Акмат Бакиев качып кетти

Буга жол берген азыркы бийлик революция


Жасагандардын бетине түкүрдү!



6- март күнү эртең менен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев качып кеткени жөнүндө маалымат тарап, түш оой Жаза аткаруу кызматынын пресс-кызматы бул маалыматты тастыктады. Эсиңиздерге сала кетсек, Акмат Бакиев ушул жылдын башында №35 жатак абагына которулган. 24-январь күнү ден соолугу начарлап кетти делип, №6 шаардык ооруканага жаткырылган. Бул жерде 6-февралга чейин жатып, Бишкектеги Гоголь-5А дарегинде жайгашкан "КафМедЦентр" аттуу жеке менчик ооруканага которулган. Анан эле 3-март күнү түштөн кийин белгисиз тарапка "жылт" коюп атпайбы. Ал эми Жаза аткаруу кызматы Акматтын качып кеткени тууралуу 6-март күнү гана коомчулукка билдирип жатышпайбы. Чек арадан беймаал өтүп алсын дешкениби? Биз бул инцидентти өз алдыбызча иликтеп, кызыктуу фактыларга туш болдук.


Телефонун өчүргөн Байзаков, чабуулга төшүн тоскон Никсдорф
Адеп дегенде эле Жаза аткаруу кызматына жөнөдүк. Анткени бул мекеменин жетекчиси Шейшен Байзаковдун телефону өчүк болгондуктан, өзүнө жолугуп комментарий алалы дегем. Тилекке каршы, а кишинин ордуна басма сөз катчысы Александр Никсдорф жооп берди:
"2011-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Акмат Бакиевди калган жаза мөөнөтүн №35 жатак колониясында өтөсүн деген чечим чыгарган. 4-январь күнү Акмат Бакиев №47 колониядан Бишкектеги №35 жатак абагына которулган. Ден соолугу начарлап, тез жардам кайра-кайра келе берип, 24-январь күнү №6 шаардык ооруканага жаткырылган. 6-февраль күнү Бишкектеги жеке менчик ооруканага дарыланууга жаткан. Жатак абагында жаткандар жумасына бир жолу келип, катталып коюп кете беришет. Жанына күзөтчү коюлбайт. Биздин кызматкерлер күндө ушул жеке менчик ооруканага келип Акмат Бакиевдин бар-жогун текшерип турушчу. 3-март күнү Акмат ордунда жок экени аныкталган" - деп, Жаза аткаруу кызматынан чыгып №35 жатак абагына бардым. Демейде ачык турчу абактын эшиги бек экен. Дарбазанын алдынан бейтааныш бир киши, "Бул жерди сүрөткө тартканга болбойт. Кайтаруудагы объект. Азыр зектер чыгып фотоаппаратыңды тартып алат" дейт, опурулуп. "Андай кайтаруудагы объект болсоңор Акматты жакшылап кайтарып албайт белеңер" дедим да, сүрөткө тартып кирдим.

