Чыгырык

Кубат Кожоналиев, генерал:


"Эшбаевдин өлүмү бөрк ал десе баш алчулардын көптүгүнөн кабар берет"


- Кубат мырза, президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы согуш ачты. Буга оюңуз кандай, ал аягына чыгабы же ошол бойдон калабы?
- Бизде мамлекет десе эле коррупция көзгө элестейт. Мунун кесепетин эл тартып жатат. Массалык түрдө жарыкты, газды өчүрүү, уу көмүрдү алып келип бала бакчаларга, карылар үйүнө таркатуу деген эмне шумдук? Мындай шартта, президент иш-чараларды көрүп, кыңыр иштерди ооздуктоого милдеттүү. Антпесе, элдин ишениминен кетет. Азыр эми МУККга тапшырма берип, күрөш баштап жатат. Бул жакшы жышаана. Бирок аны бир аз башкача формада жасаса болмок. Анткени муну колдогондор да, каршы чыккандар да бар.
- Коомчулук арасында буга жөн гана пиар жүрүш катары баа бергендер бар. Сиз бул иштердин толук ачылышына ишенесизби?
- Андай да коркунуч бар. Анткени биздин коом тоталдуу түрдө коррупцияга малынган. Таяке-жээн, куда, өкүл бала сыяктуу нерселер бар. Атамбаев азыр ачык айтып жатат, кызматты жалаң таза адамдардан түзөлү деп. Кеп тазалыкта деле эмес. Кеп ачыктыкта, сөз эркиндигинде. Эгер биз ачыктыкты бурмалабай, бузбай жазсак, ошол гана кепилдик берет. Башкасы, айрыкча адам адамга кепилдик бере албайт. Акаев деле коррупция менен күрөшөм деген, Бакиев да ошону айткан. Кийин Бекназаров дагы ушинтип чыкты. Аягы эмне болду? Башталган иштер сотко жетпей жабылып, элдин ичинде нааразычылык, ишенбестик калып калды. Азыр дагы коом буга сын-пикир менен карап турат. Саясий эрк керек, антпесе реформа болбойт.
- Жогоруда сиз атап кеткен президенттердин тушунда деле коррупцияга каршы күрөш болгонун айттыңыз, бирок эмнеге дайыма мугалим, МАИчилер тутулат да чоңдору жазасыз кала берет?
- Мына Айбек Эшбаевдин иши. Бул коррупция менен күрөшүү эмес. Андай күрөш жогорку деңгээлден башталат. Болуптур, МАИчи пара алыптыр. Аны сот карап, айып пул төлөтсө деле болмок. Бирок ал мамлекеттик кылмышкер эмес да, МУККнын жер төлөсүнө камагыдай. Чоң кылмышкерди кармагансып, Финансы полициясы менен коопсуздук кызматы биригип, аягы ушул жаңжал менен бүттү. Бул деген "бөрк ал десе, баш алган" адамдардын көптүгүнөн кабар берет. Эмне үчүн радиацияланган көмүр, банк уячалары боюнча иштер али ачылбай жатат? Жарым-жартылай күнөөлүү депутаттар жүрөт. Алар эмнеге жооп бербейт? "Карга карганын көзүн чукубайт" деген ушу да. Мына азыр "Аю" менен "Мегакомдун" иши чубалып жатат. Ал аягына чыгабы же жокпу, билбейбиз. Өткөндө айтылды эле, аэропорттон менчик фирма шлагбаум коюп алып, элден акча чогултат экен. Ага прокуратура өз актысын киргизиптир. Эмне үчүн ага асылышпайт?
- Баса юрист катары айтсаңыз, Эшбаевдин өлүмү тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Венасын кесип, айнектен секирем дептир. Өлүмдүн алдын алса болот беле?
- Мен айтаар элем, буга чейин далай мыйзам бузуулар болгон. Макул кармашып, тиги өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаптыр. Дарыгерлер да калтырып кеткиле деген экен. Эмнеге калтырышкан жок же бул ошончолук коркунучтуу кылмышкер беле? Экинчиси, абакка киргизип жатканда батинкенин боосуна чейин чечип алышат. Андай болсо шарф кайдан кирип жатат? Бул жерде 4000 сом үчүн Эшбаевдин укугу Финансы полициясы менен МУКК тарабынан бузулганы көрүнүп турат.
- Сиз кечирип коюңуз, бирок реформа болуш үчүн советтик муун толугу менен алмашпаса болбойт көрүнөт?
- Аныңа толук кошулам. Мына жакында эле кармалган Саламаттык сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбеков аксакалыбыз 70тен ашып калды. Ал кишиден башка жаш кадрлар жок беле министрликте. Бизде бийликке жеткен адам өмүр бою калгысы келет. Бакиев да ушул бийлигин сакташ үчүн бир жыл мурда шайлоого барган. Таза адамдар жок. Германиянын президенти коррупциялык ишке катышы бар деп чыгышты деди, моралдык укугум жок деп арызын жазып кызматтан кетти. Бизде эч ким антпейт да. Ошон үчүн бийликке жаңы муун сөзсүз келиши керек.

Санжи Туйтунова




Криминал менен мыйзамдын күрөшү

Шейшенбек Байзаков "мени өлтүрүүгө "киллер жалданды" деп өкмөткө рапорт жөнөттү



Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковго жана СИЗО-1дин жетекчисинин өмүрүнө кол салууга аракеттер даярдалып атканы тууралуу маалымат чыкты. Акыркы учурда Байзаков түрмөлөргө тартипти орнотуунун катуу аракетин көрүп, криминал менен айыгыша күрөшүп аткан болчу. Криминалдын мурункудай камерадан камерага ээн-эркин жүрүп, акча чогултканын токтотуп, общактын казынасын жапкан болчу. Кечээ парламент жаза аткаруу башкармалыгынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин укту.


