Бексултан Жакиев, Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл Баатыры:

"Дүйнөдө Манастын тилин түшүнбөгөндөр да, эпостун касиет- күчүнө баа беришет"


-Бексултан агай, кечээ жакында Москва шаарында Манастын эстелигинин ачылыш аземи болбодубу, эстелик тууралуу эмне айтар элеңиз?
-Ири державалардын бири Орусиянын борбору Москва шаарында Манастын эстелигинин ачылышы - бул чоң окуя. Абдан көрүнүктүү жерге коюлуптур. "Манас" эпосунун ою, философиясы дүйнөлүк маданияттын казынасына кошуп аткан салымы даңазаланып атат. Эпостогу дүйнө таанымды, философияны башка элге тааныштырмак түгүл, айрым кездерде өз элибизге да жеткире албай келатпайбызбы.
-Эстеликтин көрүнүшүн, сапатын кандай бааладыңыз?
-Ал тууралуу адистер ар кандай пикирлерин билдирип жатышат. Биздин аянтта ачылган Манастын эстелиги тууралуу да бир далай сөз болууда. Эң негизгиси - Манастын айкели өзүбүздүн өлкөнүн чоң аянтында эле эмес, баатыр шаар Москвада биздин баатырыбыздын эстелиги жаркырап көрүнүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген меймандарды өзүнө тартып турат. Москвада дүйнөнүн белгилүү инсандарына ачылган эстеликтер арбын, бирок эпикалык чыгарманын ­каарманына арналып бир да эстелик коюлган эмес. Манас - бул көркөм чыгарманын эле каарманы эмес, бул кыргыздын тарыхы, басып өткөн жолу, кечээгиси менен келечегин камтып турган бир чоң күч, улуу инсан. Ар бир кыргыз баласы Манасты баалап-барктайбыз деп айтат, бирок окуянын маанисин жеткире түшүнө албай, даражасын сезе албай аткан учурларыбыз кездешет. Ал эми бөтөн элде, башка мамлекеттердин арасында аны толук түшүнүп баалагандар, Манастын тилин түшүнбөсө да, "Манас" айттырып, анын касиетине таң бергендер аз эмес.
-Москвадагы эстеликтин коюлушу бир топ жыл күттүрүп калды да…
-Кыргыздар "буюрган күнү" дегендей, ушул күндөргө буюрган экен.
-Алмазбек Атамбаев "Эхо Москвы" радиосуна берген интервьюсунда "Манас-этникалык россиялык" деп сүйлөдү, сиз муну кандай түшүнөсүз?
-Бул айтылгандарды туура кабыл алыш керек. Бир жагынан тамашасы да бар. Экинчи жагынан Манастын географиясын, ошол тарапты, Енисейди жердегенин ким билбейт? Алтайлыктарга биз барганда тимеле атасын көргөндөй сүйүнүп кабыл алышкан. Кыргыз деген мамлекетибиз кичине болсо да, улуу эл, духу, руху бийик дегенди билдирип жатат. Кыргыздын бир эле макалын алгылачы, анда не деген философия, бир том китепте айтыла турган санат- насыят жатат.
Мамлекет башчы адамзат эволюциялык жол менен өнүккөнү жакшы экенин Толстойдон мисал тартып айтып жатат.
Азыр мына, марттын биринде да митингге чыгабыз, 2003-жылдагы Конституцияны алып келебиз деп түштүктө митинг уюштурганы жатышыптыр. Эмнеге түштүктө? Кыргызстандын түндүгү же түштүгү деп бөлүп-жарбай, Кыргызстан бир өлкө экенин аңдап-билишибиз керек. Биз баарылап Манастын элин даңазалап, дүйнөгө атагы чыккан көрөңгө, насилибизди ыйык тутуп, майда нерселерге алагды болбогонубуз дурус.
Жазып алган
Айгүл Бакеева




Атасын эстеген


Кулубек Бөкөнбаев


атасынын досу Жусуп Турусбековду неге эстебейт?



Гезитиңерге Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу Кулубек Бөкөнбаев жана анын үй-бүлөсү тууралуу жазыпсыңар. Ага эч кимдин талашы жок. Жазыла берсин. Бирок… бир кетирген ишинен кеп кылайын.

