Медет Садыркуловдун айдоочусунун жубайы Элмира Жолдошбекова:

"Менин Кубатым да Садыркулов менен кошулуп жөн жерден өлгөн жок, идея үчүн өлдү"



Мындан 3 жыл мурун 13-мартта шаар четинен өрттөлгөн эки автоунаа табылган. Бирөөсүнүн ичинде белгисиз үч адамдын сөөгү болгон. Изилдей келгенде алар: белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркулов, Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу Кубатбек Сулайманов болуп чыккан. Укук коргоо органдары ошол кезде бул жол кырсыгынын айынан болгон өлүм дешкен эле. Бирок коомчулукка бул бийлик колу менен жасалган кылмыш экени белгилүү болчу. Элмира Жолдошбекова - ошол кандуу окуяда көз жумган Кубатбек Сулаймановдун жубайы. Жүрөгүнө өчпөс так салып кеткен каргашалуу күндү, саясий фигуранын жанында жүргөнү үчүн бейкүнөө ажал тапкан жарын эскерип олтурду.

(Башы өткөн санда)

- Садыркуловдор каза болор түнү жолдошуңузга улам чалсаңыз албай, таңга маал төрттө гана трубканы бирөө алды. Анан?
- Трубканы алган адам сүйлөгөн жок. Саамга тыңшап туруп, анан телефонду өчүрүп салды. Анда да үмүт үзүлбөй, келип калар деп күтүп олтуруп көзүм илинип кетиптир. 6-кабатта турчубуз. Балконго чыксам, 4-5 киши жолдошумду ортого алып тепкилеп жатыптыр. Коркуп кетип сыртка чыгайын десем бети-башы көк ала болуп Кубат кирип келди. Чочуп ойгонуп кетсем түш экен. Саатты карасам, ашып кетсе 15 мүнөттөй уктапмын. Эртең менен түпөйүл болгон тейинче жумушка кеттим. Бирок жамандыкка жоругум келбеди. Оюмда дагы деле бирөөлөр менен жүрсө керек деп кызганып коем. Адаттагыдай эле күндүз саат 4тө жумуштан келсем, телефон чырылдап жатыптыр. Алсам кайнежемдин кызы экен. "Таякем кайда?" деп сурады дароо эле. Мен кечээ жумушка кетип, ошол бойдон кайрылып келбегенин айтсам, Кубаттын күйгөн машинасы шаар четинен табылганын кабарлады. Ошол маалда алар моргдо жүрүшкөн экен. Коңшулар: "сен жокто үч-төрт жолу бирөөлөр издеп келип, таппай кетишти",- дешти. Ошондо эле угузалы дешсе керек да мага.
- Сөөгүн аныкташ үчүн туугандары ДНК анализ тапшырды да?
- Кызы ал кезде Кореяда болчу. Балабыздан алышып, ошол аркылуу чыкты. Күтүүсүз жоготуу кыйын экен. Асманыбыз кулагандай эле болду. Бир туруп прокуратурага, бир туруп милицияга чакырып жатышты. "Эмне деди эле, кандай кийим кийип кетти эле?"- деп сурашат. Адам кыйналганда эч нерседен коркпой калат экен. "Бакиевдер эле өлтүрдү",- дей берипмин. Азыр ошол сөздөрдү эстесем, кантип айттым экен деп жүрөгүм зырпылдап кетет. Кайгы деген кыйын экен, ал ортодо документтеримди да жоготуп алдым. Ойлонуп олтуруп колумдагы папкамды маршруткага калтырып түшүп кеткенимди билбей калыпмын. Ичинде нике күбөлүк, баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, Кубаттын өлгөндүгүн тастыктаган документ бар эле. Чуркап жүрүп, кайра баарынын көчүрмөсүн алдым. Стресстен улам го, кийин катуу оорудум. Догдурлар микроинсульт болупсуң дешкен. Оозумдун тегереги эч нерсе сезбей калган да. Азыр да катуу толкундансам же кейисем эле оң жак ыптам чымырап кетет.
- Кийин өлтүргөндөр табылбадыбы. Садыркуловдун жубайы менен байланыша алдыңызбы?
- ДНКга анализ тапшырганда Садыркуловдун Айжан деген кызы барып жүрдү. Кийин сот болду. Жабырлануучу катары сот мага чакыруу жибериши керек эле да. Сот болорун Айнагүл эжеден уктум. Кара-Балтада болчубуз, бир күнү чалып: "сен кайдасың? Сот болгону жатат тезинен келе кал",- деди. Мен келгиче башталып калыптыр. Кийинкисине катыштым. Ошондо баламды бага албай, аябай кыйналып жүргөм. Бир аз жардам береби деген үмүттө: "балам экөөбүзгө бир бөлмө эле үй болсо", - десем жооп болгон жок. Андан кийин Россияга иштегени кеткем. Ошол жакта жүрсөм, бир күнү Кубат түшүмө кирип жатыптыр. Соода кылып жатып башымды көтөрсөм, маңдайымда күлүп турган экен. Башына үлпүлдөгөн тумак кийип алыптыр. Токто деп суранганыма болбой, басып кетти. Ошол күнү кечинде сиңдим чалып: "Садыркуловду өлтүргөндөр табылды",- деп айтты. Арбак билген экен дедим ичимден.
