Тагдырдын тайгүлүк ташы

Ошто жаш


туруп жалгыз калган аялдар көбөйдү



Ошто ажырашуулардын 40 пайызын 20 жашка толо электеги келиндер түзөөрү аныкталды. Адистер бул көрүнүштү кыздардын үй-бүлө турмушуна даяр эмес кезинде никеге туруп жатканы менен түшүндүрүүдө. Ал эми ажырашуулар айынан аймакта бир жылда миңдей бала атасыз же энесиз жетим болуп калууда.

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборуна өткөн бир жыл ичинде үй-бүлөсү бузулуп, психологиялык жардамга муктаж 776 аял кайрылса, алардын 300ү эртелей никеге башын байлаган айымдар болушкан. Бул көрсөткүч бир гана "Ак жүрөк" уюмуна кайрылгандарга таандык. Түштүк жергесинде андай борборлор онго жакын. Уюмдарга кайрылбай, арманын ичине катып жүргөн келиндердин саны мындан кыйла көп.
Араван районунун 18 жаштагы тургуну Матлюбаны 2 жыл мурун мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырайын деп жүргөн кезинде ала качып кетишкен. Чоң кишилердин айтканынан чыга албай, отуруп калган Матлюба анда 16 гана жашта экен.
- Мектепти аяктап, окууга тапшырам деп жүргөнүмдө ала качып кетишти. 16 жашта болчумун. Отурбайм десем болбой, кемпирлер босогого жатып алышып, ата-энем да кыз түшкөн жеринде оор дешип таштап кетишкен,- дейт Матлюба.
20 жашка толо электе бир күйөөгө тийип чыккан Матлюба азыр Орусияга кетүүгө кам уруп жатыптыр. Тагдырыма чоң доо кетти деп азыр оор үшкүрүп турган кези.
Матлюбаныкындай тагдырга кабылган кыз-келиндер "Ак жүрөк" кризистик борборунан соопчулук, жакшы сөз укканы келишет. Борбордун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, 17ге толо элегинде күйөөгө башын байлап коюу фактылары Араван, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда арбын кездешет. Мындай тагдырга негизинен колунда жок бүлөдөн чыккан кыздар тушугушат.
Атасыз же энесиз, же болбосо томолой жетим, туугандарынын колунда жүргөн кыздар көбүнчө ушундай тагдырга туш келишет. Туугандарынын каалоосу менен жаш кезинде эле турмушка узатылып кетет. Ал жаш да, турмуштун оор кыйыштарын билбей, натыйжада ажырашат,- дейт Асилбекова.
Ошол эле кезде Дарика айым турмушка жеңил карайт деп кыз-келиндердин өздөрүнө да доомат артууда:
"Көпчүлүк кыз-келиндер азыр жеңил турмушту каалап калышкан. Колунда баласы болгонуна карабай, келин болуп барган үйүндөгү айрым жетишпеген нерсеге чыдабай кетип калып жатышканын көрүп жатабыз да. Турмуштун караңгы жагы болот, оору болот, ага чыдабай койгон келиндер көбөйдү".
20 жаштагы ажырашкандар эртедир-кечтир экинчи никеге турушат. Эң жаманы - эки ортодо же атасыз, же энесиз жарым-жартылай жетим абалына туш болгон наристелер көбөйгөнү болууда. Андай балдардын саны бир эле жылда Ош облусунун өзүндө эле миңге чукулдайт экен...

Санжар Эралиев, "Азаттык", Ош




"Аламышык" экспедициясы же тарыхчылардын жаңы толкуну



Ушул аптанын ишембисинде (11-февралда) "Кыргызстан тарых коому" (КТК) деп аталган илимий-агартуу багытында иш алып бара турган уюм негизделмекчи. Бул коомдук бирикмени уюштуруу тобун публицист, чыгыш таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин жетектөөдө. Эмесе, бул уюм мураскор болгон айтылуу Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (1989-1995) жана андан кийинки Кыргызстан тарыхчылар коому жүзөгө ашырган алгачкы тарыхый экспедициялар тууралуу белгилүү археолог окумуштуу, тарых илиминин кандидаты Кубатбек Табалдиевдин макаласына назар салыңыздар.

