Бексултан Жакиев

ӨЗӨКТӨГҮ ӨРТ


Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында ­туулган. Бексултан Жакиевдин "Бороондуу жолдо" новеллалар жыйнагы, "Атанын тагдыры", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Эртең жаңы жыл" ж.б. драмалары кыргыз көрөрмандарынын зор кадыр-баркына татыктуу болуп, сахнадан түшпөй коюлуп келатат. Кыргыздын айтыш өнөрү, манасчылык дастан айтуу өнөрү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине киришине эмгеги зор. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын төрагасы.

Эмки кыргыздардын арасында теңирден тетири ой жоруп, тыңсынган кокуйгүндөр пайда болду. Андайлар азбы, көппү - кеп анда деле эместир. Кеп андайлардын деми жүрө-жүрө ырбай берип, денебизде ириңдүү илдетке айланып кетпейби, же аны түшүнсөк түшүнмөксөн болгон, көрсөк көрмөксөн болгон кайдигер жанбактылыкка баратканыбыз күчөгөндөн күчөп отуруп, ­айыкпас дартка өтүп кетсе, канттик?!
Кайсы бирин айта кетейин. Алиги кокуйгүндөрдүн бири баягы жылы Борбор Аянтта Бакиевге каршы беш-алты күндүк пикет учурунда: "технологиялык өнүгүшүбүзгө "Манас" жолтоо болот, ага энергия, каражат коротуунун кереги жок" деген чакырык таштап, өзөктү өрттөгөн. Ага чейин да ал Гапар Айтиев атындагы музейде, Салижан Жигитовдун ырлар жыйнагынын бет ачаарында "Манаска" каршы сөз айтып бышыксынган. Кийин Манас баатырдын өзүн бандитке теңей салып, калайыктын каарынан акчыланып атып кутулду эле го. Эл анын акчыланганына алданып тынчып калган эмес. Байлык менен мансапка булгана элек карапайым кыргыздардын канында Манас бабабыздан калган айкөлдүк сапат, кечиримдүүлүк болгон үчүн ошентти. Мүмкүн алиги жараныбыз Манаска акарат кылуу текебер экенин түшүнүп, оңолуп калгандыр? Анда дообуз жок. А эгерде?.. Үмүттү үзбөйлү. Андан өткөн дагы бир шумдук! Атактуу манасчыларыбыз Сагынбай, Саякбайдыкындай байыртан айтылып келаткан кадимки "Манасыбыздан" өөдөсүнтүп, башка нерсени даңазалоо аракети болуп жатканына төбө чачыбыз тик турду. Өтө кооптуу иш бул, анткени анын төркүнүндө кыргыз улутун, улуттун руханий өзөгүн кемирип жоготчу мите жатат. Эгерде Бүбү Мариям Муса кызынын "Жайсаңы", мейли, мектептерде, жогорку окуу жайларында окутула берсин, мейли, академиясы, институту түзүлө берсин деп кайдигер жата берсек, эртең эле кадимки "Манасыбыз" окуу программасынан сүрүлүп калат да, манасчылык өнөрүбүз кошо жоголот. "Манас" эпосу манасчынын күпүлдөтө айтканы менен кызык, ошонусу менен касиеттүү, таасирлүү, жугумдуу жана жандуу. Манасчы "Манасты" жети-сегиз муундуу ыр менен гана айта алат. Ал эми он бир-он эки муунга салып, эзели "Манас" айтуу мүмкүн эмес. Муундары чубалжыган "Жайсаңда" поэтикалык ыргак супсак, тил сынма, жүдөө. Кадимки "Манасыбыз" баштан аяк куюлушкан поэтикалык чыгарма, анда көркөм образдуулуктун үлгүсүн берген саптар өтө арбын. Маселен, тандалган сулуу кыздардын ажарын Сагынбай мындай сүрөттөгөн эмеспи:
Карлуу жерге кар жааса,
Карды көр да этин көр.
Кар үстүнө кан тамса,
Канды көр да бетин көр.
"Айкөл Манас" аты коюлган "Жайсаңды" кайсы сапаты үчүн кадимки "Манасыбыздан" өөдөсүнтүп жатышат? Тарыхтан, диндерден, миф, санжыра, жомок, болумуштардан алынган элки-телки маалыматтар "Жайсаңда" жыш экен. Билбегендерге булар укмуш көрүнөт. Аларды аянсыз эле, окуп, угуп билип ала берсе болот да. Билимдүүлүктү аян сымал сыпаттап, ар кимдин башын айлантуу чайкоочулукка тете. Ошондой эле кыргыз калкынын кадимки "Манасынан" алган эпизоддорду "Жайсаңда" орундуу да, орунсуз да пайдаланып, анын автору же авторлору логикага сыйбаган жагдайда көрсөтө беришкен.