Колунда-жолунда болуп, Кулубек былтыр атасы Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгын өткөрдү. Бирок Жоомарттан бир кеми жок акын, атасынын үзөңгүлөш жолдошу, калемдеши Жусуп Турусбековдун 100 жылдык юбилейи өтпөй калды. Анын китептеги ырларынан, эл оозундагы "Эсимдесинен", атынан башка эч нерсеси жок экен деп Жазуучулар союзу да унутуп коюптур.
"Тегирмендин үстүңкү ташынан астыңкы ташы күчтүү" дейт кыргыз. Кулубекти кулпунтуп эр кылып жүргөн Болжурованы эстүү деп укчу элек. Эгер ырас эле эстүү болсо "Кой, экөө тең кыргызга кызмат кылган акын, анан да атабызга теңтуш, дос эле. Өзүнүн атын өчүрүп, атабыздын атын чыгарып, анын туугандары - тоңдуктар төбөсүнө көтөрүп жүрөт. Жусуп агамдын арбагын сыйлап, атам экөөнүн тоюн бир өткөрүп коелу" дегенге жараганда не?!.. Ал сунушту Кулубек колдоп кеткенде не?! Ошондо бул ушундай Шер эле деп, баягы цианид суу ичкен эрдигин кошуп эстебейт белек?! Колдорунда жок эмес. Жок болсо деле, Жоомарттын юбилейин мамлекет колдоп жаткандан кийин, эл ичинен төбөсү көрүнгөн бул эки жубай жогорудагы сунушту баштап коюшса, топуктуу тоңдуктар жөн жатпайт эле го…
Урматтуу "Де- фактонун" кызматкерлери, силер дайыма чындыкты айтып келесиңер. Мен да силер чырылдап коргогон чындыкка чындык кошоюн деп ушул ойду жаздым. Калыстык үчүн чыгарып койгула. Же бармагын тиштээр, же бу ким деп муштумун кезээр. А мен болсо Жусуптун "Эсимдесин" эргип уккан бир окурман.

Абылгазы Аттокуров,
Бишкек шары




Сүйүнчү, Ошто Ынтымакбек төрөлдү


же Алыкулдун ырларын жатка билген Лола кыргыздын санын көбөйттү



Кыргыз жигити Исламбек Орозов менен өзбек кызы Лола Байназарованын түтүн булатканына 4 жыл толду. Ушул убакыт ичинде бактылуу түгөйлөр эки уул табышкан. Ушул жылдын 23-февралында Лола дагы уул төрөп, күйөөсүнө чоң белек кылды.

"23-февраль мен үчүн кош майрам болду. Кубанганымды жашыра албай төрөтканага келсем жубайым ыйлап олтурат. Чочуп кеттим. Сурасам, "кыз төрөшүм керек эле" дейт. Кудайдын бергени экен, үч уулдуу болдук",-деген Исламбек уулуна Ынтымакбек деген ысым ыйгармай болду. Эки улуттун ортосуна ажырым түшүп, мамлекет кооптуу абалда турганда биримдикке ушундай салым кошом деген ойдо.
- Аялым өзбек кызы, өзүм кыргыздын жигити экениме карабай, бул үчүн ортобузда бир да жолу көйгөй болгон эмес. Аң-сезими төмөн адам гана сен өзбек, мен кыргыз деп элди экиге бөлөт, -деди ал биз менен баарлашып олтуруп. Исламбектин жубайы Лола анча-мынча "киргизге" караганда кыргызча так сүйлөйт. Ага "алгач келин болуп түшкөнүңдө кыргыздын каада-салтынан кыйналдыңбы?"-деген суроо узаттык. "Бир атадан тараган бир элбиз. Каада-салт, үрп-адатыбыз окшош. Эч кандай кыйналган эмесмин",- деп кыска гана жооп берди.
Лола кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынын баарын окуп чыккан. Айрыкча Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романын кайталап окуудан тажабасын айтты. Алыкул Осмоновдун ырларын жатка билет экен. Улуттук сыймыгыбыз болгон "Манас" эпосу, "Эр Төштүк", "Кедейкан" ж.б. бир катар кенже эпостор менен да тааныш. Андагы баатырлардын эрдигине баа берип, алардын сапаты, эр жүрөктүүлүгү балдарында болсо деп тилейт.
- Улуу атабыз Чыңгыз Айтматов ар улутка өзүнчө баа берип, тең караганы үчүн аты Ааламга чыкты. Орто Азияга таанымал Исхак Раззаков да бөлүнгөндү билбеген, интернационал инсан болгон.
Биз болсо гезитибиздин жана миңдеген окурмандарыбыздын атынан Ынтымакбекке чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Эл керегине жараган эр азамат бол, Ынтымакбек!

