Алтын чыккан жеринде каат
Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты:

"Балыкчыдагы цианид складдын айынан балдардын көзү чалырайып, мутант музоолор туулуп атат"


- Садыр мырза, Кумтөргө байланыштуу депутаттык комиссия түзүш керек деп атасыз? Эмне болгон комиссия?
- Кумтөр боюнча 15 жылдан бери ар кандай комиссиялар түзүлүп, бирок эч кандай жыйынтыгы болбой келет. Мен көптөн бери Кумтөр боюнча маалыматтарды топтоп, изилдеп жүрөм. Мисалы, 10 жылдан кийин Кумтөрдүн алтыны түгөнгөндө канадалыктар кетет. Бүгүнкү эсеп боюнча Кумтөрдө биздин 1,5 млрд. доллар үлүшүбүз бар. Минтип жүрүп олтурсак, канадалыктар кеткенде 1,5 млрд. долларлык акция 1,5 сомго да татыбай калат. Эмне үчүн? Эл аралык келишимдер боюнча бир мамлекет башка мамлекетке барып алтын өндүрсө, экологияга кетирген зыяндарды калыбына келтирип, же акчалай чыгымдарды төлөп берүүлөрү керек. Кумтөрдөгү 4 чокунун диаметри канча болгонун, кандай зыяндар келтирилгенин буга чейинки комиссиялардын бири да изилдеп чыккан эмес. Менин максатым - келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүгө канча акча кетерин аныктап, же азыртан аларды калыбына келтирүү аракеттерин көрүү. Кумтөр жетекчилигин буга милдеттендирүүгө жетишүү.
- Айрым депутаттар эмнеге комиссия түзгөнгө каршы болуп атышат?
- Анын себеби белгилүү. Каршы болгондордун арасында мурдагы комиссияга мүчө болгон депутаттар бар. Алар чындап өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштешпестен, комиссияны бетке жамынып алып, тууган-туушкандарын Кумтөргө жумушка орнотуу, Кумтөрдөн алгандардын кредиттерин кечирүү иштери менен алектенип келишкен. Жеке кызыкчылык максатка жетеленишкен. Эгер ­комиссия түзүлүп иштей баштаса, ­100 % ишендирип кетейин, 3 айда койгон максаттарды толугу менен ишке ашырабыз.
- Балыкчыдагы айрым жашоочулардын Кумтөргө болгон нааразычылыктары жөнүндө да айттыңыз...
- Балыкчыда Кумтөргө тиешелүү склад бар. Анда цианид баш болгон зыяндуу заттар сакталат. 100 метр аралыкта эл жашайт. Складдын айланасында жаш балдар ойношот экен. Ошонун таасири болсо керек, көздөрү жакшынакай балдар чалыр болуп, көрүү сезимдери кескин начарлай баштаганын ата-энелер келип айтып, чара көрүүнү суранып атышат. Мындан сырткары мутант музоо туулуптур. Комиссия түзүлгөндө биз муну да изилдеп чыгышыбыз керек. Складдын терс таасиринен болдубу же башка себеби барбы? Жөн жерден мындай көрүнүштөр болбойт да.

