СССР казган урандын шорун Кыргызстан күнү бүгүнкүчө тартып келет



Совет доорунда уран өндүрүүгө өзгөчө маани берилип, Союздук республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да ири заводдордо уран өндүрүлүп турган. Тилекке каршы, мындай өндүрүштөн кийин пайда болгон зыяндуу калдыктар өлкөдөн тыш алынып чыгып, же толугу менен зыянсызданылган эмес. Эми уу калдык сактоочу жайлар (хвостохранилище) баш оору пайда кылып, кесепетин азыркыга чейин тартып жатабыз. Төмөндө биз Кыргызстанда уу калдык көмүлгөн жерлер тууралуу баян кылмакчыбыз.


Майлуу-Суу
Майлуу-Суудагы калдык сактоо­чу жай 1946-1967-жылдары эксплуатацияга берилген. Анда 23 калдык сактооч (калдыктардын жалпы көлөмү 2 млн. куб. метр), 13 тоо тектери (калдыктардын жалпы көлөмү 940 миңден ашык куб. метр) бар. Бул объектте кезинде кислоталык кошулмадан ажыратып алуу ыкмасы менен уран өндүрүлүп турган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, катуу жамгыр жааган учурда бул жерде арыктар пайда болуп, андан аккан суулар калдык сактоочторду жырып, көмүлгөн жерлер ачылып калууда. Калдык сактоочтун үстүндөгү гамма-таралуунун (гамма-излучения) орточо кубаттуулугу 30-60 мкР-саатты түзсө, аномалдык участкаларда бул көрсөткүч 500 мкР-саатка жетет. Калдык сактоочту тегерете курчаган металл коргондор жергиликтүү эл тарабынан уурдалып кеткен. Азыр бул жерде мал жайылып жүрөт. Бул жерде реабилитациялык жана рекультивациялык иштерди жүргүзүү үчүн кеминде 16,8 млн. АКШ доллары керек.

Миң-Куш
Жакында эле Миң-Куштагы Кумурска-Бел айылынын 1,5 миңден ашык жашоочулары турмуш-тиричиликке радиоактивдүү сууну колдонуп атышканы маалым болду. ӨКМнын алдындагы атом жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиктин калдык сактоочу жайлар боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеевдин айтымында, Кумурска-Бел булагына 2006-жылы эле радиациялык экспертиза жүргүзүлүп, радиация нормадан 4 эсе жогору, ичүүгө болбойт деп табылган. Миң-Кушта кен 1958-1969-жылдары иштеген. Уран өндүрүү токтогондон кийин мындагы бардык калдык сактоочтор консервацияланган. Азыр ал жерде 4 уу калдык сактоочу жай, 4 тоо теги бар. Уран өндүрүшүнөн калган 1,15 млн. куб. метр көлөмүндөгү жана 2 рудалык кампада уу калдыктар жашырылып турат. Гамма-таралуусунун орто кубаттуулугу 30дан 100 мкР-саат болсо, айрым участкаларында 100-500 мкР-саатка жетет. ӨКМнын реестринде Миң-Куштагы кооптуу аймак катары "Туюк-Суу", "Талды-Булак" калдык сактоочтору бөлүнүп көрсөтүлгөн. Ал эми "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайы суу ташкындары болуп турчу жерде жайгашкан. Мындай абалда калдык сактоочтогу зыяндуу заттар Көкөмерен, Нарын дарыялары аркылуу агып, Токтогул суу сактагычына кошулуп, андан Фергана өрөөнүнүн жашоочуларына залалын тийгизиши мүмкүн.

Кажы-Сай
Калдык сактоочу жай Ысык-Көлдүн жээгинен 1,5 км. аралыкта жайгашкан. 1952-1966-жылдар аралыгында пайда болгон. Уран өндүрүүдөн калган калдыктардын мындагы көлөмү 150 миң куб. метр 1966-жылы консервацияланган. Кийинчерээк калдык сактоочтун үстүнө алтын тектери жайгаштырылган. Тоо тектеринен чыккан калдыктар рекультивация болгон эмес. Азыркы учурда аккан суулар калдык сактоочтун үстүндөгү тоо рельефтерин, тоо тектерин агызып кетүүдө. Алтын тектери менен жабылган калдык сактоочтун үстүндөгү гамма-таралуусунун экспозициялык дозасы орточо 30-60 мкР-саатты түзөт. Бирок өкүнүчтүүсү, калдык сактоочтун негизги бөлүгүнүн үстү ушу күнгө чейин жабылган эмес. Ал эми ӨКМнын аныктоосунда, бул жерде экспозициялык дозасынын кубаттуулугу 600-1500 мкР-саатты түзгөн аномалдык жогорку деңгээлдеги участкалар да бар. Жогорку гамма-таралуу орун алган жерлер жергиликтүү эл тарабынан казуу иштери жүргүзүлүп, калдык сактоочтун коргоочу катмары бузулган участкалар болуп саналат. Жашоочулар мында кремний, металлдарды табуу үчүн казышат.

