Жаңы түзүлгөн байкоочу кеңеш КТРКны муунтпайбы?



Коомдук телерадио корпорациясына жаңы байкоочу кеңешти тандоо 5-мартта аягына чыкканы турат. Учурда ага мүчө болуу үчүн жарандык коомдон 15 киши документ тапшырды. Президент көрсөтө турган адамдардын аты айтыла элек. Жогорку Кеңештен "Ата Мекен", КСДП, "Ата-Журт" фракциялары бирден талапкер көрсөткөн.

Учурда бир кыйла эксперттер талапкерлерди тандап алуу критерийи жоктугун айтып жатышат. Бул боюнча "Азаттык" радиосу Коомдук каналдын башкы директору Кубат Оторбаевге суроо узатканда ал:
- Байкоочу кеңеш бул байкоочу орган. Ал стратегиялык чоң-чоң маселелерди чечиш керек. Ошондой эле коомдук берүүнүн миссияларына жана табиятына коркунуч келген учурда өзүнүн салмактуу сөзүн эч бир саясий күчтөрдөн жалтанбай айта турган адамдар керек. Азыр 20дай адамдын аты аталып жатат талапкер катары. Арасында татыктуулары да бар. Айрым талапкерлердин кайда, эмне максатта, кимдер үчүн, каякка баратканы такыр эле түшүнүксүз-деп жооп берген.
Ал эми азыркы байкоочу кеңештин төрайымы болсо талапкерлерди аймактык, гендер, улут жана жаш өзгөчөлүгүнө карап тандоону сунуштоодо.
Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова ушул эле радиого:
- - Байкоочу кеңеш - Жогорку Кеңеш эмес, саясий дагы орган эмес. Ошондуктан гендердик, этностук деген нерселер негизги маселе болбошу керек. Эң негизги тараза - келе турган адам профессионалдуу болушу зарыл. Экинчиден, менеджментти жакшы билип, үчүнчүдөн стратегия иштеп чыга ала турган адам болгону жакшы. Эми дагы бир сыйра жарыялап, арызды тапшыруу мөөнөтүн жок дегенде 15-мартка чейин узартыш керек, -деген ойду ушул эле "Азаттык" радиосуна билдирген.
Эскерте кетсек, коомдук кеңешке байланыштуу мыйзамды бир нече ай мурда ЖК депутаты Каныбек Иманалиев токуган. Ошондо эле коомчулукта бул тууралуу эки ача пикир пайда болгон. Каналда иштеп жаткан журналисттер буга сөз эркиндигин муунтуу катары баа берсе, мыйзамдын автору Каныбек Иманалиев аларды кызмат ордун сактап калууга умтулуп жатат деп сындаган. Ошо менен катар мыйзамда байкоочу кеңештин үчтөн бирин парламент шайлашы керек деп белгилеген эле. Коомдук каналга жаңы байкоочу кеңеш келсе, акыбал кандай болушу мүмкүн? Бул тууралуу медиа-эксперттер эмне дейт. Байкоочу кеңештин мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков: "Мурдагы кеңеште теленин ишин түшүнгөн адамдар болгон, бу жолу да ошондой адамдар келет деген үмүт бар, болбосо кеңеш көпкө узабай, бат эле таркайт",- деген пикирде. Муну менен катар Илим Карыпбеков дагы мүчө болууга арыз бергенин билдирди.
Ал эми укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова: "Партиялардын кызыкчылыгы үчүн ушундай болуп калды. Мындагы максат кайсы партиядан мүчөлөр келди деген эмес. Маселе алар кандай иштеп кетет, көчтү алып кете алабы, ошондо. Биз эми алар аркылуу сөз эркиндигин муунтууга жол бербешибиз керек",- деди Төлөйкан Исмаилова.
Негизинен Кубат Оторбаев КТРКдагы караламайды токтотту. Оппозициялык маанайдагы саясатчы дагы КТРКдан чыгып, бийликти сындап атат. Тарап кеткен байкоочу кеңештин катарында мыкты адистер бар болчу. Кайра ошондой жогорку деңгээлдеги адамдар келеби же жокпу, кеп ушунда. Соңку окуяларды карап отуруп, айрым партиялар негедир Кубат Оторбаевге ичи чыкпай, өз адамын отургузуунун камын көрүп аткандай таасир калууда.

Санжи Туйтунова




Отунбаева Мадрид клубуна мүчө болду


Экс-президент Роза ­Отунбаева Мадрид клубуна мүчөлүккө кабыл алынды. Дүйнөлүк атагы бар бул клубга каалаган эле адам мүчө болуп кире албайт. Жарк деген бир эмгегиң болушу керек.
Мадрид клубу - мурунку мамлекет башчыларынын башын бириктирген дүйнөдөгү ири форум. Аталган уюм өткөөл куракты баштан кечирип аткан өлкөнүн өкмөттөрү жана уюмдары менен иштешип, кеп-кеңеш берип иш алпарат. Учурда клубга 70ке жакын мамлекеттин мурдагы жетекчилери жана 50 мамлекеттин өкмөтү мүчө. Мадрид клубуна буга чейин Михаил Горбачев, Коффи Аннан, Жимми Картер ж.б. бир топ көрүнүктүү саясатчылар мүчө болгон. Эми алардын катарына кыргыз саясатчыларынан биринчи болуп ­Роза Отунбаева кошулду.
Дүйнөлүк коомчулук президент айымдын 2010-жылы олку-солку абалда өлкө башына келип, бир жылдан соң бийликти тынч өткөрүп бергенин жогору баалаган экен. Мурдагы постсоветтик өлкөлөрдө мындай эрдикке баргандар бирин-серин эмеспи.

