Самара Токтакунова, СССРдин Эл артисти,
Кыргыз Эл артисти:
"Апалар эч убакта ыйлабасын"
-Бүгүн Кыргызстандагы бардык апалар, эжелер, сиңдилер үчүн абдан кубанычтуу күн, себеби аялдардын Эл аралык 8-Март майрамыбыз болуп атат. Бүгүн кудай буюрса, маанай аябай жакшы. Аялдарга, апаларга, сиңдилерибизге, эжелерибизге майрамдык маанай каалайм, бактылуу, келечектери кең болсун, эли-журтубуз аман-эсен болсун! Эл ичи тынч болуп, апалар эч убакта ыйлабасын!


Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Эл Баатыры:
"Улуу майрам, сулуу майрам"
- 8-Март биз үчүн кымбат майрам, улуу майрам, сулуу майрам. Аялзаты болбосо, эркектер биз эмне кылмак элек. Бул эл аралык майрамда энелерибизди, эже-карындаштарыбызды чоң чыдамсыздык менен күтүп куттуктайбыз. Алардын сүйүнүчүн, кубанычын көрүп өзүбүз да сүйүнөбүз. Андыктан 8-март жалпы аялзатынын майрамы эле эмес, жалпы үй-бүлөлүк майрам дегим келет. Бардык аялзатын майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, үй-бүлөлүк очокто зор бакыт каалайм.


Сооронбай Жусуев,
Кыргыз Эл Баатыры:
"Көөдөндөрдө
көктөм жадырап турсун"
- Кыргыздын энелери, келин-кыздары чындыгында баатыр. Азыркы оор турмушта эркектер менен тең жарышып иштеп, болгон кыйынчылыкты көтөрүп, уул-кыз төрөп берип, кыргыз улутунун өсүшүнө, укум-тукумунун көбөйүшүнө зор салым кошуп жатышат. Көрсөткөн ийгиликтери, эрдиктери да чоң мактоого татыйт. Быйылкы жаз кечиккенине карабай аялзатынын көөдөнүндө дайыма көктөм жадырап турсун. Өздөрү да көктөмдөй жадырап, акактай жаркырап, биздин - эркек журтунун колго көтөрүп сыйлаган асылзаты болуп жүрө беришсин.


Кайыргүл Сартбаева, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл артисти:
"Март майрам, айымдарга шарт майрам"
- Ананайындарым, мына жаркыраган жаз кирип келди. "Жаз - жарыш" дегендей, энелер, сиңдилерим, келиндерим, кыздарым, баарыңарга тынчтык тилейм. Кыргызстанды мекенибиз деп колубуздан келген ишти жасап, ар кимибиз бийик көкөлөтөлү. "8-Март майрам, аял-кыздарга шарт майрам" деп илгери, совет доорунда айтчу элек. Азыр да ошол совет кездегидей сонун майрам болсун. Эгер менин колумдан келсе кыргыз айымдарына бардык жакшылыктарды ыйгаргым келет. Айымдар, айланайындар, көчөгө чыкпагыла, балдардын баарына айткыла, ынтымакка келип, ушул эл шайлап алган президентибиздин тегерегинде ынтымак менен ырыс-кешик чакыралы деп айтар элем.


Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН,
журналист, публицист:
"Телегейиңер тегиз,
төрөгөнүңөр эгиз болсун!"

Ардактуу эжекелер
жана карындаштар!
Айымдар!
Балдардын энелери, неберелердин чоң
энелери жана
жигиттердин кыздары!
8-Март майрамыңыздар
кут болсун!
Жаз гүлүндөй жайнап жүрө бергиле!
115ке чыксаңар да
ширин болгула.
Чыгармачыл турмушуңар
шакардай кайнап турсун.
Эргүүңөр гейзер менен
шампандай атылып турсун.
Душманыңар жалкоолук болсун.
Досуңар сүйүү болсун.
Телегейиңер тегиз
болсун.
Төрөгөнүңөр эгиз
болсун.
Малыңар семиз
болсун.
Очогуңардын оту жана
Унааңардын отуну үзүлбөсүн.
Теңир, Будда, Алла-Таала, Кудай, Умай Эне, Жер Эне, Маркс руху, Алла
Пугачева, Сүйүү Пири - баары тең жабалактап колдошсун.

