Турсунбек АКУН, акыйкатчы:

"Мавлян Аскарбеков бекер чуркаган жок, анын максаты башка…"


Өткөн саныбызда "Мун сектасына кыргыздын аттуу-баштуулары да кирип алган, жаштар аларды ыйманга чакырууда" аттуу макалабыз жарыяланган эле. Анда жаштар кыргызга аттын кашкасындай белгилүү адамдар Мун сектасына кирип алганын айтып, алардын жыйынынан жашыруун тартылып алган видеону көрсөтүшкөн. Өткөн саныбызда Жыпар Жекшеев өз чындыгын айтып берсе, бу жолу Турсунбек Акун жыйынга барганын, катышканын, атүгүл андагы администрация кызматкерлеринин жарымынан көбү, атүгүл 30-40ка жакын депутаттар барганын айтып берди.
- Турсунбек мырза, сиздин беш маал намазга жыгылам деп жүргөнүңүздү билебиз. Мун сектасына кандай тиешеңиз бар? Алардын жыйындарына кандайча барып жүрөсүз?
- 2006-жылы, мен Ак үйдө адамдардын укугун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштечүмүн. Аталган жылы Мун сектасынын кечеси эмес, Бүткүл дүйнөлүк тынчтык федерация уюмунун жыйыны өткөн. Мен бул уюм менен 97-жылдан бери кызматташып келатам. Айрыкча, Ак үйдө иштеп калганда бул уюм менен Интернет аркылуу кат алышып турдум. Анан 2006-жылы алардын кезектеги жыйыны Бишкекте өттү. Жыйын өтөөрдүн алдында аталган уюмдун атайын өкүлдөрү алдын-ала ал убактагы президент Бакиев Курманбек Салиевичке кирип, уруксат алышкан. Анан алар мени чакырышты. Мени менен кошо администрацияда иштеген кызматкерлердин жарымынын көбү, 30-40 депутаттар жана Черноморец, Жыпар Жекшеев баштаган адамдар барган. Барганымды танбайм, катышканым чын.
- Сиз айтып жаткан уюмдун өкүлдөрү ошондо "бардык чыгымын көтөрөбүз" деп Сеулга эс алып келүүнү сунушташкан турбайбы. Бардыңыз беле?
- Ооба, баргам. Бирок анда эмес, ага чейин. Албетте, адамдардын укугун коргоо маселеси боюнча жана дүйнөдөгү тынчтыкты коргоо үчүн, тилектештик үчүн баргам. Мен 48 мамлекетке бардым. Мен Чечняга, Афганистанга, Баткенге бардым. Мен мундардын эмес, мусулмандардын укугун коргоп жүргөн адаммын. Мен Мун сектасына каршымын. Мен беш маал намазга жыгылган кишимин. Намазга жыгылганыма жыйырма жыл болду.
- Пресс-конференция берген жаштарды тааныйсызбы?
- Бизди каралап жаткан жигиттерди мен тааныбайм да, билбейм дагы. Атүгүл, көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Булардын маалыматы туура эмес экендигин жогоруда мен айтып өттүм. Бул балдардын максаты башка. Менин оюмча, Мавлян Аскарбеков бекер чуркаган жок. Мага жеткен маалымат боюнча айта турган болсом, ал Арсен, Бакай аттуу досторун куткарып алуу үчүн чуркап жүрөт. Анткени Мун сектасынын өкүлдөрүнүн бири Ли Чонг Удан Бакай Мамбеталиев деген жигит ири суммадагы акча алган экен. Бул факт сотто тастыкталган. Ошол суммадан досторун куткарыш үчүн бул уюмду жоготуп, ошол карыз акчаны бербей калыш керек болууда.

Назира СААЛИЕВА
P.S. Мун сектасынын жыйынына катышты делгендердин бири Турсунбек Чыңгышев мырза алыс жерден бүгүн келгендигине байланыштуу анын пикири кийинки санга жылдырылды.





Максат бөйрөк алмаштырууга муктаж, жардам кылгыла!


