Интернет дүйнөсүндө
Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:

"Наркотик, казино менен акча жасагандын кесепети укумдан-тукумга өтүп, 7 тукум бактысыз болот"



Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков 28-февралда "Баракелде" маалымат агенттигинин он-лайн-конференциясына катышты. Анда жалпысынан 70ке жакын суроолор берилип, Төрага жооп берген. Биз алардын кызыктууларын иргеп жарыялайбыз (толук варианты www.barakelde.org).

- Асылбек мырза, төрагалык кызматыңыз кут болсун! Менин суроом: Сиз өзүңүздүн эл арасында кадыр-баркыңыз кандай деп ойлойсуз?
Асылбек Жээнбеков: - Рахмат. "Жаман адам өзүн мактайт" дейт эмеспи, акылман кыргыз элибизде. Анын сыңарындай, өзүмдү-өзүм мактагандан алысмын. Кандай адам экениме эл өзү баасын берер дейм. Эң негизгиси ниетим таза. Бир да кызматты адамга байлап бербейт. Кудай буйругу менен кызматтан кетер күн келет. Ошол күндө уят болбой, "абийири менен таза иштеп берди" деген сөз калса деген тилегим бар.
- Салам алейкум, Асылбек мырза. Сизге төмөндөгүдөй суроолорум бар: 1. Сиздин атаңыз Шарип акылман, абройлуу киши болгон дешет. Сиз атаңызга тең уул боло алдым деп ойлойсузбу? 2. Азыркы бийликке нааразычылык күчөп барат. Деги качан карапайым калктын жашоосун оңойсуңар? 3. Кыргызстанды он жылдан кийин кандай элестетесиз?
Асылбек Жээнбеков: - Алейкум ассалом. Чындыгында атам Шарип өтө акылман, көрөгөч адам болгон. Атама байланыштуу бир окуя айтып берейин. Бир күнү үйүбүзгө үч адам ууруга кириптир. Аларды атам кармап алат. Таңгалычтуусу, атам аларды какыс-кукус кылып коркуткандын ордуна, тескерисинче, коноктоп, сыйлап узатыптыр. Анан ар бирине акчалай жардам көрсөтүп, жумуш да таап бериптир. Айылда аксакал катары абройлуу адам эле. Атамдын ушундай сапатын алигиче уламыш кылып айтып жүрүшөт. Сиз айткандай, кыргызда: "Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул төрөлөт",- дейт эмеспи. Биз алты уулбуз, баарыбыздын тең жакшы сапатыбызды кошсо да атабызга жетпейбиз. Кеп байлыкта, кызматта эмес. Ата-энебиз бизди хадистерге таянып тарбиялаган. Эң башкысы, атамдын атын булгабай, элимдин алдында жүзүм жарык болсо болду.
Бүгүнкү күндөгү проблемалар азыр эле жаралып калган жок. Мунун баары акыркы 20 жылдан бери чогулуп келди. Албетте, маселелердин бардыгы дароо чечилип калбайт. Аны үчүн убакыт керек. Азыркы тапта коррупцияга каршы күрөш катуу жүрө баштады. Мындай тазалануу процессине бут тоскондор дагы болот. Демек жамы журт, коомчулук бийликтин бул аракетин колдосо гана оң натыйжа чыгат. Ал эми коррупциянын тамырын кыркуу аркылуу экономиканы өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртууга жол ачылат.
Президентибиз намаз окуган, Кудайдан корккон адам. Депутаттар арасында 20дай адам намаз окуйт, Өкмөттө да бар. Кыргызстандын бийлик бутагында мындай болгон эмес. Бийликте Кудайдан корккон, намаз окуган, жаман жолго барбаган, эл ырыскысына кол салгандан корккон адамдар көбөйсө, ишибиз оңолот. Кудай буюрса, он жыл аралыгында Кыргызстаныбыз ыймандуулукту туу туткан, ууру-кескиси жок, калкынын турмушу жакшырган, экономикасы өнүккөн өлкөгө айланат деп терең ишенем.
- Эмне үчүн депутаттардын көбү сессияга катышпай, бардак болуп баратат? Эмне үчүн депутаттар жок адамдын ордуна добуш берип кое беришет? Эмне үчүн сессияда уктап, пайдалуу иш кылбай жаткандарды тартипке чакырбайсыз? ЖКны таратууга айтылып жаткан ойлорго оюңуз кандай? Сиздин акаңыздын Ошто губернатор болуп иштеп турганы канчалык деңгээлде туура деп ойлойсуз? Эки бир туугандын бийликте турушу туурабы? Эл өкүлдөрү болгондон соң, ар тараптуу өнүккөн адамдар болуу керек. Сиздерде азыр жалаң гана бизнесмендер топтолуп алышкан. Бул туура чечимдерди кабыл алууда таасирин тийгизип жатабы? Сизди өз алдынча принциби жок, Атамбаевдин көрсөтмөсүнөн чыга албайт дегени туурабы? Сиздин КСДП партиясы оштук сепаратист өзбектерге бийлик убада берген деген сөз чынбы? Эгер жалган десеңиз, анда эмнеге өзбек туугандар бийликке келе баштады да, Кадыржан, Караматхан, Иномжандар дагы эле Силердин бийлигиңердин доорунда тайраңдап жүрүшөт? Кыргызды тили менен эмес, дили менен сүйгөн чыгаан уулу Мелис Мырзакматов менен мамилеңиз кандай? Эртең бийлик бул адамга карата кара пиар уюштурса кайсы тарапта болосуз? Мен Сизден ушул суроолорума дагы эле адаттагыдай ширин сөздөр (бирөөлөргө окшоп) менен алдап коюуну эмес, эркекче жоопторду күтөм.