Күнөөнүн баары Жаза аткаруу кызматында
№35 жатак абагынан чыгып Акмат Бакиев 6-февралдан бери дарыланып жаткан Гоголь көчөсүндөгү КафМедЦентр жеке менчик ооруканасына бардым. Врачтар менен сүйлөшүүгө болгон аракетимден майнап чыкпады. Алар: "Биз жеке менчик ооруканабыз. Учредителдердин уруксаты жок интервью бере албайбыз. Акмат Бакиев ГСИНге караштуу абакчы. Силер ошолордон эмнеге жанына күзөтчү койгон эмессиңер деп сурап алгыла" дешти. Болгону ал жерден Акмат Бакиев №7 палатада жатып жүргөнүн гана билдим. 2-март күнү Акматтын майлысуулук экинчи аялы келип, Акмат менен кечке сүйлөшүп кетиптир. Бирок бул окуя боюнча оорукананын дарыгерлери маалыматы жок экенин айтышты.
Чындыгында бул жерде Жаза аткаруу кызматынын күнөөсү тоодой. Ооба, жатак абагына которулган ар бир абакчынын жанына күзөтчү коюлбайт. Ал күнүгө кечинде же бир жумада бир барып катталып коет. Бирок Акмат Бакиев катардагы абакчы эмес да. Агасы Бакиевдин канкор режимине кол кабыш кылып, далай кишилерди сыздатып, Жалал-Абад облусун каалашынча бийлеген көмүскө "губернатор" болгонун унуттукпу?! Кечээ эле 7-апрель күнү өз жанын садага чаап революция кылып, бүгүнкү бийликке кызыл тебетей кийгизген шейиттердин арбагы, алардын артындагы жетим балдары, жесир эне-жубайлары канкор Курманбек, Жаныш Бакиевдер кармалбаса дагы, Акмат Бакиев кармалганына каниет кылып, ызасын-муңун ушундан чыгарып отурушпады беле. Акмат Бакиев катардагы кылмышкер эмес, коркунучтуу кылмышкер болчу. Ал жатак абагына которулганы күнү деле жанына Жаза аткаруу кызматынын күзөтчүлөрү кайтарышы зарыл эле. Анан мыйзамды сакташкан имиш. Андай мыйзам сакташса 3-март күнү эле Акмат Бакиевдин качып кеткени белгилүү болгон соң, УКМК, ИИМге кабарлашпайбы. Эки күн өтүп, Парламентте депутаттар бул маселени тактай баштаган соң гана маалымат бербей.

Качыруу планы Ленин райондук сотто эле башталганбы?
Эсиңиздерге сала кетсек, Акмат Бакиев 2011-жылдын 5-августунда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан "массалык башаламандыкты, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштурган, улуттар аралык жаңжалды тутандырган, мыйзамсыз куралдарды алып жүргөн жана сактаган, тоноо, жерлерди-мүлктөрдү өз билишинче менчиктештирген, токой фондуна кирген жерлерге курулуш курган" деген 8 эпизод, 11 статья менен айыптар тагылып, болгону 7 жылга кесилген. Айтмакчы, улутташтырылган объектилердин ичине Акмат Бакиевге таандык Жалал-Абад шаарындагы Курманбек көчөсү-8 дарегиндеги 33198 кв.метр жер, 21 986 кв. метр аянты бар имарат жана Нефтяник-3 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк киргизилген. Бул объектилер Маммүлк министрлиги тарабынан 203 млн. 557 миң сомго бааланганын айта кетели.
Ошентип, 2011-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Байсеитов мурдагы соттук инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырып, Акмат Бакиевдин калган жаза мөөнөтүн (2 жыл 8 ай) №35 жатак абагында өтөөсүнө чечим чыгарат. Анын жыйынтыгы менен Акматтын жаза мөөнөтү 2014-жылдын 3-сентябрында бүтөрү белгилүү болгон. Ошондогу сот бүткөндөн кийин Акмат Бакиевден жабыр тарткан ишкер Касым Исмановдун адвокаты Икрамидин Айткулов "Акмат Бакиевге Башкы прокуратура жана соттогу таасирдүү фигуралар жардам берип жатат. Прокуратура бул ишти толук кандуу көзөмөлгө албай, Касым Исмановдун жазган арызындагы коюлган маселелерге жооп бербеди" деген.

Икрамидин Айткулов:

"Акмат прокуратура жана сот органдары менен сүйлөшүп алган"