2010-жылдын январь айынан баштап Максаттын бөйрөгүнүн дарты өтүшүп, нефрологдорго жардам сурап көп кайрылды. 2011-жылдын январь айынан баштап эки бөйрөгү тең иштебей, ошондон бери ал күн алыс диализ деп аталган жасалма бөйрөк аппаратына байланып калды. Күндөн-күнгө Максаттын абалы оорлогондон оорлоп баратат. Ага тез аранын ичинде бөйрөктү трансплантациялоо операциясын жасоо талап кылынат. Түркиянын "Медикал парк" клиникасынан мындай операцияларды ийгиликтүү жасап, жашоону жаңы барактан баштагандар көп эле болууда. Максаттын туугандары да ал клиника менен сүйлөшүп, анда жасала турган операциядан илгери үмүт кылып жатышат. Бирок ал жактагы операциянын баасы 25 миң доллар жана андан кийинки реабилитацияга дагы 10 миң доллар керек экен. Максаттын үй-бүлөсү өз алдынча тез аранын ичинде мынча чоң акчаны чогултууга мүмкүнчүлүгү келбейт. Ошол себептүү калайык-калктан жардам сурап, атайын эсеп ачышты. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, ар ким колунан келген жардамын көрсөтүшүн көптөн-көп өтүнөбүз. Максатты сактап калалы!
Байланыш телефондору: Максат: 0779 05 83 70, эжеси Таалай: 0778 20 46 46

Атайын эсеп:
"Эко Исламик банк"
4170421509129341
Демир банк
kgs 1180000037798682
rub 1180000037798581
Usd1180000037798783
eyr1180000037798783
Максаттын үй-бүлөсү, жакындары





Болотбектин операциясына жардам кылгыла!


Өткөн сандарыбызда 15 жаштагы Болотбектин бир бөйрөгү иштен чыгып, башка бөйрөк менен алмаштырбаса (трансплантация) абалы оор экенин жазганбыз. Донор катары бир бөйрөгүн бир тууган агасы Алтынбек бергени турат. Бирок операцияны Түркиядан жасап келүү үчүн да чоң каражат керек экен. Болотбектин ата-энеси кайдигер адамдар жок эместир, жардам колун сунушар деген үмүт менен атайын эсеп ачышты. Болотбектин тагдырына кайдигер карабай, жардам бере алчу жарандар төмөнкү банктык эсептерге Болотбектин операциясына жумшалчу акча которо алышат. Болотбектин ата-энеси менен байланышам десеңиз, (0772) 115332 номерине чалыңыз. Келгиле, чырактай баланы сактап калалы. 15 жаштагы Болотбектин өмүрү баарыбыздын колубузда!


