Айжан Абдиева

(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)


(Башталышы өткөн санда)
Төрт караан кафеден чыгып, оозунда туруп калышты. Бирөөсү тамеки күйгүздү. Булардын майрамдап жүргөн түрлөрү жок. Бир нерсени талкуулап атышты. Айгерим машинанын аркасына өтө калып, коюу караңгылыкка жашынып алган. Кафенин жарыгы түшүп, тигил төртөө даана көрүнүп атты. "Шефке отчет берип коюп эс алам" деди бирөөсү. "Мен эртең договорду кайра оңдоп чыгышым керек..." деп экинчиси бирдемелерди айтып атты. Сүйлөшкөндөрү иш тууралуу болуп атты. Айгерим безеленип ушул ордунда араң гана чыдап турду. Ал эңсеген бейтааныш жигит өзү жакка далысын салып туруп алганына жаны кейип, чыйпылыктап кетти. Тим эле чуркап чыккысы келди. "Кандайсың, мени тааныйсыңбы?" дегиси келет... Жок, жок, унчукпай эле жөөлөп жанынан өтүп кафеге кирип кетсечи, өтүп баратканда таанып, токтотуп туруп кучактап калса кана?! Айгерим ушинтип кыялдангыча тигил төртөө машинаны көздөй басышты. Капкара Жипке шарт отуруп, эшиктер тарс жабылганда Айгерим нес болуп туруп калды. Баалуу нерсесин колунан жулдургансып делдейип калды. Машиненин жүрүп кеткен дабышынан соң, айлана жымжырт боло түшкөн эле. Артына бурулуп, эмелеки караандардын көздөн кайым болгонуна же сүйүнөрүн, же өкүнөрүн билбей дал болду. Бир көргөн жигит... курсагындагы баланын атасы... көрсө ушундай экенсиң да, кадыр-барктуу, сыйга татыктуу киши тура. Балким, бир чоңдун көпкөн баласыдыр, жок, ага да окшобойт, токтоо, ыймандуу, жылдыздуу, жүзүнөн эркелиги, көпкөндүгү билинбейт. Неси болсо да колунда бар бай экени, жакшы кызмат ээси экени көрүнүп турбайбы. Анан жалгыз энесинен бөлөк эч кимиси, чөнтөгүндө сокур тыйыны жок кызды карамак беле, унутуп койду да эчак.
Бакыт ошол кезде Бишкекке сапар тартып баратты. Караколго барып Түркиядан келген инвесторлорго объектти көрсөтүп түшүндүрүп келатышкан. Баары көңүлдөгүдөй болду. Буюрса, жарым жылдан бери чуркап тытынып иштеп аткан долбоору жүзөгө ашарына ичинен кубанып келатты. Азыр үйүнө барат. Кайра эле жалгыздык курчарын эстегенде ичи бир тыз деп алды. Апасы менен кечээ да ушул темада сүйлөшкөн. "Балам, үйлөнсөң боло, Кадырдын эки кызы тең эстүү болуп чоңоюшту. Бирин келин кылып албайлыбы?!" деп баягы эски ырын кайра баштаган. Кадыр атасынын жакын досу. Кыздары айылда чоңоюп, чын эле эстүү. Чачтары өрүлгөн, татынакай кыздар экени чын. Бирок Бакыт баягы кызды унута албай жүрөт. Кайдан унутмак эле, кылактаган кыздардын артынан тигилип, караанын таппайт. Тымызын издеп жүргөндөн бери канча айлар өттү. Аты-жөнү белгисиз адамды издеш тозок тура. Өзүн-өзү сөгөт. Эмнеге атын билип алган жок?! Эмнеге эртең менен кайтарып, кетирбей кармап калган жок?! Ушинтип машинада ой басып келатты.
Бакыттын маанайын көңүлдүү келаткан досторунун тамашасы да көтөрө алган жок. Дайым ушундай кырдаалда сөз баштап, топту жарчу тапан Нурбекке көз ымдашты.
- Бакыт, көптөн бери сурай албайбыз же өзүңдөн сөз чыкпайт. Арманың болсо ачык айтчы, ичти бышырбай.