Асылбек Жээнбеков: - Терең ишеним артканыңызга рахмат. Жаңы жылдан бери кайсы фракциянын мүчөлөрү сессияга көп катышпай атканын расмий билдирип келатабыз. Кесиптештерим ошондон деле туура чечим чыгарышы кажет. Жаңы регламентке ылайык, мыйзамдарга добуш берүү күнүндө ар ким өзү үчүн добуш берет, депутаттын ордуна башка адам добуш берүүсүнө тыюу салынган. Ал эми башка маселелер боюнча фракция чечими менен ишеним көрсөткөн депутат башка бир депутат үчүн добуш бере алат. "Көч бара-бара түзөлөт" демекчи, кесиптештерим жаңы регламенттин тартибине өтөт деп ишенем.
Азыркы чакырылыштагы жыйындарда уктап калган депутаттарды көрө элекмин. Сооронбай Шариповичтин саясатта жүргөнүнө 17-18 жылга аяк басты. Ал киши дагы өзүнчө инсан. Кыргызстандын жараны катары мамлекеттик кызматта эмгектенгенге укугу бар. Ал 3 ирет Жогорку Кеңештин депутаты болгон, убагында бийлик тарабынан тоскоолдуктар болгонуна карабай. Андан соң заман талабы аны губернаторлук кызматка алып келди. Мен болсо депутаттыкка да, төрага орун басарлыкка да, төрагалыкка да шайлоонун натыйжасында келдим.
2010-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында беш партия ЖКга шайланып келди. Бул элдин тандоосу. Кандай болгон күндө да элдин тандоосуна баш ийишибиз керек.
Алмазбек Атамбаевди биринчи кезекте Кыргызстанды, кыргыз элин сүйгөн, мамлекет үчүн ооруган мекенчил инсан катары сыйлайм. "Кыргызстандын келечеги үчүн жаным курман" деген сөзү түшүнгөн адамга мааниси терең сөз, мындай сөздү жөн гана саясат үчүн айта бербейт. Анын негизги милдети - Кыргызстанды өнүктүрүү. Менин максатым да ушул. Мекенчил катары, тилектеш катары биздин көз караштарыбыз дал келет, бул багытта бирдиктүү иш алып барабыз. Төрага катары Конституцияда аныкталган милдет бар, ошого жараша иштеп жатам. Менин турмушта тутунган принциптерим тууралуу кесиптештерим, жаш кезимден чогуу окуп, иштеген адамдар, айылдаштар жакшы билет. Жөнөкөйлөтүп айтканда, принциби жок адамды бирдиктүү талапкер катары Жогорку Кеңештеги 4 фракция добуш берип, төрагалыкка деле шайламак эмес болушу керек.
Каргашалуу июнь коогалаңы экинчи кайталанбашын кудайдан тилейли. Окуянын негизги күнөөкөрлөрү саналган адамдар Кыргызстаныбызда тайраңдап жүргөн жок, алардын баары чет жакта. Андыктан, "сепаратисттер менен байланышкан" деген сөз - жөн гана ушак. Караматхан, Кадыржан, Иномжандар азыр эмес, бакиевдердин доорунда, сиз айткандай тайраңдаган, ошон үчүн ошол каргашалуу окуялар чыкты. Азыр четте качып жүрүшөт.
Мелисбек Жоошбаевичти Ош шаарынын мэри катары жакшы тааныйм. Жогорку Кеңешке 4-чакырылышта мен КСДПдан, ал "Ак Жолдон" депутат болгон. Жолуккан жерде мамилебиз түз. Талашып-тартыша турган маселебиз жок. Ал эми бийлик ага "кара пиар" уюштурса кайсы тарапта болосуз деп сурайсыз. Мен мыйзамдуулук тарапта болом. Мелис эми иним болот. Агасы катары ийгилик каалайм. Туура жолду тандап алышына күйөм, ошону каалайм.
- Асилбек, в Оше говорят ты будучи первым партнером наркобарона Баямана, имел очень неплохую прибыль от наркотика, правда ли это, как можешь доказать находясь рядом с ним имея общий бизнес ты чист???