KGS 1180000037811719
USD 1180000037811618
RUB 1180000037811416
EUR 1180000037811517
KZT 1180000037811315




Кыламык кар
(Жалаң "к" тамгасы менен жазылган күндөлүктөн)
Кар, кыштын кардуу, кунарсыз кечи. Каш карайып кеч кирип калды. Көңүлүм кабатырлана, кыжаалаттанам. Капалыкты кыялым кууйт, кыялкечмин. Күлүк кыялым кушча канат кагып, кайдадыр көкөлөйт.
Күзгүдөгү кебетеме кунт кое карадым. Кубарып кетипмин. Китирейген көздөрүмдөн капага курчалган кусалыкты көрдүм. Койчу, "күзгү көлөкө", көкөлөгөн кооз кыялымды көөлөбөчү. Корком, кооптоном. Көлөкө керексизсиң, көңүлүмдүн кутун качырбай кайдадыр караңгылыкка карай кетчи. Кармалба, кармабачы…
Кийимдеримди которунуп, көйкөлгөн көгүш көйнөгүмдү кийдим. Кайрадан күзгүгө келип карандым. Көңүлүм куунактана курбум Кымбаттыкына конокко кетүүгө камындым. Каалга кагылып, колуна конверт көтөргөн кошуна кыз кирип келди. Карап калдым. "Касиетти кубантууга келдим, көрүндүксүз көрсөтпөйм". Куудулданган кошуна кыздын кабарын кыздар каткыра күлүп, коштоп калышты. Көңүлсүз карап койдум, кантип Кубаттан келсин? Кыздар кужурашып кызуу кепке киришти, кошулбадым. Көкүрөгүмдө куса көйрөңдөнөт, кайда качам? Кантип кутулам? Керемет купуя күчтөн көз карандымын. Көңүлүмдөн кетпей калган кокусунан Кубатты кездештирген кесепеттүү күз кечин каргыштайм. Курбумдукун көздөй келатып, Кулумбаева көчөсүнүн кесилишинен капысынан Кубатка кездешип калдым. Көңүлүм көксөп көргүм келип, каалап күткөн кишинин караанын көргөнүмдө кыймылсыз катып калыпмын.
- Кандайсың? - Карылуу колу колумду коомай кармап, кучагына кысты. Калтырап кеттим. Капкара костюм кийип, кайыш кур курчаган Кубаттын келбети кадимкисинен көрктүү, келбеттүү көрүндү. Көзкарашы кубанычын кабарлагансып, курч күлмүңдөйт. Кубаттын көздөрү көздөрүмө кадалды. Карегинен көк көйнөкчөн кызды көрдүм. Көздөрүмдөн кечирим күткөн Кубат күлүмсүрөй, кумарлана карап калды. Көгөрдүм, көшөрдүм, кечиргим келбеди. Кубатты көргүм келбей, кыжырым кайнап, кучунашым кармап кетүүгө камындым. Кечигип курбумдукуна келгенимде коноктору келип калышыптыр. Көңүлсүздөндүм. курбумдун көңүлүнө карабастан кайра кетүүгө камындым. Кападар кайттым.
Көңүлүм күңгүрөнөт. Кубатты күтпөйм. Күндөр карып, күдөр кыркылды. Көңүлсүз кобурап койдум. Кубат кайра кайрылып келбе, кечирбейм. Кайыр кош, КАДЫРКЕЧИМ!
Кандайсың? Көңүлүмдүн көчүрмөсү, күндөлүгүм. Күйүтүмө калыссың, кеңешип-кептешээримсиң. Көңүлүмдү коогалантып, кылгылыкты кылып коюп, Кубат көрмөксөн. Күнөөнү кимге коем? Кубаткабы? Кубатты кадырлап көзүр катары кармаган көңүлүмдүн кайратынабы? Кимисине? Кубатка кездештирген кесепеттүү күз кечинеби?
Кубатты канчалык каргыштап көңүлүмдөн кубалабайын, күч кубатым келбеди. Кусалыгым кайра күчөдү. Көрсө, кезегинде кечирбей коюп, ката кетирипмин. Кокус карагат көз, кара каш кыз Кубаттын кучагындадыр. Кимдендир кызганып кетем. Кээде капаланганымда Кубатты каалаган көңүлүмө каршылашып, каяша кылам. Көңүлүм кежирленет. Кантмекмин, кусалыктан күйүттүү күкүкмүн. Көйнөктүн кири кетсе кетер, көңүлдүн кири кетпес. Кыскасы, көзүмдү көр, кулагымды кер, көңүлүмдү кабат-кабат кир кылдың, Кубат. Ким көрүнгөнгө карматпастан көңүлүмдү кулптап келем. Көп кечикпей келсең.
Кычыраган карлуу кыш. Көңүлсүз кыз. Көңүлүмдө күүгүм. Кеч кирди, көнүмүш кусалыктын кучагындамын. Күндөрүм күтүүдөн карыды. Кымбат кишим Кубатты көргүм келет. Кантсем, капырай, кантмексиң. Курган көңүлүмдү калп кокус-кокус кылам. Кантейин, кайрымсыз күтүү, кунарсыз күндөрдү коштоп карытып келет.
Календарды карасам, Кубатты көрбөгөнүм кыркынчы күнгө караптыр. Канаты кайрылып, капаста камалган кушча күтүүдөн көңүлүм көөнөрүп кетти. Көйгөйлүү көңүлүмдү көтөрмөлөөгө көмөктөшүп кайрадан калпычы кыялым камчылана кызматына келди. Көрөөрсүңөр, Кубат келбей койбойт. Кайрымсыз күтүүнүн кыянат кастыгынан кемсинип, куурайдай каткан көңүлүмө кезеги келгенде кубаныч катып келери кажетсиз. Курчалган кусадан кудуретсизмин. Кубат, келип куткарып калчы, көңүлүм кубанычтан куру калбастыр. Кезегинде кыз каадасын кылып, кербезденип кылыктанып койгондурмун.
Кокус катуу кетсем, кечир. Кечиришели, кол кармашып кыналышып кайрадан кубанычтуу күндөрүбүзгө карай кетеличи. Көп кечикпей келсең, каралдым.
Кыш, күмүштөнгөн кыламык кар. Күндүн көзү күлүп калыптыр. Кыязы, Кубаттын келеринен кабарласа керек.

Нурзат Эсенканова,
Журналисттер союзунун мүчөсү