Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0223_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0223_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0223_1.htm on line 12

Күлмүнөт

Сөзирмем


Саясаттын баткагынан балитмейстерлер жасалат.
Койну кенен аткаминердин төшөгүнөн төрт ойношу чыгыптыр.
Саясаттын саны жоонойгондо, куйругуна суу куюшат.
Ак үй ийилет, бирок алик албайт.
Мурдунун суусун тарталбаган өкмөт өкөнөмүкөнү да тарталбайт.
Босогосун көрүп, өтүгүн төргө илишет.
Командир жаман - солдат кор, катын жаман - оокат кор.
Турмуштан күйгөн көйнөк үтүктү каргайт.
Үтүккө бийлик берсең, жумурткадан кыр чыгарат.
Бөркүнө ишенген баш эки бутту бир кончко тыгат.
Улуу урматтуу Устара сакал-муруттун улуу-кичүүсүнө карабайт.
Көмүр жокто дүмүр бий.




Нөл-эки бурчу


Бишкек калаасынын А деген жашоочусу өлкөнүн жарандыгын алып берем деп, эсесердин орок-балкалуу кызыл паспуртун Афганистан атуулуна алдап саткан. Көзбоемочулук менен шугулданган бул шылуун мурда жергиликтүү театрда гримдегич болуп иштеп, жумушунан куулган катын болуп чыкты. Азыр афгандык атуул эларалык сотко кайрылып, кыргыз паспурт алалбай жүргөн бүтдүйнөлүк көрпенделердин атынан бүтүндөй өлкөнү миллиондогон доого жыгам деп, элдин баарын иштен алаксытып, убара кылып атат.
***
Ысык-Көл обулусунун Каракол шаарынын кайсы бир тар көчөсүнөн С деген жигитти асылып турган жеринен укук сакчылар араң бошотуп алышкан. Асылганы А деген неме экенин тез эле тактап чыгышкан. Көрсө, С деген жигит жанагы акмакка карызга акча берип, анысын үч-төрт жылдан бери өндүралбай, көргөн жерден эле А деген алдамчыга асылганы асылган экен.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

23-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0223_1.htm on line 106

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0223_1.htm on line 106

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0223_1.htm on line 106