Жазып алгандар
Айгүл Бакеева,
Назира Саалиева,
Семетей Талас уулу




Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул күн биздин өлкөдө жалпы элдик эң сүйүктүү майрамдардын бири болуп калды. Биз дагы бир ирет Сиздерге чын дилден чыккан урмат-сыйыбызды билдирүү үчүн бул күндү өтө чыдамсыздык менен күтөбүз.
Биздин өлкөдө башынан эле эң аялуу аялзаты ар дайым өзгөчө урмат-сый мамилеге арзыгандыгы менен айырмаланып турат. Кыргыз бүлөсүндө, коомдо баардык мезгилде аялдын орду өзгөчө баалуу, алмаштыргыс да болгон. Кыргызстанда аялдар эркектер менен теңкатар өз эл-жерин коргогон. Курманжан Датка сындуу кыргыздын чыгаан журт башчылары өз элинин көз-карандысыздыгы үчүн кан-жанын аябай, коогалаң-кырсыктардан сактап келген. Аялдар азыр да өз өлкөсүн өркүндөтүү жана мамлекетти башкаруу иштерине жигердүү катышууда.
Исламда: "Бейиш - эненин таман алдында" деп айтылат. Мындан улуу сөз барбы!
Сиздерге бактылуу өмүр, бакубат турмуш, ачык маанай, үй-бүлөңүздөр менен жалпы эл-журттун жаркын келечегине арналган чексиз сүйүү, арыбас дем каалайм.
Урматтоо менен,
Асылбек Жээнбеков,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы




Астапрылла божомол


(Азил-чыны аралаш)