- Өткөндө интернет булактарына Акыйкатчы Турсунбек Акун сиздин акыбалыңыз оор, жашаганга үйүңүз жок экенин айтыптыр?
- Ошо Кубат өлгөндөн кийин эле темселеп калдык да балам экөөбүз. 8 ай агамдын үйүндө жашадым. Анан жумушка чыктым. Кара-Балтадагы бир дүкөндү иштетмей болдум. Чынын айтсам, ишим жүрбөй койду. Баланы да караган киши жок. Бир төркүндөргө жиберем, кайра алып келем. Аябай кыйналдык. Анан Россияга кеттим. Ал жакта соода кылдым. Бирөөнүн жеринде жүргөнүң курусун, баламды эстегенде тамагыман аш өтчү эмес. Кайра кайрылып келдим. Азыр эми батирлеп ар кайсы жерде жүрөм. Баламды болсо кайнежем бакты, мен Россиядан келгиче. Эжеме рахмат, карап берди. Өкүнгөнүм, ушул балам ата мээримин көрбөй калды. Өзүмдүн оокатым эптеп өтө берет дечи, ушул байкушка кыйын болуп жатпайбы (жашып кетти - автор). Атасы каза болгондон кийин балама пособие чыгарып беришкен. Кубатты жакындан билгендер кээде жардам беришет. Бүгүн эле "байкени жакшы таанычумун" деп бир бала келип кетти.
- Үй маселеси боюнча жогору жактагыларга кайрылган жок белеңиз?
- Президенттик шайлоо алдында Атамбаев Таласка эл менен жолугууга барды. Жыйын бүткөндөн кийин, колуна кат берген элем. Бирок ал катка дарегимди да, телефон номурумду да жазбай калыпмын. Шаарга келгенден кийин баламды ээрчитип алып, "квартира керек" деп кагаз чаптап, көчөдө жүргөм. Ошол маалда бир улгайган апа чакырып калды. Сүйлөшүп, менин бир бөлмөм бош деп ээрчитип келди. Эки-үч күндөн кийин жай олтуруп сүйлөшүп калдык. Апа "өзүң жакшынакай эле келин экенсиң, эмнеге батирлеп жүрөсүң?"- деп сураганынан, башымдан өткөндү айтып бергем. Билимдүү киши экен, кантип кат жазышты үйрөтүп, өкмөт үйүнө жетелеп барды. Атамбаевге дагы, Бабановго дагы менин маселем боюнча кат жаздык (конверттен президент менен өкмөт башчыга жазган каттарын алып чыкты - автор). Экөө тең менин маселем боюнча мэрияга, Свердлов районунун акимине кат жиберишкен экен. Бирок алардан "эч кандай жардам берилбейт, шаарда каттооңор жок, кезекке тургула", - деген жооп алдым. Ылаажы болбосун билгенден кийин, Турсунбек Акунга бардым аргасыз. Ал киши "мурда эмне кайрылган жоксуң, Бакиев учурунда келбейт белең",- деп урушту.
- Жолдошумдун эмгек китепчесин эсеп палатасынан алдым дебедиңизби, Гаипкуловго жардам сурап кайрылдыңызбы?
- Оо, ал жөнүндө айтсам узак сөз. Бакиевдин убагында барып жүрдүм. Кээде жардамчылары мени сүйрөп чыгабыз дегенге чейин барышкан. Гаипкуловго рахмат, материалдык жактан жардам берди. Бирок ал акчага үй алыш кыйын экен да.
- Жолдошуңуздун канына забын болгондорго карата эмне айткыңыз келет?
- Эмне десем, Кубат тирүү болсо мынчалык кыйналбайт элек. Эл катары оокатыбыз өтө бермек. Тарта турган шорубуз бар экен, киши колдуу болду. Далай адамды сыздаткан Жаныш Бакиев, ага ошончо бийлик берип койгон Курманбек Бакиев болсо качып жүрөт. Эсимде, Кубат жумуштан келип, сүйлөшүп олтурганда: "шеф бүгүн тиги менен, бул менен жолукту",- деп ошол кездеги оппозиция өкүлдөрүн айтып калчу. Чынын айтсам, ал кезде мен саясатка кызыкчу эмесмин. Анчалык маани бербепмин. Азыр эми ошол адамдар Садыркуловду, Павлюкту айтып жатышат. Идея, улуу максат үчүн жан беришкен деп. Андай болсо, менин күйөөмдүн деле жөн жерден каны төгүлгөн эмес экен да. Бирок эмнеге биз унутта калдык? Менин Кубатым деле Садыркуловго окшоп идея үчүн өлдү, жөн жерден өлгөн жок.

P.S. Кандуу бийликтин бейкүнөө курмандыгына айланган Кубат Сулаймановдун артында калган жубайы менен чиедей баласына кол сунчу адамдар барына ишенебиз. Айрыкча, кечээ Садыркуловдун жанында жүргөн мыктылар жесирге бир бөлмө үй ыроолоп койсо арбак ыраазы болор беле. Биздин редакциянын атынан маркум Кубат ­Сулаймановдун артында калган үй-бүлөсүнө 10 миң сом жардам бердик. Кыргыздын мыкты чыкмалары, Садыркуловдун жакшылыгын көргөндөр үн катат деген үмүттөбүз.


Санжи ТУЙТУНОВА