Акылбек Жапаров, Каржы министри:

"Быйылкы бюджет "Алыбек алына жараша" принцибинде түзүлөт"


- Акылбек мырза, 2012-жылдын бюджетинин долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыктыңыз. Эми коомчулукка дагы кененирээк маалымат берсеңиз. Быйылкы бюджет кандай болот, профицит дегенди көрөбүзбү же баягыдай эле дефицит менен бекитилеби?
- Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында, өзүбүздүн кирешебиз канча болсо, бюджет чыгашасын ошончо кылып түзүүнү өкмөт колдоду. Мындан ары, премьер, президент, Каржы министрлиги башка өлкөлөрдөн, каржы институттарынан жалдырап бир дагы тыйын сурабайбыз. Эгер парламент биз сунуштаган бюджет проектисин бекитип бере турган болсо. Былтыркыдай Антикризистик фонддон 5 млрд. сом, улутташтырылган объектилерден 5 млрд. сом түшөт деп эсептеп, али келелек 10 миллиард сомго чыгашаларды киргизип жибергендей болбойбуз. Быйыл андай "Кудай буюрса келип калат" деген божомолдоону токтотуп, эл аралык донорлор менен күн мурунтадан бекитилген, парламенттен ратификациядан өткөн ички булактардан келчү реалдуу акчалардын негизинде гана бюджет түзүлдү. Аткарылбай калчу коркунучу жокко эсе. Баягы саясий чечимдер менен куру убадаларды берип, элди үмүттөндүрүп, бирок аткара албай калган учурлар болбойт. Быйылкы бюджет "Алыбек алына жараша" принцибинде түзүлөт.
- Ошондо быйылкы бюджет канча миллиард сом деп пландалып жатат? Себеби айрым эксперттер быйыл бюджет дефицити 16 миллиард сом болот деп эсептеп чыгышты.
- 2012-жылдын бюджетинин кирешеси дагы 94,8 млрд., чыгашасы дагы 94,8 млрд. сом болуп жатат. Бул жылы дефицит деген түшүнүктүн бөлөкчө вариантын берип жатабыз. Эгерде дефицитти ички жана сырткы булактар менен жаап атсак, бул жабылчу дефицит болуп эсептелет. Былтыркыдан айырмаланып, дефицитти жапчу булактарды таптык. Азыр үч жылдык бюджет долбоорун кабыл алганы турабыз. Жакынкы үч жылдын ичинде бюджет структурасы өзгөрөт. 2014-жылы бюджет 70% ички, 30% сырткы булактардан түзүлмөкчү. Мурда салык, бажыдан келген акчага сырттан келген акчаларды аралаштырып туруп, акча сураган тармактарга башаламан берип келишкен. Салык менен бажыдан туруктуу түшкөн каражатты пенсия, пособие, айлыкка коюп, сырттан келген гранттарды Өнүктүрүү бюджетине коюп жатабыз. Мындай схема менен келген акчалардын кетчү багыты так, даана көрсөтүлөт. Ушул жол менен кетсек, эмдиги жылы жеп-ичкен бюджеттен, өнүгүү бюджетине багыт алабыз. Союз мезгилинде Кыргызстан жылына 900 млн. доллар Москвадан дотация алчу. Союз кулагандан кийин Москванын дотациясы келбей калып, айла жок ар кимден кредит суроо менен курсагыбызды тойгузуп келдик. Ал кредит, гранттын канчасы уурдалды. Биз ушул каталарды кайталабайлы деп чечтик.
- Сиздер мындан ары эки тепкичтүү бюджетке өтөбүз деп жатасыздар. Эки тепкичтүү бюджеттин үч тепкичтүү же төрт тепкичтүү бюджеттен айырмасы кандай?
- Мурда алыстагы Алай, Ат-Башынын мончо, маданий клуб, спорт залды оңдоо сыяктуу 200 миң сомдун тегерегиндеги маселеси дагы Бишкекте чечилчү. Тилекке каршы, Каржы министрлиги мындай майда маселелерди карай берчү эмес. Кыргызстанда 470 айыл өкмөтү, 40 райборбор алардын топтолгон проблемаларын карап чыкканга убакыт да жетишпейт, туурабы? Ошентип ал маселелер чечилбей калчу. Үч тепкичтүү бюджеттин саясий тарабы да бар эле. Губернаторлор борборго келип, регионуна тиешелүү акчаны бөлдүрүп кетип, айыл