ЧЫЧКАНтөлгө.
ОБОНчу катындар менен жолугушуу өткөрөсүң. Эртеңки Эл аралык сегизинчи март күнүнө карата өтүүчү митиңгиге карата пресс-конференция өткөрөсүң. Маалымат каражаттарынан кабарчылар кабелтең катышат. Башынан миң митиңги өткөзүп оңко тургузган бир катын жыйналышты ачам деп атып, байкабай… этегин ачып алып элге күлкү болот. Абалды оңдоп кетиш үчүн сен минтип кыйкырасың: "Биринчи апрель - күлкү күнүнө карата өтүүчү митиңгинин катышуучусу адашып келип алыптыр, кечирип койгула…"
УЙтөлгө.
ОБОНчу катындардын бири чуру-чуу салат. Өткөн митиңгиде берген акчаңар эсесердин убагындагы урубилдер экен дейт. Аны кайдан билдиң, рубилди рупий деп оңдогон болчубуз деп сен чырдайсың. Чоң апам Илелиндин сүрөтүнөн таанып айтты дейт тиги катын акчаны бетиңе чачып. ОБОНчулар заматта бир оркестр болуп чогула калып, хор менен ырдап киришет: "Мани, мани, мани…Алдап кеттиң мени, ля-ляңды койгун!..."
ЖОЛБОРСтөлгө.
ОБОНчу катындарды ыстажына карата сегизинчи март майрамы менен ары карап ыйлап, бери карап ырсактап күлүп, гүл берип куттуктайсың. Акчасы кана деп алар кыйкырышат. Акча Алматынын банкында басылып атат. Бүтөйүн деп калды. Сыры кургайлекте колуңарга аласыңар деп даяр убаданы бересиң. Барып очуретке тура бергиле деп жар саласың. Катындар ордо калаанын Алматинский көчөсүн көздөй плакаттарын көтөрүнүп, самсаалап жөө жөнөшөт.
КОЕНтөлгө.
ОБОНчу катындардын бири орто жолдон кайра чыр чыгарат. Мен сени тааныдым дейт ал жеңин түрүнүп. Бетиң жок турбайбы деп сенин балтайган бетиңе "шалп" эткизе түкүрөт. "Сен менин биринчи эримдин күйөөжолдошу эмес белең. Кийинчерээк менин экинчи күйөөм болуп, койнумда бир кыш жаттың. Жаз келгенде бадырушке кызымдын кыска этегин кармап кеткенсиң. Түн катып кеткенсиң, өлүк-тиригиңди көрөйүн, обономайт!" деп сөгүнөт. Кантип тааныдың, бул мен эмесмин, мен бетимди кичирейтип, пластилин операция жасаткам дейсиң моюн бербей.
БАЛЫКтөлгө.
ОБОНчу катындар кайрадан плакаттарын көтөрүп чыгышат. Ал жерде "Митиңгинин ичегисине кан куйгандарга жеңилдиктер берилсин!", "Эмгеги донорлор менен тең баалансын!", "2012-жылы ар бир чеке жылытпаган чекеге бирден "дамашний" жумуртка!" деген алоолонгон ураандар жазылган. Аңгыча болбой сенин чекеңе жаңыле туулган ыпызык жумуртка "чак!" эле дей түшөт. Намыстанып кетип, сен чыр чыгарасың. "Өзүм тууган жумуртка менен өзүмдү уруп атышат, карау-ул!" деп кыйкырган бойдон качып жөнөйсүң.
ЖЫЛАНтөлгө.
ОБОНчу катындар сени Алатоо аянттан, алты жылдыздуу ател "Хаяттан", Маевкадагы "Баяттан", дамбалына чалынган даваттан издеп таппай калышат. Сен бул маалда бир жылдыздуу ажатканада гезит окуп отурган болосуң. Супер-ысканворд гезит. "Көчүк кайсы маалда керек?" деген суроого жооп таппай, ыйынып отурасың. Улам эшик жакты тыңшап коюп олтурасың.
МАЙМЫЛтөлгө.
ОБОНчу катындардын сынак-конкурсу өтөт. "Кимдин тырмагы узун", "Кимдин тили узун", "Кимдин канча топчусу үзүлгөн", "Кимдин үнү ачуу", "Кимдин колу түз", "Кимдин көзү кыйшык" деген жана башка номинациялар боюнча жарыш өткөрүлөт. Сен ыспонсорлук кылган бир взвод катындан үчөө байгелүү орунга илинет. "Чийки жумуртка менен ургандарды бышкан жумуртка менен тойгузгандыгы үчүн", "Түп операциясында жумурткага тайгаланып жыгылган эрдиги үчүн" жана "Сагызды туурасынан чайнаганына карабай оозуна келгенди оттогону үчүн" деген наамдарга татыктуу болушат.
КОЙтөлгө.
ОБОНчу катындар менен жаңы алган наамдарды кафеде майлап жуушат. Мас болушат. Чачташышат. Бири-биринин сөйкөлөрүн жулушат. Ыспонсор катары баарын сен көтөрөсүң. Сөйкөсү жокко сөйкө алып бересиң, Чачы жокко парик алып бересиң. Ыштаны жокко өзүңдүн ыштаныңды чечип бересиң. Кафеден ыштаны жок, лысый, Брюс Лидей тытылган бет менен, бирок эркектик милдеттен таза кутулуп, бактылуу чыгасың. Катындар сени үйүңө чейин төбөсүнө көтөрүп жеткирип коюшат.
ЖЫЛКЫтөлгө.
ОБОНчу катындар тарап кетишет. Үйдө жаш алган үчүнчү аялың үбөлүк менен күтүп алат. "Третий - не брак!" деп кыйкырасың. Оозуңан кырк градус буркурайт. Мас катындар буркурап ыйлагандай буркурайт. "Он уулум болгуча, оосурак чалым болсочу-у!.." деп буркурагандай. Жаш аялың андай философияны али билбейт. Али башы бышалек. Бирди төрөбөй жатып, сенин жылтыраган башыңа чай кайнатып калган мезгил. Биринчи удардан кийин эстен танасың. Эртеси төбөдөгү төрт шишик менен ойгоносуң.
ТООКтөлгө.
ОБОНчу катындар сени Нобель сыйлыгына көрсөтүшөт. Мурдагы сутенер, кумарчы, катынпоз, Дон Жуандын досу, бекерчи катындардын бел туткан кумири, коргоочусу, төшөк-сырчысы, керебет-ырчысы, ортомчу-жуучусу Куйтубекке наам бергиле деп Акүйдүн астына ураан көтөрүп чыгышат. Ошол эле күнү алыскы Норвегиядан мөөрү басылган кат келет: "Куйтубекке эл аралык "Алтын какырык" деген наам берилсин" деген. Кайрадан той-топур башталат.
ИТтөлгө.
ОБОНчу катындар ошол күндү улуттук майрам катары Конституцияга түзөтүү аркылуу киргизгиле деп кайрадан Акүйдүн астына чогула башташат. Үрпөңдөп чочулаган акүйчүлөр эми эмне айла кылабыз деп бири-бирин карайт. Куйтубекти чет мамлекетке жөнөтүп кутулбасак болбойт деп чечишет. Жөнөткөндө да катын-калачы жок жерге ташташ керек деген бүтүмгө келишет. Сени Арктикага элчи кылып жөнөтмөк болушат.
ДОҢУЗтөлгө.
ОБОНчу катындар сени айрыпортко узатканы келишет. Баары ыйлашат. Сен да ыйлайсың. Кучакташып коштошосуңар. Кат жазып, сүрөт салып, телефон чалып туралы деп макулдашасыңар. Муз тепкени келип тургула деп адрес таштайсың: "Арктика. Түндүк уюл. "Тика" автоунаа заводу. Деректирге" деп жазгыла, издегиле дейсиң. Ошол жерден ОБОНчу катындар кайра чыр чыгарат: "Бул шумпай түндүк уюл деп элди кайрадан экиге бөлүп атат! Акүйдүн астына кеттик!.."

КИМБАЙКЕ