Мекен чегин коргоп жаткан жоокер уулубузду аткан канкор жана абийирсиз Анипа баш болгон ээнбаштар жазалансын

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
Асылбек Жээнбековго!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановго!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Саляновага!
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук комитетинин төрагасы
Шамиль Атахановго!
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри
Зарылбек Рысалиевге!

Баткен облусундагы "Самаркандек" чек ара көзөмөлдөө тозотунда болгон жаңжалдан каза болгон уулубуз, тозоттун командиринин күжүрмөн даярдык боюнча орун басары, лейтенант Дүйшөналиев Канаттын ата-энесинин, бир туугандарынын атынан


КАЙРЫЛУУ

Маалымат катарында: Окуя 2012-жылдын 12-февраль күнү, саат 14төр чамасында болгон. Тажик Республикасынын Согди облусуна караштуу Исфара районунун Чорку айылынын тургуну Каримов Умаржан өзүнө таандык "Мазда" үлгүсүндөгү автоунаасы менен көмүр жүктөп, Паскы-Арык айылынан кошуна Чорку айылына карай багыт алганда аны кыргыз тарапка таандык чек ара көзөмөл тозотунун чек ара кызматкерлери токтотушкан. Чек ара жоокери айдоочунун тиешелүү документтерин сураганда автоунаанын ичинде отурган Баткен районунун Паскы-Арык айылынын тургуну 1981-жылы туулган Калбаев Акылбек Шамсудинович жерге түшө калып, ал жерден нөөмөттө турган чек арачыларга кайрылып, эч кандай документ көрсөтпөй турганын айтып, Умаржан Каримовго кайрыла чек арачыны коюп жиберүүсүн өтүнүп, аларга каршылык көрсөткөн. Эки ортодо карама-каршылык күчөп, 40-50 чакты адам чогула калып чек арачыларга сес көрсөтүп, шылдыңдап, туура эмес аракеттерди көрсөтө баштаганда кошумча күч чакырылган.
Чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен мурда соттолуп келген, айылдын көпкөн бир эргулу Калбаев Акылбек деген неме чек ара көзөмөл тозотунун башчысы, лейтенант Салижанов Муратбек менен тарткылаша кетип, күч колдонуп, анын колундагы автоматты тартып алып, асманга карай аткылай баштаган. Ошол арада Акылбек Калбаевдин чакырыгы менен келген атайын тажаал аялдардан даярдалган топ, бир катар эркек таналар акыбалды курчута баштайт. Жүрүм-туруму бөтөнчө албуут аял Анипа Талипова баш болгондор "аткыла эле аткыла" деп кыйкырып, көкүтө башташат. Ошол учурда ыкчам топту баштап келген 22 жаштагы "Самаркандек" чек ара тозотунун командиринин күжүрмөн даярдык боюнча орун басары, лейтенант уулубуз Дүйшөналиев Канатты карай ок чыгарган. Окуя болгон жерден эле уулубуз көз жумган.
Уулубуздун өмүр таржымалынан: Дүйшөналиев Канат Өмүрбекович 1989-жылдын 10-сентябрында Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү, бойдок. Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайын 2010-жылы ийгиликтүү аяктап, лейтенант наамына ээ болгон. Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналып Москва шаарында өткөрүлгөн аскердик парадга катышып, РФнын Коргоо министрлигинин атайын медалына татыган. Канат жогорку аскердик окуу жайын аяктагандан кийин 2010-жылдын сентябрь айына чейин Караколдогу чек ара отрядында кызмат өтөгөн. Андан кийин Баткен чек ара отрядынын "Самаркандек" чек ара тозотунун командиринин күжүрмөн даярдык боюнча орун басары болуп иштеп келген.
Урматтуу Кыргыз Мамлекетинин жогорку жетекчилери!
Кызмат өтөө учурунда канкордун колунан каза болгон уулубуз Канатыбыздан айрылып, канатыбыз кайрылып, кан жутуп, аза кайгысын тартып, жүрөгүбүз күйүп Сиздерге төмөндөгү өтүнүч талабыбыз менен кайрылып отурабыз.