Санжи Туйтунова




Алтын мээлер

АКШны багынткан Рысбек Абдылдаев


Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып кеткен илимдүү-билимдүү мекендештерибиздин катарында медицина илимдеринин доктору, профессор, онколог Рысбек Абдылдаев дагы бар. Кыргыз медициналык окуу жайын артыкчылык менен аяктаган Абдылдаев эмгек жолун Москвадан баштаган. Кийин биздеги Улуттук онкология борборун жетектеген. Мындан үч жыл мурун атайын чакыруу менен АКШга кеткен. Учурда Калифорния штатындагы "Кремний өрөөнүндө" жайгашкан Биотехнологиялык компаниянын клиникалык программа боюнча директору кызматын аркалайт. Америкадагы кыргыздардын улуусу жана сулуусу. АКШнын ар тарабындагы кыргыздар менен байланышып, акыл-насаатын айтып турган да ушул киши. Бирок Рысбек мырза океандын ары жагында, бакубат жашоодо өмүр сүргөнү менен Кыргызстандын саясий, экономикалык жана руханий турмушуна кайдыгер эмес. Ушул жерде жашап турган адамдардан көптү билип, акыркы жаңылыктар менен кабардар. Каарманыбыздын жеке турмушу, жетишкендиктери жана Америкадагы мекендештерибиз тууралуу маегин эмки сандан окуй аласыздар.


Бегимай Бакашева




Токон Мамытов, ЖК депутаты:

" Биз окуганда бир балага үч кыз туура келчү"


- Токон агай, жаз мезгили сизге кандай таасир калтырат?
- Илгери кыргыздар кыштан аман-эсен чыгып, жазга жеттик дешчү экен. Биз да жазга жеттик. Март айы жалаң майрамдардын айы эмеспи. Тынчтык, токчулук, ынтымак болсо, ырыс-бакыт келип, майрам да көркүнө чыгат эмеспи.
- Жаз айында жан дүйнө толкуп, бир башкача сезимдер келет экен. Сиз да ушундай болосузбу?
- Жашың өйдөлөгөн сайын, балдарың чоңоюп, неберелүү болгондон кийин сезимиң эмес, өзүңдү да ойлобой калат экенсиң. Жаз келгенде жаратылышка, тоого чыккым келет. Баткендин өрүкзарынан баштап, Ысык- Көлгө чейин не бир сонун жерлер бар да. Кыргыздын ар бир жери сопсонун.
- Мектепте 8-мартта өзүңүз белек берчү кыздарды эстейсизби?
- Мектепте советтик жакшы адат бар болчу, балдар кыздарга белек тартуулаган. Балыкчыда орус мектебинде окудум. Дайыма Галя, Оля, дагы бир Оля, Люба деген төрт кызга 8-мартта белек берчүмүн. Анткени алар менин кошуналарым эле. Класста кыздар көбүрөөк болуп, белек берерде бир балага 3-4 кыз туура келип калчу. Мага алар 23-февралда белек берчү. Белектерибиз азыркылардай эмес, жупуну, мен аларга открытка, китеп берчүмүн. Алар мага ар кандай сувенир, аюу, ит ж.б. беришчү. Балалык сүйүү кездердеги белектер дале сакталуу.
- Бүгүн, 29- февраль, "високосный" жыл экен, бул күн төрт жылда бир келет да. Мындан төрт жыл мурунку ушул күндү эстей аласызбы?
- Ооба, негизи оор жыл деп айтылат. Төрт жыл мурда да оор жыл болгон. Андагы бийлик көп катачылыктарды кетирди. "Кетирдик" деп айтсам да туура болор, анткени мен да ал бийликте иштедим эле, Коопсуздук кеңешинин катчысы болчумун.
- 1-мартта биздин гезиттин 5 жылдык кечеси. Кандай каалоо айтаар элеңиз?
- Жетекчиңер мына ошол бийликтин кысымын көрүп, кылмыш иши козголуп барып, чет өлкөгө качып араң кутулушту. Силердин гезит башкалар 10-15 жылда баштан өткөрчү нерсени ушул аз жылдарда баштан өткөрбөдүбү. Гезиттин жабылышына менин түздөн-түз тиешем жок болгону менен, мен да ошол бийликтин саясий жагында иштебесем дагы, кандайдыр бир моралдык күнөөм бар экенин жокко чыгара албайм. Балким мен да ошо кезде айтчу сөздү айтпай, балким унчукпай калгандырмын. Бирок ал бийликтен акыры, 2009-жылы кеткем. Жетекчиңер алыста Швейцарияда экен, алар азамат, маалымат майданына жаңы дем менен кайтып олтурушат. Азыр "коррупция менен күрөшөбүз, кимди кармайбыз" деп жаткандарга "ушу гезиттерден эле материал таап аласыңар" деп айтар элем.Силерге ийгилик!

Айгүл Бакеева




Рахман Разыков
Белгилүү өнөрпоз Рахман Разыков кезинде Ак үйгө жан тартып, жакшыле "куудулданган". Бул мезгил Бакиевдин өтүгүн төргө илген заманга "случайно" туш келип калып, кыска метраждуу азил-чыны аралаш кинодой эсте калды. "Бектер кетип бел калат" дегендей, биринчи ажобуз да качты, экинчиси да качты. Жөн качпай, элди экиге бөлө качты. Качан болбосун Ак үйдүн арыгын чабышам дегендер, камчысын чабышам дегендер акыры өздөрү катуу кыжаалат болуп тынышкан. Калпагын капилет шамал учургандай кабыргалары кайышкан. Негизи, өнөр дегенди жараткан берет, Ак үй бербейт. Жаратканга жан тартыш керек, жаратылышка, элге жан тартыш керек. Анткени өнөрлүү адам алардан бөлөк эч кимге карыз эмес!