Акмат Бакиевге каршы күрөшүп келаткан Касым Исмановдун адвокаты Икрамидин Айткулов менен байланышып, а кишиден өтө кызыктуу маалыматтарды уктук:
- Икрамидин мырза, Акмат Бакиев качып кетти. Себеби ага качууга жол берген жеңил жаза берилген да. Сиз кандай дейсиз?
- Ооба, мен муну убагында да айткам. Анткени бардык тергөө жана сот иштери мыйзам бузуулар менен өтүп жаткан. Ага оор айыптар тагылган, бирок жеңил жаза алып, болгону 7 жылга кесилген. Бир сапар алдамчылык менен 10 миң сом алган бир аялга адвокат болгом. Ал аял 6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. А Акмат Бакиев жабырлануучу Касым Исмановго 700 миң долларлык мүлкүн тартып алып, 8 жылга түрмөгө кестирүүнү уюштурган ал деле 7 жылга кесилип, жеңил жаза алды. Башка кылмыштары бүт кошулуп. Акматка 8 эпизод менен кылмыш иши козголгон да. Менимче, Акмат прокуратура жана сот органдары менен сүйлөшүп алган. Дагы бир айта кетчү жагдай, тергөөнүн жүрүшүнө, андагы көптөгөн фактылардын көмүскөдө калышына ошол кездеги Башкы прокурордун 1-орун басары Рыскул Бактыбаев таасирин тийгизди деп ойлойм. Себеби убагында Касым Исмановго кылмыш иши козголгондо Рыскул Бактыбаев Жалал-Абаддын облус прокурору болуп турган. Бактыбаевдин жардамы менен Акмат, Касым Исмановго кылмыш ишин козготуп, мүлктөрүн Бакиевге каттатууга аргасыз кылган. Азыр Акмат Бакиевдин наамына катталган Жалал-Абаддагы эки үйү арестке алынбаганы белгилүү болуп отурат. Анын бирөөсүн убагында Жалал-Абаддын прокуратурасы ижарага алып отурганы белгилүү болду. Биз бул маалыматты мамлекеттик каттоо мекемесинен билдик. Ушул эки үй мамлекет тарабынан конфискацияга алынып, улутташтырылган объектилердин тизмесине кириши керек болчу да.
Жусуп Бакиевдин өлүмүнүн куну 700 миң долларбы?
Акмат Бакиевге каршы мамлекеттик прокуратурадан башка, жабырлануучу Касым Исманов да аягына чейин турганын айта кетели. Касым Исманов, мурда Каракол жана Жалал-Абад шаарларынын мэри, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын жетекчиси болуп иштеген. 2005-жылы Акаевдин маалында, андагы оппозиционер Курманбек Бакиев Жалал-Абаддан Жогорку Кеңешке талапкер катары аттанууну чечет. Касым Исмановду чакырып талапкерлигин алуусун өтүнөт. Исманов макул болот. Бирок, Курманбек Бакиев Ала-Бука шайлоо округуна ооп кетип, Касым Исманов кайра эле ушул округдан чыгат. Атаандаштары болсо Кадыржан Батыров менен Жусуп Бакиев эле. Жыйынтыгында кыргызды калабаңга салган Кадыржан Парламентке өтүп кетет. Кийинчерээк Жусуп Бакиев каза болгонун билесиздер. Бакиевдер анын өлүмүн Исмановдон көрүшүп, тизелетүүнү көксөп жүрүшкөн. 2008-жылы Касым Исмановду Ноокендеги убактылуу камоочу жайга жаптырышып, аны 8,5 жылга кестирүүгө умтулушкан. Аргасы кеткен Касым Акмат Бакиевге 145 миң доллар, 58 миң долларлык "Лэнд Крузер-100" үлгүсүндөгү жолтандабас, Бишкектен 19 миң долларлык квартира жана Жалал-Абаддагы өзүнүн мүлктөрүн каттап берүүгө аргасыз болгон. Кыскасы, Акмат Бакиев Исмановдун жалпы жонунан 700 миң долларлык мүлкүн тартып алган.

P.S. Ошентип, "Мен Кыргызстандан качпайм" деп агасынча алакан жайган Акмат Бакиев качып кетти.
Ал эми убагында коомчулук, жөнөкөй эл "Акмат Бакиевди неге жатак абагына чыгардыңар. Эми ал качып кетет да" деген талабын укпаган бүгүнкү бийликтин шалаакылыгынын айынан бул инцидент болду. Башта айткандай, Атамбаев башында турган бийлик революция жасаган карапайым элдин бетине түкүрдү. Бул жерде Акмат Бакиевге тагылган айыптарды жеңилдеткен, көрмөксөн-билмексенге салып келген прокуратура жана сот органдарынын күнөөсү чоң. Албетте, ошол эле БАЙБОЛОВ, ошол эле САЛЯНОВА жана Акүйдөгү акча дегенде апасын саткан төбөлдөрдүн да күнөөсү чоң. Ал эми интернетте Акмат Бакиевди Алматада балдары тосуп алганы тууралуу маалымат жүрөт. Демек, Акмат канкор агаларын көздөй сызган экен да. Азыр Акматтын биринчи никесинен болгон улуу балдары - Арстан менен Курсандын да телефону өчүк экен. Балким, алар дагы атасы менен кошо кетишкендир.