Ак-Түз
Бул кыштактын аймагында жарым металл рудаларын табуу жана өндүрүү иштери жүргөн. Анын натыйжасында 4 млн. 700 миң куб.м. көлөмүндөгү 4 калдык сактооч пайда болгон. Мындагы орточо гамма-фон 600-100 мкР-саатты түзөт, аномалдык участкаларында 1500 мкР-саатка жетет. Жер титиреген учурларда, көчкү, сел жүргөндө экологиянын булгануу мүмкүнчүлүгү жогору. Бул коркунуч кошуна Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн. 1964-жылдын декабрь айындагы зилзаладан №2 уу сактагыч жырылып, 0,5 млн. куб. метр зыяндуу заттар Кичи-Кемин суусуна куюлган. Анын кесепети ушул күнгө чейин уланып, жергиликтүү жашоочулар зыянын тартып келатат.





Сүйүнтбек Аликеев, ӨКМнын алдындагы атом жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиктин калдык сактоочтор боюнча бөлүм башчысы:
"Майлы-Суудагы уу калдык сактоочу жайдын бир дамбасы бузулса, бүткүл Борбор Азияга зыян келет"

-Сүйүнтбек мырза, Майлы-Суу дүйнөдөгү булганган жерлердин катарына кирет экен, Кыргызстанда буга окшогон жерлер дагы канча?
-Кыргызстанда калдык сакталган эң эле коркунучтуу аймактар бул - Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай жана Ак-Түз. Жалпы жонунан мамлекетте радиоактивдүү калдыктар, уу заттар сакталган 92 объект бар. СССР жашоосун токтоткондо кыргыз ӨКМсына кароосуз абалдагы 36 зыяндуу калдык сактоочу жай, 31 радиоактивдүү калдык сакталган жай жана 25 кондициялык эмес рудалуу тоо тектери өткөрүлгөн. Тилекке каршы, зыяндуу калдыктарды сактоочторду долбоорлоодо аларды жаратылыш кырсыгынан (көчкү, сел, суу ташкындары) узакка сактоо иш-чаралары толук иштелип чыккан эмес. Андан да өкүнүчтүүсү, калдык сактоочтордун басымдуу көпчүлүгү Майлуу-Суу, Нарын, Сумсар сыяктуу чек арага жакын жерлерде жайгашкан. Бул аймактын коопсуздугуна дайыма чоң коркунуч жаратып турат. Бир эле Майлуу-Суудагы уу калдык сактоочу жайдын бир дамбасынын бузулуусу Борбордук Азия аймагындагы экологиялык катастрофага алып келиши мүмкүн. Эгерде 1954-жылы Миң-Куштун жанындагы уран кенинде жылына 30 көчкү жүрөрү аныкталса, азыркы күндө анын саны 500дөн ашып кеткен.
-Учурда бул жерлердин коопсуздугун сактоо үчүн кыргыз өкмөтү кандай чара көрүп жатат?
- Калдык сактоочтордун кооптуулугун жок кылып, аларды зыянсыз кылып кармап туруу иштери үчүн 40 млн. доллар керек. Анын 5 млн. доллары Миң-Куштагы калдык сактоочто рекультивация иштерин жүргүзүүгө жумшалат. Мамлекет калдык сактооч маселелерин жалгыз чече албайт. Баары келип эле финансыга такалып жатпайбы. Азырынча кыргыз өкмөтү жылына калдык сактоочтордогу авариялык калыбына келтирүү иштерине жылына 100-150 миң сом бөлүү менен гана чектелүүдө. Учурда ЕврАзЭс , Евробиримдик менен бирдикте калдык сактоочторду коопсуз абалга келтирип, авариялык калыбына келтирүү, рекультивация иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүү, макулдашуулар жүрүп атат. Бул уюмдан бөлүнгөн акчалар калдык сактоочторду коопсуз абалда сактоого жумшалмакчы.
- Калдык сактоочу жайлардын баарына өзүңөр көзөмөл кыласыңарбы?
-Кыргызстандагы 92 калдык сактоочтун 33ү ӨКМнын карамагында. Калгандары чарбалык субъектилердин энчисинде. Майлуу-Суудагы калдык сактоочу жайга учурда Дүйнөлүк Банк тарабынан акча бөлүнүп, рекультивация, которуу иштери жүрүүдө. Шекафтар, Сумсардагы калдык сактоочтордо бюджеттен бөлүнгөн акчанын эсебинен авариялык калыбына келтирүү иштери жасалып атат. Ал эми Кеминдеги 4 калдык сактоочтун экөөсү өткөн жылы өкмөттүн №163 токтому менен кыргыз-химиялык металлургиялык заводуна, дагы экөөсү орусиялык башка заводго өткөрүлгөн. ӨКМнын курамынан чыгарып, чарбалык субъектилерге өткөрүп бергенибиз туура болуптур. Аларды ички инвесторлор деп койсок болот. Мамлекеттин милдетин жеңилдетип, өз каражатына авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биз көзөмөлдөп гана турабыз.

Мирлан Дүйшөнбаев