Устатымдын элеси

Мен сүрдөгөн сүрөткер


1967-жыл. Фрунзе калаасы, Фрунзе көчөсү, "Мектеп" басмасы. Директору Аскар Осмонкулов. Ашым Жакыпбеков бөлүм башчы. Мен терүүчүмүн. Кечинде политехте окуйм. А кезде Ашым Жакыпбеков Стефан Цвейгдин, Лермонтовдун прозаларын которуп жүргөн. Лермонтовдун "Бэласындагы" Азаматтын ырын которуп көрчү деп мага берди. Котордум. Жактырды. Ошо бойдон чыгып кетиптир. Бирок мен көргөн жокмун. Москвада окуп калгам. Командировкалап барган сайын, сөзсүз кайрылып, учурашып кетет. Бир жолку окуя эсимден кетпейт. Үчөөбүз отурабыз, биздин бөлмөдө, мен, ал, Фуза деген курсташым. Ыр окуп бергиле дегенинен, окуп бердик. Фузанын ырларын мактады. Меникин "начар" деди. Көзүмдөн жаш ыргып, эшикке атып чыктым. Катуу ызаландым. Ошо бойдон бөлмөгө кирбей койдум. Каңгып көчөдө жүрүп, кечинде келсем Фуза күлүп коюп олтурат. "Жинди турбайсыңбы" дейт. Көрсө, менин ырларым тууралуу жылуу пикирин айтыптыр, көзүнө мактасак көөп кетет дептир. Кийин кат жазып, кол жазмамды алдырды. Акезде чыга турган китептер алдын-ала пландалчу. Меники планда жок, резерв деп коюшаар эле. Резервге киргизип, биринчи китебимди чыгарып ийишти. Жакшынын шарапаты дейт, устатым аркылуу жанына ким көрүнгөн даап баралбаган Касым Каимов, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Шатман Садыбакасов, Омор Султанов, Бексултан Жакиев, Мырза Гапаров, Кеңеш Жусупов, Сүймөнкүл Чокморов сыяктуу таланттуу кишилер менен ошо гүлдөй кезимен эле тааныштым, аралаштым. Устатым баш болуп, баарысы мен урматтаган, жакшы көргөн, жазганып-сүрдөгөн сүрөткерлер. Сүймөнкул Чокморовдун "Ала-Тоо" кинотеатрынын бет маңдайындагы өнөрканасына эки-үч ирет чогуу барганыбыз эсимде.
Ашым Жакыпбековду искусстводобу, турмуштабы, карандай чындыкты туу туткан калыс, достукка, жолдоштукка бекем, кара сөздүн чебери, кашкөй стилист катары жогору баалашчу замандаштары. Ал бир нече мыкты китептердин автору болду. Кара сөздүн гүлүн терип жазган "Теңири Манасы" анын калкына мурас кылып калтырган соңку табериги болуп калды.
2002-жылы кеч күздө бир топ кишилер менен Таласка командировкалап бардым. Убакыт тар, баратканда ойлодум, кайтып келатканда, кайрылып өткөнгө мүмкүнчүлүк болор деп. Болбоду. Машинедеги топ кишинин каалаганы - тезирээк Бишкекке, үйгө жетүү болчу. Андыктан, токтоп өтөлү деп айтуудан тартындым. Өтүмсүздүк кылдым. Анын үстүнө түн кирип, жамгыр да катуулап жаай баштаган. Устатым туулуп, өскөн кыштакты, анын сөөгү жаткан көрүстөн тарапты караңгыда кылчактап, болжой карап: "жакшы калыңыз, таарынбаңыз, таарынбаңыз" деп ичимен тынып, узап кете бердим.
Чыгыш элдеринде устатты өтө урматташат, алдынан кыя өтпөйт. Устатты унутуу чоң күнөө деп эсептелет. Устатымдын элесин мен дагы унутпай, көө-чаң жугузбай, көкүрөктө сактап келем. Унутууга мүмкүн да эмес.

Сагын Акматбекова
20.02.2012




Кыргыздын №1 акынын ким өлтүрдү?


Жүрөгүмдү бир боз
дөңгө көөмп сал…
А.Акималиев

Портрет
Бүт дүйнөнү ырга салып кээде бир,
Бүтпөс дастан жаратсам дейм негедир.
Турмуш өзү - классика, байкасам:
Жашоо даяр жаткан эле - шедевр!

Адамзатка зор чыгарма бул аалам,
Жазар затым - бир Күн, бир Жер,
бир Адам.
Турмуш деген кырк миллиард сап поэма,
Жашоо деген кырк миң томдук роман!

Түтөйм, түтөм түйшүктүү жан - убалга,
Кудурет кош, жараткан шык, ой Алла!
Кыйын окшойт сүрөт болуп илинүү,
Жазуу үстөлдөн чыгып барып дубалга.

Атак бербе, абийир, эс бер, күрөш бер,
Аалам жандуу,
ай-күн көздүү жүрөк - Жер,
Түп ордуңан кайра куруп жаратчу -
Түбөлүктүү адам жалгыз сүрөткер.

