Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0214_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0214_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0214_1.htm on line 12

Атамбайыптын заманы


Эми, менин жайым сурасаң - Майталкан Сугунбайып деген болом. Атамзамандан ушул Атамбайыптын заманына чейин Акүйдө, Көкүйдө да иштеп келгем. Маңдай теримди далай кабинетке агыздым. Мени тааныбаган эч бир жан жок. Менин колум сойлобогон эч бир чөнтөк жок. Миңдеген маңбаштарды ишке орноштурдум. Толгон-токой көпөстөргө сентирден жер алып бердим. Мамлекеттин зоот-фабригинен баштап, ирик-чиригине чейин бүт саттым. Мамлекетке бир тыйынчалык да оордук келтирген жокмун. Бир тыйын да берген жокмун. Баарын өз мойнума алдым. Өз чөнтөгүмө урдум. Убап-чубаган мигранттарга баспурт жасатып бердим. Чет өлкөгө виза алып бердим. Өкмөткө өз убагында алган парамдан да калтырбай салык төгүп турдум. Ушунун баарына карандай эмгек, таза мээнет кетти. Бирок бул эмгегимди өкмөт баалаган жок. Тырмактын агындай болгон ызначок ыраа көрүшпөдү го, чиркин. Эми болсо минтип Атамбайып "баарын жайлагыла, баягыны да эки бүктөп кустургула" дептир деп эшиттим. Капа болдум. Азыр "канспиратив кывартирде" калтырап жатам. Түн уйкумду үч бөлүп уктап атам. Улам ойгонгон сайын сандыкка жыйган акчамды түгөлдөйм. Бул акчанын баарын, бул байлыктын баарын мен өзүм үчүн топтогон жокмун. Мага Канар аралындагы бир эле "азапняк" кокодон жетмек. Мен бул байлыкты үч катынымдан тапкан уул-кыздарым, небере-чөбөрөлөрүм үчүн жыйнагам. Кокус, мен камалып кетсем, алар кантип оокат кылат! Баарытең иштебейт. Баталокко түкүргөндөн бөлөктү билишпейт. Жалгыз мен иштейм. Жогорку Кеңешке да кат жөнөткөм, үй-бүлөдө жалгыз бирөө иштесе, аны түрмөгө камаганга болбойт деген мыйзам токуп бергиле деп. Андай мыйзам кымбат турат деген жооп келгенинен, бир чамадан акча жөнөткөм. Кайра жообу келелек. Анын ордуна "Баары бир сени акыры кустурабыз!" деген опуза каттар түшө баштады. Кускандан өлө корком. Жаш кезде "Яблочный" деген виного ашкере тоюп алып кыпкызыл кылып жайната кусканым эсимден кетпейт. Ошондо катуу жалкып калыпмын. Эми куссам, кайра каррупсионер болбой калам го деп чочулайм. Буга чейин эки-үч курдай кустурам дегендерден бир чамадан акча берип кутулуп кеткем. Азыр антип кутулайын десем, баягы жулундай болгон тааныш жигиттер жок. Баары камалып кетиптир! Азыр жайнаган эшиктин кайсынысын кагып киреримди билбей башым маң болуп турат…
Атамбайыптын заманы оор башталды мага ушинтип. Уйкум качат. Анан түнкү терезени карайм. Эшик караңгы. Мени аңдыган органдар мемиреп уктап атышат. Уятсыздар. Же качан келерин айтып коюшпайт. Күнү келеби же түнү келеби деп кирпик какпай кайгуулда турам. Качан келип кармап кетишет деп жан жок. Каррупсионер болуп башыман чач түшө баштаганы мындай кыйналган эмесмин. Бир түндө эки мүшөк акча таап, үйгө жөө көтөрүп барганда да мындай кара терге түшкөн эмесмин. Менин тагдырым эмне болот деп Ош базардагы атагы бүт дүйнөгө тараган көзачык катынга төлгө тарттырдым. Үч чамадан акча берип кутуласың деди. Кайра жакшылап тартчы деп чөнтөгүнө кызылдай акча салдым. Кайталап төлгө салганда, баштапкы сумма бир жарым чамаданга ылдыйлады. Ошо менен азыр бир жарым чамадан акчанын үстүндө үргүлөп жатам, солчөнтөктүн пири өзүң сактайгөр!
Кимбайке






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

14-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0214_1.htm on line 89

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0214_1.htm on line 89

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0214_1.htm on line 89