Уулубуздун көз жумганына ай чамалап калса да Сиздер тараптан маани берилип, атайын депутаттыкпы же мамлекеттик бийлик деңгээлиндеби, комиссия түзүлүп, жаңжалдын келип чыгышына, уулубуздун өлүмүнө, күнөөкөрлөрдүн жоругуна, дегеле ал жердеги жагдайга мыйзамдык жана ыймандык деңгээлде баа берилип, алгачкы чаралар көрүлбөгөндүгү бизди тынчсыздандырып, терең капага салып келет.
Бир катар маалымат каражаттары "Азаттык", "Баракелде" өңдүү сайттар "А.Калбаев деген Канаттын куралын тартып алып, Канаттын өзүн атты" деп такталбаган маалыматтарды берип келишти. Кең дүйнөгө сыйышпай, зыркырап турганда андай жалган маалыматтар бизди ого бетер капалантты. Окуя болгондо тартылып алынган автомат Канаттыкы эмес, чек ара көзөмөл тозотунун башчысыныкы болгон.
Эмне үчүн чек арада болгон жаңжалды жок дегенде мамлекеттик теле, радио булактары менен гезиттер тыкыр журналисттик иликтөөгө алып, ачык-айкындуулукту камсыз кылып, коомчулукка жеткире алышпады. Бул жерде мамлекеттик бийлик бутактарынын жана укук коргоо органдарынын маалыматтык саясат бөлүмдөрүндө, басма сөз кызматтарында иштегендердин кызматтык милдеттери, жоопкерчиликтери кайда калган же аларга бул окуя негиздүү эмеспи деген мыйзамдуу суроолор айтылбай койбойт экен.
Мекенин коргоо үчүн болгон эрдик изгилигинен уулубуздун өмүрүнүн өзөгүн алып тынган окуяга өз учурунда аракетин көрбөгөн жергиликтүү бийлик башчыларынын (айыл өкмөтү менен райондук бийлик башчылары) жоопкерчилиги эмне үчүн суралбайт, кызмат абалы каралбайт. Мыйзамдуулукту сактайт, бизди коргойт деген "Менин милициям" же ички иштер бөлүмүнүн анын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кайда жүрүшкөн? Айтылган кеп-сөздөргө караганда, жергиликтүү бийлик менен орган кызматкерлеринин бир катарлары канкор А.Калбаев жана ана катын Анипа баш болгон эсирген эрендер жана эси жок катындар менен байланышта болуп, жактап, коргоп кылмыш ишин жеңилдетүү үчүн бирге аракеттенишүүдө деген сөздөр болууда.
Эмне үчүн чек ара мыйзамын бузуп, унаасы менен жолду тосуп, окуянын келип чыгышына түздөн-түз себепкер болгон Тажикстандын айдоочусу күнөөсү жок деп кое берилген?
Бүгүнкү күндө окуя боюнча облустук ички иштер башкармасынын кызматкерлери тарабынан тергөө иши жүргүзүлүп жатат. Бирок эмне үчүн чек арада болгон окуяны курчутуп, чыр-чатактын залакасын жараткан ээн ооз, жүрүм-туруму бөтөнчө аялдар "аткыла" деп аттырып коюшуп, анан "ажалы жетиптир да, бир чек арачы өлүптүр, чыр-чатакты ырбатпай, ошол жерден бүткөрөлү" деп энелик мээриминен кеткендер, анан да жасаган күнөөлөрүн мойнуна алып калбай, кайра күнөөкөрдү коргоп, ар кандай айла-амалдарды айтып, ЭлТРдин "Багыт" программасы аркылуу актанып олтурушу эмне деген жорук, эмне деген бетсиздик? Эмне үчүн күлтүлдөгөн андай желдүү катындар камалбайт, суракка алынбайт? Бүгүн алар бирде Кыргызстанда, бирде Тажикстанда ээн-эркин жойлоп, жасаган жоруктарына курсант болуп, эсирип басып жүрүшөт.
