Асылбек ӨЗҮБЕКОВ, КРнын эмгек сиңирген артисти:

"Көркөм кеңеш ушул кырдаалда "тез жардамдай" зарыл болуп турат"


- Асылбек агай, Көркөм кеңеш түзүлүп, ырчыларды көзөмөлгө ала турган болду. Мындай кадамды колдойсузбу же?..
- Көркөм кеңеш эчак түзүлүп, ушундай кадамга барышы керек болчу. Башкасын айтпайлы, ыр дүйнөсүн сөз кылсак, мааниси жок ырлар ырдалып, адамды тажатып, жаш муун башка бир нукка бурулуп бараткан. Ашыкемдин (Ашыраалы Айталиев - авт.) жакшы бир сөзүн гезиттен окуп калдым эле: "Илгери сүйүүгө биз жүрөктү кошуп ырдачу элек, азыркылар буту-колун кошуп алыптыр",- деген. Анын сыңары, ушундай акыбалда Көркөм кеңеш "тез жардамдай" жардамга келди деп эсептейм. Алардан коркпой, кайра издениш керек. Алар жардан ары түртүп жибербейт, жардам берет. Сын деген адамды өстүрөт. Канча сындалсаң, ошончолук өсөсүң. Элдин жүрөгүнө жете тургандай ыр, обон жаратышың керек. Ошондо анын өмүрү узун болот. Өмүрүн узартам десең, аракеттенүү абзел. Ыр, обон деле - бала. Баланы башынан таптоо зарыл. Жакшы таптасаң - шыр кетет, жаман таптасаң - тебелендиде калат. Мен деле жаш кезимде, 21 жашымда ырдап чыгып, Көркөм кеңештин сынынан, элдин элегинен өткөм. Албетте, талыкпаган эмгек, изденүү менен. Аракетим менен атымды таза сактап кала алдым. Ал азыр республикага таанымал, мактангандай болбоюн, бул чындык.
- Фонограммага тыюу салууну да көпчүлүк ырчылар туура эмес көрүүдө. "Аппаратура, микрофон начар, сонун үнүбүздү бузуп коет" дегендер болууда... Сиздин пикириңиз?
- Аппаратура, микрофон жөн эле шылтоо. Филармония, Спорт ордосундагы аппаратура, микрофон сонун эле. Заманга жараша заманбап жабдуулар менен жабдылганы качан. Филармониянын ырчылары оркестрдин коштоосунда заңкылдап эле ырдап жатышпайбы. Мисалы, биздин убакта эч нерсе жок болчу. Бир эле аппаратура бар эле. Азыр бардыгы бар, жакшы шарт түзүлгөн. Үнүң жетпей калган жерден жеткирип, тазалап койчу жерден тазалап, жасап койчу аппаратуралар бар. Аны менен оңдоп, түздөп чыгып эле жатышпайбы. Фонограмманы бир эле учурда - телевидениеге тартылаарда (сапаттуу болуш үчүн) гана колдонсо болот.
- Тойдо колдонулбайбы? Көпчүлүк ырчылар фонограмма менен акча таап кетишет го…
- Мен тойлордо жандуу ырдайм. Тойдо жандуу ырдаганың сахнада да чоң жардамын берет. Жөн эле заңкылдайсың. Негизи эле жасалмалыктан көрө жандуу ырдаганга не жетсин.
- Тамадалык өнөрүңүз эгемендик менен ээрчип келди окшойт?
- Союз убагынан бери эле ээрчип келатат. 1985-жылдары эле баштагам.
- Союз убагы менен эгемендүүлүктөгү тойдун айырмасы болсо керек?
- Союз убагында эч нерсе, алсак, чоң аппаратура, чоң синтезатор деген жок болчу. Комуз, аккордеонду көтөрүп барып эле ырдап-чордоп той өткөрчүбүз. Ал убакта кафеде той өткөрүү бирин-серин гана болчу. Анда "сотка" деген жок болчу. Ушу боюнча силерге бир кызык айтып берейин. Жаз мезгилинин май айында "Бакыт" үйүнүн жанында бир кафе бар болчу, ошол жерге саат алтыда үйлөнүү той өткөрүлмөк. Баарыбыз убагында келдик. Бир саат өттү, баягы баш кошкон жаштарыбыз жок. Ата-энеси ары-бери басып чыйпылыкташат. Анан келген элди кафеге киргизип, дагы жарым саат күттүк, жок. Баланын ата-энеси ого бетер кыжаалат болуп чыкты. Сыртка чыгышат, кайра киришет. Менин дагы шуулдап жаш кезим. Ошентип алар сегизде келишти. Көрсө, баягы жаштарыбыз тели-теңтуштары менен тоого чыгып, гүл терип кетишиптир да… "Сотка" болсо чакыра калмакпыз да. Союз убагында ушуга окшогон кызыктар көп болгон. Техникалык жактан аксабасак, башкасы сонун эле болчу. Мурда той анда-санда болсо, азыр көп берилет. Бардык жакшылыктарын жетине албай жууп жатышпайбы. Бул жакшы жышаан. Элдин батасын алган жакшы да. Кудай ушуну кут кылсын кыргыз элиме. Кыргызымда той болуп эле турсун. Кыз узатып, уул үйлөп, куда күткөнгө не жетсин.