Байзаковду жок кылууга ким кызыкдар?
ГСИНдин жетекчиси Шейшенбек Байзаков премьер-министр Өмүрбек Бабановго жазган рапортунда анын өзүнө жана СИЗО-1дин жетекчиси Марс Жусупбековдун өмүрүнө кол салуу аракети көрүлүп атканын жазган. Жаза аткаруу башкармалыгынын маалымат катчысы Александр Никсдорфтун айтымында, буга чейин ээн-эркин акча чогултуп, баңгизаттарын каалагандай киргизип турган криминалдык лидерлер Байзаковдун аракетинен мурункудай тайраңдай албай калып, жоготкон позицияларын кайтарууну көздөп жатат. Себеби буга чейин "черный ход" аркылуу түрмөгө түшкөндөрдөн ай сайын "общакка" деп 18 миңден 80 миң долларга чейин акча чогултулчу. Учурда бул жолдордун баары буулуп, камералардын баары бекитилген, түрмө ичинде криминалдык лидерлер ээн басып жүрө албайт. Маалымат катчынын айтымында, ГСИН жетекчисинин өмүрүнө кол салууга даярдык боюнча укук коргоо органдарынын маалыматтары бар. Учурда бул ишке буйрук бергендер ким экенин аныктоо иштери жүрүп атат.

Марс Жусупбеков: "Демек депутаттар криминал менен бирге"

"ГСИНдин башчысын жок кылууга ким буйрук бергени бизге маалым. Бирок азырынча ал маалыматты ачыкка чыгарууга болбойт" деп билдирди СИЗО-1 дин жетекчиси Марс Жусупбеков. Анын айтымында, 4-5 депутат Байзаковду отставкага кетирүүгө аракет көрүп жатат. "Криминал менен күрөшкөн адамды кетирүүгө аракет кылып аткан депутаттарды демек, криминал менен бирге экен деп ишенимдүү айтууга болот. Эгерде ал кишини кызматтан ала турган болсо, мен да анын артынан өз каалоом менен кетем",- дейт СИЗОнун жетекчиси. Аны менен катар Байзаков кызматтан алына турган болсо кошо кетүүгө даяр экендигин 10 жаза өтөө мекемесинин жетекчиси билдирип чыгышты.
Шейшенбек Байзаковду ЖоКе кетсин деди. Бабанов не дейт?

Аңгыча кечээ ЖК жыйынында Шейшенбек Байзаковдун ишмердигин текшерүүгө алган парламенттик комиссиянын отчету угулду. Депутат Туратбек Мадылбеков өткөн жылдын декабрында түзүлгөн комиссия Жаза аткаруу системасынын иштерин текшерүүнүн натыйжасында Байзаковдун бир катар мыйзам бузууларга жол бергендиги аныкталгандыгын айтып, комиссия Шейшенбек Байзаковдун кызматтан алынсын деген чечим кабыл алгандыгын билдирди. Комиссиянын чечимине депутаттар Игорь Гусаров менен Эркингүл Иманкожоева кол коюшкан эмес. Иманкожоева кол койбогондугун Байзаковдун системадагы коррупцияга, тартипсиздиктерге каршы күрөшү жакшы болуп аткандыгы, комиссия мүчөлөрү башынан эле ­Байзаковду кызматынан кетирүү маанайында болгондугу менен түшүндүрсө, Гусаровдун кол койбогон себеби белгисиз бойдон калды. Өз кезегинде сөз алып сүйлөгөн Шейшенбек Байзаков Мадылбековдун айткандары чындыкка дал келбестигин айтып, комиссиянын отчетундагы маалыматтарга аң-таң экенин жашырган жок.
Атайын прокурор Адис Өмүралиев ЖАМК системасындагы бюджеттен бөлүнгөн 15 млн. сомдун максатсыз жумшалгандыгы боюнча кылмыш иши козголгондугун, мындан сырткары №19, №27 абактарынын башчыларына, бухгалтерлерине карата 4 кылмыш иш козголгонун маалымдады. Шейшенбек Байзаков 15 млн. сомдун каякка жумшалгандыгын билүүгө өзү да кызыкдар экенин кошумчалады. Депутат Ирина Карамушкина Байзаковдун системадагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга байланышкан ишин колдоого аларлыгын, андан башка эч ким мындай ишти колго албастыгын айтып, кесиптештерин депутаттарга карата кылмыш иштери козголгондо да ушундай принициптүү болууга чакырса, Байзаковдун "мага кол салынганы жатат" дегендерин депутат Токон Мамытов өзүнө жасалган пиар деп баалады.
Жыйын соңунда комиссиянын чечиминин негизинде парламент Байзаковго ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алып, Байзаковду кетирүү сунушун өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жөнөтүштү. Мынакей, ошентип абактарда тартип орнотуп, криминалга тиш салып аткан Байзаковдон да кутулганы калышты. Андан кутулуунун эки жолу бар болчу. Бири - парламенттеги депутаттар аркылуу алып түшүү, экинчиси өмүрүнө кол салып жок кылуу. Бир чети биринчиси иши ишке ашканына тобо деп турат окшойбуз. Азыр Кыргызстанда криминал бийлеп, бийликке тап берип, ал эми киллер жалдоо кадыресе көрүнүш болуп калбадыбы.

Мирлан Дүйшөнбаев