Чуйков


Семен Чуйков тоо-ташты аралап, колго жасап алган жашигине боекторун салып, карапайым элдин турмушун тартканды жакшы көрчү. Боз үйлөрдү эскерип бир айтканы бар: "Түтүнгө ышталган, кырк тешик болуп кийизи эскирип бүткөн боз үйлөр көз алдымда калды. Ал боз үйлөрдүн ээлери да ошондой эскирип, тамтыгы кеткен кийимдерди кийишчү. Беттери болсо күнгө тотугуп, очоктон чыккан түтүнгө ышталып карайып бүткөн. А жылаңайлак чуркаган балдар болсо ошол кийизге жана топуракка окшоп бопбоз эле…", - деп эскерет Чуйков. Ал ошол боз үйлөрдө көп түнөптүр… Боз үйдө жатып алып өзү айткан кийиздин жыртык-тешиктеринен сырткы дүйнөнү - тоолорду, асмандагы жылдыздарды, жылкыларды, кыткылыктап өтүп бараткан кыздарды шыкаалаганды жакшы көрчү экен. Семен Чуйков ушинтип кыргыздын тоолорун, малчыларын кыдырып жүрүп тоолук сүрөтчүгө айланган. Чуйков болбосо өзү шаардык, кадимки Пишпекте аскер адамынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасынын кесибине байланыштуу бала кезинен көп жер которушкан. Атасы Алматыга которулганда Семен Чуйков ал жакка барып атактуу сүрөтчү Хлудовго шакирт болот. Андан кийин Москвадагы атактуу Вхутемаста окуган. Андан кийин Ленинграддагы сүрөт мектептеринде билим алып, Пролетардык Көркөм сүрөт институтунда сабак берген. Москвада, Лениградда он жылдап жашап билим алгандан кийин 1933-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Кыргыз сүрөт өнөрүнүн алгачкы кыштарын дал ушул Семен Чуйков койгон. Чуйковдун баалуулугу ушунда. Сырттан билим топтоп, мыкты сүрөтчүлүккө окуп келип туруп, ал билимин Кыргыз сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө арнагандыгы.
Келери менен 1933-жылы Кыргыз ССР сүрөтчүлөр союзун түзүп, аны жетектей баштаган. Жыл айланбай 1934-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу картиналардын галлереясын уюштурган. Дал ошол галерея азыркы Кыргыз көркөм сүрөт музейинин түптөлүшү болчу. Чуйков ал музейдин астында студия ачып, жаш сүрөтчүлөрдү окута баштаган. Азыркы Чуйков атында сүрөт окуу жайы да ошентип түптөлүп калган.
Чуйков тарткан сүрөттөргө келели. Ал эч качан идеология үчүн же совет өкмөтүнө жагам деп эле тарткан эмес. Апырткан эмес. Ошон үчүн го, сүрөттөрү азыркы күнгө чейин сүйкүмдүү. Чуйков кыргыздын жашоосун, өң-келбетин бир башкача мээрим менен тартыптыр. Биздин элдин мүнөзүн, топуктугун, кыздарынын ыймандуулугун, күнгө күйгөн кара-тору беттерин даана бере алган. Анын сүрөттөрүн карап отуруп, Чуйков айрыкча кыргыздын кыздарын жакшы тартыптыр деп ойлодум. "Киргизия гүлдөрү" деп тарткан картинасында эки кыз келатат, биринин колунда гүлдөр… Артта Ала-Тоонун ак мөңгүлүү тоолору, асманы көпкөк, булуттар болсо бийлеп бир жактарга кетип баратышат. Эки кыз тең ушунчалык татынакай. Анан билимге умтулган, намыстуу, карапайым, эркиндикти сүйгөн, беттегенинен кайра тартпаган … Чуйковдун бардык сүрөтүндө кыргыз кыздарынын чачтары дайым эки өрүлгөн. Айылдык кара-тору ошол кыздар божурайып бакубаттыктын символундай көрүнүшөт да тим эле. "Советтик Киргизиянын кызы" деген сүрөтчү?! Өзүнчө шедевр го. Колуна китеп кармап кайдадыр кетип бараткан кыздын образы бүгүн да актуалдуу бойдон го. 1948-жылы тартылса да ушул айылдык кыз азыр да арабыздагыдай көрүнөт. Токтоо, таза, эки чачы өрүлгөн, колунда китеп… Келечекти көздөй кетип баратат.
Чуйковду мен эмнеге жакшы көрөм? Кыргызды ушунчалык мээрим менен тарткандыгы үчүн жакшы көрөм. 1948-жылы тарткан "Чабандын кызы" деген сүрөтүн карасаңыз. Чабандын кара-тору кызы дарбыздын бир кесимин кармап турат. Малчынын кызы дарбыз жеп атканы эле көп нерсени айтып турбайбы?!
Чуйков 1980-жылы 77 жашында каза болгон. Азыр тирүү болгондо ушул чалкеш заманда деле издеп жүрүп мээримдүү сүрөттөрдү жаратмак.