Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0308_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0308_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0308_1.htm on line 12

Бир бүркүм кабарлар

NON STOP



"The Newsweek" журналы Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны "дүйнөнү өзгөрткөн 150 каарман аялдардын" тизмесине киргизди. Бул тизмеге саясатчы, укук коргоочу, журналист, жазуучу, спорт жана ишкерлик тармактарында өзгөчө из калтырган аялдар кирет. Роза Отунбаева бул тизмеге АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, америкалык тележурналист Опра Уинфи, Либериянын президенти Эллен Сирлиф менен катар кошулду.


Путинди мыйзам бузуулар менен шайланды деп 50 миңге чейин адам көчөгө чыкканы турат. 10-мартта Арбат аянтында митинг өткөрүүгө Москва мэриясы уруксат берди. Орус оппозициясы 4-декабрдан 4-мартка чейин Путиндин кайра президент болуусуна каршы үч ирет он миңдеген адам катышкан митинг өткөргөн.


АКШда төрт буттуу робот-гепард (Cheetah) бир саатта 28, 9 чакырымды жүгүрүп, кадамдап басчу роботтор арасында жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Робот-гепардды Массачусетс штатындагы Boston Dinamics фирмасы жасаган.


Кечээ эртең менен Ош облусунун аймагында жер титирөө катталып, силкинүүнүн күчү Алай районунун Нура жана Эркеч-Там айылдарында 3,5 баллга жетти. Акыркы он күндө аталган эки айылда ушуну менен төртүнчү жолу жер силкинүүдө.


Бир катар жаштар кыймылдары 4-мартта Каракол шаарында өткөн шаардык Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүп жатышат. Болбосо мөөнөтсүз митингдер башталат деп коркутушууда.


Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш сотко өткөрүлүп берилди. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин айтымында, Садыркуловдун иши боюнча 10 кишиге айып тагылды. Азырынча сот жараяны качан башталары белгисиз.


Токмок шаардык сотунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаевдин бир нече адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына байланыштуу соту болуп, ал 7 жылга эркинен ажыратылып, эки жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу жазаланды. Чечимди шаардык соттун судьясы Алмаз Султанов чыгарды.


Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Токтогул атындагы филармонияда өткөн жыйында аялдарды 8-Март майрамы менен куттуктап, 7 балалуу энелерге "Баатыр эне" наамын тапшырды. Залда отурган экс-президент Роза Отунбаеванын эмгеги белгиленгенде отургандар дүркүрөтүп кол чабышты.

Даярдаган Айгүл Бакеева






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

8-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0308_1.htm on line 117

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0308_1.htm on line 117

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0308_1.htm on line 117