өкмөт, акимдер облус башчыларынын көзүн карашчу да. Губернаторлор болсо Ак үй, Каржы министринин көзүн карашчу. Анан акчаны бөлдүрүп аларда 20% "откатын" берип алып кетишчү. Мен, мурда каржы министри болуп иштеп турганымда бул абалды анализдеп чыгып, 2006-жылы эки тепкичтүү бюджетке өттүм. Жергиликтүү бийликтин жетекчилери "өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар" деп, жакшы салык чогултушуп республикалык бюджетти 3 эсеге көтөрүүгө салым кошушту. Анткени топтолгон акчанын 50%ы мамлекеттик бюджетке, 50%ы жергиликтүү бюджетке калып жатты. Ошол 50% топтолгон акча менен өздөрүнүн социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөрүн чече башташты. Экономикалык көрсөткүч өстү. Мисалы, 2000-жылдан 2005-жылга чейин 17 мектеп курулган экен. Ал 2005-жылдан 2008-жылга чейин 117 мектеп курулду. Ушул эки тепкичтүү бюджет системасы менен коррупция батып борборлоштурулган каржы тармагын децентралдаштырып, ийгилик жаратканбыз. Ошондо дотацияда отурган айрым аймактар, салыкты абдан көп чогултуп, дотациядан чыгып кетишкен. Андай айыл өкмөттөрү 60тан ашып калды. Жылына 30-40 айыл өкмөтүн өзүн-өзү каржылаганга жеткирели деген план койдук. Эми ушул системаны кайра киргизгени турабыз. Анткени мен каржы министринен кеткенден кийин мурдагыдай эле система киргизилген. Азыр жергиликтүү бийликтегилерге финансылык ресурсту берип жатабыз. Ошону менен бирге эле жоопкерчиликти дагы.
- Парламент жыйынында сатып алууларды электрондук вариантка өткөзсөк, коррупцияга бөгөт болот деп айттыңыз. Бул эмне болгон электрондук сатып алуулар жана кантип жеп-ичмейге бөгөт кое алат? Анткени бизде баары бир, бир айласын табышат да.
- Дагы бир чоң жаңылыгыбыз - коррупцияга каршы электрондук сатып алуулар системасын киргизүү. Бул системаны заманбап технологияларды колдонуу менен 2012-жылдын 1-апрелинен тартып киргизебиз. Мунун артыкчылыгы кандай? Мурда сатып алуулар көмүскө тармак эле. Анткени сатып алууларды бир ууч чиновниктер гана жүргүзчү. Эми сатып алууларга "бир күндүк", кийин кылган-эткенине жооп бербечү фирмалар киргизилбейт. Сатып алууга катышуучу фирманы каттоону система өзү жасайт. Ал боюнча керектүү жерлерден (салык, соцфонд, бажыдан ж.б. тармактардан) маалыматты топтоону дагы система өзү жасайт. Эгер мурда-кийин коррупцияга байланышкан фактылар чыкса, система ал фирманы сатып алууларга катыштырбайт. Бардык процесс сайтка жарыяланып турат. Мурдагыдай акча бөлдүрүп алып анан товар алып келген заман токтойт. Же эч кандай техникалары жок туруп, курулуш, жол боюнча тендерлерди утуп алып, башка техникалары бар компанияларды субподрядчик катары иштеткен, ошентип ортодон акча жемей токтойт. Мисалы, Бишкек ТЭЦине канча жылдан бери бир шахтыдан көмүр алынып келет. Ошол учурда ушундай сапаттагы көмүр башка шахтыдан арзан баада болушу мүмкүн. Эми сайтка көмүр сатып алабыз деген жарыя чыкса көмүр алып келүүчү фирмалардын жана көмүр сатуучу шахтылардын сунуштары автоматтык түрдө ортого чыгат. Албетте, мамлекет акча аз жумшалган сатып алууну жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алат. Демек, жөнөкөй жарандарыбыз акча кайда кетип, кимдер же кайсы фирма сатып алууларды жүргүзүп атканын ачык, айкын көрүп турат. Кыскасы, кандай тендер жарыяланбасын же сатып алуу жүргүзүлбөсүн, талапка жооп бергендер гана бул ишке аралаша алат.

Маектешкен
Семетей ТАЛАС уулу