Жаш тарыхчылар жамааты 1989-жылы уюшулуп, биринчи кезекте байыркы жана орто кылымдарда Теңир-Тоо менен Алай тоо кыркаларын мекендеген көчмөндөрүнүн эстеликтерин изилдөө үчүн атайын экспедиция уюштура алдык.
1989-жылы сентябрь айында экспедицияга насаатчы катары чакырган жаңы профессор даражасын алган Юлий Сергеевич Худяков чакыруубузду кабыл алды. Анын алдында мен ал кишинин Алтайдагы экспедициясына катышып келген элем.
Белгилүү кыргыз таануучунун келиши, ар күнү кечиндеги биз менен курган маеги, экспедиция катышуучулары үчүн маанилүү окуя сыяктуу өттү. Талаа шартында агайдан көп нерселерди үйрөндүк.
Ошондо профессор Ю.С.Худяков ушул экспедициялар А.Н.Бернштамдын 30 жыл илгерки казууларынан кийинки жылыш болуп калды деп белгилеген эле. Ал окумуштуунун бирин-экин маалыматтарына кошумча далил топтоо зарылчылыгы бар эле. Эми орто кылымдагы Батыш түрк каганатындагы маданияттын жүзү ачылууда деп айткан. Тактап айтканда, түрк каганаттары учурунда жашаган бабаларыбыздын материалдык жана руханий маданиятын иреттүү изилдене баштады.
Алгач изилдөө объектиси катары А.Н.Бернштам изилдеген Аламышык эстелигин тандап алдык. Үч тарыхый учурдун - сак, хуннулар жана орто кылымдарга таандык эстеликтер ачылды. Бир көрүстөндөн 40 см. тереңдикте темир буюмдардын топтому табылды. Алдында алдын- ала көрдүн ичи чырпыктар менен өрттөлгөн экен. Болжолу отту пайдалануу аркылуу "тазартуу" адаты аткарылгандай. Андан соң гана маркум сөөгү жайгаштырылган. Бул белгилерди салыштырып изилдей келгенде Енисей кыргыздарына мүнөздүү буюмдарын кургандын бир жерине атайын көмүү адатына жакындашып кетет. Экинчиден, көмүү алдында от менен тазартуу каадасы зор кызыгууну туудурду. Балким, бул анонимдүү дарек ал-Марвазидеги мусулмандарга коңшу болгондон тартып өрттөп көмбөй калган кыргыздарга мүнөздүүбү деп болжодук. Маркум өрттөбөгөн менен символикалык түрдө от менен тазартуу адатын сактап калуу болушу мүмкүнбү деген суроону койдук. Кийин ушул Кочкордогу Ичке-Жылга, Бел-Саз жана Алайдагы Кирпи-Сай эстеликтеринде кайталанды. Макалалар чыккандан кийин белгилүү археолог Д.Г.Савиновдун колдоосуна алынды. Себеби ал окумуштуу Енисейден алыстаган сайын өзгөрүүгө дуушар болгон кыргыз эстеликтери боюнча жазганы археологиялык жактан тастыкталып жатканын белгиледи.
Кийинки Кочкордогу экспедицияларда устатыбыз Ю.С.Худяков "биз түрк урууларынын көрүстөн­дөрүн таптык, айкелдерин таптык. Эми ал эстеликтерди калтырып кеткен калктын дагы маанилүү жазуусу табылышы керек эле" деп ар бир көлөмдүү ташты акмалап карап жүрдү. Ушул өз аракети менен ал бизди дагы орто кылымдардын жаңы дүйнөсүнө тартты.
Эгерде ошол мезгилге чейин болгону 3-4 гана XIII-XV кылымдар арасына таандык эстелик белгилүү болсо, таап-казылган эстеликтердин саны 60тан ашты. Бул деген ошол мезгилдеги калктардын маданиятынын бардык тармактары: көмүү адаты, ат-жабдыктары, аскер куралдары, кооздуктары, антропологиялык тиби боюнча көп маанилүү маалымат топтолду дегенге жатат. Ошондой эле чыгыштан чыккан улуу көч доорундагы Алайдагы табылгалар археология илимине салым кошо алды.
Жогорудагы ийгиликтер куру жерден башталган жок. 1988-жылдан баштап биз Кыргыз мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын археологиялык практикасын жана экспедициясын алып барганбыз. 1988-жылдан тартып июль айы толук жана августтун ортосуна чейин университет тарабынан изилдөөлөрүбүздү жүргүздүк. Кафедра башчыбыз Абылабек Асанканов биздин археология боюнча демилгелерди тез колдоого алып, тез эле жетекчилик аркылуу чечип берчү.
Тилекке каршы, СССР тарагандан тартып биринчи археология жана этнография кафедрасынын алгач экспедициясына да, кийин археологиялык практикасына да каражат бөлүнбөй калды. Мына ошондо студенттердин практикасы, тескерисинче тарыхчылар жамаатынын алкагына өткөрүлүп калды. Ал изилдөөлөр Түрк тарых Курумунун колдоосу менен жүргүзүлдү. Экспедицияга керектүү чатырлар, эмгек куралдары, талаа жууркандары, тамак-ашы менен толук камсыз кылынды. 1996-жылдан тартып 1998-жылга чейин Соң-Көлдө, 1999-жылдан 2001-жылга чейин Алайда туруктуу археологиялык казуулар жүргүзүлдү. Алайдагы изилдөө учурунда мурда Лутфулла Жусупакматов тапкан Терген-Таш петроглиф комплекси менен таанышып, андан башка Көл, Туура-Бел деген жерлерде маанилүү аска сүрөттөрү жайгашкан жерлер табылган. Аларга эми колубуз кайра жетпей калды.
Дегеле Кыргызстандагы же башка жерлердеги археологиялык изилдөөлөргө жаңы жаш дилгир окумуштуулардын мууну талап кылынат. Тилекке каршы, Кыргызстандагы университеттер илимий экспедицияларды камсыз кылбайт.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети бул багытта жакшы колдоо жүргүзүп келе жатат. Илимдер академиясындагы жана окуу жайлардагы жаш окумуштуулар иштегиси келсе ушул кайрадан жанданып жаткан Кыргыз тарых коому аркылуу изилдөө ишин башташы мүмкүн. Ал үчүн аракет гана керек.

Кубатбек Табалдиев,
мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү, Кыргыз тарых коомун уюштуруу боюнча демилге тобунун мүчөсү, археолог.