкара болуп тармалдашып, Айгеримге такыр окшобой турду. Айнаш өзү менен мурда чогуу иштеген кесиптеш-курбусун көптөн бери чакыра албай жүргөн эле. Аны да кошуп бүгүн чакырып алды. Ал Айнаштан Айгеримдин ал-жайын акырын сурап отуруп, сырдашып кетишти. Анын аялы каза болуп калган бай бизнесмен агасы бар эле.
- Ошол авариядан кийин үйүнөн чыкпайт байкуш. Бүт байлыгы калды башкарылбай. Өзү болсо таяк менен басып калды. Хансарайдай үйүндө жалгыз жашап атат. Баягы орус кемпир бар эле го, үй кызматчысы. Ошол карайт.
- Үйлөнтүп койбойсуңарбы анан?
- Оой, ал оңой менен аялды жактырбайт да кокуй. Аялын билесиң го, мөлтүрөгөн сулуу, койкоңдоп моделдей болгон неме эле да. Билимдүү да болчу да. Англисче сүйлөп тим эле. Ошол аварияга бул кургур өзүн да күнөөлөп жеп атпайбы?!
- Үйүнөн чыкпаса өмүрү өтө берет да, силер тааныштырып бирөөнү таап берип койгула.
- Мен да ойлоп жүрөм көптөн бери. Бирок мунун жүрөгүн жибите турган бирөө табылмайынча эч кимге үйлөнбөйт. Байлар бир ойноп-күлөт го. Бул антпейт да. Үй күчүктөй болуп эле аялынын жанынан чыкчу эмес, кудая тобо.
- Ай, Айгеримди тааныштырып көрбөйлүбү, карачы кандай супсулуу, жапжаш. Агаңдын азгырылбаганын көрөйүн. Ай, бул жөн сулуу эмес да, тириликке бышык, үй оокатты жасаганын көрсөң оозуң ачылат, кылган тамагычы. Анан медсестра дагы, агаңды ийнесин сайып, кан басымын ченеп берип, өзү эле карап алат.
Эки аял баштарын тийиштирип алып көпкө сүйлөшүп отурушту. Зуураш нарыда отуруп жүрөгү бирдеңкени сезгендей улам буларды карап коет. Ошентип Айнаш эжесинин кызын байга берип бактысын ачайын деп кымылдап отурду. "Көнбөгөндө не, тишинин кирин соруп жашагыча, ошол байга тийсин, эжем да бир керилип жашасынчы, өмүр бою куурап келатат" деп ойлоп отурду. Курбу кызы экөө бат эле план түзүп коюшту. Оболу Айгеримди тигил байдын үйүнө ишке орноштурмак болушту. Анын тамагын жасап, ийнесин сайып берип айлыгын алат, үй кызматчысы дагы, медсестрасы дагы болуп иштеп турат. Анан... андан ары экөөнү жакындатыш оңой эле деп чечишти. Айгеримди ошентип тагдырдын дагы бир чукул бурулушу күтүп турду.

(Уландысы кийинки санда)