Семетей ТАЛАС уулу




Мелис Турганбаев:

"Биз кармайбыз, башкалар качырат"


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Акмат Бакиевдин качышы тууралуу "Азаттыкка" мындай деди:
- Мен бир жумадан бери Ошто иш сапар менен жүрүп, кечинде эле келдим. Бул боюнча так деле маалыматым жок. Бирок кечээ кечинде ИИМдин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси алгачкы маалымат берди. Бул жерден эми өзүңүздөр билесиздер, биз кармай беребиз, кээ бирлер качырып коё берет. Балким, соттордонбу же болбосо тергөө маалындабы, анча-мынча жакшы каралбай калган жерлерине байланыштуу кылмыш жазасын азыраак алганы, ооруканага жатканы да мен үчүн таң калычтуу болуп жатат.
Жогоруда айткандай, күнү-түнү жүрүп кармаганга аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда коё берилип, же ар кандай себептер менен чыгарып жиберген учурлар болуп жатат. Акмат Бакиевдин качып кеткенин бүгүн териштирип, аныктайбыз, толук маалымат алабыз. Бакиевдерди кармаганга мурда айткандай чон каражат керек. Бүгүнкү күндө каражат анча деле көп эмес. Күч болсо бар. Бирок эл аралык келишимдер бар. Ошонун негизинде бул процесстердин баары көпкө созулуп кетип жатат. Мына Белоруссияга биз канча жолу Башкы прокуратура аркылуу жолдомо жөнөттүк. УКМК, ИИМ жана Интерпол аркылуу Жаныш Бакиевдин издөөдө жүргөндүгү тууралуу документтерди жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө эч жактан бир да анык жооп алалган жокпуз.
www.azattyk.org





Акмат Бакиевдин качып кеткени алдын-ала пландалган ишпи?
Токон Мамытов, ЖК депутаты:
-Кызык, таң калычтуу нерселер болуп атат. Депутат Ширин Айтматова ЖАМКга чалып, Акмат Бакиевди сураса, алар абакта эле экенин, көзөмөлдө турганын айтыптыр. Депутат өзү барганда Акмат Бакиев жок болуп чыгат. ЖАМКнын жетекчиси да, абактагылар да кайда экенин билбейбиз дешиптир. Ошондо гана анын качып кеткени ачыкка чыгып, ызы-чуу болуп атышат. Бул Акмат Бакиев эч кандай көзөмөлдө болбогон дегенди билдирет. Анда эмне үчүн депутат сураса көзөмөлдө деп жалганды айтышат?
Экинчиден, Акмат Бакиев кандай себептер менен №47 абактан жатак колонияга чыгарылганы белгисиз. Аны чыгаруу сунушун ким жазган, аны ким бекиткен деген суроолор туулат. Абактан чыгарылгандан кийин ооруканага жаткырылып, ал жерде дарыланып, дарыгердин "айыгып чыкты, саламаттыгы жакшы" деген бүтүмүнөн кийин Акмат Бакиев менчик бейтапканага жаткырылган. Ден соолугунун жакшы экенине карабай ооруканага жаткырылганы да суроолорду пайда кылууда.
Жабырлануучу тараптын адвокаты Икрамидин Айткулов режими мыйзамсыз өзгөртүлгөнүн, качып кетүүсү мүмкүн экенин айтып атты. Ага эч ким кулак салган жок. Ал жатак абакка чыгарылганда катуу кайтарууда, көзөмөлдө болушу керек эле. Бул дагы бир ирет ЖАМК системасынын талкалангандыгын гана көрсөтөт. Алардын мында күнөөсү чоң. Бул иш укук коргоо органдарынын катышуусу менен болду. Ансыз Акмат Бакиевдин качып кетүүсү мүмкүн эмес болчу.