Кайрат Жапаров, Ош




Өкмөт сөз сүйлөйт


Ар бир өкмөт улутуна карабай, жынысына карабай, катын-баласына карабай, эгер катыны менен ажырашып кеткен болсо же эрин карабай кеткен болсо да кабагым-кашым дебей, көзүн жуумп туруп төмөндөгүдөй убада берет:
1. Мен, Баланчайып Төлөнчө Түкүнчөйүч (аты-жөнүмдү бысептоним менен бергеним үчүн кечирим сурайм, кас-душман көп), ушул Өкмөттүн ыйык отургучуна ныгырыла көчүк басып атып, миң митиңги болсо дагы кайра турбоого калың убада берем. Бул куттуу орундан мени үчүнчү ыңкылап гана тургузалат. Бөлөгүнө баш ийбейм. Мага десе жер титиреп кетсе дагы, сел жүрүп кетсе дагы, көчкү басып калса дагы, көчүктү геморрой басса дагы, баарына Эмчиес өзү күнөөлүү деп табылсын жана иштен алынсын.
2. Эң биринчи иш башы деп айыл чарбасын төрт бутуна тургузам. Эски өкмөттөрдөн калган "желкозулардын" баарын базарга сатып, түшкөн акчасына Америкадан буудай сатып алабыз. Буудайды Желтегирменге салдырып, ак калпак элимдин калпактарын унга толтурабыз. Жок дегенде жарымына чейин толтурабыз.
3. Өнөрлүү өкмөт өлбөйт, опей, өнөр-жайлуу өкмөт өлбөйт демекчи, аларды иштете баштайбыз. Иштебейм деп моюн толгогондордун темир-тезегин Кытайга сатам деп коркутабыз. Кытайга эски дагараларды, казан-аяктарды бүт өткөзүп, кайра тиш чукугучтарды кенен сатып алабыз. Эт жегенден кийин, тишиңди чет элдик коноктордун көзүнчө ширеңке менен чукуп отурган уят иш экен.
4. Кошуна-колоңдор бизге газ бербесе, бензин бербесе, көмүр бербесе, биз суу бергенди токтотобуз. Өлкөнү тегерете канал каздырам. Суу эч жакка кетпесин. Айланып агып жүрө берсин. Чегара маселеси да өзүнөн-өзү чечилет. Кимде-ким түн жамынып суу ичкени келсе, батек сакалына таш байлап каналга чөктүрөбүз. Суунун жээгине крокодил баккан фабрикаларды жайгаштырабыз.Чегараны ошолор кайтарат. Бир чети, ушундай ыкма менен чегарачылардын колун узартабыз. Экинчи чети, крокодилдин терисинен аялдардын сумкасын жасап, чет өлкөгө сатабыз. Жалаң балүтөгө сатабыз. Этине бөдөнөнүн этин кошуп, куштуку деп импортко кетиребиз. Бирге-бир кылып кошобуз. Бир крокодилдин этине бир бөдөнө кошобуз. Эч кимде таарыныч болбойт. Кызылдай акчага кетет. Бу да балүтө. Кошуна-колоңдор булар акчаны кайдан таап атат деп мээси жетпей жинди болушат.
5. Андай жиндилерди четинен алып келип, биздин бисих-балнийсаларга жаткызабыз. Дүйнөгө атагы чыккан бисихтерибиз таза айыгалекте эле чоң саясатка аралашып атканы, бирзиденттик тактыга чейин талапкерлигин коюп атканы - бисих-балнийсалардын жогорку сапатынан кабар берет эмеспи. Мынчалык деңгээлди эч жерден жолуктурбаган чет өлкөлүк кыйшык мээлер өздөрү келип дарылана башташат. Таза балүтөгө дарыланышат. Жок дегенде бир брасентин айыктырсак эле бутка туруп кетебиз. Калган токсон тогуз байызына жыл сайын келип тургудай шарт түзүп беребиз.
6. Мына ушундай таза жолдор менен баарыбыз бутка турабыз. Мага болсо турганга болбойт. Турсам эле бирөө келип ордума шак отура калышы толук мүмкүн. Силердин турганыңар - менин турганым, садагасылар.
7. Ушул убадалардын өтөөсүнө чыгууга дагы убада берем. Бизде убада көп, кийинкилерин эмики жолугушканда берем деп убада берем.Теңчилик болсун үчүн, убададан жутаган эч ким жок дегендерге убада бергенди токтоттум деп убада берем.

Кимбайке