Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0301_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0301_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0301_1.htm on line 12

Жанмаанай

Жетелешип чуркайлы


Урр-ре-ее, жаз келди! Күттүргөн жаз да келди. Бүгүн 1-март. Так ушул күнү 5 жыл мурда, тагы­раак айтканда 2007-жылы 1-мартта "Де-фактонун" алгачкы саны чыккан. Ал кыш дагы быйылкыдай суук болчу. Улам жарык өччү эле, кара көзүбүздү кашайтып. Ал аз келгенсип кеңсебиз да суук. Үшүп-тоңуп атып биринчи саныбызды даярдап, анан 1-мартта жаз менен кошо чыга калганбыз "жарк" этип. Мобул сүрөттө 2007-жылкы жаз... "Де-фактонун" биринчи жазы. Ушул арабабызды жасап алып, кудуңдап сүрөткө түшкөнбүз. Үшүп кетип кайра "култ" этип эки бөлмө кеңсебизге кире качтык эле. Андан бери 5 жыл өтүп кетиптир…Өлбөгөн жанга жаз келди. Бакиев жаап салган менен "Де-факто" өлгөн эмес. Элдин эсинде болчу. Ошентип кайра жолуктук. Эми бизге Жаз кошулду.
Келгилечи, жетелешип чуркайлы. Жаз чакырып, көктөм чакырып чуркайлычы.

Чолпон Орозобекова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

1-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0301_1.htm on line 92

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0301_1.htm on line 92

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0301_1.htm on line 92