Акылбек Султанов, ЖК депутаты:
-Дарыланып жүргөндө качып кетти деп атышат. Ал ден соолугуна байланыштуу дарыланып жүргөн болсо, ал тиешелүү органдардын кайтаруусунда болуш керек. Мыйзам бузуу ушул жерде болгон. Укук коргоо органдары, ЖАМК системасынын жоопкерчилигиндеги маселе. Менимче, ага бийликтеги адамдардан аралашкан болушу мүмкүн. Кыргызстандын ичинде болсо, эртеби кечпи табылат. Бирок ушунча болгондон кийин ал сыртка чыгып кетсе керек. А өлкөдөн сыртка бирөөлөрдүн жардамы менен гана чыга алат. Демек, бул окуяга бийликтеги таасирдүү фигуралар катышканын жокко чыгарууга болбойт.

Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты, СДПК фракциясынын лидери:
-Бул биринчи кезекте бийликтин, тиешелүү укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан болду. Акмат Бакиевдин качып кетүүсү боюнча ар кандай божомолдорду айтууга мүмкүн. Атайылап, алдын-ала уюштурулбаган деп да айтыш кыйын. Буга аны кайтарып, анын эч жакка качып кетпөөсүнө жооп берчү органдар, тиешелүү кызмат адамдары бар. Бул ошолордун күнөөсү.

Райкан Төлөгөнов, ЖК депутаты:
-Акмат Бакиевдин качып кетүүсү күнмурунтан, алдын-ала дыкат уюштурулган иш экени көрүнүп эле турат. Мындан башкача ойлоого мүмкүн эмес. Анын оорулуу деп табылганы, шарттуу түрдө абакка чыгарылганы баары ойлонулган окшойт. Бул бийликтеги Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тымызын жан тарткан кандайдыр күчтүн, топтун бар экениинен кабар берет. Ошолор акчанын күчү менен буйрутма беришти, калгандарды аны аткарышкандай. Болбосо Акмат Бакиевге эмне күч келмек эле? Шарттуу түрдө бошотулуп, эркиндикке чыккан. Ай сайын катталып, эркин эле жүрө бермек. Акмат Бакиев муну менен өз тагдырын татаалдантып алды. Эми ал Кыргызстанга кайтып келалбайт.

Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты:
-Бизде баарын качырып келишпеди беле. Эми Акмат Бакиевди да качырып жиберишти окшойт. Көрүнүп эле турат, уюштурулган, алдын-ала пландалган иш. Кыргызстанда акчасын алып, качырып жиберчү бийликтеги таасирдүү күчтөр, топтор бар окшойт. Ошолордун колунан келген иш го. Негизи, Акмат Бакиевди жатак абакка чыгарбашы керек эле. Ошондо эле баары туура эмес болгон. Көчөдөгү кыздардай болгон соттордун кылган иши болбодубу.

Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер:
- Акмат Бакиевдин качып кетиши эң эле биринчиден, азыркы бийликтин ишине доо кетирет. Негизги күнөөлүүлөрдү кармай албай атып, анан бул жагынан кармалганын качырып атышса, бу эмне деген шумдук. Мисалы, апрель окуялары боюнча сот жүрүп атат, бирок негизги күнөөкөрлөр кармалган жок. Соттолуп аткандардын баары түздөн-түз тиешеси жоктор. Бул сот чечим чыгара албайт. Кылмыш жасагандар түздөн түз өз жообун алышы керек. Бул өч алуу эмес, экинчи андай кылмыш кайталанбашы үчүн жасалышы керек болчу. Бүгүнкү бийлик аларды жоопко тарта алмак тургай четинен качырып жатат. Бул уят иш.

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:
- Акмат Бакиевдин өзү качып кеткенинен күмөн санайм. Балким бийликтин да катышы болушу мүмкүн. Же кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгы болгон. Анын качышы менен бийликтин аброюна доо кетти албетте. Өтө оор статья менен 7 жылга соттолгон адамды тез аранын ичинде ким ошондой боштондукка чыгарат? Акмат Бакиевти аяп, ишеним көрсөтө коебуз деп бийлик өз кадыр-баркын түшүрүп алды. Кандай "күчтүү" бийлик экенин көрсөттү.

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
- Бул Акмат Бакиевдин камалганынан тарта эле ойлонуп жасалган иш экени көрүнүп калды. Аны качырууга бийлик өзү кызыкдар экени маалым болду. Болбосо курал чогултуп, террористтик аракеттерди колдогон деген берене менен кылмыш иши козголгондон кийин, бул статьяга мунапыс берилбеш керек эле. Ал эми Акмат Бакиевдин ишин мунапыс менен кыскартып отуруп, колония поселениеге кетиришти. Ал жактан качып кетиш оңой эле да. Ооруп атат деген шылтоо менен адегенде ооруканага, андан кийин жеке менчик ооруканага которушту. Ал жерде дарыланымыш болуп жаткан учурда документтерин даярдашты да, акырын чыгып качып кетти да. Болбосо камалган адам ГСИНдин гана ооруканасында дарылынышы керек болчу, ага жеке менчик ооруканадан дарыланганга ким уруксат берген?

Марс Сариев, саясий серепчи:
- Башынан эле Акмат Бакиевди түрмөгө отургузуунун кажети жок болчу. Анткени бул киши бир туугандарындай саясатка катуу аралашкан эмес да. Карапайым эле адам болчу. Анын качып кетиши бүтүндөй бакиевдердин үй-бүлөсүнө ого бетер зыян алып келди. Эч жакка кетпейм дегенден кийин сөзүнө турса болмок. Экинчиден, бул жерде бийликтин күнөөсү жок. Анткени аны чыгарып коелу деп Атамбаев чечкен эмес. Бул соттун чечими болчу.

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:
- Ушунун баары колунан бок келбеген, ыплас бийликтин шалаакылыгынын айынан болду. Курманбек Бакиев президент, Акмат Бакиев Жалал-Абадды жалгыз бийлеп хан болуп турганда да "Элди эзгениңерди, зордук-зомбулукту токтоткула, арты жамандык менен бүтөт. Кудай башыңарга салат" деп бетине эле айтчумун. Бул Акмат жаңы эле УКМКнын СИЗОсуна жатканда Урмат Барыктабасовдун иши боюнча УКМКга барып калып, ошол жерде Акмат Бакиев дагы жатат дешкенинен кире кеткем. Ошондо Акмат "мен 18 оору менен ооруп жатам, мени үй камагына чыгаргыла" деп айтканы бар. Мен ошондо Акмат "сени үй камагына чыгарса качып кетесиң" деп айткам. Бул жерде акча ойноп кетти. Сот, прокурорлор жеңил өкүм чыгарып, жатак абакка чыгарбашы керек болчу. № 47 колонияда деле бардык шарты менен оорукана бар болчу.

Осунбек Жамансариев, "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын жетекчиси:
- Акмат Бакиев карата тергөө иштери тээ башында эле туура эмес башталган. Билесиңер Акмат 7-апрелден кийин Ош, Жалал-Абаддагы Бакиевдин бийлигин сактап калуу үчүн тополоң уюштурган. Андыктан Акматка каршы "мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган" деген эң негизги айып коюлган эмес. Негизи эле Акмат Бакиевге коюлган оор кылмыштар боюнча акталып, болбогон айыптар менен 7 жылга кесилген. Биз муну учурунда дагы бийликке айтып чыкканбыз. Ошол убакта чара көрүш керек болчу. Эми азыр "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" дегендей болуп атпайбы.
Пикир топтогондор:
Дилбар Алимова,
Бегимай Бакашева,
Мирлан Дүйшөнбаев