- "Тамаданын түшүнө той кирет" дегендей, той түшүңүзгө көп кирсе керек?
- (Күлөт) Жаман түш көргөнчө той көргөн жакшы да. "Тамаданын түшүнө той, карышкырдын түшүнө кой, кемпирдин түшүнө чал, аарынын түшүнө бал кирет",- деп бекер айтылбайт да. Элдин батасын алганы бардык жерге барам. Талас, Ош, Лейлек, Нарынга барып жүрөм. Ар кайсы жердин каада-салт өзгөчөлүгү болот эмеспи. Аны алдын ала той ээсинен сурап, даярданам. Тойдун жүрүшү да элдин нугуна жараша болот. Ар кандай кыял-мүнөздөгү адамдар келет, абал ар кандай болуп кетиши мүмкүн, баарына даяр болуп, айла-амалын табыш керек.
- Элдин көз кырында жүрүү оор бекен?
- Оор эле болот. Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак кылышат. Ошентсе да көрөгөч элим жөнөкөйлүктү, адамгерчиликти каалайт, андыктан алар менен алар каалагандай болуш керек.
- "Тунгуч" театрынан көрүнбөй калдыңыз го, чыгып кеттиңизби?
- Жок, баягы эле коллектив чогуу иштеп жатабыз. Биз жылына жаңы долбоор менен эки жолу концерт берип, сөзсүз түрдө Кыргызстанды кыдырчубуз жумалап. 2010-жылы токтогонбуз, ошо бойдон убактылуу токтоп турат. Ал жылы революция болуп, канча деген балдарыбыз шейит кетти. Элибиз кайгырып турса, биз кантип концерт коебуз?! Эл менен кошо аза күттүк. Андан кийин парламенттик шайлоо башталды, ага иштедик. Биз, "Тунгуч" театрынын коллективи - баарыбыз "Ата Мекен" партиясынын мүчөсүбүз. Бир ай үгүт иштери менен Кыргызстанды түрө кыдырдык. Андан кийин президенттик шайлоо башталды. Анда иштедик. Мына-мына эми концерт коелу дегенде пикет, митингдер байма-бай болууда. Кыш келип, жарык, газ, свет жок болду элде… Кыскасы, элдин маанайы пас. Элдин маанайына жараша концерт коюуну туура көрөм. Каякка барбайын, элдин баары "Тунгучту" сурашат. Жаңы программа иштелип чыгып, концерт коюу планда бар. Негизи биз даярбыз. Ыңгайы келбей турат. Азырынча ар кимибиз өз алдыбызча оокат кылып жатабыз. Чоң иштер болгондо чогула калабыз.
- Өзүңүзчү, качан концерт коесуз?
- Бир жылдан кийин деп турам. Искусствонун көп багытында иштедим, ошонун баарын чогултуп, жалпылап туруп концерт койсом деген оюм бар. Эмки жылы чоң концерт берем деп пландап жатам.
- Элдин баарына жагам деп ойлойсузбу?
- Элдин баарына текши жагууга болбойт го. Элдин кабыл алуусу кыйын да. Бирөөнө жагам, бирөөнө жакпайм. Бирөө ырымды угат, бирөө укпайт дегендей. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эмне болгон күндө да ар бир угарман, көрөрмандарыма, дегеле кыргыз элиме ден соолук, узун өмүр каалайм. Жүзгө чыгышсын. Бир кемпирдин абышкасы жүзгө чыгып каза болуптур. Аябай ыйлайт экен кемпири, аны көргөн тели-теңтуштары: "Эмне анча сыздап жатасың, жүзгө чыккан ким бар дейсиң?" - десе тиги кемпир: "Кантип гана сыздабайм да боздобойм, абышкамдын кылыгы жаңы чыгып келатты эле…" - дептир. Анын сыңарындай, кыргыз элим кылыктанганча жашасын!

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА