Болот Отунбаев:

"Германияга барууну өзүм тандаган жокмун, президент жиберип жатат"



Экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев Германияга элчи болуп кетип атканы маалым болду. Кечээ парламенттин тиешелүү комитети анын талапкерлигин жактырып, батасын берди. Болот Отунбаев бул кызматка президент Атамбаев жиберип атканын, эжеси Роза Отунбаеванын эч тиешеси жоктугун бизге берген маегинде билдирди.

- Болот мырза, интернет булактары сизди Германияга элчи болуп кетет деп жазып чыгышты, бул кызматка өз каалооңуз менен бара жатасызбы же жогору жактан сунуш болдубу?
- Ушу тапта президентке кызмат сурап келгендердин аягы тыйылган жок. Шайлоодо иштеп бергендин баары эле келип жатат. Өзүмдүн кесибим элчи экенин баарыңар эле билесиңер да. Менде деле иштегенге каалоом бар болчу. Бирок аны бир да жолу ачыкка чыгарып, кызмат сураган эмесмин. Президент өзү сунуштаганда гана макул болдум. Буга чейин Орусияда, Түркияда элчи болуп иштеп келгем, тажрыйбам бар. Мен эми тигил жакка же бул жакка барам деп тандай албайм да. Ага акыбыз да жок. Биз деле аскер кызматкерлери сыяктуубуз. Жиберген жагына кетишибиз керек.
- Бизде бийликке келгендин баары эле эң жакын кишилерин Германияга элчи кылышат. Мурда Курманбек Бакиев иниси Марат Бакиевди бул өлкөгө элчи кылып жиберди эле. Башка жакты деле тандасаңыз болот беле?
- Кечээ комитеттен Жылдыз Жолдошева эжебиз да "Роза Исаковна таза иштеп кетти эле, эми силер барсаңар кандай болот, президенттин баары туугандарын Германияга элчи кылат" деп айтты. Эми мындай да. Мен 2009-жылы Түркиядан келдим. Мыйзам чегинде ТИМ мага жумуш бериши керек болчу. Бирок оппозиционердин иниси болгонум үчүн жолотушкан жок. 7 ай бош жүрдүм. 7-апрелден кийин чакырышты эле, коомчулукта ар кандай сөз болбосун деп баш тарттым. Эжем президент кезде мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Алмаз Шаршеновичке рахмат, КСДПнын шайлоо штабын жетектеп бер деп чакырган. Эми эл оозунда элек жок да. Германиядан башка өлкөгө элчи кылса деле, ар кандай сөздөр чыкмак.
- Германиядагы консулдукту майлуу-сүттүү, визадан эң көп акча чогултат деп айтышат. Ошол деле кадыр-баркка көлөкө түшүрөт да, эртең жеди-ичти деген сөздөр чыгат дегендей…
- Мен саясий негизде элчи болуп баратам. Виза берүү менин милдетиме кирбейт. Ал үчүн консулдукта иштегендер бар. Бирок мен ойлойм визадан акча чогултканды билген элчилик үчүн чоң жетишкендик. Өзүн-өзү бага албаган элчиликтер деле бар эмеспи. Акчаны көп чогултканы аларды да багат. Мен ойлоп жатам, Германия менен биздин мамилебиз жакшы эле. Экономикалык жактан мамлекетке инвестиция тартканга аракет кылам деп. Бул иш колуман келет деп ойлойм.
- Немис тилинде жакшы эле сүйлөйсүзбү?
- Немис тилин үйрөнүп жатам. Айрымдар тилди билбей кантип элчи болгону жатат деп айтып жатышат. Мен айтар элем, буга чейин Германияда 5-6 элчи иштеген. Алардын бирөө эле немисчени жакшы билчү. Англисче, түркчө сүйлөй алам. Германия­да баары эле англисчени жакшы түшүнөт.
- Бул чечимиңизди эжеңиз кандай кабыл алды, ал киши менен кеңештиңизби? Баса, эжеңиз кайда азыр?
- Менин элчи болуума эжемдин эч кандай тиешеси жок. Ал киши жиберген жок, президент жиберип жатат. Мен эми 47 жаштамын. Балдарым бар. Өзүм үчүн чечим кабыл алууга кудуретим жетет. Роза Исаковна болсо аман-эсен жүрөт. Ал киши жумушсуз олтура албайт. Окуп дагы, иштеп дагы жатат. Өзүнүн иши менен убара. Кайрымдуулук-социалдык багытта иш алпарсам деп фонд түзүп жатат. Эл аралык уюмдар менен иштешип, грант тартып иштейт го.

Санжи Туйтунова