Мирлан Дүйшөнбаев




"Мегакомдун" тагдыры 16-февралда чечилет


7-февралда болчу "Мегакомго" байланышкан сот процесси "БиМоКом" ЖЧКсынын ары жылдыруу боюнча кайрылуусунун негизинде 16-февралга калтырылды. 2011-жылдын 21-июнунда райондор аралык сот "Альфа Телеком" ЖАКсынын мүлктөрүн "БиМоКом" ЖЧКсына берүү чечимин кабыл алып, Жогорку сот да бул чечимди күчүндө калтырган болчу. Кийинчерээк "Альфа Телекомдун" жетекчилиги райондор аралык сотко кайрылып, 7-июлда сот компаниянын мүлктөрүн алууга тыюу салган чечим чыгарган. "БиМоКом" кайрадан бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган болчу. Жогорку сот "БиМоКомдун" пайдасына чечим чыгарган күндө "Мегакомдун" иши үзгултүккө учуроосу толук мүмкүн болуп турат. Муну компаниянын финансылык директору Алтынбек Аблабеков айтып жүрөт. Анын айтканына ишенсек, мындай кырдаал байланыштын сапатына, абоненттерге түзүлгөн шарттардын начарлоосуна алып келбей койбойт. Билсеңиздер, мында мамлекет 49 % акцияга ээ, ал эми компаниянын мүлктөрүнө "Альфа Телеком" ЖАКсы кожоюн. Мындай жагдай компаниянын кирешелүүлүгүн кескин төмөндөтүп, өлкө бюджетине болгон төлөмдөр да азайбай койбойт. Ал эми 2011-жылдын компаниянын финансылык ишмердүүлүгү бардык жагынан мурдагы жылдагыга салыштырганда 4 эсе көптүк кылып, компания өткөн жылдын жыйынтыгын зор жетишкендиктер менен чыгарганын маалымдады. Мисалы, кирешени көбөйтүү аракеттеринин натыйжасында "Мегакомдун" 2011-жылдагы таза кирешеси 2 млрд. 285 млн. (49,6 млн. доллар) сомду түзгөн. 2010-жылдагыдан 4,3 эсе көп. Өлкө бюджетине 1 млрд. 303,2 млн. сом салык ж.б. төлөмдөр катары которуп, пайыздык катыш менен өсүш 71 %ды түзгөн. Дивиденд катары 859,4 млн. сом бюджетке чегерилген. Демөөрчүлүк, кайрымдуулук иштери үчүн компания 45 млн. сом бөлгөн. Мындан сырткары компания жылдан жылга техникалык мүмкүнчүлүгүн мыктылоонун үстүндө десек болот. Базалык станциялары жагынан да лидер. Республика боюнча 1177 станциясы болсо, 7000 сатуу түйүндөрү иштейт. 17 абоненттерди тейлөө борбору туруктуу иштесе, эл аралык роуминг кызматы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байланышты камсыз кылып бералат.
Коомчулукта компаниянын 49% акциясына мамлекет ээлик кылса, калган 51 % акциянын кирешесин кимдер алат дегендей суроолор берилип жүрөт. Буга компаниянын финансылык директору Алтынбек Аблабековдон жооп алдык. Ал "Альфа Телекомдун" калган 51 % акциясына ээлик кылгандар андан эч кандай киреше көрүшпөй турганын, 49 % акция Кыргызстанга тиешелүү болсо, 50 %ына Southfield management inc оффшордук компаниясы ээлик кыларын, 1 % акция Жаңы Зеландияда катталган Vesatel united limited компаниясына тиешелүү экенин билдирди. 51 % акция учурда арестке алынып, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунда тоңдурулган абалда сакталып тургандыгын маалымдады.
Коомчулукта "Мегаком" компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиевдин камакка алынуусу бүгүнкү сотко дал келгендиги кокустук эмес экенин айтыла калып жүрөт. Кандайдыр байланыштын болушу мүмкүндүгүн божомолдошууда. Алтынбек Аблабеков финансылык директор катары "Альфа Телекомдун", анын жетекчиси Азамат Мурзалиевдин ишмердүүлүгүнөн эч кандай кылмыштуу аракет көрбөстүгүн белгилейт. Анын айтымында, компаниянын иши ачык, айкын жүргүзүлүп келатат. Өткөн жылдын февралында ишкананын финансы жагы текшерүүгө алынып, эл аралык аудит жүргүзүлгөн. Эч кандай финансылык мыйзам бузуулар жоктугу аныкталгандыгын кошумчалайт.
Ошентип, талашка түшкөн "Мегакомдун" тагдыры февралдын 16сында Жогорку сотто каралат. Жогорку соттун "Альфа Телеком" үчүн тескери чечими компаниянын буга чейинки аткарып келген иштерин заматта жокко чыгарып, ишти артка тартуусу мүмкүн экенин Аблабеков баса белгилөө менен билдирет. Эгерде чечим "БиМоКомдун" пайдасына чыгарылса, "Мегакомдун" азыркы жетекчилигинин аракети "Альфа Телекомдун" ишин үзгүлтүккө учуратпай, ушул келген темпте улантууга багытталарын финансылык директор билдирди. Соттун чечими абоненттердин санын азайткандан сырткары Кыргызстандын экономикасына да терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан компаниянын жетекчилиги Жогорку соттон акыйкат, калыс чечимди күтөт. "Мегакомдун" мындан аркы иши соттун чечимине жараша болот. Жогорку сот акыйкат, мамлекеттин кызыкчылыгындагы чечими менен компаниянын ишин алгалатып, компанияга байланышкан соттук териштирүүлөрдү токтотуп, "Мегакомдун" ишинин илгерилешине түрткү берет.

Мирлан Дүйшөнбаев