Жан-шык эрки көркүн кандай келтирет,
Жарык дүйнө бүт сыйгыдай чоң сүрөт. -
Ата Журтум - жазып бүткүс зор баян,
Ата Журтум - тартып бүткүс портрет.

Алик Акималиев


Аликтин фамилиясы мурда Сырдыбаев болуп чоң атасында катталчу. Университетте окуп жүргөндө ал негедир Акималиев болгусу келип, мага "Акеме айтчы, фамилиямды Акималиев кылып котортуп берсинчи чоң атама айтып" деди. Аликтин акеси менин экинчи атам. Аны аке дечүмүн. Акеме чалып айтсам, "чоң атаңа айтып көрөйүн" деди. Чоң атама айтса макул болуптур. Анан Алик айылга каникулга барганда Акемди ээрчитип райЗАГСтын башчысы болуп иштеген чоң атабызга айтып, фамилиясын өзгөртүп, Акималиев деген паспорт алып келген.
Бирок жолдошу Гүлүм Аликти Сырдыбаев деген паспорту менен эле жүрчү дейт. Кандайча андай болгонун түшүнбөй калдым. Өз атасы Акималынын атын чыгарганды жакшы көрчү. Ал көп иштерди аткарам деп жүрчү. Анын жакшы максаттары бар эле. Бирок максатына жеткен жок. Ушул быйыл чоң ачылыш жасайм, күйөм, жарылам дечү. Жакында Токтогулга барып кечемди өткөрөм деген. Ж.Бөкөнбаев атындагы сыйлыкты алганда Алмазбек Атамбаев 100 миң сом бермек болду, ал акчага бир эле мезгилде төрт китебимди чыгарып, дүңгүрөйм деген. Бирок Алик ойлогон оюнун аягына чыга албады. Аны кардын биринчи жаашында эле ызгаардуу ажал сыртта күтүп турганын ал билген жок. Билсе же жүрөгү сезсе, ичмек эмес.
Ал арак ичкенде бөтөлкөлөп же стакандап иччү эмес. Алыбай алына жараша болуп, эки жолу элүүдөн ичкенде эле өзүн кармай албай калчу. Же тезирээк үйүнө жетип укташы керек же көк майсаңдын үстүнө жата калып адатынча тук этип алыш керек болчу. Ал көк майсаң деп адашып ак кардын кучагына жатып калып, тура албай калды. Окуянын чоо жайын сурап билели десек, аны менен бирге ичишкен досторунун дайын оту жок. Көкүрөктү кылыч менен шилгендей курч ырларды жазып, хандан, бектен кайра тартпаган Алик кантип эле 50 граммга жеңилип калсын. Жанындагы чогуу жүздөшкөндөр эмне үчүн эч нерсе дешпей качып жүрүшөт? Кошунасыныкына чейин жеткен Аликтин буту жөрмөлөсө да үйүнө жетмек. Ушундай шер акындын өлүмү табышмак болуп кала берди...
Кантип эле? Кантип эле? - деген суроону бардыгы беришти, бирок изилдеген бирөө болгон жок. Кумурсканы да аяп, тебелебеген ак жүрөк акындын өлүмү кимге керек эле?
"Ал ичет эле" дешет. Ичкени менен итчилиги жок, жан дүйнөсү таза, боорукер эле. Ичет эле деген тыянак менен белгилүү эки акындын өлүмү иликтенбей же иш козголбой, унутулуп калды. (М.Алыбаев, Курбанбай)
Алик канчалык мас болбосун, мени көргөндө соолуга түшчү же кирерге оюк, качарга далдаа издеп калчу. Себеби ичпе деп урушчумун, эгер каяша айтса сабап таштачумун. Ал байкуш: "Бир сенден корком, бир Карбаластан корком" дечү. Көпчүлүк бар жерде эч кимге кезек бербей жулкунуп ыр окуп калса же башкаларга ээ-жаа бербей айтышып атканда акырын жанына барып колумду ийнине коюп "А Алик?" деп калсам, "Болду, болду, койдум" деп шак токтоп калчу же басып кетчү.
Чындыктын бар экенин, чындыктын жашап атканын элге көрсөтүп берем деп чычаладай күйүп кетчү. Ташка тамга баскандай ырларды жазчу. Бир колуна ырын кармап, бир колун бүркүттүн канатындай бийикке учуруп коюп ыр окучу. Ыр окуп атып өзү да учуп кетчү. Учуп жүргөнүн көргөндөр анча элес албай, ырына эле муюп калышчу. Жүрөктү тыбыраткан ырларын күлкү коштоп, жүрөк жарган дүркүрөгөн кол чабуулар болчу. Дүркүрөгөн кол чабуулар менен залды жарган ошол акын эми жок. Турмуш ушундай экен, бүгүн барсың, эртең жок. Бирок көрөңгөсү барлардын артында изи калат экен. Ал айтчу: "Мен кыргыздын №1 акыны" деп. Акын өчтү, бирок акындын ырлары өчпөйт! Демек, Алик тирүү!

Бурулкан Карагулова