Бурулкан Сарыгулова, "Азаттыктын" кабарчысы:
"Тирүүлөрдөн корккула!"
- "Өлүк адамдан эмес, тирүү адамдан корк" деген сөзгө кандай карайсыз?
- Өлгөн адамдан жүрөгү түшүп корккондор бар. Бирок жамандыкты жасоочулардын баары тирүүлөр болуп жатпайбы. Адам өлтүргүчтөр. Сатып кеткендер. Көрө албастар. Тоноп кеткендер. Ургандар. Сыртта миң-миллиондогон адамдар агылат. Алар кимиси кандай экендиги билинбейт. Бирок дене бойду дүркүрөткөн, төбө чачты тик тургузган окуяларды өлгөндөр эмес, тирүүлөр жасап жатпайбы.

Медер Итибаев, Тай-цзи чебери:
"Өзүн-өзү тааныбай өтүү тозок"
- Жарык дүйнөнүн, тирүүлүктүн тозогу эмне?
- Жарык дүйнөдө түрмөгө түшүп калуу же жакын адамын жоготуу, дагы башка толгон-токой азап-кайгылар бу дүйнөнүн тозогу эмес. Өзүн-өзү тааныбай өтүү тозок. Өзүн-өзү тааныган адам мунун баарын жеңил кабыл алат. Стресстен, депрессиядан жеңил чыгат. Күн-түн, аял-эркек, асман-жер сыяктуу эле кубаныч менен кайгы эриш-аркак жүрөт. Өзүн тааныбаган адам болор-болбос нерсени деле тозоктой кабыл ала берет.

Болот Макетаев, журналист:
"Тирүүлүктүн бороон-чапкынын көрүш керек"
- "Эгер кимде-ким турмуштан сабак албаса, ага дүйнөдөгү эч кандай акылман акыл үйрөтө албайт",- деп Рудаки айткан экен. Сиз буга кошуласызбы?
- Ооба, эгер өзүң турмуштун жүгүн баш териң менен сезип, бардык кыйынчылыкты, азап-тозокту, тирүүлүктүн бороон-чапкынын башыңдан өткөрсөң, бала кезиңден бир сындырым нандын баркын сезсең, турмушуң эч кандай акылманга деле суусабайт. Бирок ошол эле учурда дүйнөдөгү залкар ойчулдардын айткандарына таянбай коюу да мүмкүн эмес. Негизи китеп көп нерсени үйрөтөт. Китеп - адамдын устаты.

Бактыгүл Чотурова, акын:
"Ашыктыктын азабын тартып, анан өлүш керек"
- "Ашык болгон адамда айып жок,
Ашыктыктын азабын тартпаган зайып жок",- деген эл сөзүнө сиздин пикириңиз?
- Ашыктыктын азабын тартпай кетүү, бу дүйнөнүн даамын татпай кетүүгө барабар да. Эркектерге салыштырмалуу аялзаты ашыктыктын азабын көп тартат. Сүйүүсүн ачык айталбайт. Анан дагы аялзаты сезимге туруктуу. Ал сезимди өмүр бою аздектеп жашайт. Менде деле жаш кезекте албетте андай сезимдер болгон. Чыгармаларымдын көпчүлүк бөлүгүн сүйүү темалары ээлейт. Чыгарманын баары эле жеке керт башыңдан жаралбайт. Эл арасынан аласың. Кино көргөндө, китеп окуганда таасирленесиң.

Жыпара Арыкова, акын:
"Бир кайгы жүрөктөрдө кала берет"
"Өмүр суудай тынбастан ага берет,
Суу ичинен жылбаган кара таштай,
Бир кайгы жүрөктөрдө кала берет",- демекчи жүрөгүңүздө өчпөгөн кайгылар барбы?
- Турмушуңдун бир орчундуу оор учурлары болот. Ошолор жүрөккө так салат. Жүрөктө калат. Менин жашоодогу принцибим ар бир таңда туруп, ошол күндүн планын түзөм. Кечке дейре ошол планды бүтүрүү керек. Ал күндүн ичинде эмнелер гана болбойт. Бирөөдөн жаман-жакшы сөз угасың. Көңүлүң чөгөт. Бирок мунун баары майда, болбогон нерселер. Балким акчадан кыйналып каласың. Менин башымдан мындан чоң кыйынчылык өтпөдүбү. Анын жанында бул эмне болуп калыптыр деген ойго келем.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова




Мүрөк сүрөт

"Кызыл алма"


Өмүр кызыл алмадай толукшуп, бышып турган, жашоо кызыл алмадай көрктүү улам, бирок неге, неге адамдар көз жеткис, сөз жеткис кыял кууйт? Күлүк ойдун канатында закымдаган кыялдарга колун сунуп, не бир сонун күндөрдүн, не бир сонун мезгилдердин изи сууйт. Өмүрүңдөгү эңсегениң, кыялыңдагы жетпегениң жанында экенин сезбейсиң. Күн аптабы жараткан толкундарга эргип, кайдадыр кол созуп кете бересиң, кете бересиң... Улуу талант Сүймөнкул Чокморов аткарган ар бир тасма азыр алтынга тете... Кыргыз керемети болуп калды. "Кызыл алма" дагы.

Алтынай ТЕМИРОВА




Күү баяны

"Аюуке - Майтык"


"Аюуке - Майтык" - чоор, кыяк, комузда чертилген күү. Муратаалы Күрөңкөй уулу бул күүнү кыякта тартып, комузда да черткен. Анын тарыхын Буудайбек Сабыр уулу 1978-жылы Ош областынын Кара-Суу районунда жашаган кыякчы Рахмат уулу Эргештен жазып алган.
Ал киши бул күүнү Кара чоорчунун күүсү деген. Кара чоорчу Ысык-Көлдөгү Оргочор деген жерден. Илгери, Аюуке-Майтык деген баатырга Кара чоорчу жылкычы болот. Күндөрдүн биринде жайылып жаткан жылкыга жоо тиет. Кара чоорчуну байлап, бир тайды союп, казанга салып:
- Ой, жылкычы, кыягыңа караганда сенин өнөрүң бар го?-деп сурашат.
- Өнөрүм бар, мен чоорчумун,-дейт.
- Эмесе, чооруңду тартып эрмек бол!-дешет.
- Макул,-деп чоорчу чоорун сызгырылтып кирет:
Аюуке-Майтык аттангын,
Элөөсүз болуп жатпагын.
Карагай башы жоо жатат,
Тайыңды союп жеп жатат.
Жылкыңдын баары айдоодо,
Жылкычың колу байлоодо.
Кара-Кыя, Сары-Жон,
Сары-Жонго бара-гөр,
Жолунан тосуп ала-гөр.
Жылкычы менен жылкыңды,
Ажыратып ала-гөр!
Аюуке-Майтык аттангын!..
Ошондо он бир, он эки жаштагы кызы атасынын күүсүн угуп, кийиз басып жаткан энесине келет:
- Атамдын чоорунун үнү чыгып атат, жоо келип атамды байлап койгон окшойт, - дейт.
Тыңшаса, айтканындай чоор тартып атат. Аюуке-Майтык баатырга айтышып, ал жигиттери менен аттанып барып, жоодон жылкыларын да, чоор тарткан жылкычысын да куткарып алыптыр.

Даярдаган
Алтынай ТЕМИРОВА




Айчүрөк СУЛТАНОВА, ырчы:

"Офицердин фуражкасы көзүн жаап…"


Солдаттын даярдыгын текшерип жаткан генерал:
- Эгерде жарылган гранатанын осколкасы офицердин бир кулагына тийсе эмне болот?
- Бир кулагы укпай калат, жолдош генерал!
- Азаматсың, а эгерде экинчисине да тийсечи?
- Анда такыр эле дүлөй болуп калат.
- Ошол элеби?
- О-оба.
- Жо-ок, жолдош солдат. Офицериң укпай да, эч нерсе көрбөй да калат! Себеби фуражкасы көзүн жаап, түшүп калат!

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты:
"Айла жок" банктагы студенттин амалы
- Биргелешкен "Айла жок" аттуу Банкта практика өткөн студенттен отчет алып жаткан мугалим: "Сен барган банктын пайда болуу тарыхын айтып берчи?"- десе студент: "Алгач экөө эки башка банк болчу, бир жолу алардын инкассаторлору катуу келе жатышып кагышып кетишет. Бүт баалуу кагаз, акчалары аралашып кеткенде айла жок биригишкен экен",- дептир.

Назира СААЛИЕВА