"Манас" эпосу кыргыз үчүн ыйык. Аны кемсинтүүгө жол берсек, кусур урат бизди! Өткөн замандарда кыргыздар борборлошкон бийлиги жок, кыйын кезеңдерди башынан кечирген учурлар болгон. Ошондой оор кырдаалдарда кыргыздарды бириктирип, кайрат-күчүн жоготпой, коргоп, сактап, ар-намысын өчүрбөй оңдоп-түзөп келген "Манас" эпосу жана Манас баатырдын деми болгон. Айтууга ылайыктуу, салттуу, кадимки "Манасыбыз" айтылбай калса, кыргыздар руханий дөөлөтүбүздүн башатынан ажырап, эл болуудан калабыз! "Жайсаңды" көкөлөткөндөрдүн далалаты - каалайбы, каалабайбы - ушундай жоготууга алпарат. Накта "Манас" ушу деген ураан менен "Жайсаңды" "Манас" эпосунун ордуна алмаштырып салсак, анда эле манасчылык өнөр унутулат да, кадимки "Манас" өлүү эпоско айланып, китеп бетинде гана калат.
Дагы бирлерибиз Манасты Аллага (Алда, Кудай), Алланы Манаска каршы көрсөтүүнү көздөп, исламчыл молдолор менен теңирчилер бири-бирине ызырына баштаптыр. Бул жакшылыкка алып келбейт. Кыргыз калкынын ынтымагын, байсалдуу, бакубат келечегин тилегендер минтип өчөшпөйт. Анткени Теңир да бир Кудай, Алла да бир Кудай. Экөөнү каршылаштыруу - сабатсыздык, бутпарас деп аталган көп кудайлуулуктан бир кудайлуулукка өтүүдөгү прогресстин маанисин түшүнбөгөндүк, деги эле дин илимин билбегендик. Манас менен Кудайды каршылаштыруу жосунсуз экенин даана көрсөткөн бир үзүндүнү "Манас" эпосунан окуп көрөлү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрөөрдөн мурда ата-бабанын жерин душмандан тазалаган жортуул учурундагы окуя бул:
Толгон экен кыргынга
Сары-Өзөн Чүйдүн талаасы.
Кызыл канга жуулду
Кыргыз, кытай арасы.
Азууларын аркайтып,
Ат өлүптүр сулайып.
Муруттарын чычайтып,
Эр өлүптүр булайып.
"Элим кандай болду? - деп,
Жаратканга жалынып,
Эр Манас ойлойт муңайып.-
Падышамсың, бир Кудай,
Бардыгыңа сыйындым!
Башымды байлап өлүмгө,
Барча журтум жыйылдым.
Асман-жердин ээсисиң,
Улуу Теңир, бир өзүң.
Көрүнбөй туруп колдодуң,
Ыраак туруп жакынсың.
Кичиге-кичи, чоңго-чоң
Ырыс берип жатырсың.
Өзүңө өзүм ишенип,
Майдан куруп жатырмын.
Баш байладым өлүмгө
Бабамдан калган жер үчүн!
Болуптур, Кудайды (Алланы, Теңирди) көкүрөгүбүздө сактап туралы да руханий мурасыбызга кайра өтөлү. Эгерде руханий дөөлөтүбүздү унутсак, эзели Кудайыбызды таппайбыз, бүгүнкү жашообузда адашканыбыз адашкан! 7-апрель көтөрүлүшүнүн курман болгон баатырларын жырткычтарга теңеп, кудайын тааныбай, өлкө президентинин тагын эңсеген кусур ургурдун анабашы да өз ичибизден чыкпадыбы! Борбор Аянтта Манас баатырдын айкелин көргүсү келбей жер сабагандар да арабызда! Кыргызстаныбыз көп улуттуу өлкө экенин көрүп-билип жүрсө деле калкыбызды "таза жана таза эмес кандууга" бөлүп, жыландын башын кылтыйткан эл бузар да арабызда! Коррупцияны алкынтып минип, калайык журттун канын соргон ажыдаарлар да арабызда!.. Ушундайлар өзөктөгү өрт эмей эмне?!
Эмесе, кокуйгүндөрүбүз элес албай жериген баба мурасыбыз "Манаска" келели, бүткүл адамзаттын оозеки мурасынын шедеври наамына татыган өнөрүбүзгө көңүл буралы. Дүйнө жүзүнүн төрт тарабындагы эки жүздөн ашык өлкө тапшырган долбоорлорду ЮНЕСКОнун оозеки мурастар боюнча мыкчегер эксперттери талдап, континенттерде өткөн талкууларда иргелип, иргелгендерин анан Эл аралык жюриси торко элегинен өткөзгөн соң, 2003-жылдын 7-ноябрында Париждеги расмий жыйында ЮНЕСКОнун Баш деректири Коичиро Мацуура мырза: "Кыргыздын манасчылык, дастанчылык жана төкмө акындык өнөрүн бүткүл адамзаттын оозеки жана руханий (нематериальное) мурасынын шедеври" деп жарыялаган. Шедевр сертификатын 2004-жылдын 11-июнунда Мацуура мырза Улуттук филармониябызда өкмөт башчыга салтанат менен тапшырган.

(Уландысы 10-бетте)