Асылбек Жээнбеков: - Маркум Баяман Эркинбаев Кыргызстан деп күйгөн патриот жигит эле. Маңдайына жазганы ошол экен, бул жарыкчылыктан эрте кош айтышып кете берди. Ал эми сиз айткандай Баяманды наркобарон катары эмес, палван жигит катары таанычумун. Бул сөздөргө ишенбейм мен.
Ооба, 1990-жылдардын башында Баяман Эркинбаев менен бизнес чөйрөсүндө таанышканбыз. Кийинчерээк Баяман саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Ошону менен ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик. Наркобизнес боюнча көз карашымды айтайын. Адамга зыян келтирген, айрыкча наркотик, казино менен акча жасап, тирилик кылгандарга тапкан дүйнөсү өзүнө да жукпайт, эң жаманы өзү да жакшылык көрбөйт, анын кесепети укумдан-тукумга өтүп, 7 тукум бактысыз болот. Наркотик менен бизнес жасоо менин оюма да келген эмес. Кудай деген адам катары ачык айтайын, менин кылган иштерим таза.
- Ошончолук чечкиндүү болсо, кыргыз тил маселесин качан түздөйт Жээнбеков мырза? Качан депутаттар, "майли, келайлык, барайлык" деген сөз паразиттерин оңдошот анда өзбекче эле жыйын өткөзбөйсүңөрбү?
Асылбек Жээнбеков: - Туура, депутаттар жүрүш-турушу, баскан-турганы менен коомчулуктун көз алдында. Ошондуктан бул пикириңизди окуган депутаттарыбыз жыйынтык чыгарышат деп ойлойм. Тилди үйрөнүп, аны колдонуу үчүн муктаждык болушу керек. Анткени шарт түзүлгөн күндө да муктаждык болбосо, тил пайдаланылбай калат.
Жогорку Кеңештин залында тил маселеси көтөрүлгөндө көбүнчө кыргыз улутундагы министр, мамлекеттик кызматкерлерге сын айтылып жүрөт. Бул туура, анткени биз - кыргыз улутундагылар өз тилибизди билип, пропагандалабасак, муну ким кылат? Өзүбүз үлгү болушубуз керек. Мисалга, жакында Башкы прокуратурадан кайрылышты, кыргыз тилине которуп берүү өтүнүчү менен. Демек 20 жылдан бери бул мекемеде котормочулук жолго коюлган эмес, тил үйрөтүүнү айтпаганда да. Жогорку Кеңеште бул маселеге көңүл буруп жатабыз. Жакында Төраганын фондунан каражат бөлүп, аппарат кызматкерлерине кыргыз тилин окутуу курстарын ачууну демилгелеп жатам. Иш жүргүзүү, документтер кыргыз тилинде жазылып жатат.
- Урматтуу Төрага! Биз жаштар Сиздин намаз окуганыңызды угуп, абдан сүйүндүк, Алла ыраазы болсун. Асылбек Шарипович, бүгүнкү күндө байкалгандай ар кандай секталар пайда болуп жатат. Ал секталарга кээ бир жаштар жолдон адашып кирип алып, үй-бүлөсү, жумушу, жада калса жашап жаткан үйүнөн ажырап калган. Бул секталар "лохотрон секта" болгону көрүнүп турат. Мыйзам жактан карасаң алар бүт жактан корголуп турат. Суроо: Секталар менен күрөшүүгө кандай аракет же мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсе болот?
Асылбек Жээнбеков: - Рахмат, туура маселе көтөрдүңүз. Эгер биз келечекте, 20, 50, 100 жылдан кийин Кыргызстанда тынчтык, ынтымак болсун десек, салттуу диндерге көңүл бурушубуз керек, анын ичинде салттуу ислам динине терең маани берип, олуттуу көңүл буруу зарыл. Керек болсо бул багытта ырааттуу иш алып барыш үчүн жетишерлик каражат да бөлүнүшү керек. Жаштарыбыз ар кандай секталарга кирип кетпеши үчүн бала бакча, мектеп курагынан баштап дин түшүнүгү боюнча билим алышы керек. Болбосо, азыркы чаржайыт диний процесстер мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, анын кызыкчылыктарына кедергисин тийгизип калуу коркунучу бар. Мына, айрым мамлекеттер (Пакистан, Афганистан сыяктуу) диний процесстерден келип чыккан кагылышуулардын айынан абалды тизгиндей албай калууда. Ошондуктан мамлекет бул жагдайга өзгөчө көңүл бурушу талап кылынат. Эгер биз ар кыл секта, агымдарга мыйзам чегинде көзөмөлдү күчөтүп, салттуу делген диндердин өнүгүшүнө көңүл бурбасак, келечекте бул чоң конфликттин очогу, тараптардын кагылышуусунун себеби болуп калары шексиз. Ислам дининен да ар кыл секталарга бөлүнбөгүдөй шартка алып келишибиз керек. Менимче, салттуу диндер өзгөчө Кыргызстанда көпчүлүктүн дини болуп эсептелген Ислам дини өнүгүшү керек.

Редакциядан:
Окурмандардын жазуу стили өзгөртүүсүз берилди.