- Кандай арман болмок эле, кызыксыңар го?
- Анда эмне үтүрөйөсүң көптөн бери эле?
- Койгулачы нары...
Бакыт ушул күнү досторуна болгон сырын айтты. Жолдо ката бул окуяны уккан достору ооздорун ачып эле ишенип-ишенбей отуруп калышты адегенде. Андан кийин төртөөлөп бейтааныш кызды кантип, кайдан издештин планын түзүп отурушту.
- Сүйүүң менен куруп кет, ушундай да болот экен ээ? "Атын билбейм, ыйлап аткан бир кыз болчу, сулуу болчу, түн болчу, анан мойнунан түшүп калган цепочкасы бар" болгон-толгону ушу гана ээ? - Нурбек башын чайкап Бакытка тигилди. Бакыт унчукпай отурду баш ийкеп.
- Нурбек, сен прокурорсуң да, кыйынсың дагы. Көрүп турбайсыңбы достун абалын, атын эле билсе сага күнү түшпөй эчак өзү эле таап алмак.
- Табабыз буюрса. Мага ишенип койгула.
- Нурбек, сен прокуратурадан алган айлыгың аз да ээ? Ушинтип жүрөктөн кеткендердин маселесин чече турган бир уюм да ачып албайсыңбы. Угасың, кеңеш бересиң, анан издеп таап бересиң дагы.
- Экөөңдү дароо жумушка алам анда, айдап кел, байлап келге жарап турасыңар.
- Жигиттер, болгондур эми,- Бакыт өзүн шылдыңдап аткан досторунан уялып кетти.
Айгеримди алгач таежеси жакшы тосуп алганы менен кийинки күндөрү жактырбаганын сезип эле жүрөт. Эки сөзүнүн биринде "эжемдин кадыры үчүн да" деп отурат. Анын үй оокатын баш көтөрбөй жасагандан эч нерсе болмок эмес, кыла жүргөн көр-тирлик да, кабак-кашына карап атып чүнчүп кетти. Бүгүн дагы табым жок деген таежесинин кабагы ачылбай койду, зиркилдеп атып Айгеримди жүдөтүп жиберди. Апам келгиче кичине чыдайынчы деп өзүн жооткотот. Кызынын артынан бир жумага жетпей жөнөмөкчү болгон Зуураш үйүндөгү майда-барат иштерин бүтө албай калган. Отун-суусун, короо-жайын ачылган-чачылган бойдон кантип таштап кетмек эле? Эртеңки жашоо-тирлигин да ойлоно жүрбөсө болбойт тура бул заманда. Уюн сатып, акчасын белине түйүп жолго шыдыр турган аялды ошентип бүтпөгөн көр-тирлик буттан тушап турат.
"Убалым сага жетсин, Калыс. Ылайым мен сыяктуу куурап кал. Арсыз, туруксуз экениңди билбеген мен да бир акмакмын",- деди Айгерим ичинен онтоп. Таежесинин төшөгүн салып берип коюп, ашканада күймөнүп жүрүп ыйлап да алды. Күлгүн жаштыгын, жашоого болгон кумарын, ишеничин, не бир асыл тилектеринин кыйрашына Калысты күнөөлөп, ага өчөшүп энесин кыйнап, минтип төрөлө элек баланын шоруна калган өзүн да жектеп-жектеп алды. Анан баягы жолдогу кафеден көргөн тааныш өң көз алдынан кетпей, улам эстеген сайын ичи жылыганы эмнеси? Ал ойлорун өзүнө жууткусу келбей, алыс айдаса да болбой жан дүйнөсүн жагымдуу аралай бүт дене боюна тарап жатканы кандай? Ушул учурда энесинин абалын туйгандай ичиндеги баласы бир тыбырап, Айгеримдин ого бетер эсин эки кыла тээп алды. Колдору эркине баш ийбей, жаралбай жатып жектелген наристени курсагынын сыртынан аяр сылап койду. Өзүн алаксытмакка эшикке чыкты, так баягы түндөгүдөй толукшуган айды көрдү. Санаасын санга бөлгөн ой-кыялы айлуу түндү жиреп, алыстарга учуп жөнөдү.

(Уландысы кийинки санда)