Чырактай жанып турган уулубузду өлтүрүп коюп жаткан канкорду коргоп отурган анын тууган-туушкандарынын жоруктары бизди күйгүзүп жатышпайбы. Бул жерде жабыр тарткандарды ким коргойт? Баласы өлтүрүлгөн эне-атанын кайгысын ким басат? деген суроо туулбай койбойт. Чатактын отун тутантып, көзүн май басып эсирген андай адамдарга укуктук жактан татыктуу баасы берилеби? Мамлекеттин кебелбес тамыры болгон адилеттик кайда, Урматтуу Журт Башчылары?
Ооба, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эртеби-кечпи прокуратурада каралып, сотко өткөрүлөт. Бул иштердин баары Баткен жергесинде жүргүзүлсө өзүнүн мыйзамдык жактан туура баасын ала алабы деген орундуу суроо туулат. Анткени ал жерде жердештик, тааныштык деген көр пендечилик байланыштар болбой койбойт деп ким кепилдик бере алат? Анын үстүнө "Акча жүргөн жерде албарсты кошо жүрөт" дейт. Ошондуктан, Урматтуу Журт Башчылары, укук коргоо тармагынын жетекчилери, тергөө ишине прокурордук көзөмөл, соттук иш Бишкек шаарында жүргүзүлүшүн Сиздерден өтүнөбүз жана талап кылабыз!
Тергөө ишинде кылмыш иштери боюнча окуяга катышкан күнөөлүүлөр аракеттерине жараша жазалары коюлушу керек. Сот өндүрүшүндөгү ишти кароодо адилеттүүлүк болуп, бир да укуктук ченемдерди бузууга жол бербейт деп ойлойбуз. Уулубузду аткан канкор Акылбек Калбаевге өмүр бою эркинен ажыратылган жаза чектөөнү, оозу желдүү, абийирсиз Анипа баш болгон ээн баштар да оор жазага кириптер болушун талап кылабыз. Мындай укуктук жаза колдонгондо гана адам өмүрлөрүнө забын болгон эргулдарга, мен билем деп эрдемсип жүргөн эрендерге сабак болор эле.
Урматтуу Бийлик Башчылары! Мамлекетибиздин бүтүндүгүн коргоп, чек ара кыйырын сактап турган офицерлер менен жоокерлерибиздин коопсуздугун камсыз кылууда аларга бардык керек болгон шарттарды түзүү, чек ара тартибин оңдоо, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын камсыз кылууда эл аралык мамилелерди чыңдоо жана сактоо, чек араларыбызды бекемдөө, коңшу мамлекеттер менен теңата шартында сүйлөшүү өңдүү зарыл милдеттер Сиздер тараптан колго алынып, кыска мезгилде чечилет деген ойдобуз.
Уулубуз Мекенге берилген терең сезимдеринен улам көз жумду. Өлсө да уулубуз Канат элибиздин бейпилдиги, бактысы, тынчтыгы менен насиптеш болуп жашай берет.
Ооба, уулубуз элинин бактылуу болушу үчүн Мекен чегинде көз жумду. Муну Сиздер, Урматтуу Журт Башчылары, жон териңер менен сезип, акылыңар менен туюп, түшүнүп коюңуздар. Ооба, уулубуздун арбагынын алдында биздин өтүнүч-талабыбызды аткарып коюңуздар, Урматтуу Журт Башчылары, Укук Коргоо Жетекчилери. Ошондо гана Сиздер арбак алдында, Ата Журт алдында өзүңүздөрдүн адамдык дейбизби, же жетекчилик дейбизби, милдетиңерди аткарган болосуңар, Урматтуу Журт Башчылары, Урматтуу мыйзамдуулукту сактаган, коргогон Укук Коргоо Жетекчилери!
Кайрылууну жолдогондор:
Канаттын атасы
Өмүрбек Дүйшөналиев жана энеси, бир туугандары, тууган-туушкандары,
Нарын шары